КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 31
Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жањы Зеландиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Жањы Зеландиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасындагы аскердик жана жарандык персоналынын статусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 жана Жањы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 ноталарын алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ministry of foreign affairs of the Kyrgyz Republic Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жањы ЗеландиянынКыргыз Республикасындагы Элчилигине өзүнүн урматтоосун билдирет жанаЭлчиликтин 2003-жылдын 17-апрелиндеги төмөнкү мазмундагы № NZ 55/2003нотасын алгандыгын ырастайт: "Жањы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Респуб-ликасынын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн урматтоосун билдирет жанаАфганистандагы терроризмге каршы, гуманитардык жардам көрсөтүүгө жанабашка макулдашылган аракеттерди жүргүзүүгө багытталган биргелешкениш-аракеттерге байланыштуу Жањы Зеландиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер-дик жана граждандык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасында болуу масе-лелери боюнча эки өкмөттүн өкүлдөрүнүн ортосунда жакында болгон та-лаш-тартыштарга таянат. Жањы Зеландиянын Элчилиги Москва шаары Жањы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги "Кажыбас эркин-дик" операциясынын алкагында гуманитардык жардам көрсөтүү, аскердикиш-аракеттер жана аларды колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын объектиле-рин, анын ичинде "Манас" эл аралык аэропортун колдонууга көмөккөрсөтүүнү жана уруксат берүүнү сурайт. Жањы Зеландия операциялар жанаиш-аракеттер граждандык учууларга тоскоол болбошу үчүн "Манас" эл ара-лык аэропортундга аракеттерди Транспорт жана коммуникация министрлиги,аэропорттун жетекчилиги жана башка тиешелүү жетекчилер менен бирге ко-ординациялайт. Мындай талаш-тартыштардын жыйынтыгы иретинде Элчилик: Жањы Зелан-диянын кызматкерлерине анын ким экендигин билдирген Жањы Зеландиянынкүбөлүгү жана топко же жеке адамга берилген жазма буйругу болгондо Кыр-гыз Республикасына келүүгө жана андан чыгып кетүүгө уруксат берилишиүчүн; Кыргыз Республикасынын бийликтери Жањы Зеландиянын тийиштүү ор-гандары мындай кызматкерлерге транспорттук каражаттарды айдоого бериш-кен айдоочулук күбөлүктөрдү айдоочулук пошлиналарды төлөөсүз жана айдообоюнча экзамен тапшыруусуз таанышы үчүн; жана мындай кызматкерлергекызматтык милдеттерин аткаруу учурунда форма кийим кийип жана тиешелүүнускамаларда көрсөтүлгөн учурларда аларга курал алып жүрүүгө уруксатберилиши үчүн мындай кызматкерлерге Дипломатиялык мамилелер жөнүндө1961-жылдын 18-апрелиндеги Вена конвенциясына ылайык. Жањы ЗеландиянынЭлчилигинин административдик жана техникалык кызматкерлериникине бара-бар статус берүүнү сунуш кылат. Андан ары Элчилик Жањы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы курал-дуу күчтөрүнө таандык же алар пайдалануучу аба кемелеринин жана транс-порттук каражаттарынын конгондугу, навигациясы, аймак аркылуу учуп жежүрүп өткөндүгү үчүн, ошондой эле токтоп тургандыгы же транзиттик кон-гондугу үчүн акы албоону сунуш кылат, бирок, Жањы Зеландиянын куралдуукүчтөрү суралган жана көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн тийиштүү чектерде акытөлөшөт. Мында Жањы Зеландия "Манас" эл аралык аэропорту коммерциялыкаэропорт катары аныкталаарын тааныйт жана муну эске алып, Жањы Зеланди-янын мамлекеттик аба кемелери, ошондой эле Жањы Зеландия тарабынан жал-данган аба кемелери аталган аэропортто жайгаштыруу жана кондуруу үчүнКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы саясат бо-юнча Мамлекеттик комиссиясында белгиленген тийиштүү акыны төлөөгө мил-деттүү. Жањы Зеландиянын аба кемелери жана транспорттук каражаттарытекшерилбейт. Жањы Зеландиянын Өкмөтү, анын аскердик жана граждандык кызматкер-лери, подрядчик фирмалары жана подрядчик кызматкерлери Кыргыз Республи-касынын аймагында салынуучу бардык салыктардан же ошол сыяктуу ар кан-дай жыйымдардан бошотулушат. Жањы Зеландиянын Өкмөтү, анын аскердик жана граждандык кызматкер-лери, подрядчик фирмалары жана подрядчик кызматкерлери өзүнүн ар кандайменчигинин, жабдууларын, жабдуучу предметтерин, материалдарын, техноло-гиясын Кыргыз Республикасына алып келе, алып чыга жана пайдалана алы-шат, ошондой эле бул Макулдашууну аткаруу үчүн талап кылынуучу окутуужүргүзө жана кызматтарды көрсөтө алышат. Мындай ташып келүү, ташып чы-гуу, пайдалануу ар кандай текшерүүлөрдөн, лицензиялардан, башкачектөөлөрдөн, Кыргыз Республикасынын аймагында салынуучу бажылык жыйым-дардан, салыктардан же бардык башка төлөмдөрдөн бошотулат. Жањы Зелан-диянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү Жањы Зеландиянын кызмат-керлеринин жана менчигинин Кыргыз Республикасындагы коопсуздугун кам-сыздоо үчүн зарыл чараларды көрүү боюнча кызматташышат. Эгерде бул Макулдашууну аткаруу үчүн Жањы Зеландиянын Өкмөтү то-варларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, анын ичинде курулуштуда камтыган подряд ыйгарса, андай подряддар Жањы Зеландиянын Өкмөтүнүнмыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ыйгарылат. Бул Макулдашууну атка-руу үчүн Жањы Зеландиянын Өкмөтү тарабынан же анын атынан Кыргыз Рес-публикасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышына КыргызРеспубликасынын аймагында кандайдыр салыктар, бажылык жыйымдар же ошолсыяктуу төлөмдөр салынбайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жањы зеландиялык кызматкерлерге ка-рата Жањы Зеландиянын аскердик бийликтери тарабынан жүргүзүлгөн дисцип-линардык контролдун өзгөчө маанисин тааныйт жана ошондуктан Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү Жањы Зеландиянын Өкмөтү өзүнүн эл аралык милдеттен-мелерине жана Жањы Зеландиянын мыйзамдарына ылайык мындай кызматкерлер-дин үстүнөн өзгөчө укук юрисдикциясын ишке ашыраарына макулдугун билди-рет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү радиожыштык спектринин тиешелүү жыш-тыктарын кызматкерлердин жана Жањы Зеландиянын системаларынын колдонуузарылдыгын тааныйт. Жањы Зеландиянын Өкмөтүнө өзүнүн жеке телекоммуни-кация системаларын пайдаланууга уруксат берилет (телекоммуникацияЭлектр байланышынын эл аралык союзунун 1992-жылдагы уставында берилген-дей). Жогоруда аталганга телекоммуникациялык системаларды пайдалануунунтолук мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн талап кылынуучу каражаттарды жанакызматтарды пайдалануу укугу, жана бул максатта радиожыштыктын бардыкзарыл болгон спектрлерин пайдалануу укугу камтылат. Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө таандык радиожыштыктардын спектрин пайдалануу акысыз бо-луп эсептелет. Жеке ээликте болгон радиожыштыктарды пайдаланууну ком-пенсациялоо тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ишке ашырылат. Жањы Зеландиянын Элчилиги подряддар менен байланышкан доолордонбашка, бул документтин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында ишжүргүзүүнүн натыйжасында Тараптардын ар бирине тиешелүү менчигине кара-та келтирилген зыяны, жоготуусу же жок кылышы үчүн, же болбосо Тарап-тардын ар биринин куралдуу күчтөрүнүн бардык аскердик адамынын же граж-дандык кызматкеринин өлүмү же денесине зыян келтириши үчүн кандай-дыр-бир доо коюудан Тараптардын баш тартышаарын сунуштайт. Жањы Зелан-диянын Өкмөтү Жањы Зеландиянын мыйзамдарына ылайык жана Жањы Зеландия-нын Өкмөтүнүн чечими боюнча Жањы Зеландиянын кызматкерлеринин ши -ара-кеттеринин же шалаакылыгынын натыйжасында коюлган же бул Макулдашуунуналкагында Жањы Зеландиянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик иштерине эчкандай байланышпаган үчүнчү тараптын негиздүү дооматтарын канааттанды-рууда акыйкат жана тийиштүү компенсация төлөп берет. Акырында, Элчилик бул Макулдашуу ал күчүнө кирген күндөн тартыпалты айдын ичинде жарактуу болушун жана анын колдонулуу мөөнөтү токто-гонго чейин 30 күн мурда дипломаттык каналдар боюнча жиберилүүгө тийишболгон Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алганга чейинкүчүндө калышын сунуш кылат. Эгерде жогоруда келтирилген текст Кыргыз Республикасынын Өкмөтүүчүн алгылыктуу болсо, Элчилик ушул Дипломатиялык нота жана ага Минист-рликтин жообу эки Өкмөттүн ортосундагы Макулдашууну түзүшүн сунуш кы-лат. Ал Жањы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Рес-публикасынын Тышкы иштер министрлигинин нотасын алган күндөн тартыпубактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардыкмамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү менен Жањы Зеландиянын Өкмөтү бири-бирине билдиргенден кийинбиротоло күчүнө кирет. Күчүнө кирген күнү болуп мындай билдирүүлөрдүнакыркысы алынган күн саналат. Жањы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги учурдан пайда-ланып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн эњ жо-горку урматтоосун билдирет. Жањы Зеландиянын Элчилиги, Москва, 2003-жылдын 17-апрели" Ушуга байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Элчи-ликтин нотасында жазылган сунуштарга макул экендиги тууралуу маалымдайтжана Элчиликтин нотасы жана ушул жооп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Жањы Зеландиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түэөөрүн ырас-тайт. Министрлик учурдан пайдаланып, Элчиликке өзүнүн жогорку урматтоо-сун дагы бир ирет билдирет. Бишкек, 2003-жылдын 4-июну