Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-августу № 145 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: "Булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышын туруктуу булгоочу бу-лактардан чыгууларын жөнгө салуу" деген IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы14-1-статья менен толукталсын: "14-1-статья. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышын жөнгө салуу. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышынанайлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган тартипте берүүчү уруксаттын негизинде жол бе-рилет. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга берилген уруксат булгоочузаттарды чыгаруунун бекитилген жол берилүүчү чектик ченемдерине ылайык,аларды чыгаруунун чектик көлөмүн (санын) аныктайт (белгилейт) жана ат-мосфералык абаны коргоону камсыз кылуучу башка шарттарды жана талаптар-ды белгилейт.". 2-статья. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентининмилдетин аткаруучу К.Бакиев