КР 2004-жылдын 11-майындагы № 62
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары1998-жылдын 23-марты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосундагы граждандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын-ала эскертүү жана аны жойууда кызматташтык жөнүндө Келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,мындан ары Тараптар деп аталышып, 1992-жыл 18-декабырындагы Кыргыз Республикасы жана Россия Федера-циясы ортосундагы достук кызматташтык жөнүндө Келишимдин жоболорунаылайык эки элдин ортосунда традициялык достук мамилелерди чыњдоого ум-тулушуп, граждандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын-ала эскертүү жанааны жок кылуу тармагында кызматташтык эки өлкөнүн жыргалчылыгына жанакоопсуздугуна жардам кыларын белгилеп, өзгөчө кырдаалдар эки өлкөгө коркунучтарды алып келерин билип ту-руп, эки Тарапка тењ граждандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын-алаэскертүү жана аны жок кылуу тармагында илимий техникалык билдирүүлөрдүөз ара алмашып турунун пайдалуулугун эске алып, эки өлкөнүн зкологиялык системаларынын өз ара байланыштуулгунан,өзгөчө кырдаалдарды алдын ала эскертүү жана аны жоюуда макулдашылгансаясатты жүргүзүүнү талап кылуу жана курчап турган айлана-чөйрөлөргөбайкоону уюштуруу иретинде, өзгөчө кырдаалдар кокустан чыгып кетерин эске алып, аны жок кылуу-да бир Тараптын күчү жана каражаттары жетпөөсү байкалса жана өзгөчөкырдаалдардын алдын-ала эскертүү жана аны жок кылуу максатында экиөлкөнүн биргелешкен иш кыймылдарынын керектүүлүгүн эске алып, Бириккен Улуттар Уюмунун, башка эл аралык уюмдардын өзгөчө кырда-алдарды алдын-ала эскертүү жана аны жокко чыгаруу боюнча рольдорун эскеалып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-Статья. Түшүнүктөр Ушул Келишимде колдонулган түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерди кым-тыйт: "сурануучу Тарап" - башка Тарапка керектүү жабдыктуу жана матери-алдык камсыздыктар менен толукталган бөлүктөрдү жардамга жиберүүжөнүндө сураныч менен кайрылуучу Тарап, "берүүчү Тарап" - башка Тарапка керектүү жабдыктуу жана материал-дык камсыздыктар менен толукталган бөлүктөрдү жардам берүү жөнүндөгүөтүнүчүн канааттандыруучу Тарап; "компетентүү уюм" бул Келишимдин аткарылышына байланыштуу иштердибашкаруу жана координациялоо үчүн Тараптар жактан дайнындалган уюм, "жардам көрсөтүү боюнча топтор" берүүчү Тараптын уюмдашкан адистертобу, булардын ичинде жардам берүүгө ылайыкталган жана керектүү жабдык-тар менен камсыздалган аскердик кызматкерлер; "өзгөчө кырдаалдар" - белгиленген территориялардагы болуп өткөнавариялардын, табыйхаттын коркунучтуу көрүнүштөрүнүн, катастрофалардынстихиялык жана башка кырсыктардын натыйжасында курчап турган табыйхатказыян келтирип, адамдардын жашоо шарттары бузулуп жана чоњ материалдыкжоготууларга дуушар болгондугу абал; "өзгөчө кырдаалдарды алдын-ала эскертүү" - өзгөчө кырдаалдардагыабалдардын коркунучун максималдуу азайтууга жана элдердин ден-соолугунсактоого, курчап турган табыйхатка жана материалдык жоготуу өлчөмдөрүназайтууга багытталган комплекстүү иш-чаралар; "өзгөчө кырдаалдарды жок кылуу" - өзгөчө кырдаалдардагы абалдарболуп өткөндө элдердин өмүрүн коргоп жана ден-соолугун сактап калууга,курчап турган табыйхатка келтирилген зыян, жана өзгөчө кырдаалдар жүрүпкеткен аймактарды локализациялап, аларга характерлүү коркунуч факторло-рунун кыймылын токтотууга багытталган авариялык - куткарып алуу жанабашка шашылыш керек иштер; "өзгөчө кырдаалдагы зона" - өзгөчө кырдаал абалы байкалган терри-тория; "авариялык - куткарып алуучу бөлүктөр" - адистер тобу, булардыничинде жардам берүүгө ылайыкталган жана керектүү жабдыктар менен кам-сыздалган граждандык коргонуу аскердик кызматкерлер; "жабдуулар" - материалдар, техникалык жана транспорттук каражат-тар, байланыш каражаттары, жардам көрсөтүү топторунун жабдыктары жанажардам көрсөтүүдө пайдалануучу жекече жаракжабдыктар; "камсыздандыруу материалдары" - өзгөчө кырдаалга дуушар болгонкалктарга бекер таратылып берилүүчү материалдык каражаттар. 2-статья. Компетенттик уюмдар Тараптар компетенттүү уюмдарды дайындашат: Кыргыз Республикасы Тарабынан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-даалдар жана граждандык коргонуу Министрлиги. Россия Тарабынан - Россия Федерациясынын граждандык коргоо, өзгөчөкырдаалдар жана стихиялык кырсыктардын аягын жоюу иштери боюнча Минист-рлиги. Ар бир Тарап згерде башка компетенттик уюмду дайындаса бул туура-луу дипломатиялык каналдар боюнча бир-бирине билдиришет. 3-статья. Кызматташтык формасы Тараптар кызматташтыкты төмөнкү формада жүзөгө ашырышат: Өзгөчө кырдаалдарды байкап турууну уюштуруу жана ишке ашыруу; Коркунучтуу техногендик жана экологиялык процесстерге, жана таби-яттык көрүнүштөрүнө байкоо жүргүзүүнү уюштуруу жана аны жүргүзүү; Өзгөчө кырдаалдарды алдын-ала билүү жана алардын натыйжасын баа-лоо; Өзгөчө кырдаалдарга элдин аракеттеринин даяр болушун уюштуруу; Өзгөчө кырдааддарды алдын-ала эскертүү жана аны жок кылуу боюнчакеректүү малекеттик структураларды өз ара аракеттерин уюштуруу; Өнөр-жай кыйралуусунда, катастрофаларда жана стихиялык кырсыктарабалында айлана-чөйрөгө, элге келтирилүүчү булгануу коркунучтарын баа-лоо; Биргелешип пландаштыруу, илимий-изилдөө долбоорлорун иштеп чыгуу,илимий-техникалык литературалар жана изилдөө иштеринин жыйынтыктары ме-нен, өз ара алмашып туруу; Информациялар, периодикалык жарыялар, методикалык жана башка лите-ратуралар, көрүүчү жана (сүрөт) фотоматериалдар жана технологиялар ме-нен алмашып туруу; Биргелешкен конференцияларды, семинарларды, жумушчу кењешмелерди,окууларды жана машыгууларды уюштуруу; Биргелешкен басып чыгарууларды жана докладдарды даярдоо; Башка Тараптын окуу жайларында адистерди даярдоо, стажерлор, оку-туучулар, окумуштуулар жана адистер менен алмашып туруу; Тараптардын компетенттүү уюмдарынын биргелешкен иштерин камсыз кы-луу; Алдын ала эскертүүдө жана өзгөчө кырдаалды жокко чыгарууда Тарап-тарды техника, мүлк жана жабдыктар менен камсыз кылуу системасында өзара жардам көрсөтүү; Алдын ала эскертүү жана өзгөчө кырдаалды жоюда иш-чаралардыжүргүзүү жана пландаштыруу; Өзгөчө кырдаалдарды жокко чыгарууда өз ара жардамдарды көрсөтүү; Өзгөчө кырдаалдарды алдын-ала эскертүүгө жана аны жокко чыгаруугабайланышкан, Тараптардын компетенттик уюмдарынын макулдашуусуна ылайык-талынуучу башка иштер. 4-статья. Уюмдар жана мекемелер арасында кызматташтык Тараптар керек болсо мамлекет аралык, өкмөттүк жана өкмөттүк эмесмекемелердин жана уюмдардын, юридикалык жана жекече жактардын өз аракызматташтыктарын граждандык коргоо, алдын ала эскертүү жана өзгөчөкырдаалды жоюуга багытталган ииштерди аткарууга көмөк кылат. 5-статья. Биргелешкен комиссия Бул Келишимдин жоболорун ишке ашыруу үчүн Тараптардын компетенттүүуюмдары граждандык коргоо, өзгөчө кырдаалдарды алдын-ала эскертүү жанааны жок кылуу маселелери боюнча Биргелешкен комиссияны түзүшөт, анынсоставын, функциясын жана тартибин аныктайт. 6-статья. Өкүлдөрдү кабыл алуу шарттары Бул Келишимде көрсөтүлгөн иштерге катышуу үчүн, өзгөчө кырдаалдыжоюуда жардам көрсөтүүгө байланышкан күндө да өкүлдөрдү кабыл алуугаТарап өзүнүн мамлекетинин территориясында келгендердин бардык чыгымда-рын, эгерде Тараптар башканы макулдашпаса, өзүнө алат. Кабыл алуучу Та-раптын мамлекеттик территориясына келүү жана кайра кетүү жол чыгымдарыөкүлдөрдү жиберүүчү Тарап аркылуу төлөнөт. 7-статья. Жардам көрсөтүү Өзгөчө кырдаалда жардам көрсөтүү жөнүндөгү суроону жүзөгө ашыруучууюмдар болуп, Тараптар эсептелинет. Жардам суроонун негизинде ишке ашырылат, сурануучу Тарап болупөткөн өзгөчө абалдар жөнүндө билдирүү берип, берилүүчү жардамдынкөрүнүштөрүн жана көлөмүн көрсөтөт. Жардам берүүчү Тарап тез аранын ичинде өзүнүн жардам берүүмүмкүнчүлүгү тууралуу сурануучу Тарапка билдирет. Жардам берүүчү топторду жетектөө Жардам көрсөтүү боюнча, аныберүүчү Тараптын топторунун иштерин сурануучу Тараптын компетенттүүуюмдарынын жетекчилери аркылуу жүргүзөт. 8-статья. Жардамдын түрлөрү Өзгөчө кырдаалды жоюуга берилүүчү жардам, жардам көрсөтүүчү Топ-торду, материалдык камсыздыктарды жиберүү жолу менен, же башка суранууформасындагы жолдор менен аткарылат. Жардам көрсөтүү Топторду өзгөчө кырдаалдагы зонада авариялык-кут-карып алуу иштерин жүргүзүүгө пайдаланышат. Өтүнүч менен кайрылган Тарап жардам көрсөтүүчү Тараптын авария-лык-куткарып алуучу бөлүктөрүнүн жетекчилерине өзгөчө кырдаалга тушболгон аймактагы абал жөнүндө жана конкреттүү жерлердеги иштер жөнүндөбилдирет. Керектүү убактарда бул бөлүктөрдү котормочулар менен жанабайланыш каражаттары менен камсыз кылып, ошол бөлүктөрдү сакчылар мененбекер медициналык тейлөөлөрү камсыз кылат жана алардын иштерин коорди-нациялайт. Жардам көрсөтүүчү Топтордун камсыздыгы ал жерде 72 саатка чейинавтономдуу иш кылууга толук жеткендей болуш керек. Запастар түгөнөөрүменен сурануучу Тарап жардам көрсөтүүчү топторго иштерин улантууга ке-ректүү каражаттар менен камсыздандырылат. 9-статья. Жардам көрсөтүү боюнча топтордун мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жана алардын сурануучу Тараптын мамлекетинин территориясында болуу режими Жардам көрсөтүүчү топтордун мүчөлөрү сурануучу Тараптын мамлекет-тик чек арадан өткөрүүчү пунктары аркылуу, алардын жекелик аныктоочудокументтери боюнча өткөрүлөт. Алар сурануучу Тараптын мамлекетининтерриториясында визасыз жана руксаатсыз тура алышат. Топтордун жетекчиси жанында жардамга келген топтордун тизмесин жа-на алардын полномочиелерин аныкталган жардам көрсөтүү Тараптардын ком-петенттүү уюмдары аркылуу берилген документтерди алып жүрүшү керек. Кинологиялык топтордун чек арадан өтүү жана туруу тартиби ар бирубакта жардам суроочу Тараптын мамлекетинин территориясында белгиленгенкарантиндик эрежелердин негиздеринде аныкталат. Жардам көрсөтүүчү топтор сурануучу Тараптын мамлекетинин террито-риясында туруу мезгилинде бул өлкөнүн мыйзамдарын сактоого тийиштүү.Ошону менен алар эмгек мыйзамдарын жана буга байланыштуу маселелерижардам көрсөтүүчү Тараптын мамлекетинин юрисдиксциясынын астында болу-шат. Жардам көрсөтүү топторунун составына кирген аскер персоналдарынаэмгек-укук жана социалдык экономикалык жактарында аскер кызматкерининстатусун жөнгө салуу жардам берүүчү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарыныннегизинде жүргүзүлөт. Жардам көрсөтүү боюнча топтордун жол жүрүүсү алардын жабдыктарыжана материалдык камсыздары автомобиль, темир жол, суу же аба жолтранспорт түрлөрү аркылуу жүргүзүлөт. Жардам көрсөтүү үчүн пайдалануучу транспорт түрлөрү тийиштүү ми-нистрликтер жана ведомстволар менен макулдашуусу боюнча Тараптардынкомпетенттүү органдары аркылуу аныкталат. 10-статья. Өзгөчө кырдаалды жоюуда материалдык жардам көрсөтүү үчүн жабдыктарды жана материалдык камсыздарды алып кирүү жана алып чыгуу Берүүчү Тараптын территориясынан алып чыгарууда жана өзгөчө кыр-далды жоюуга жардам берүү үчүн же гуманитардык жардамдар пошлиналардан,чогултулардан жана налогдордон бошотулунат. Тараптардын компетенттүү уюмдардын билдирүүлөрүнүн негизинде жаб-дыктары жана материалдык камсыздыктарды бажылык оформить этүү жөнөкөйжана приоритеттүү түрдө жүргүзүлөт. Анда жардам көрсөтүүчү топтордунсоставы, алып кирилүүчү же чыгарылуучу жабдыктардын материалдык камсыз-дыктарды бажылык көрсөтүлөт. Жардам көрсөтүүчү топторго жабдыктар жана материалдык камсыздарданбашка товарларды алып жүрүүгө тыйуу салынат. Жардам көрсөтүү иштери аяктаганда алып келинген жабдыктар сурануу-чу тараптын территориясынан алынып кетилет. Эгерде ар кайсы шарттардабул жабдыктарды жана материалдык камсыздарды чыгарып кетүүгөмүмкүнчүлүк болбой, же алып кетүүгө зарылдыгы болбосо, алар сурануучуТараптын компетенттүү органдарына өз ара макулдашуу шарттарында берилипкалат. Бул учурда сурануучу Тараптын компетентүү жана бажылык уюмдарынакалтырылуучу жабдыктардын турган ордун, анын түрлөрүн, санын билдиришикерек. Керек мезгилде жапа чеккендерге медициналык тез жардам керек болотурган болсо, сурануучу Тараптын мамлекетинин территориясында наркоти-калык заттар бар медициналык препараттарды керектүү ченемде алып кирги-зишет. Бул учурда жардам берүүчү топтордун жетекчилери тараптардын бажыуюмдарына наркотикалык заттары бар медициналык препараттардын алардынноменклатура жана сандары көрсөтүлгөн декларацияларды көрсөтүшөт. Мын-дай медициналык препараттар сурануучу Тараптардын өкүлдөрүнүнкөзөмөлдөөсү астында, квалификациялуу медициналык кызматкерлердин күчүменен гана пайдаланышат жана башкаларга берилбейт. Иштетилбеген наркотикалык медицина препараттарынын арткандары су-рануучу Тараптын бажыканалык көзөмөлдөөсү астында так көрсөтүлгөн саныжана түзүлүшү жөнүндөгү документтердин негизинде кайра алынып кетишикерек Жардам көрсөтүүчү Тараптын бажы органдарына наркотикалык препа-раттардын пайдалынгандыгы туралуу жетекчинин жана жардам көрсөтүүчүтоптордун врачынын колу коюлган, сурануучу Тараптын компетенттик уюмда-рынын жана бажиканалык органдарынын өкүлдөрүнүн ишенимдери менен белги-ленген акт берилет. 11-статья. Аба транспортун пайдалануу Жардам берүүчү Тараптын компетентүү уюмдары жардам көрсөтүү үчүнаба транспортун пайдалануу жөнүндө чечимди сурануучу Тараптын тийиштүүоргандарына аба транспортунун маршрутун, түрүн жана регистрациялык но-мерин, экипаж мүчөлөрүнүн санын, жүктүн мүнөзүн, учуп чыгуу жана конуужерин жана убактысын чагылдырган билдирүүнү жүргүзөт. Сурануучу Тарап өзүнүн мамлекетинин территориясында белгиленгенпунктка учууга руксаат берет. Учуулар эл аралык граждандык авиация уюмунун белгиленген эрежеле-рине ылайык жүргүзүлөт. 12-статья. Чыгымдардын ордун толтуруу Сурануучу Тарап жардам көрсөтүүчү Тарапка жардам берүү убагындакетирген төлөөлөрдү, эгерде Тараптар, башкача мааниде сүйлөшпөсө, кети-рилген чыгымдардын ордун толтурат. Сурануучу Тарап жардам берүү жөнүндөгү өзүнүн суранычын ар мезгил-дерде жокко чыгара алат, бул учурда жардам көрсөтүүчү Тарап кетиргенчыгымдарынын акысын төлөтүп алууга акысы бар. Эгерде Тараптар башкача келишимге келе албаса, жардам көрсөтүүчүТарап сурануучу Тараптан чыгымдардын ордун толтуруу талабын дароо коет. 13-статья. Кетирилген зыяндардын ордун толтуруу Сурануучу Тарап жардам көрсөтүүчү топтордун мүчөлөрү майып болуп,же каза болуп калса бул Келишимди жүзөгө ашыруу иштерин аткарууга бай-ланыштуу, анда сурачуу Тарал буга кеткен чыгымдарды өзүнө алат. Эгерде жардам берүүчү топтордун мүчөсү бул Келишимди жүзөгө атка-руу убагында юридикалык же жекече жактарга зыян келтирсе, бул кетирил-ген зыяндын чыгымын сурануучу Тарап өзүнүн граждандары кетирген зыян-дарга жардам көрсөтүү жөнүндө мыйзамдарынын жоболорунун негизинде чыгы-мын көтөрөт. Жардам берүүчү топтордун мүчөсү аталган же одоно шалаакылык менензыян келтирсе бул чыгым жардам көрсөтүүчү Тарап аркылуу төлөнүлөт. 14-статья. Информацияларды пайдалануу Бул Келишимдин чегинде алынган кабар - Тараптардын мыйзамдарынаылайык элге таратпоочу кабардан башка - ар Тараптардын эрежелерин жанакалыпталган практикаларынын негизинде эгерде компетенттүү уюмдар жазуутүрүндө башкача макулдашпаса - бул билдирүүлөр басылып чыгат. 15-статья. Талаштарды чечүү Бул Келишимди түшүнүүдөгү жана пайдалануудагы айрым келишпестиктерТараптардын макулдашысуу боюнча чечилет. 16-статья. Жыйынтыктоочу жоболор Бул Келишим күчүнө кирүү үчүн ички мамлекеттик процедураларданөткөндүгү тууралуу Тараптар жазуу түрүндө билдирүү жазагандан кийиношол алынган дата убактысынан баштап күчүнө кирет. Бул Келишим тактал-баган мөөнөткө түзүлөт. Бул Келишимди ар бир Тарап жазуу түрүндө билдирүү жолдору мененденонсировать эте алат. Келишим бир Тараптын жазуу түрүндө Келишимдижокко чыгаруу жөнүндө каалосун алган күндөн тартып алты айдан кийинкүчүн жоготот. Бул Келишим токтотулууда башталган бирок аягына чыкпаган иштердиаткарууга, эгерде Тараптар башкача келишим алышпаса таасири тийилбейт. Келишим 1998 жылда, "__" мартта Бишкек шаарында Эки экземплярдан,ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, ар бир тексттери бирдейкүчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн