КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 33
Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенция Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасы, эки өлкөнүн ортосун-дагы достук мамилелерди андан ары дагы өнүктүрүүнү каалашып, КонсулдукКонвенцияны (мындан ары- Конвенция) түзүүнү чечишти жана төмөнкүлөржөнүндө макулдашышты. 1-бөлүм Киришүү жоболору 1-статья. Аныктамалар Бул Конвенцияда колдонулган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ: а) "жиберген мамлекет" консулдук кызматчы адамды дайындаган Макул-дашып жаткан Тарапты билдирет; б) "келген мамлекет" консулдук кызматчы адам өзүнүн кызмат милдет-терин аткарып жаткан Макулдашып жаткан Тараптын аймагын билдирет; в) "консулдук мекеме" бардык башкы консулдукту, консулдукту, вице-консулдукту же консулдук агенттикти билдирет; г) "консулдук чөлкөм" консулдук функцияларды аткаруу үчүн консул-дук мекемеге бөлүнгөн" районду билдирет; д) "консулдук мекеме башчысы" аны жиберген мамлекет бул ишти атка-рууну тапшырган адамды билдирет; е) "консулдук кызматчы адам" консулдук функцияларды аткаруу ишитапшырылып бардык адамды, ошондой эле консулдук мекеме башчысын билди-рет; ж) "коисулдук мекеменин кызматкери" консулдук мекемеде администра-тивднк же техникалык функцияларды аткаруучу, консулдук кызматчы адамданбашка бардык адамды билдирет; з) "тейлөө персоналынын кызматкери" консулдук мекемени тейлөө мил-детин аткаруучу бардык адамды билдирет; н) "консулдук мекеменин кызматкерлери" консулдук кызматчы адамдар-ды, консулдук мекеменин кызматкерлерин жана тейлөө кызматкерлерин бил-дирет; к) "жеке үн кызматкери" консулдук кызматчы адамдын колунда ганаиштеген адамды билдирет; л) "консулдук имараттар" кимдин гана ээлигинде болбосун, консулдукмекеменин максаттары үчүн колдонулган имараттарды же имараттын бирбөлүгүн жана бул имараттарды же имараттын бир бөлүгүн тейлөөчү жеручастогун билдирет: м) "консулдук архивдер" консулдук мекеменин шифрлары жана коддоруменен бирге бардык кат алышууларын, документтерин, корреспонденциясын,китептерин. фильмдерин, тасмаларын, үн-жазмаларын, фотосүрөттөрүн, ре-естрлерин жана алардын сакталашын камсыз кылуучу буюмдарды билдирет. 2-бөлүм Консулдук мекемелердин ачылышы жана консулдук кызматчы адамдардын жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин дайындалышы 2-статья. 1. Консулдук мекеме келген мамлекеттин аймагында бул мамлекеттинмакулдугу менен гана ачылышы мүмкүн. 2. Консулдук мекеменин жайгашкан орду, анын классы жана консулдукчөлкөмү жиберген мамлекет тарабынан аныкталат жана келген мамлекет та-рабынан жактырылат. 3. Эгерде башкы консулдук же консулдук башка жерде вице-консулдук-ту же консулдук агенттикти ачууну кааласа, келген мамлекеттин макулдугукерек болот. 4. Башка жерде иштеп жаткан консулдук мекемеге тиешелүү бирбөлүмдү ачуу үчүн дагы келген мамлекеттин макулдугу керек. 3-статья. 1. Жиберген мамлекет консулдук мекеме башчысын дайындоого уруксатсураган суроо-талабын келген мамлекетке дипломатиялык жолдор менен жө-нөтөт. 2. Уруксат алгандан кийин жиберген мамлекет келген мамлекеттинТышкы иштер министрлигине консулдук патентти же башка тийиштүү доку-ментти жөнөтүүгө тийиш. Патентте же тиешелүү документте консулдук меке-ме башчысынын толук аты-жөнү, анын граждандыгы, ээлеген кызматы, кон-сулдук чөлкөмү жана консулдук мекеменин жайгашкан орду көрсөсүлөт. 3. Жогоруда аталган иштер аткарылгандан кийин келген мамлекет эк-зекватура же бардык башка түрдөгү уруксатты берет. 4. Консулдук мекеме башчысы патент же тиешелүү документ берилген-ден кийин жана келген мамлекет экзекватура же уруксат бергенден кийинөз милдеттернн аткара баштайт. 4-статья. Экзекватура же уруксат берилгенге чейин келген мамлекет консулдукмекеме башчысына өз милдеттерин убактылуу аткарууга уруксат беришимүмкүн. 5-статья. Жиберген мамлекеттин граждандары гана консулдук кызматчы адамдарболо алышат. 6-статья. 1. Жиберген мамлекет консулдук мекеме башчысынан тышкары ар бирконсулдук кызматчы адамдын толук аты-жөнү, граждандыгы, ээлеген кызматыжана консулдук мекеменин башчысынан тышкары, ар бир консулдук кызматадамынын классификациясы жөнүндө жазуу жүзүндө келген мамлекеттин Тышкыиштер министрлигине билдирет. 2. Жиберген мамлекет ошондой эле консулдун ордуна дайындалган кыз-маткердин толук аты-жөнү, граждандыгы, милдеттери жөнүндө келген мамле-кетке жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. 7-статья. 1. Жиберген мамлекет 3-, 5- жана 6-статьяларга ылайык өзүнүн дип-ломатиялык өкүлчүлүгүнүн бир же бир нече кызматкерлерине келген мамле-кетте консулдук функцияларды аткаруу ишин тапшыра алат. Консулдук функ-цияларды аткарып жаткан дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери диплома-тиялык өкүлчүлүктүн кызматкери катары артыкчылыктарга жана иммунитет-терге ээ болуп кала берет. 2. Ошондой эле жиберген мамлекет өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнөкараштуу консулдук функцияларды аткарууга жооптуу болгон консулдукбөлүмдү ачышы мүмкүн. 8-статья. Келген мамлекеттин компетенттүү органдары консулдук кызматчы адам-дарга, консулдук мекеменин кызматкерлерине жана алар менен чогуу жашапжаткаи үй-бүлө мүчөлөрүнө бул боюнча өздөрү колдонуп жаткан тажрыйбагаылайык ким экендиги жөнүндө күбөлүктү берүүгө тийиш. 9-статья. Келген мамлекет консулдук кызматчы адамдарды коргоого жана консул-дук кызматчы адамдар өз кызматы боюнча милдеттерин аткаруу жана булКонвенциядан чыккан артыкчылыктарды колдонуу үчүн бардык зарыл чаралар-ды көрүүгө тийиш. 10-статья. 1. Эгерде консулдук мекеменин башчысы өз милдеттерин аткара албасаже эгерде консулдук мекеменин башчысынын кызмат орду бош болсо, андажиберген мамлекет консулдук кызматчы адамды же жиберген мамлекеттиндипломаттык өкүлчүлүгүнүн кызматкерин консулдук мекеме башчысынын мил-деттерин убактылуу аткарууга дайындайт. Консулдук мекеме башчысынынмилдетин аткаруучунун толук аты-жөнү келген мамлекеттин Тышкы иштер ми-нистрлигине алдын-ала билдирилет. 2. Консулдук мекеме башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кон-сулдук мекеме башчысы катары бул Конвенциянын 3-статьясында көрсөтүлгөнукуктарга, артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болот. 3. Консулдук мекеме башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу дипло-маттык өкүлчүлүктүн дипломаттык кызматкерлеринин мүчөсү дипломаттык ар-тыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болот. 11-статья. 1. Келген мамлекет бул же тигил консулдук кызматчы адам "personanon grata" экендиги же консулдук кызматкерлердин бирөөнүн жактырылба-гандыгы жөнүндө жиберген мамлекетке дипломатиялык жолдор менен бардыкубакта жана бир дагы себебин көрсөтпөстөн билдире алат. Бул учурда жиберген мамлекет бул адамды кайрадан чакырып алуугатийиш. 2. Эгерде жиберген мамлекет бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөнөз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартса же аткарыла турган мөөнөттөаткарбаса, келген мамлекет аны тиешелүү түрдө консулдук кызматкер ката-ры эсептебей калат. 12-статья. 1. Жиберген мамлекет келген мамлекеттин мыйзамдарынын алкагындаконсулдук мекемени же жиберген мамлекеттин граждандары болгон консулдукмекеменин кызматкерлеринин резиденцияларын жайгаштыруу үчүн жер учас-токторун, имараттарды же имараттардын бир бөлүгүн алышы жана колдонушумүмкүн. 2. Келген мамлекет 1-пунктта көрсөтүлгөн жердин участогун, имарат-тарды же имараттардын бир бөлүгүн жиберген мамлекет алып жатканда агажардам берүүгө тийиш. 3. Бул пункттун 1- жана 2-пункттарынын жоболору жнберген мамлекет-ти имаратка, түзүүгө, районго жана келген мамлекеттин башка мыйзамдары-на же чектөөлөрүнө макул болуу зарылчылыгынан бошотпойт. 3-бөлүм Артыкчылыктар жана иммунитеттер 13-статья. 1. Жазмалары жиберген жана келген мамлекеттердин тилинде жазылганжиберген мамлекеттин герби консулдук мекеменин имаратында, ошондой элеконсулдук мекеме башчысынын резиденциясында тагылат. 2. Жиберген мамлекеттин улуттук желеги консулдук турак-жайда жанаконсулдук мекеме башчысынын резиденциясында. ошондой эле консулдук ме-кеме башчысынын транспорттук каражатында өзүнүн кызматтык милдеттеринаткарып жатканда тагылышы мүмкүн. 14-статья. Консулдук турак-жайлар жама консулдук мекеме башчысынын резиденци-ясы кол тийбестикке ээ. Келген мамлекеттин бийликтери жиберген мамле-кеттин консулдук мекеме башчысынын же дипломаттык өкүлчүлүгүнүн башчы-сынын же алардын бири дайындаган адамдын макулдугу менен гана консулдукмекемеге же резиденцияга кире алышат. 15-статья. Консулдук архивдер бардык убакта жана жайгашкан ордуна карабастанкол тийбестикке ээ. Расмий эмес документтер консулдук архивден бөлөксакталууга тийиш. 1. Жайгашкан жерине карабастан, жиберген мамлекеттин өкмөтү, дип-ломатиялык өкүлчүлүктөрү жана башка консулдук мекемелери менен ишжүргүзүүдө консулдук мекеме бардык ылайыктуу каражаттарды, анын ичиндедипломатиялык жана консулдук чабармандарды, дипломатиялык жана консул-дук вализаларды, коддолгон же шифрленген шашылыш билдирмелерди колдоноалат. Бирок консулдук мекеме келген мамлекеттин макулдугу менен ганарадио берүүчү аппаратты орнотушу жана аны колдонушу мүмкүн. 2. Коомдук байланыш каражаты дипломитиялык өкүлчүлүк менен бирдейшартта консулдук мекемеге карата колдонулат. 3. Консулдук мекеменин расмий корреспонденциясы жана алардынмүнөзүн көрсөткөн көзгө көрүнүп туруучу тышкы белгилери болгон консул-дук вализа кол тийбестикке ээ жана ачылбайт, кармалбайт. Алар расмийкорреспонденцияны жана расмий колдонулуучу документтерди же предметтер-ди гана камтышы мүмкүн. 4. Консулдук чабармандын расмий документтери болот, анда анын ста-тусу, консулдук вализаны түзгөн орундардын саны көрсөтүлөт. Ал өзүнүнөкмөтү берген дипломатиялык паспортко ээ болууга тийиш. Консулдук ча-барман жиберген мамлекеттин дипломаттык чабарманы менен бирдей укуктар-га, артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ. 5. Жиберген мамлекет анын дипломаттык өкүлчүлүгү жана консулдукмекемеси "аd hoc" консулдук чабармандарын дайындашы мүмкүн. Мындайучурларда бул статьянын 4-пунктунун жоболору колдонулат жана андакөрсөтүлгөн артыкчылыктар жана иммунитеттер мындай чабарманга ишениптапшырылган консулдук вализаны тиешелүү жерге жеткиргенден кийинкөрсөтүлгөн иммунитеттер жана артыкчылыктар колдонулбайт. 6. Консулдук вализа кеменин жана граждандык самолеттун командиринеишенип берилиши мүмкүн. Ал вализаны түзгөн орундардын саны көрсөтүлгөнрасмий документти алат, бирок ал дипломатиялык чабарман болуп эсептел-бейт. Компетенттүү жергиликтүү бийликтер менен макулдашып, консулдукмекеме өзүнүн кызматкерлеринин бирин кеменин же самолеттун командириненвализаны түздөн-түз жана токтоосуз алууга же вализаны ага жеткирүүгөжөнөтө алат. 16-статья. 1. Келген мамлекет консулдук кызматчы адамдарга, консулдук мекеме-нин кызматкерлерине жана алар менен чогуу жашап жаткан үй-бүлөмүчөлөрүнө сый-урмат менен мамиле жасоого жана алардын өзүнө, эркинди-гине же кадыр-баркына кандайдыр-бир кол салууларды болтурбоого мил-деттүү. 2. Консулдук мекеме башчысы камакка алынбайт, кармалбайт жана кел-ген мамлекеттин кылмыш юрисдикциясындагы иммунитетке ээ болот. 3. Жиберген мамлекет консулдук мекеме башчысынын келген мамлеке-тиндеги кылмыш юрисдикциясындагы иммунитетинен баш тарта алат. Баштарткан жак бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү келген мамлекеткеберүүгө тийиш. 4. Консулдук мекеме башчысынын өзү менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүконсулдук мекеме башчысы сыяктуу эле дењгээлде келген мамлекеттин кыл-мыш юрисдикциясына карата иммунитетке ээ болууга тийиш. 5. Консулдук кызматчы адамдар камакка алынбайт, алдын-ала камал-байт, мында өтө оор кылмыш жасаса компетенттүү сот бийликтеринин чыгар-ган токтому эске алынбайт. 6. Бул статьянын 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, кон-сулдук кызматчы адамдар түрмөгө отургузулбайт жана эркиндиги бардыкбашка формада чектелбейт, мында мыйзамдык күчүнө кирген сот токтомдорунаткарган учурлар эске алынбайт. 7. Эгерде консулдук кызматчы адамга каршы кылмыш иши козголсо, ан-да ал компетенттүү органга келиши керек. Ошого карабастан, ишин кароодоанын расмий абалына байланыштуу ага сыпаа мамиле жасалууга тийиш жанаушул статьянын 5-пунктунда каралган учурлардан тышкары, алардын консул-дук функцияларын аткарылышына азыраак тоскоолдук түзүлүүгө тийнш. Ушулстатьянын 5-пунктуна ылайык консулдук кызматчы адамды кармоо зарыл бол-со. ага каршы соттук куугунтуктоо мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө баш-талууга тийиш. 8. Консулдук кызматчы адамдардын өздөрү менен чогуу жашап жатышканүй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин кылмыш юрисдикциясына карата кон-сулдук кызматчы адамдар менен бирдей иммунитетке ээ болушат. 9. Консулдук кызматчы адамдар жана консулдук кызматкерлерөздөрүнүн консулдук функцияларын аткарып жаткан мезгилде жасаганиш-аракеттерине карата келген мамлекеттин сот же административдик юрис-дициясына карабайт. 