КР 2004-жылдын 17-майындагы № 147
Мыйзамы менен ратификацияланган Тегеран шаары, 2003-жылдын 21-декабры Өз ара соода преференциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү, тењдиктин жана өз ара кызыкчылыктардын негизинде соода байланышта-рын ар тараптуу өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыктын дењгээ-лин жогорулатууга умтулууну билдирүү менен, эки өлкөнүн ортосундагы Соода Макулдашуусунун жоболорунун максат-тарына жетүүгө салым кошууга умтулушуп, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты: 1-статья. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум өзүнүн максаты катары та-рифтик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чараларды көрүү аркылуу экиөлкөнүн экономикалык өнүгүшүн өстүрүүнү жана эки тараптуу соода алмашу-уларынын көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт, Кыргыз Республикасы менен Иран Ис-лам Республикасынын ортосундагы соода-сатыкта жакшы атаандаштык үчүншарттарды түзүүнү жана өз ара кызыкчылыктарды камсыз кылат. 2-статья. Макулдашуучу Тараптар өз ара кызыкчылыктарын эсепке алуу менен,эксперттик сүйлөшүүлөрдүн чегинде преференциалдык тариф киргизүүгө ма-кулдашышты. Эки өлкөдөгү жүргүзүлгөн соода режиминин чегинде аталганпреференциалдык тарифтер импорттук алымдардын акырындык менентөмөндөтүлүшү түрүндө киргизилет, ушуну менен бирге аталган, Меморан-думда "импорттук алымдар" төмөндөгүлөрдү билдирет: 1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу товарларынабажы алымы. 2. Иран Ислам Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу товар-ларга коммерциялык импорттук алым ("коммерциялык пайда"). 3-статья. Макулдашуучу Тараптар өз ара экономикалык кызыкчылыктарынын тењдикпринцибинин негизинде өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум күчүнөкирген учурдан баштап, бир айдын ичинде преференциалдык тариф коюлчутоварлар боюнча сунуштары менен алмашууга макулдашышты. Ушул өз аратүшүнүшүү жөнүндө Меморандум күчүнө кирген учурдан баштап, бир айдыничинде Макулдашуучу Тараптар импорттук алымдар боюнча Эксперттик комис-сиянын мүчөлөрүн дайындайт жана бири-бирине билдирет, ошондой эле атал-ган товарлардын тизмесин карап чыгуу боюнча чогуу өткөрүлгөн кењешмеденкийин преференциалдык тарифтердин колдонулушу боюнча чараларды колдонушүчүн товарлардын тизмеси боюнча сунуштарын билдирет. Аталган товарлар-дын тизмеси Макулдашуучу Тараптардын Эксперттик комиссиясы бекиткенденкийин, өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга Тиркеме катары бери-лет. 4-статья. Макулдашуучу Тараптар ар бир өлкөдө сүйлөшүүлөр учурунда колдону-луучу импорттук алымдар, алардын улуттук мыйзамдарынын чегинде, өз аратүшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумдун 2-статьясында эскертилгендей то-варларга болгон импорттук алымдарды төмөндөтүү максатында "базалыкставка" (башкы ставка) катары алынышы макулдашылды. 5-статья. Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун чегинде МакулдашуучуТараптардын тийиштүү ведомстволору товарларга чыккан жери тууралуу сер-тификат берет жана эл аралык укугуна ылайык, Кыргыз Республикасында чы-гарылган товарлар "кыргыз товарлары" деп аталат, ал эми Иран Ислам Рес-публикасында чыгарылган товарлар "иран товарлары" деп аталат. 6-статья. Тарифтик жењилдиктер берилген тизмеде тизмеленген товарлар ар бирМакулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык жана экспортчуөлкөнүн макулдугу менен үчүнчү өлкөгө кайра экспорттолушу мүмкүн. 7-статья. Ушул Меморандумдун чегинде товарларды алмашуу Макулдашуучу Тарап-тардын тиешелүү органдарынын эки тараптуу макулдашуулары менен белги-ленген стандарттарды колдонуу эрежелери боюнча жүргүзүлүшү керек. 8-статья. Олуттуу проблемалар келип чыккан учурда, өзгөчө Макулдашуучу Та-раптын биринин экономикалык проблемасы пайда болсо, ал ушул өз аратүшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун кайра карап чыгууга жана баш-ка Макулдашуучу Тарап менен эки тарапта бирдей колдонулган тарифтикпреференцияларды өзгөртүү боюнча консультацияларды өткөрүүгө укуктуу. 9-статья. Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун чечмелөө ат-каруу менен байланышкан ар кандай пикир келишпестиктер биринчи кезекте,эки тараптын достук мамиледеги сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Андайболбогон учурда, талаш-тартыш маселелери Макулдашуучу Тараптардын ма-кулдугу менен жана алардын улуттук мыйзамдарына ылайык, чечим кабылалуу үчүн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташ-тык боюнча Өкмөттөр аралык Комиссиянын биргелешкен заседаниесинин каро-осуна берилет. 10-статья. Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички процедуралардын аткарылгандыгы тууралуу Макулдашуучу Тараптардынбири жазуу жүзүндө билдирген күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл боюколдонулат. 11-статья. Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун колдонунуун мөөнөтү,эгер Макулдашуучу Тараптын бири гана тийиштүү мөөнөтү бүткөнгө чейиналты ай мурун ушул Меморандумдун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниет-тенгендиги тууралуу жазуу түрүндө билдирбесе, кийинки мөөнөттөргөөзүнөн өзү узартылат. 12-статья. 2003-жылдын 21-декабрында Тегеран шаарында, бул 1382 жылдын 30Азар айына туура келет, эки нускада, ар бири кыргыз, фарс, орус жанаанглис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалыккүчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда, артыкчылык англистилиндеги текстке берилет. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн