Загрузка документа…
Берилген Мыйзамдын 3-беренесине ылайык Мыйзам 2005-жылдын 25-мартынан 31-декабрына чейин күчүндө болот
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 9-августу № 143
2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер субъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашып, 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноонун, мародерлуктун жана башаламандыктын учурунда жабыр тарткан чарбакер субъекттердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-статъясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган тартипте ликвиддик күрөөнү бербестен жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63, 64, 65-статьяларынын жоболорун колдонбостон учурдагы төлөмдөрдөн кутулуунун мөөнөттөрүн узартсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-статьясынын 1-пунктчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 245-статьясы менен аныкталган тартипте ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чарбакер субъекттерге төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздабастан, пайыздарды жана туумдарды төлөтүп албастан төлөмдөрүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын же бөлүп-бөлүп төлөөгө уруксат берсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге алардын милдеттүү камсыздоо чегерүүлөрүн төлөөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча туумдарды, пайыздарды жана штрафтык санкцияларды алуусуз мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын.
3-статья.
Ушул Мыйзам 2005-жылдын 25-мартынан 31-декабрына чейин жарактуу.
4-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2005-жылдын 16-августунда N 66 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |