КР 2004-жылдын 17-майындагы № 144
Мыйзамы менен ратификацияланган Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндүү куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө КОНВЕНЦИЯ (Москва-Лондон-Вашингтон, 1972-жылдын 10-апрели) Бул конвенциянын катышуучу-мамлекеттери, Жалпы жана толугу менен куралсызданууда бардык түрдөгү массалыккыруу куралдарына тыюу салууда жана жок кылууда арымдуу өсүштөргө же-тишүү максатында иштөөнү чечишип жана химиялык жана бактериологиялык(биологиялык) куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуужана эффективдүү чараларды колдонуу жолу менен аларды жок кылуу бекемжана натыйжалуу эл аралык көзөмөлдүн астында жалпы жана толугу мененкуралсызданууга көмөктөшөөрүнө ишенип, Женевада 1925-жылдын 17-июнунда кол коюлган Согушта тумчуктуруучу,уулуу же башка ушул сыяктуу газдарды жана бактериологиялык каражаттардыколдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго, ошондой эле бул протоколдунсогуштун терс таасирлерин азайтууга кошкон жана кошуп келе жаткан салы-мына өзгөчө маани беришип, Аталган протоколдун принциптери менен максаттарын өздөрүнүн сактайтургандыгын ырасташып жана бардык мамлекеттерди аларды бекем сактоогоүндөшүп, Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1925-жылдын 17-ию-нундагы Женева протоколунун принциптерине жана максаттарына каршы кел-ген бардык иш-аракеттерди бир нече жолу айыптагандыгын эске салышып, Элдердин ортосундагы ишенимди терењдетүүгө жана жалпы эл аралыкмаанайды жакшыртууга көмөктөшүүнү каалашып, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптеринишке ашырууга көмөктөшүүгө умтулушуп, Коркунучтуу массалык кыруу куралына кирген химиялык же бактериоло-гиялык (биологиялык) агенттерди камтыган куралды натыйжалуу чаралардыколдонуу жолу менен мамлекеттердин жарак-жабдык сактоочу жайынан тези-нен алып таштоонун зарыл экендигине азыртадан ишенишип, Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндүү куралдарга тыюу са-луу жөнүндө макулдашуу химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жанатоптоого тыюу салуу боюнча натыйжалуу чаралар жөнүндө макулдашууга же-тишүүнүн алгачкы кадамы болоорун таанышып жана бул максаттагысүйлөшүүлөрдү уланта берүүнү чечишип, Бардык адамзаты үчүн бактериологиялык (биологиялык) агенттерди жа-на токсиндерди курал катары колдонууну толугу менен болтурбай коюунучечишип, Мындан колдонуу адамзатынын ынсабына каршы келээрине жана бул кор-кунучту азайтууга эч кандай күч-аракетти аябоо керектигине азыртаданишенишип, Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: I статья. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети эч качан, эч кандайшартта, төмөнкүлөрдү иштеп чыкпоого, өндүрбөөгө, топтобоого, кандайдырбир башка жол менен албоого жана сактабоого милдеттенет: 1) кайдан чыккандыгына же кандай жол менен өндүрүлгөндүгүнө кара-бастан, профилактика, коргоо жана башка тынчтык максаттарда колдонулба-ган түрдөгү жана сандагы микробиологиялык же башка биологиялык агент-терди же токсиндерди; 2) согушуу же куралдуу кагылышуу максатында мындай агенттерди жетоксиндерди колдонууга дайындалган куралды, шаймандарды же жеткирүү ка-ражаттарын. II статья. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети өзүндө болгон жеөзүнүн юрисдикциясына же контролуна караштуу, ушул конвенциянын Iстатьясында көрсөтүлгөн бардык агенттерди, токсиндерди, куралды, шай-мандарды жана жеткирүү каражаттарын ушул конвенция күчүнө киргенден ки-йин тогуз ай өткөнгө чейин мүмкүн болушунча жок кылууга жана тынчтыкмаксаттарда колдонууга милдеттенет. Бул статьянын жоболорун аткаруудакалкты жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында бардык коопсуздук чараларыкөрүлүүгө тийиш. III статья. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети конвенциянын 1 стать-ясында көрсөтүлгөн бардык агенттерди, токсиндерди, куралды, шаймандардыже жеткирүү каражаттарын кимдир бирөөгө түз же кыйыр бербөөгө, ошондойэле кандайдыр бир мамлекеттин, мамлекеттердин тобунун же эл аралык уюм-дардын өндүрүшүнө же кандайдыр бир жол менен алышына эч качан жардамбербөөгө, колдобоого жана дем бербөөгө милдеттенет. IV статья. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети өзүнүн конституциялыкпроцедураларына ылайык өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясына жекөзөмөлүнө караштуу бардык жерде конвенциянын I статьясында көрсөтүлгөнагенттерди, токсиндерди, куралды, шаймандарды жана жеткирүү каражатта-рын иштеп чыгууга тыюу салуу жана болтурбоо, өндүрүү, топтоо, алуу жесактоо боюнча керектүү чараларды колдонууга милдеттенет. V статья. Ушул конвенциянын катышуучу-мамлекеттери конвенциянын максатына жежоболорун аткарууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык масе-лелерди чечүүдө бири-бири менен консультацияларды өткөрүүгө жана кыз-матташууга милдеттенет. Ушул статьяны аткаруу үчүн консультациялар жанакызматташуу Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында жана анын Уставына ыла-йык тийиштүү эл аралык процедураларды колдонуу жолу менен дагыжүргүзүлөт. VI статья. Ушул конвенциянын бардык катышуучу-мамлекети анын башка катышуу-чу-мамлекетинин конвенциянын жоболорунан келип чыккан милдеттенмелердибузуп жаткандыгын аныктаса, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кењеши-не даттануу менен кайрыла алат. Мындай даттанууда анын себеби так да-лилдениши жана анын Коопсуздук Кењеши тарабынан каралышы жөнүндө өтүнүчболушу керек. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети Кењешке келип түшкөндаттануунун негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жоболорунаылайык Коопсуздук Кењеши тарабынан жасалышы мүмкүн болгон бардык тергөөиштерин жүргүзүүдө кызматташууга милдеттенет. Коопсуздук кењеши конвен-циянын катышуучу-мамлекеттеринин тергөө иштеринин жыйынтыгы жөнүндөбилдирет. VII статья. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу мамлекети жардам сурап кайрыл-ган конвенцнянын ар бир катышуучу-мамлекетине, эгерде Коопсуздук кењешиконвенциянын бузулушунун натыйжасында мындай Катышуучуга коркунуч туул-гандыгы жөнүндө чечим чыгарса, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайыкжардам берүүгө же колдоого милдеттенет. VIII статья. Бул конвенциянын бир дагы жобосу Женевада 1925-жылдын 17-июнундакол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же башка ушул сыяктуу газдардыжана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө Прото-колго ылайык бардык мамлекет тарабынан кабыл алынган кандайдыр бирчектөөчү же жењилдик берүүчү милдеттенмелер катары каралбоого тийиш. IX статья. Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети химиялык куралга эф-фективдүү тыюу салуу максатын көздөгөндүгүн ырастайт жана бул максаттааны иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуунун эффективдүүчаралары жөнүндө жана курал катары химиялык агенттерди өндүрүүгө жеколдонууга атайын дайындалган шаймандарга жана жеткирүү каражаттарынакарата тийиштүү чаралар жөнүндө макулдашууга жакынкы келечекте жетүүүчүн жагымдуу маанайдагы сүйлөшүүлөрдү уланта берүүгө милдеттенет. X статья. 1) Ушул конвенциянын катышуучу-мамлекеттери бактериологиялык (био-логиялык) каражаттарды жана токсиндердн тынчтык максаттарда колдонуужөнүндө илимий жана техникалык маалымат, шаймандар жана материалдар ме-нен мүмкүн болушунча толугу менен алмашууга көмөктөшүүгө милдеттенишетжана мындай алмашууга катышууга укуктуу болушат. Муну жасай ала турганконвенциянын катышуучу-мамлекеттери жеке же башка мамлекеттер же эларалык уюмдар менен бирге жардам берүүдө, ооруулардын алдын-алуу жебашка максаттар үчүн бактериология (биология) тармагында илимий ачылыш-тарды андан ары иштеп чыгууда жана колдонууда дагы кыэматташышат. 2) Ушул конвенция анын катышуучу-мамлекеттеринин экономикалык жетехникалык өнүгүшү же тынчтык максатындагы бактериологиялык (биология-лык) иш-аракеттер тармагында эл аралык кызматташуу, анын ичинде конвен-циянын жоболоруна ылайык бактериологиялык (биологиялык) агенттерди жанатоксиндерди тынчтык максатында иштетүүчү, колдонуучу же өндүрүүчү шай-мандар менен алмашуу үчүн тоскоолдуктарды болтурбагыдай ишке ашырылат. XI статья. Конвенциянын бардык катышуучу-мамлекети конвенцияга түзөтүүлөрдүсунуштай алат. Түзөтүүлөрдү кабыл алган ар бир катышуучу-мамлекети үчүнтүзөөтүүлөр конвенцияга катышкан көпчүлүк мамлекеттер аларды кабыл ал-гандан кийин, ал эми андан кийин калган ар бир катышуучу-мамлекет үчүнмындай түзөтүүлөрдү алар кабыл алган күнү күчүнө кирет. XII статья. Эгерде муну конвенциянын көпчүлүк катышуучу-мамлекеттери депозита-рий-өкмөттөргө бул максатта сунуштарды берүү жолу менен талап кылса,ушул конвенция күчүнө киргенден кийин 5 жыл өткөндө же ага чейин Жене-вада (Швейцария) конвенциянын преамбуласында көрсөтүлгөн максаттардынжана жоболордун, анын ичинде химиялык курал жөнүндө сүйлөшүүлөргө ти-йиштүү жоболордун аткарылып жаткандыгына ишенүү үчүн конвенциянын кан-дайча ишке ашырылып жаткандыгын кароону көздөгөн конвенциянын катышуу-чу-мамлекеттеринин конференциясы өткөрүлөт. Мындай кароодо конвенциягатиешеси болгон бардык жањы илимий-техникалык жетишкендиктер көњүлгөалынууга тийиш. XIII статья. 1) Ушул конвенция белгисиз мөөнөткө түзүлөт. 2) Ушул конвенциянын ар бир катышуучу-мамлекети конвенциянын маз-мунуна байланышкан өзгөчө шарттар анын өлкөсүнүн жогорку кызыкчылыкта-рына коркунуч туудурат деп чечсе, өзүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн иш-ке ашыруу иретинде конвенциядан чыгып кетүүгө укуктуу. Ал өзүнүн мындайчыгышы жөнүндө конвенциянын бардык башка катышуучу-мамлекеттерине жанаБириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кењешине үч ай мурда кабарлайт.Мындай кабарлоодо анын жогорку кызыкчылыктарына коркунуч туудурганөзгөчө шарттар жөнүндө билдирүү болууга тийиш. XIV статья. 1) Бул конвенцияга бардык мамлекеттер кол кое алат. Бул статьянын3-пунктуна ылайык бул конвенция күчүнө киргенге чейин ага кол койбогонбардык мамлекет ага каалаган убагында кошула алат. 2) Ушул конвенция ага кол койгон мамлекеттер тарабынан ратификаци-аланат. Ратификациялоо грамоталары жана кошулуу жөнүндө документтер му-ну менен депозитарий-өкмөттөр болуп дайындалган Советтик СоциалисттикРеспубликалар Союзунун, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Ко-ролдугунун жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнө сактоого берилет. 3) Ушул конвенция жыйырма эки өкмөт, анын ичинде конвенциянын де-позитарийи болуп дайындалган өкмөттөр ратификациялоо грамоталарын сак-тоого бергенден кийин күчүнө кирет. 4) Ушул конвенция күчүнө киргенден кийин ратификациялоо грамотала-ры же кошулуу жөнүндө документтери сактоого берилген мамлекеттер үчүнбул конвенция алардын ратификациялоо грамоталары же кошулуу жөнүндө до-кументтери сактоого берилген күнү күчүнө кирет. 5) Депозитарий-өкмөттөр ушул конвенцияга кол койгон жана кошулганбардык мамлекеттерге ар бир кол коюлган күнү, ар бир ратификациялоограмотасынын жана кошулуу жөнүндө документинин сактоого берилген күнү,конвенциянын күчүнө кирген күнү, ошондой эле алар алган башка бил-дирүүлөр жөнүндө тезинен билдиришет. 6) Ушул конвенция Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-статьясы-на ылайык депозитарий-өкмөттөр тарабынан катталат. XV статья. Орус, англис, испан, кытай жана француз тилдериндеги тексттерибирдей болгон ушул конвенция депозитарий-өкмөттөрдүн архивине сактоогоберилет. Депозитарий-өкмөттөр конвенциянын тийиштүү түрдөкүбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн конвенцияга кол койгон жана ага кошулганмамлекеттердин өкмөттөрүнө жөнөтөт. Муну күбөлөндүрүш үчүн төмөндө кол коюшкандар, буга тийиштүү түрдөыйгарым укуктуу болгондор ушул конвенцияга кол коюшту. Үч нускада Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын10-апрелинде түзүлдү.