1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимгекатышуучу мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери тууралуу макулдашуунун алкагында берилүүчү аскер багытындагы продуктыларды максаттуу пайдаланууну контролдоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттыккоопсуздук жөкүндө келишимге катышуучу мамлекеттер, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимгекатышуучу мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалыккызматташтыктын негизги принциптери тууралуу макулдашуунун алкагындаберилүүчү аскер багытындагы продуктыларды максаттуу пайдалануунуконтролдоону жүргүзүү (мындан ары - Макулдашуу) үчүн, 2000-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кабыл алынганМакулдашууну ишке ашыруу жөнүндө Жамааггык коопсуздук КенешининЧечимин жетекчиликке алып жана ушул Макулдашуунун 6-статьясын негизгеалып, Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Макулдашуунун алкагында аскер багытындагы продуктыларды берүүчүТарап (мындан ары - берүүчү Тарап) аны максаттуу пайдалануунуконтролдоону жүргүзүүгө укуктуу. Контроль жүргүзүлүп жаткан Тарап берилген анык аскер багытындагыпродуктыларды максаттуу пайдаланууну контролдоону жүргүзүү үчүнберүүчү Тарапка зарыл болгон шарттарды берет. 2-статья Макулдашуунун 1 жана 2-статьясындагы алтынчы жана жетинчиабзацтарда берилген шарттарга ылайык берилүүчү аскер багытындагыпродуктылар контролдун предмети болушу мүмкүн. 3-статья Контролдун максаты болуп төмөнкүлөр саналат: Макулдашуу жана эки тараптуу контракт менен каралган аскербагытындагы продуктылардын максаттуу пайдаланышын текшерүү (жамааттыккоопсуздуктун региондорунда көп тараптуу күчтөрдүн жана каражаттардынкурамына бөлүнгөн аскердик түзүмдөрдө берилген аскер багытындагыпродуктылардын бар болушу, анын эсептен чыгарылгандыгыныннегизделгендиги, анын ичинде кайтарылып келгнс жоготууларга дагынегизделгендиги); аскер багытындагы продуктыларды берүү менен байланышкан жанаберүүчү Тараптын мамлекеттик сырын түзүүчү маалыматтарды коргоочараларын сактоону текшерүү. 4-статья Берүүчү Тараптын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү аскер багытындагыпродуктылардын үлгүлөрүн эсептен чыгарууда, анын ичинде кайтарылыпкелгис жоготууларга, ошондой эле берүүчү Тараптын мамлекеттик сырынтүзүүчү маалыматтарын алып жүрүүчүсү болуп эсептелген курамдык жанакомплектөөчү бөлүктөрдү жокко чыгарууда катышууга укугу бар. 5-статья Контролду жүргүзүү пландалган мөөнөткө чейин 15 суткадан кийинконтролду өткөрүүнү каалаган берүүчү Тарап контрол жүргүзүлүүчүТарапка мындай контролду өткөрүүгө уруксат алууга сурам жиберет.Сурамда берүүчү Тарап контроль жүргүзүүгө ниеттенген аскер багытындагыopndsjvh, аны жүргүзүүгө каалаган мөөнөт, контролдоо тобунунперсоналдык курамы, ошондой эле контроль жүрүп жатканда колдонулуучутехникалык каражаттар көрсөтүлөт. Эгер Тараптар башка жөнүндөсүйлөшпөсө, контролдоо тобунун сандык курамы, эреже катары, бешкишиден ашпаш керек. 6-статья Контролдоо тобунун мүчөлөрү контроль жүргүзүлүп жаткан Тараптынаймагында болуп турган мезгилде ушул Тараптын мыйзамдарын сактоогомилдеттүү. 7-статья Контроль жүргүзүү болжолдонуп жаткан Тарап контролдоо тобунун кабылалуусуна каршы чыгууга укугу жок жана сурамды алгандан кийин он күндүкмөөнөттө, бирок текшерүүнү баштоонун болжолдонгон күнүнө беш күнкалганга чейин берүүчү Тарапты контролду өткөрүүгө өзүнүн даярдыгыжөнүндө аны өткөрүүнүн мөөнөтүн сүйлөшүү менен билдирет. Күтүлбөгөнкырдаалдардан (окуялардан) башкасы. Бул учурда контроль жүргүзүүболжолдонуп жаткан Тарап берүүчү Тарапка контролду жүргүзүүү мөөнөтүнжылдыруу жөнүндө сунушу менен кайрылышы мүмкүн. 8-статья Аскер багытындагы продуктылардын үлгүсүн контролдоо, жок кылуунутекшерүү же эсептен чыгаруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо,анын ичинде кайтарылып келгис жоготууларга, берүүчү Тараптын эсебиненжүргүзүлөт. Жашап турууга жана тамактанууга, транспорт жана эларалык(шаар аралык) байланыш каражаттарын пайдаланууга төлөмдөр Тараптынички баалары боюнча контроль жүргүзүлүп жаткан Тараптын берилгенэсебинин негизиндеги конторолдун жүрүшүндө төлөнөт. Контролдоо тобунун мүчөлөрүнө тез, шашылыш медициналык жардам 1997-жылдын 27-мартындагы Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышуучу мамлекеттердин жарандарына медициналык жардам көрсөтүүжөнүндө макулдашууга ылайык жүргүзүлөт. 9-статья Контроль жүргүзүлүп жаткан Тарап контроль өтүп жаткан мезгилгеөзүнүн ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрүн (өкүлүн) берет жанаконтролдоо тобуна кирүү пунктунда жолугушууларды, контролдоо жеринечейин коштоп барууларды жана чыгуу пунктунда иштөө жана жашоошарттарын, тамактанууну, медициналык камсыздоону, транспорт, түздөн-түз контролдоонун объекти менен эларалык (шаар аралык) байланышкаражаттарын колдонууну кошуп камсыз кылат жана топтун жетекчисининөтүнүчү боюнча кайсы бир башка жерде мындай байланышты камсыз кылуугамүмкүнчүлүгү болгондо, кыэматтык документтердин, ташылып келүүчүконтролдоонун техникалык каражаттарынын сакталышына жана контролдоотобунун мүчөлөрүнүн коопсуздугуна жардам берет. 10-статья Контроль жүргүзүлүп жаткан Тарап сурамда көрсөтүлгөн аскербагытындагы продуктыларды, ошондой эле анын максаттуу пайдаланылышынаныктоочу тийиштүү документацияны көрсөтүүгө миддеттүү. 11-статья Тараптардын макулдашуусу боюнча контролдоого жамааттык-коопсуздуксистемасынын мамлекеттер аралык органдарынын өкүлдөрү текшерүүнүнжүрүшүнө байкоочу катары тартылышы мүмкүн. 12-статья Текшерилген контролдоонун жыйынтыгы акт менен таризделет. Акттатөмөнкүлөр көрсөтүлөт: - контролдоо тобунун курамы жана контроль жүргүзүлгөн Тараптынөкүлдөрү; - контроль жүргүзүлгөн негиздеги документтер (контролду өткөрүүгөсурам, контролду өткөрүүгө уруксат жөнүндө билдирүү); - контролдун максаты жана объекти; - контролду жүргүзүүнүн мөөнөтү; - контролдун жыйынтыгы. Акт бирдей күчү бар эки нускада түзүлөт, контролдоо тобунунжетекчиси жана контроль жүргүзүлүп жаткан Тараптын ыйгарым укуктууорганынын өкүлдөрү тарабынан кол коюлат. Бир нускасы берүүчү Тарапка,экинчиси - контроль жүргүзүлүп жаткан Тарапка арналат. 13-статья Аскер багытындагы продуктыларды максаттуу эмес пайдалануу жеалардын жоктугу, ушул Протоколдун 4-статьясында аныкталган тартиптибузууда аларды эсептен чыгарып салуу фактыларын кошкондо акттагыбелгиленген жана аныкталаган факттар Макулдашуунун 6, 9 жана 10-статьяларынын жоболорун, ошондой эле бекитилген контракттардынтийиштүү жоболорун колдонууга негиз боло алышат. 14-статья Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана агаТараптардын өзара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилиши мүмкүн. 15-статья Бул Протокол Макулдашуунун 13-статьясында каралган тартипте күчүнөкирет. Бир нускада орус тилинде түзүлдү. Түпнускасы Жамааттык коопсуздуккенешинин Секретариатында сакталат, ал анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнушул Протоколго кол койгон ар бир мамлекетке жиберет. Армения Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн Беларусь Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн Казакстан Республикасы үчүн Тажикстан Республикасы үчүн