2004-жылдын 17-августундагы № 141
Мыйзамы менен ратификацияланган Тегеран шаары, 2003-жылдын 24-июну 2002-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Иран Ислам РеспубликасынынӨкмөтү, 1301-күн хижра жылынын 9-архибехештасына туура келген, 2002-жылдын29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге жанакапиталга салыктарда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качу-уну болтурбоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Про-токол түзүүнү каалап (мындан ары - "Макулдашуу" деп аталат), төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. Макулдашуунун 8-статьясына 2-пунктту алып салуу аркылуу өзгөртүүкиргизилсин жана бул статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "8-статья. Эл аралык ташуулар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан дењиз, дарыя, аба кеме-лерин, автомобиль жана темир жол транспортун эл аралык ташууда пайдала-нуудан алынган пайдага мына ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык са-лынат". 2-статья. Макулдашуунун 19-статьясы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. Мамлекеттик кызмат 1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмчөсү жебийликтин жергиликтүү органы тарабынан жеке жакка ушул Мамлекетке жеанын администрациялык бөлүмчөсүнө же жергиликтүү бийлик органынакөрсөткөн кызматы үчүн төлөнүүчү айлык акыга, маянага жана ушул сыяктууакыларга ушул Мамлекетте гана салык салынат. б) Бирок мындай айлык акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу акы-га, эгерде Кызмат мына ушул башка Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жакушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, экинчи Макулдашкан Мамле-кетте гана салык салынат, ал: 1) мына ушул башка Макулдашкан Мамлекеттин жараны болсо; же 2) кызмат өтөө максатында гана ушул Мамлекеттин резиденти болбойкалса. 2. Макулдашкан Мамлекет же администрациялык бөлүмчөсү же жерги-ликтүү бийлик органы тарабынан же алар түзгөн фонддордон жеке жаккаушул Мамлекет же анын администрациялык бөлүмчөсү же жергиликтүү бийликорганы үчүн аткарган кызматына төлөнүүчү ар кандай пенсияга мына ушулМамлекетте гана салык салынат. 3. 15, 16, 17 жана 18-статьялардын жоболору эмгек акыга, маянагажана башка ушул сыяктуу акыга жана Макулдашкан Мамлекетте же анын адми-нистрациялык бөлүмчөсүндө же жергиликтүү бийлик органында ишкердикжүргүзгөндүгүнө байланыштуу жүзөгө ашырылуучу кызматына карата колдону-лат". 3-статья. Протоколдун колдонулушу 1. Ушул Протокол Макулдашкан Мамлекеттер тарабынан алардын мыйзам-дарына ылайык ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталардыалмашуу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө болуп өтөт. 2. Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген ушул ПротоколМакулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет. 3. Ушул Протокол Макулдашуунун 29-статьясына ылайык Макулдашуунунколдонулушунун токтолушу менен бир мезгилде өзүнүн аракетин токтотот. Ушуну ырастап, төмөндө кол койгондор, ушуга өздөрүнүн Өкмөттөрүтарабынан тиешелүү ыйгарым укук берилгендер, ушул Протоколго кол коюш-ту. Тегеран шаарында ________- күн хижра жылынын _________ тир ылайыккелген 2003-жылдын "__" __________ кыргыз, перс, орус жана англис тил-деринде 2 нускада жазылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдөпикир келишпестиктер келип чыкканда англис тилиндеги текст аныктоочутекст болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн