КР 2004-жылдын 11-майындагы № 65
Мыйзамы менен ратификацияланган Москва шаары2003-жылдын 22-сентябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда эмгекчи мигранттардын эмгек иш-аракети жана аларды социалдык жактан коргоо жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкметүменен Россия Федерациясынын Өкмөтү, эки мамлекеттин элдеринин салтка айланган достук байланыштары ме-нен ынтымактуу коњшулук мамилелерин сактоого жана бекемдөөгө умтулган-дыктарынын натыйжасында, эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу мамилелерди, стратегиялыкөнөктөштүктөр менен союздаштыкты өнүктүрүү жана терењдетүү үчүн КыргызРеспубликасы менен Россия Федерациясынын аймактарында эки мамлекеттинжарандарына алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн ыњгайлуушарт түзүүнү каалашып, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагыТүбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө 2000-жылдын 27-ию-лундагы декларацияны жана 2002-жылдын 5-декабрындагы Бишкек декларация-сын жетекчилике алышып, Тараптардын мамлекеттеринин бири-биринин аймактарында жашаган жа-рандардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу тартиптерин жөнөкөйлөштүрүүмаксатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосунда Эмгекчи мигранттардын эмгек иш-аракети жана алардысоциалдык жактан коргоо жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы макулдашууга(мындан ары - Макулдашуу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-гизилсин. 1. 2-статьяда: - "а" пунктундагы "жалдама келишим" деген сөз, "жарандык-укуктуккелишим" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; - "б" пунктундагы "кабыл алуучу мамлекеттин жумуш берүүчүсү менентүзүлгөн,-" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо" деген сөз алып салынсын; - статья төмөнкүдөй мазмундагы -"в" пункту менен толукталсын: "в) мигрант эмгекчилер менен кабыл алуучу мамлекеттин заказчыларыменен түзүлгөн жумуштарда (кызмат көрсөтүү) аткаруу жөнүндө жаран-дык-укуктук келишимдеринин негизинде, - 1 жылдык мөөнөткө аны узуртуумүмкүндүгү менен 1 жылдык мөөнөткө.". 2. 3-статьянын 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлиги; Россия Федерациясында - Россия Федерациясынын Ички иштер минист-рлиги.". 3. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Башка мамлекеттен келген эмгекчи-мигранттарды тартуучу иштин(кызмат көрсөтүүлөрдүн) заказчылары жана жумуш берүүчүлөр жөнүндө маа-лыматтарды, ошондой эле экинчи Тараптын мамлекетинен тартылган жумушчукүчтөрдүн саны менен кесиптик курамдары жөнүндө маалыматтарды Тараптар-дын ыйгарым укуктуу органдары жыл сайын өз ара алмашып турушат". 4. 5-статьяда: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Эмгекчи-мигрант менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн келиши, болушужана кетиши Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Казакстан РеспубликасынынӨкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жа-на Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын визасыз өзара катнашы жөнүндө 2000-жылдын 30-ноябрындагы Макулдашуунун шарттары-нын эсеби менен бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат"; - статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-пункттар менен толукталсын: "4. Кыргыз Республнкасынын эмгекчи мигрант жарандарынын арасынанРоссия Федерациясынын аймактарында иштетүү үчүн кабыл алып ишберүүчүлөр же иштин заказчылары (кызмат көрсөтүү) алардын Россия Феде-рациясында эмгек ишмердүүлүгү бүткөн соњ, алардын Россия Федерациясынанкайра кетүүсүнө керектелүүчү акча каражаттарын алдын ала төлөп берүүмилдетинен бошотулат. Россия Федерациясында иштөө мөөнөтү аяктагандакөрсөтүлгөн эмгекчи-мигрант жарандарынын кетүүгө керектелүүчү төлөмдөрүиш берүүчү же иштин (кызмат көрсөтүүчү) заказчысы тарабынан төлөнүп, алэмгек контракттарында же жарандык-укук келишимдеринде каралат. 5. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына чет өлкөлүк жумушчулар-ды тартуунун жана аларды пайдалануунун тартиби Тараптардын мамлекетте-ринин жарандарына, Тараптардын мамлекеттеринин юриликалык жактарынынөкүлдүктөрүнүн аккредитацияланган кызматчылары менен алардын үй-бүлөмүчөлөрүнө колдонулбайт. 6. Тараптардын мамлекеттеринин юридикалык жак түзбөстөн жекече иш-кер катары жарандарын кабыл алуучу мамлекеттин аймагында мамлекеттиккаттоо чет өлкөлүк жумушчуларды пайдалануу жана тартуу кабыл алуучумамлекеттин тартибине ылайык жеке ишкердик алардын аймактарында жүрүүмөөнөтүнө карабастан жүргүзүлөт". 5. Макулдашуу төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-статьялар менен то-лукталсын: "13-статья. Кабыл алуучу мамлекеттин аймагында эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырууүчүн тартылган жумзшчулар 18 жаштан кем болбошу керек. 14-статья. Тараптар өз ара келишим боюнча бул Макулдашууга зарыл толуктоолорменен өзгөртүүлөрдү киргизе алышат, аларга өзүнчө протоколдор толтуру-лат жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат". 2-статья. Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Та-раптардын анын күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жолжоболорду аткар-гандыгы туралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартыпкүчүнө кирет. Бул Протокол Макулдашуу колдонулган мезгилде күчүндө болот. Москва шаарында 2003-жылдын 22-сентябрында эки нускада, ар бирикыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн