КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 32
Мыйзамы менен ратификацияланган Анкара ш.2003-жылдын 6-майы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өздөрүнүн жарандарын кайра кабыл алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Түркия Республикасынын Өкмөтү, өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярды-гын билдиришип, мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды колдонууга умтулуп, башка Тараптын өлкөсүндө болууга уруксаты жок өз мамлекетинин жа-рандарын кайра кабыл алуу тартибин жењилдетүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. Бул Макулдашууда төмөнкү терминдер колдонулат: Суроочу Тарап - ал мамлекетте болууга уруксаты жок адамды өткөрүпберүүчү мамлекет. Суралуучу Тарап - Суроочу Тараптан адамды кабыл алуучу мамлекет. Суроо-талап - адамды кайтарып алуу жөнүндө Суроочу Тараптын катжүзүндө кайрылуусу. Реадмиссия - ушул Макулдашууга катышуучу-мамлекеттерде жүрүүгөуруксаты жок адамдарды жараны болуп эсептелген же мурда туруктуу жаша-ган өлкөгө кайтаруу. Чет өлкөлүк - Тараптардын бирөөнүн жараны болбогон адам. Виза - Тараптардын биринин компетенттүү органдары тарабынан адамгабашка Тараптын аймагына кирүүгө, транзитке, же белгилүү бир мөөнөткөболууга берилген мыйзамдуу уруксат. Келүүгө берилген уруксат - Тараптардын биринин компетенттүү органыберген, адамга башка Тараптын аймагына келүүгө жана кайрадан кирүүгөукук берүүчү уруксат. Сыйынт берүү үчүн берилген арызды кароо боюнчасот процессине байланыштуу, депортациянын жол-жоболоруна же келүү үчүнбелгилүү бир башка уруксатка байланыштуу убактылуу келүүгө берилгенуруксат "келүүгө берилген уруксат" катары каралбайт. 2-статья. 1. Суралуучу Тарап Суроочу Тараптын өтүнүчү боюнча, эгер СуроочуТараптын аймагына анын улуттук мыйзамдарын бузуу менен кирген жанажүргөн ар кандай адам Суралуучу Тараптагы мамлекеттин жараны болсо, аныкайра кабыл алат. 2. Суралуучу Тарап Суроочу Тараптын суроо-талабын алаары менен ре-адмиссияга тийиштүү болгон адамдарга токтоосуздан жолго керектүү доку-менттерин берет. 3-статья. 1. Реадмиссияга жаткан адамдын жарандыгы төмөнкү документтердикөрсөткөндө ырасталат: а) кандай гана типте болбосун анык паспорту (жалпы жарандык, дип-ломатиялык, кызматтык), б) компетенттүү консулдук же башка мамлекеттик орган тарабынан бе-рилген, паспортту алмаштыруучу, сүрөт чапталган документ, в) консулдук же башка мамлекеттик органдардын инсандык тастыктама-сы, г) жогоруда саналган документтердин биринин ырасталган көчүрмөсү. 2. Тараптар жогоруда айтылган жарандыкты ырастоочу документтердижарандыкты андан ары аныктоо жол-жоболорун өткөрбөстөн кабыл алат. 4-статья. Тараптар өз жарандарын төмөнкүдөй шарттар болсо, кайрадан кабылалуусу керек, эгерде: а) Суроочу Тарап адамдарды өткөрүп берүү үчүн жетиштүү шарттарганегизденип, ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык Суралуучу Тараптынкомпетенттүү органдарына реадмиссияга суроо жөнөтсө, б) адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү чечим болушунча кыскамөөнөттө, бирок реадмиссияга суроо алынгандан 15 күндөн кечикпей чыга-рылат. Реадмиссиянын жол-жоболору Суралуучу Тараптын макулдук жообуалынгандан кийин 10 күндүн ичинде, көрсөтүлгөн өткөрмө пункттарда, аэ-ропорттордо жүргүзүлөт жана ушул Макулдашуунун 2-тиркемесине ылайыкрасмий отчет менен таризделет. 5-статья. Ушул Макулдашуунун жана ага тиркемелердин чегинде берилген маалы-мат аны ишке ашыруу максатында гана пайдаланылышы керек. Маалыматтарушул Макулдашууга жана Суроочу Тараптын улуттук мыйзамына ылайык чогул-тулуп, иштетилиши жана корголуусу керек. Тараптардын компетенттүү органдары бардык маалыматтарды коргоонукамсыз кылуусу керек, ошондой эле маалыматтарды ар кандай кокустуктар-дан жоголуп кетүүдөн, санкциясыз билүүдөн, өзгөртүүлөрдөн же ачыкка чы-гаруудан коргоо боюнча бардык чараларды көрүүлөрү керек. Суроочу Тарап маалыматтар кандайча пайдаланылуусу керек экендигижөнүндө маалымдоого тийиш. Маалыматтарды андан ары башка структураларгабериш керек болгон учурда, берүүчү Тарап ага кат жүзүндөгү макулдугунберүүгө тийиш. Эгерде маалыматтар так эмес, же мыйзамсыз чогултулган жана берил-ген болсо, Суроочу Тарапка тезинен бул жөнүндө билдирилет. Мындай үчур-да Суралуучу Тарап маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет же жоккылат. Берилген жеке маалыматтар ушул Макулдашуунун максаттары аткарыл-ганга чейин сакталышы мүмкүн, андан кийин алар жок кылынышы керек. 