10. Бирок бул статьянын 9-пунктунун жоболору төмөнкүлөр боюнчаграждандык доого колдонулбайт: а) келген мамлекеттин аймагында болгон жеке кыймылсыз мүлккө, мын-да консулдук кызматчы адамдар жана консулдук мекеменин кызматкерлериконсулдук мекемени жиберген мамлекеттин атынан аларга ээ болгон учурэске алынбайт: б) мамлекеттин атынан келген жеке адам катары аткаруучусу. адми-нистратору, мураскору болгон мурас укугуна: в) ал келген мамлекетте аткарып жаткан анын консулдук функциялары-на кирбеген бардык профессионалдык же коммерциялык иштерге: г) консулдук кызматчы адам же консулдук кызматкер келген мамлекет-те агент катары милдеттенмелерди өздөрүнө түз же кыйыр албаган келишим-деринен келип чыгуучу; же д) келген мамлекетте жол транспорту кемеси же самолету кырсыккаучурагандагы зыяны үчүн үчүнчү тараптын. 11. Жиберген мамлекет бул статьяда каралган бардык иммунитеттенбаш тарта алат. Мындай баш тартуу келген мамлекетке жазуу жүзүндө бил-дирилет. 12. Граждандык же административдик ишке карата юрисдикция иммуни-тетинен баш тартуу соттун чечиминин натыйжасында келип чыккан, аткарууаракеттердин иммунитетинен баш тартуу деп эсептелбейт: мындай ишаракет-терге карата өзүнчө баш тартуу керек. 17-статья. 1. Консулдук мекеменин кызматкерлери сот же административдик иш-терди жүргүзүүдө күбө катары чакырылышы мүмкүн. Эгерде консулдук кыз-матчы адам көрсөтмө берүүдөн баш тартса, ага эч кандай мажбурлоо жанажазалоо чаралары колдонулбайт. Бул статьянын 3-пунктунда айтылган учур-лардан тышкары, консулдук мекеменин кызматкери көрсөтмө берүүдөн баштарта албайт. 2. Консулдук кызматчы адамдарга жана консулдук мекеменин кызмат-керлерине карата бул статьянын 1-пунктунда жоболору ошондой эле өздөрүменен чогуу жашап жатышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы колдонулуугатийиш. 3. Консулдук мекеменин кызматкерлери өздөрүнүн функцияларын атка-рууга байланышкан маселелер боюнча көрсөтмө берүүгө же өздөрүнүн функ-цияларына тийиштүү расмий корреспонденцияны жана документтердикөрсөтүүгө милдеттүү эмес. Алар ошондой эле жиберген мамлекеттин мый-замдарын түшүндүрүүчү көрсөтмөлөрдү берүүгө милдетттүү эмес. 4. Консулдук кызматчы адамдын же консулдук мекеменин кызматкерининкөрсөтмө беришин талап кылган орган бул адамдын өз функцияларын аткары-шына жолтоо жасабашы керек. Ал мүмкүн болгон учурда бул адамдардынүйүндө же консулдук мекемеде мындай көрсөтмөлөрдү алышы же андан жазуужүзүндөгү көрсөтмөлөрдү алышы мүмкүн. 18-статья. Консулдук мекеменин кызматкерлери жана өздөрү менен чогуу жашапжатышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин граждандары же ту-руктуу жашоочулары болбогон учурда, бардык формадагы милдеттүү социал-дык камсыздоодон бошотулат. 19-статья. Консулдук кызматчы адамдар, консулдук кызматкерлер жана өздөрү ме-нен чогуу жашап жатышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттинчет өлкөлүктөрдү каттоо жөнүндө мыйзамдарында жана эрежелеринде карал-ган бардык милдеттерден жана жашап турууга уруксат алуудан бошотулат. 20-статья. 1. Жиберген мамлекет ээлик кылган же ижарага алган консулдук ту-рак-жайлар жана консулдук мекеме башчысынын резиденциясы же анын атынаништеп жаткан бардык адам тейлөөнүн белгилүү-бир түрлөрү үчүн алынганжыйымдарды эске албаганда, бардык мамлекеттик, райондук жана муниципал-дык салыктардан, пошлиналардан жана жыйымдардан бошотулат. 2. Бул статьянын 1-пунктунда тиешелүү салыктардан жана пошлиналар-дан бошотуу төмөнкүлөргө колдонулууга тийиш эмес: а) жиберген мамлекет же анын атынан иштеп жаткан адам менен конт-ракт түзгөн адам төлөөчү салыктардан жана жыйымдардан; жана б) демейде товарлардын же тейлөөнүн наркына кирүүчү кыйыр салык-тардан. 3. Бул статьяда чегерилген бошотуулар көрсөтүлгөн кызмттар үчүнтөлөнүүчү төлөмдөргө жана чыгымдарга карата колдонулбайт. 21-статья. 1. Консулдук кызматчы адамдар жана консулдук кызматкерлер, ошондойэле алар менен чогуу жашап жатышкан үй-бүлө мүчөлөрү жиберген мамлекет-тин граждандары болсо, төмөнкүлөрдөн тышкары бардык жеке жана мүлктүк,мамлекеттик, райондук жана муниципалдык салыктардан, жыйымдардан жанапошлиналардан бошотулат: а) демейде товардын же тейлөөнүн наркына кошула турган кыйыр са-лыктан; б) 21-статьянын жоболорунда каралган, келген мамлекеттин аймагындаболгон жеке жана кыймылсыз мүлк жыйымдарынан жана салыктарынан; в) 23-статьянын жоболорунда каралган, келген мамлекет тарабынаналынуучу мурас мүлкүнүн салыктарынан же мурас пошлиналарынан же мүлктүөткөрүп берүү салыктарынан: г) келген мамлекетте табылган жеке киреше салыктарынан жана жыйым-дарынан жана башка ушул сыяктуу салыктардан; д) 21-статьянын жоболорунда каралган, каттоо, сот жана реестрдикпошлиналардан, ипотекалык жыйымдардан, гербдик жыйымдардан; е) белгилүү-бир тейлөө үчүн жыйымдардан. 2. Тейлөө кызматкерлери жиберген мамлекеттин граждандары болсо,өздөрүнүн жумушу үчүн алган айлык акы салыктарынан, жыйымдарынан жанапошлиналарынан бошотулат. 3. Келген мамлекетте айлык акылары киреше салыктарынан бошотулба-ган адамдарды жалдаган консулдук кызматчы адамдар жана консулдук меке-менин кызматкерлери кирешеге салынган салыкты алуу боюнча бул мамлекет-тин мыйзамдары менен эрежелери, анын ичинде социалдык камсыздоо мыйзам-дары жана эрежелери тарабынан жалдоочуга берилген милдеттенмелерди ат-карат. 22-статья. Консулдук мекеменин кызматкери же анын үй-бүлө мүчөсү каза болгонучурда, келген мамлекеттин аймагында калган кыймылдуу мүлккө салык са-лынбайт, ошондой эле менчик боюнча операцияларга байланышкан мурас са-лыктары же бүтүм жыйымдары келген мамлекет тарабынан бүл мүлккө салын-байт. Мында кызыкдар адам бул мамлекеттин туруктуу резиденти статусунаээ болсо, ошондой эле эгерде каза болгон адам консулдук мекеменин кыз-маткери же анын үй-бүлө мүчөсү катары жүргөндүгүнө байланыштуу ганакелген мамлекеттин аймагында мүлкү болсо, ал каза болгон мезгилде экс-порттоого тыюу салынган, келген мамлекеттин аймагында алынган менчиктинбардык түрү эске алынбайт. 23-статья. 1. Келген мамлекет кабыл алынган мыйзамдарга жана эрежелерге ыла-йык, ошондой эле тараптардын өз ара иш жүргүзүшүнүн негизиндетөмөнкүлөрдү алып келүүгө жана кампа жыйымдарын, ташуу жана ушул, сыяк-туу башка кызматтар үчүн жыйымдарды эске албаганда, бажылык пошлиналар-ды, салыктарды жана ушуга окшош башка жыйымдарды төлөбөөгө уруксат бе-рет; а) консулдук мекеменин кызмтта колдонуучу буюмдарын; б) консулдук кызматчы адамдын, ошондой эле анын үй-бүлөмүчөлөрүнүн жеке колдонуучу буюмдарын, анын ичинде автотранспорт кара-жатын. Керектөө буюмдары кызыкдар адамдардын түздөн-түз жекече колдону-шу үчүн зарыл болгон сандан ашпоого тийиш. 2. Жиберген мамлекеттин граждандары болгон консулдук мекеменинкызматкерлери ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрү бул статьянын 1 (б)пунктунда каралган автотранспорт каражатын эске албаганда, келген мам-лекеттин эрежелеринин колдонулуп жаткан тизмесине ылайык алгач иреткиргизилген буюмдарга карата бошотууларга жана артыкчылыктарга ээ болу-шат. 3. Консулдук кызматчы адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүнжеке жүгү бажылык текшерүүдөн өтпөйт. Ал бул статьянын 1 (б) пунктундакөрсөтүлгөн алып таштоолор тиешелүү болгон буюмдардын же келген мамле-кеттин мыйзамдары жана эрежелери менен алардын алынып келишине же алы-нып кетишине тыюу салынган буюмдардын бар экендиги жөнүндө олуттуу пи-кир майда болгон учурда, текшерилиши мүмкүн. Мындай текшерүү консулдуккызматчы адамдын же анын үй-бүлө мүчөсүнүн көзүнчө гана жүргүзүлөт. 24-статья. 1. Бул Конвенциянын алкагында артыкчылыктарга жана иммунитеттергеээ болгон бардык адамдар бул артыкчылыктар менен иммунитеттерге зыянкелтирбестен, келген мамлекеттин мыйзамдарын жана эрежелерин сактоогожана аларадын, анын ичинде транспорт кыймылын контролдоого жана автот-ранспорт каражаттарын камсыздоого байланышкан маселелерди үзүрлүү атка-рууга көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле жогоруда аталган адамдар бул мамле-кеттин ички иштерине кийлигишүүгө укуктуу эмес. 2. Консулдук турак-жайлар консулдук функцияларга каршы келген фор-мада пайдаланылууга тийиш эмес. Консулдук турак-жайлар бардык адамдар-га, анын ичиеде жиберген мамлекеттин граждандарына баш калка берүү үчүнпайдаланылбайт. 25-статья. Консулдук кызматчы адамдар, консулдук мекеменин кызматкерлери жанатейлөө кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мам-лекеттеё профессионалдык же коммерциялык ишмердиктен жеке пайда көрүүгөукуктуу эмес. 26-статья. Улуттук коопсуздукту сактоо максатында аймагына келүүгө тыюу салуужана анда келишин чектөө жөнүндө келген мамлекетте кабыл алынган мый-замдарга жана эрежелерге ылайык консулдук кызматчы адам же консулдукмекеменин кызматкери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мам-лекеттин аймагында бир жерден экинчи жерге тоскоолдуксуз барууга укук-туу. Болгон мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык бул статьянын жоболорувизаларды же башка жолдо жүрүү документтерин алууга тиешелүү бардыкколдонулуп жаткан талаптарга зыян келтирбестен пайдаланылууга тийиш. 4-бөлүм Консулдук функциялар 27-статья. 1. Консулдук кызматчы адам келген мамлекеттин мыйзамдарына жанаэрежелеринеылайык бул бөлүмдө көрсөтүлгөн консулдук функцияларды атка-рууга укуктуу. Ал келген мамлекеттеги мыйзамдарга жана эрежелерге каршыкелбеген башка консулдук функцияларды аткара алат. 2. Консулдук чөлкөмдүн алкагында консулдук кызматчы адам келгенмамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жиберген мамлекеттинграждандары болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктарынжана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу. 3. Өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууда консулдук кызмтчыадам төмөнкүлөргө кайрыла алат: а) келген мамлекеттиеги өзүнүн консулдук чөлкөмүндөгү компетенттүүбийликтерге; б) келген мамлекеттин мыйзамдары, эрежелери жана адаттары же ти-йиштүү эл аралык макулдашуулар тарабынан жол берилген дењгээлде келгенмамлекеттин компетенттүү борбордук органдарына. 4). Консулдук кызматчы адам келген мамлекеттин алдын-ала макулдугуменен консулдук чөлкөмдөн тышкары консулдук кызматтын милдеттерин атка-рууга укуктуу. 28-статья. Консулдук кызматчы адам соода, экономикалык, маданий, илимий-тех-никалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берүүгө укук-туу, ошондой эле алардын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгөкөмөктөшөт. 29-статья. Консулдук кызматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн чегиндетөмөнкүлөргө укуктуу: а) жиберген мамлекеттин граждандарынын эсебин алууга; б) жиберген мамлекеттин граждандыгынын маселелери боюнча жибергенмамлекеттин граждандарынын арыздарын кабыл алууга жана бул маселелербоюнча документтерди берүүгө; в) эки кызыкдар адам жиберген мамлекеттин мыйзамдарына жана эреже-лерине ылайык жиберген мамлекеттин граждандары болсо жана бул келгенмамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбесе, никелерди кат-тоого; г) жиберген мамлекеттин граждандарынын үй-бүлө мамилелерине тие-шелүү арыздарын бул мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайыккабыл алууга. д) жиберген мамлекеттин граждандарынын туулгандагы же каза болгон-дугу жөнүндө актыларды каттоого. е) келген мамлекеттин чегинен тышкары пайдалануу үчүн жибергенмамлекеттин граждандары сураган и укуктук актыларды жана документтердитүзүүгө, күбөлөндүрүүгө, мыйзамдаштырууга, легализациялоого. Ошондойэле келген мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбегеншартта бардык адам жиберген мамлекетте аларды көрсөтүү максатында сура-шы мүмкүн; ж) укуктук актыларды жана документтерди которууга, котормолордунжана башка документтердин жарамдуулугун күбөлөндүрүүгө. 2. Консулдук кызматчы адам бул мамлекеттин мыйзамдарындагы жанаэрежелериндеги тиешелүү талаптарды сактап, бул мамлекеттин мыйзамдарыталап кылса, (в) жана (д) пункттарына ылайык жүргүзүлүүчү укуктук акты-лар жөнүндө келген мамлекеттин компетенттүү органдарына кабарлайт. 30-статья. Аткарылган функциялар 31-статьяга ылайык консулдук кызматчы адамтарабынан берилген, которулган же күбөлөндүрүлгөн документтерди камтыйтжана келген мамлекеттин компотенттүү бийликтери тарабынан берилген, ко-торулган жана күбөлөндүрүлгөн документтер менен келген мамлекетте бир-дей юридикалык күчкө ээ болот. 31-статья. 1. Консулдук кызматчы адам жиберген мамлекеттин граждандарына пас-портторду берүүгө, жолдо жүрүү документтерин берүүгө, аларды узартууга,калыбына келтирүүгө же жок кылууга жана бул багыттагы бардык башка кыз-маттарды көрсөтүүгө укуктуу. 2. Ал ошондой эле жиберген мамлекеттин аймагына кетүүнү каалаганадамдарга визаларды берүүгө укуктуу. 32-статья. 1. Келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери келген мамлекеттинаймагында жиберген мамлекеттин гражданы каза болгон учурда, бул жөнүндөкызыкдар консулдук мекемеге тезинен билдирүүгө тийиш. 2. Келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери мураскер же мураскаталапкер адам жиберген мамлекеттин гражданы болсо, жиберген мамлекеттингражданынын каза болгондугуна байланыштуу мурастын ачылышы жөнүндөалардын суроо-талабы боюнча же керек болгон учурда консулдук мекемегемаалымат берүүгө тийиш. 3. Консулдук кызматчы адам келген мамлекеттин туруктуу жашоочусудеген статуска ээ болбогон жиберген мамлекеттин гражданынын атынан жи-берген мамлекеттин граждандарына тийиштүү акчаларды же мүлктүн башкаүлүшүн, компенсациялар, пенсиялар, социалдык камсыздандыруу, камсыздан-дыруу полистери жана төлөнбөгөн айлык акылар боюнча төлөмдөрдү келгенмамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык кызыкдар адамдаргаберүү үчүн алууга укуктуу. 4. Мүлктү жок кылууудан алынган жана жиберген мамлекеттин гражда-нына тийиштүү кыймылдуу мүлк жана акчалар кредиторлордун талаптары то-лугу менен канааттандырылган, ал эми мүлккө тийиштүү салыктар мененкармоолор төлөнгөн шартта тийиштүү консулдук кызматчы адамга берилишимүмкүн. 5. Кыймылдуу мүлктү келген мамлекеттин аймагынан алып кетүү жанатийиштүү акчаны жиберүү келген мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелери-не ылайык консулдук мекеме тарабынан жүргүзүлөт. 33-статья. 1. Келген мамлекеттин аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарга жанаэрежелерге ылайык консулдук кмзматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүналкагында келген мамлекеттин бийликтеринин алдында жиберген мамлекеттинграждандары жок болсо же өз укуктары менен кызыкчылыктарын өз убагындакоргоого тоскоол болгон башка олуттуу негиздөөлөр пайда болсо, алардынатынан чыгууга укуктуу. Өкүл болгон адам өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүндайындаганга чейин же ал өз укуктары менен кызыкчылыктарын өзү коргоогожөндөмдүү болгонго чейин Өкүлчүлүк өз ишин өткөрө берет. Бул статьянынжоболору консулдук кызматчы адамга кызыкдар тараптын ишеним катысызөтүнүч кат менен кайрылууга же соттун алдына чыгууга укук бербейт. 2. Консулдук чөлкөмдүн чегинде консулдук кызматчы адам жибергенмамлекеттин граждандары менен карым-катнаштарды орнотууга жана колдоо-го, ага адвокат, башка керектүү жардамды берүүгө, ошондой эле ага юри-дикалык көмөк көрсөтүүгө укуктуу. Келген мамлекет жиберген мамлекеттингражданынын консулдук мекеме менен байланышуусуна жана ага барышына эчкандай тоскоол боло албайт. 34-статья. 1. Келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери жиберген мамлекеттингражданы арестке алынган, кармалган, камакка алынган учурда кызыкдарболгон консулдук мекемеге тезинен кабарлоого тийиш. 2. Кызыкдар консулдук кызматчы адам жиберген мамлекеттин граждан-дары арестке алынганда, кармалганда, камакка алынганда аларга баруугажана алар менен байланышып турууга укуктуу. Келген мамлекеттин компе-тенттүү бийликтери жиберген мамлекеттин гражданы арестке алынганда,кармалганда, камакка алынганда андан алынган бардык жазуу жүзүндөгүкорреспонденцияны кызыкдар консулдук мекемеге тезинен жиберүүгө тийиш. 3. Кызыкдар консулдук кызматчы адам алдын-ала суроо-талап жасаган-да, жиберген мамлекеттин гражданы анын негизинде арестке алынган, кар-малган же камакка алынган келген мамлекетте колдонулуп жаткан мыйзамжана негиздөө жөнүндө маалыматалышы мүмкүн. 4. Кызыкдар консулдук кызматчы адамдардын укуктары бул статьянын2- жана 3-пункттарын эске алганда, келген мамлекеттин мыйзамдарына жанаэрежелерине ылайык пайдаланылышы мүмкүн, мында бул мыйзамдар менен зре-желер мындай укуктарга каршы келбеген шарт эске алынат. 35-статья. 1. Консулдук кызматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн чегинде жи-берген мамлекеттин кемелерине, бул кемелердин экипажына жанажүргүнчүлөрүнө алар келген мамлекттин аймактык жана ички сууларындаболгон учурда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө укуктуу. 2. Консулдук кызматчы адам кеме бортунда тийиштүү уруксатты алган-дан кийин консулдук кызматчы адам менен байланыштарды жањылап түзөалат. 3. Консулдук кызматчы адам өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн алкагындатөмөнкүлөргө укуктуу: а) келген мамлекеттин бийликтеринин укуктарына зыян келтирбестен,келген мамлекеттин кеме бортунда болгон бардык инцидентти териштирүүгө,экипаж мүчөсүн суракка алууга, кеме документтерин текшерүүгө, кемегетийиштүү көрсөтмөлөрдү, анын жолдорун кабыл алууга, ошондой эле кеменинпортко киришине, андан чыгышына жана анда болушуна көмөктөшүүгө; б) келген мамлекеттин бийликтеринин укуктарынын сакталышына зыянкелтирбестен, ээси менен экипаждын ортосундагы чатактарды, анын ичиндежиберген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каралган дењгээлдеги айлыкакынын өлчөмү эмгек келишиминин шарттары жөнүндө чатактарды чечүүгө; в) кеме экипажынын бардык мүчөсүн же бардык жүргүнчүсүнө медицина-лык көмөк көрсөтүү жана репатриациялоо үчүн бардык керектүү чаралардыколдонууга; г) кемелер жөнүндө жиберген мамлекеттин мыйзамдарында айтылганбардык арыздарын же башка документтерди кабыл алууга, түзүүгө жекүбөлөндүрүүгө. 36-статья. 1. Келген мамлекеттин соттору же башка компетенттүү бийликтери жи-берген мамлекеттин кемесинин бортунда кандайдыр-бир милдеттүү чаралардыколдонууга ниеттенген же кандайдыр-бир расмий тергөөлөрдү баштоого ни-еттенген учурда, компетенттүү бийликтер мындай ниеттенүүлөр жөнүндөконсулдук мекемеге кабарлоого тийиш. Мындай маалымат консулдук кызматчыадамдын же анын өкүлүнүн жогоруда аталган иштерди аткарууда катышышынамүмкүндүк берүү үчүн мындай иштерди аткарып баштаганга чейин күн мурунжөнөтүлүүгө тийиш. Эгенрде консудук кызматчы адам же анын өкүлү жокболсо, келген мамлекеттин бийликтери консулдук мекеменин суроо-талабыбоюнча боло турган иш-чаралар жөнүндө бардык керектүү маалыматтыберүүгө тийиш. 2. Кеминин капитаны же экипаж мүчөсү портто компетенттүү бийликтертарабынан текшерилген учурда, бул статьянын пунктунун жоболору пайдала-нылууга тийиш. 3. Бул статьянын жоболору бажылык паспорттук жана санитардык конт-ролдоого жана инспектирлөөгө же кеменин капитанынын өтүнүчү же макулду-гу менен жасалган иштерге тиешеси жок. 37-статья. 1. Эгерде жиберген мамлекеттин кемеси келген мамлекеттин аймактыкжана ички сууларында кыйроого учураса, тайыз жерге кабылса, жээккесүрүлүп ташталса же кандайдыр-бир башка кыйроого учураса, анда бул мам-лекеттин компетенттүү бийликтери тийиштүү консулдук мекемелерге булжөнүндө жана кемени, жүргүнчүлөрдү, экипажды,ошондой эле алардынмүлктөрүн жана жүктөрүн сактоо жана коргоо боюнча жасалган иш-чараларжөнүндө тезинен кабралашат. 2. Консулдук кызматчы адам жиберген мамлекеттин кемесине,жүргүнчүлөрүнө жана экипаж мүчөлөрүнө бардык жардамды көрсөтө алат. Булмаксатта ал жардам алуу үчүн келген мамлекеттин компетенттүү бийликте-рине кайрыла алат. Ошондой эле ал кемени калыбына келтирүү боюнча ушулстатьянын 1-пунктунда эскерилген чараларды колдонушу же келген мамле-кеттин компетенттүү бийликтеринин мындай чараларды колдонушун же колдо-нууну уланта беришин сурай алат. 3. Кеменин жабдууларды, жүгү жана тамак-аш азыктары келген мамле-кетте пайдаланылбаган же керектелбеген шартта келген мамлекетте бажылыкпошлиналардын жана жыйымдардан бошотулат. 4. Эгерде 1-пунктта эскерилген кеменин кожоюуну, ээси же камсыз-дандыруучу же кеменин кызыкчылыктарын көрсөткөн башка адам өзүнүн аты-нан тийиштүү иш-чараларды колдонууга жөндөмдүү болбосо, консулдук кыз-матчы адам бузулган же кыйроого учураган кемени жиберген мамлекеттинграждандарына тиешелүү жүктөр же башка мүлктөр боюнча иш-чаралардыушундай шарттарда жүргүзө алат. Мында кеме келген мамлекеттин туусунтагып жүргөн учур эске алынбайт. 5) Бул статьянын 4-пунктунда айтылган консулдук кызматчы адам кол-донгон иш-аракеттер боюнча өзү гана ар кандай чатактарды чечүү үчүн ко-жоюну, ээси же камсыздандыруучусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.Келген мамлекет консулдук кыматчы адамдын иш-аракеттери же кетирген ка-талыктары үчүн жооп бербейт. 38-статья. Кемеде болгон проблемалар боюнча 36-, 37- жана 38-статьялар абакемелерине карата дагы колонулат. 39-статья. Консулдук мекеме жиберген мамлекеттин мыйзамдарында жана эрежеле-ринде айтылган консулдук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн келген мамле-кеттен жыйымдарды алууга укуктуу. 5-бөлүм Корутунду жоболор 40-статья. Бул Конвенция ратификацияланууга жана өз ара шарттарда түзүлүүчүратификациялык грамоталар менен алмашкандан кийин 30 күн өткөндө күчүнөкирет. Бул Конвенциянын Макулдашып жаткан Тараптардын бири бул Конвен-циянын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги жөнүндө жазуу жүзүндөэкинчи Макулдашып жаткан тарапка 6 ай мурда бидирмейинче белгисизмөөнөткө күчүндө кала берет. Муну күбөлөндүрүш үчүн, Ыйгарым укуктуу өкүлдөр бул Конвенциягакол коюшту жана аны мөөрү менен бекитишти. Бишкек шаарында 2003-жылдын 30-мартында эки түп нускада, ар бирикыргыз, хинди, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текс-ттер бирдей болуп эсептелет. Бул Конвенциянын жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Макулдашуучу Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчи-ликке алышат. Кыргыз Республикасы Индия Республикасы үчүн үчүн