6-статья. Адамдарды кайра кайтарып алууга, ошондой эле алардын Суралуучу Та-раптын мамлекеттик чек арасынан өтүүсүнө байланыштуу бүткүл транспорт-тук чыгымдар Суроочу Тараптан каржыланат. 7-статья. Суроочу Тарап реадмиссияга туура келген адамга аталган өлкөдө кол-донулуп жаткан улуттук мыйзамга ылайык мыйзамдуу алынган мүлкүн кетүүчүөлкөгө алып чыгууга уруксат берүүсү керек. 8-статья. Тараптардын реадмиссияны ишке ашыра турган ыйгарым укуктуу орган-дары: - Кыргыз Республикасында: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Коомдук түзүлүштөр менен байланышуу боюнча башкармалык; Уруксатсыз мигранттардын тартип бузуулары менен күрөшүү боюнчабөлүм; - Түркия Республикасында: Ички иштер министирлиги; Коопсуздук Башкы Башкармалыгы; Чет-өлкөлүктөрдүн, чек арага жакын райондордун тургундарынын, кач-кындардын иштери боюнча бөлүмү; Контрабандага жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнчабөлүм. Тараптар бул органдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү дипломатиялык жол-дор боюнча бири-бирине маалымдап туруусу керек. 9-статья. Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу жана чечмелөөүчүн биргелешкен эксперттик комиссия түзө алышат. Биргелешкен эксперттик комиссия башка иштер менен бирге: а) ушул Макулдашууну пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүүгө; б) мүмкүн болгон өркүндөтүүлөргө макулдук берүүүгө; в) ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу техникалык дагы, жекечемүнөздөгү дагы проблемаларды чечүү үчүн керектүү бардык шарттардытүзүүгө жана караштырууга; г) бул Макулдашууга оњдоолорду жана кошумчаларды киргизүүгө тийиш. 2. Кайсы гана Тарап болбосун, зарыл болгондо кезексиз заседаниеуюштуруу боюнча сунуш киргизе алат. 3. Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун чегиндежумушчу тил катарында англис тилин пайдаланышат. 10-статья. Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын алар катышкан башка эл ара-лык келишимдер боюнча милдеттенмелерине тиешеси болбойт. Бул Макулдашуу экстрадицияланчу, транзиттик экстрадицияланчу адам-дарга карата же Тараптардын ортосундагы же үчүнчү Тарап менен Тараптар-дын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ылайык соттолгон адамдарды өткөрүпберүүгө колдонулбоого тийиш. 11-статья. Тараптардын өз ара сүйлөшүүсү боюнча бул Макулдашууга өзүнчө про-токол менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөрже кошумчалар киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 13-статьясынаылайык күчүнө кирет. 12-статья. Ар бир Тарап коомдук тартипти же улуттук коопсуздукту камсыз кылу-уга байланыштуу себептер боюнча бул Макулдашуунун жоболорунун аткарылы-шын айрым-айрым же толук токтото алат жана ал жөнүндө башка Тарапка 24сааттын ичинде билдирилет. 13-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекет ичиндегибардык жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын кат жүзүндөгүакыркы билдирүүсү алынган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Ар бир Тарап Макулдашуу-нун иш-аракетин токтотконго чейин үч ай мурдатан жазуу жүзүндө билдирүүжолу менен бул Макулдашууну денонсирлей алат. Ар бир Тарап каалаган убактысында бул Макулдашууга оњдоолорду кир-гизе алат. Мындай оњдоолор бул Макулдашууда аныкталган жол-жоболор бо-юнча күчүнө кирүүсү керек. Анкара шаарында 2003-жылдын 6-майда эки нускада, ар бири кыргыз,түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда, англистилиндеги текст артыкчылыктуу болот. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн 1-тиркеме ЖАРАНДАРДЫН КАЙРА КАБЫЛ АЛУУГА СУРОО-ТАЛАПТЫН ФОРМАСЫ Кимден: (Суроочу Тараптын Компетенттүү органы)_______________________________________________________________________Кимге: (Суралуучу Тараптын Компетенттүү органына)_______________________________________________________________________ Күнү _____________Номери _______________ АДАМ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 1. Фамилиясы, аты, атасынын аты __________________________________ (эгерде мурда фамилиясы, аты,_______________________________________________________________________ атасынын аты башка болсо, алар көрсөтүлөт) 2. Туулган күнү, айы, жылы _______________________________________ 3. Туулган жери __________________________________________________ 4. Улуту _________________________________________________________ 5. Ким экендигин аныктоочу паспорт же башка документ_______________________________________________________________________ (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким берген) 6. Кетүүчү өлкөдөгү акыркы дареги _______________________________________________________________________________________________________ 7. Кетүүчү өлкөгө кирүүгө уруксат берген документтин аталышы, но-мери, берген орган, күнү _____________________________________________________________________________________________________________________ (эгерде бул керек болсо, тиркелет же көрсөтүлөт) 8. Суроочу Тараптын аймагына уруксатсыз келүүнүн жагдайы. Тараптар: Келген жери ______________________________________________________ Келүү жагдайын толугу менен сыпаттоо_______________________________________________________________________ (эгерде бул керек болсо, тиркелет же көрсөтүлөт) 9. Суроочу Тараптын аймагында болуу: Болуунун узартылышы: _____________________________________________ Жүргөн жери: _____________________________________________________ Уруксатсыз келүүдөн кийинки жүргөн багыты: ______________________________________________________________________________________________ Суроочу Тараптын чек арасынан уруксатсыз өттү деп эсептөөнүн се-бептери: _____________________________________________________________________________________________________________________________________ 10. Ал адамга байланыштуу өзгөчө жагдай: Котормочунун керек болуусу _________________________________ тили:_______________________________________________________________________ Жеке буюм-тайымы (документтер, акча жана башкалар)_______________________________________________________________________ Адамга, статусуна жана анын мурунку турмушуна тиешелүү маалыматтар______________________________________________________________________________________________________________________________________________ Адамдын ден-соолугунун абалы, ал медициналык жардамга муктажбы _________________________________________________________________________________________________________________________________________________ Жогорудагы пункттарда айтылган адам менен жашы жете элекөспүрүмдөрдүн бирге кетүүсү: Аты: _____________________________________________________________ Фамилиясы: _______________________________________________________ Атасынын аты-жөнү: _______________________________________________ Апасынын аты-жөнү: _______________________________________________ Туулган күнү жана жери: __________________________________________ 11. Көчүүнүн сунушталган жери жана убактысы______________________________________________________________________________________________________________________________________________ 12. Кошумча маалыматтар: ________________________________________________________________________________________________________________ Мөөр жана колу Суроочу Тарап жөнүндө маалымат __________________________________________________________________________________________________________ 2-тиркеме РЕАДМИССИЯ БОЮНЧА ОТЧЕТ Реадмиссияны ишке ашыруу жери:______________________________________________________________________________________________________________________________________________ Реадмиссияны ишке ашыруу күнү жана убактысы:______________________________________________________________________________________________________________________________________________ Реадмиссияны ишке ашыруучу орган:______________________________________________________________________________________________________________________________________________ Реадмиссияны ишке ашырууга жоопкерчиликтүү орган:______________________________________________________________________________________________________________________________________________ Суроо-талаптын күнү жана номери __________________________________ Жооптун күнү жана номери _________________________________________ Төмөндө аталган адамдар жөнөтүлдү: 1) _______________________________________________________________ (инсандын күбөлүгү жана анын жарандуулугу көрсөтүлсүн) 2) _______________________________________________________________ 3) _______________________________________________________________ Төмөндөгү документтер жана жеке буюмдары өткөрүп берилди: (толугуменен аталат)____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ Кошумча маалыматтар: __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________