КР 2004-жылдын 17-майындагы № 151
Мыйзамы менен ратификацияланган Алматы шаары1997-жылдын 8-апрели Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуу Мындан ары Келишим түзүп жаткан Тараптар деп аталуучу Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо Келишим түзүп жатканэки Тараптын ортосунда өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана или-мий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү болуп, ошондой эле экимамлекеттин байлыгын арттыра тургандыгын түшүнүп, бир Келишим түзүп жаткан Тараптын инвесторлорунун экинчи Келишимтүзүп жаткан Тараптын аймагына инвестициялары үчүн жагымдуу шрттардытүзүүгө умтулуп, тењдештик, өз ара урматтоо, суверенитет жана өз ара пайда принцип-терине негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктамалар Бул Макулдашуунун максаты үчүн: 1. "Инвестиция" деген термин ар кандай активди жана бир Келишимтүзүп жаткан Тараптын инвесторлорунун экинчи Келишим түзүп жаткан Та-раптын аймагындагы ар кандай активин билдирет, атап айтканда,төмөнкүлөр: а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, аны менен байланышпаган ар кан-дай мүлктүк укуктар, анын ичинде күрөө укугу, ипотеканы же башкакүрөөнү, банктардагы жана башка финансы мекемелериндеги акча каражат-тарды кармап калуу укугу; б) акциялар, салымдар (пайлар), облигациялар жана ар бир Келишимтүзүп жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык катталган ишканаларга, чарба-лык шериктештиктерге жана коомдорго, бирикмелерге жана мыйзам тарабынантаанылган юридикалык жактарга катышуунун ар кандай формасы; в) заемдор, кредиттер, максаттуу банктык жана финансы салымдарыжана инвестицияны жүзөгө ашыруу менен байланышкан башка акча таламдары; г) интеллектуалдык жана өнөр жай менчигинин объекттерине укуктар,анын ичинде автордук укук менен кайтарылуучу объекттер, патенттер, то-вардык белгилер, тейлөө белгиси, фирмалык аталыш, өнөр жай үлгүлөрү жа-на "ноу-хау"; д) кирешелерди кайрадан инвестициялоо жана кредит макулдашууларыбоюнча негизги карыз менен проценттерди төлөө; е) чарбалык ишке укук, анын ичинде концессияга укук, ал мыйзам жекелишим боюнча алынган жаратылыш ресурстарын чалгындоо, иштетүү, казыпалуу же пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат. 2. "Инвестор" деген термин төмөнкүлөрдү билдирет: а) бир Келишим түзүп жаткан Тараптын гражданы болуп саналган жанаэкинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында анын мыйзамдарына ылайыкиш жүргүзгөн адам; б) Келишим түзүп жаткан Тараптын биринчи мыйзамдарына ылайыктүзүлгөн, анын аймагында жайгашкан жана экинчи Келишим түзүп жаткан Та-раптын аймагында инвестицияны жүзөгө ашырган юридикалык жак, юридикалыкжактын укугу бар же андай укугу жок башка бирикмелер. 3. "Киреше" деген термин төмөнкүнү билдирет. инвестицияны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган жана аны мененбайланышкан акчалай же натуралай түрдөгү каражаттар, анын ичинде пайда,дивиденддер, ишкананы башкаргандыгы, техникалык жактан тейлегендигиүчүн сыйлык акы жана мыйзамдуу жол менен алынган ар кандай башка кара-жаттар. 4. "Аймак" деген термин төмөнкүнү билдирет: Келишим түзүп жаткан Тараптарга карата: Келишим түзүп жаткан Та-раптардын мамлекеттик аймагы, анын ичинде Келишим түзүп жаткан Тараптарэл аралык укуктарга ылайык өз суверендүү укугун жана юрисдикциясынжүзөгө ашырган эркин экономикалык зона, континенталдык шельф жана кен-дер. 5. Аймагында инвестиция жүзөгө ашырылган Келишим түзүп жаткан Та-раптын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген инвестициянын формасынөзгөртүү инвестиция катары анын мүнөзүн өзгөртпөйт. 2-статья. Инвестицияларды кубаттоо жана коргоо 1. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап экинчи Келишим түзүп жатканТараптын инвесторлорунун инвестицияларына көмөктөшөт жана мындай инвес-тицияларды өз мыйзамдарына ылайык чечет. 2. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап экинчи Келишим түзүп жатканТараптын инвесторлорунун инвестициялары үчүн адилеттүү жана тењдеш ре-жимди камсыз кылат жана бул инвестицияларды башкаруунун, иштетүүнүн,пайдалануунун же тескөөнүн эркин же кысымга алуучу чаралары аркылуу кы-сымга албайт. 3-статья. Инвестициялардын укуктук негизи 1. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап өз аймагында инвестицияларжагынан өзүнүн инвесторлорунун инвестициялары же үчүнчү өлкөлөрдүн ин-весторлорунун инвестициялары үчүн берилгенден кем болбогон режимди кам-сыз кылат. 2. Бул режим төмөнкүлөргө жайылтылбайт: а) Келишим түзүп жаткан Тараптын бири айрым өлкөлөрдүн инвесторло-ру менен бирге эркин сооданын бажы же экономикалык союзуна катышканды-гына байланыштуу аларга берген артыкчылыктарга; б) Келишим түзүп жаткан Тараптардын бири кош салыктан оолак болуужөнүндө макулдашуунун же салык маселелери боюнча башка макулдашуулардыннегизинде айрым өлкөлөрдүн инвесторлоруна берген артыкчылыктарга. 4-статья. Экспроприациядан гарантия 1. Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин инвесторлорунун инвес-тициялары реквизицияланышы, менчиктештирилиши, экспроприацияланышы жереквизиция, менчиктештирүү, экспроприация (мындан ары экспроприация)сыяктуу натыйжаларга алып келүүчү башка чараларга дуушарланышы мүмкүнэмес, буга экспроприация коомдук таламда жүзөгө ашырылган жанатөмөнкүчө жүргүзүлгөн учурлар кирбейт: - мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык; - кысымга албастан; - тиешелүү компенсацияны кармабастан төлөө менен. 2. Бул компенсация экспроприация жөнүндө чечим кабыл алынган жежарыяланган күндөн мурдагы күндөгү инвестициянын рынок наркына барабар.Компенсация инвестициянын учурдагы проценттик ставкасына ылайык келгенжана экспроприация датасынын жана компенсацияны иш жүзүндө төлөө дата-сын ортосундагы мезгилде эсептелген проценттерди камтууга тийиш. Ком-пенсация инвестиция жүзөгө ашырылган валютада, же инвестордун макулдугуменен ар кандай башка валютада төлөнөт. Компенсация чет өлкөгөчектөөсүз жана ашык создуктурбастан которулат. 5-статья. Зыяндык компенсация 1. Согуштун же башка куралдуу жањжалдын, өзгөчө абалдын, граждан-дык кагылышуулардын же ушундай кырдаалдардын айынан бир Келишим түзүпжаткан Тараптын аймагында инвестициясына зыян келтирилген экинчи Кели-шим түзүп жаткан Тараптын инвесторлоруна жогоруда көрсөтүлгөн кырдаал-дардын натыйжасында зыяндын ордун толтурууда өз инвесторлоруна, жеүчүнчү өлкөлөрдүн инвесторлоруна карата колдонулгандан кем болбогон ре-жим берилет. 2. Бул статьянын 1-пунктунун салакасын тийгизбестен, бул пункттаайтылган ар кандай кырдаалда башка Келишим түзүп жаткан Тараптын айма-гында: а) инвесторлордун менчигин укуктук органдар жана аскер күчтөрү жебийлик алып коюушунун, же б) алардын менчигин укуктук органдар же аскер күчтөрү же бийликжок кылышынын натыйжасында экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын инвес-торлоруна зыян келтирилсе, бул аскер аракеттеринен же кырдаалдын зарыл-чылыгынан келип чыкпаса, зыяндын орду толтурулууга же тиешелүү компен-сация берилүүгө тийиш. Мында жүзөгө ашырылуучу төлөмдөр эркин конвер-тирленүүгө жана которулууга тийиш. 6-статья. Инвестиция менен байланышкан төлөмдөрдү которуу 1. Келишим түзүп жаткан Тараптар инвестиция менен байланышкан бар-дык каражаттарды которуу эркин жана ашыкча создуктурбастан капитал ал-гачкы жолу жайгаштырылган конвертирленүүчү валютада же инвестор жанаталамдаш Келишим түзүп жаткан Тарап менен макулдашылган ар кандай башкавалютада, Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамында белгиленген жол-жо-болорго ылайык жүзөгө ашырылат, анда төмөнкүлөр каралышы мүмкүн: - эркин которуу укугу бузулбай тургандыгын эске алуу менен мындайкоторууларды документ менен толтуруу эрежеси; - которулуучу суммадан салыктар, жыйымдар жана кармап калуу; - кредиторлордун мыйзамдык укуктарын коргоо же соттук териш-тирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган чечимдин аткарылышын камсыз кылуу. Бул макулдашууда которуулар төмөнкүлөрдү камтыйт: - алгачкы жана кошумча инвестицияланган капиталды; - пайданы; - бул макулдашуунун 4- жана 5-статьяларына ылайык компенсацияны; - кредит макулдашуусуна ылайык төлөмдөрдү, ошондой эле интеллекту-алдык жана өнөр жай менчик укугуна байланыштуу сыйлык акыларды; - инвестиция менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган экинчи Келишимтүзүп жаткан Тараптын адамдары үчүн туруктуу негизде эмгеги үчүн акыны; - инвестициянын бир бөлүгүн же аны бүт бойдон сатуудан же жоюуданалынган каражатты. Бул статьяда көрсөтүлгөн жол-жоболор адилеттүү жана кысымга алба-гандай шартта болууга тийиш. Инвестор менен башкача макулдашуу жок бол-со, которуулар алмашуунун учурдагы эрежелерине ылайык которуу датасындабелгиленген алмашуу курсу боюнча жүзөгө ашырылат. Которуу менен байланышкан формалдуу иш аракеттерди аткаруу үчүнойдогудай талап кылынган убакыттын ичинде жүргүзүлгөн которуу "ашыкчасоздуктурбастан" которуу катары эсептелет. 7-статья. Суброгация 1. Эгерде Келишим түзүп жаткан Тарап же ал ыйгарым укук бергенкандайдыр бир институт гарантиянын же инвестицияга байланыштуу түзүлгөнкамсыздандыруунун чегинде өз мамлекетинин ар кандай инвесторуна ар кан-дай төлөмдөрдү берсе, экинчи Келишим түзүп жаткан Тарап инвесторго та-андык болгон ар кандай укуктарды же талаптарды биринчи Келишим түзүпжаткан Тарапка же анын институтуна берсе, Келишим түзүп жаткан Тарап жеинвестордун укугу өткөрүп алынган анын кандайдыр бир институту инвесторээ болгон укуктарга жана ошондой эле көлөмдө мындай укуктарды талап кы-лууга укуктуу. мында инвестицияны ушундайча камсыздандыруу менен байла-нышкан инвестордун милдеттенмелери айтылат. 2. Эгерде бул статьянын биринчи пунктунда аныкталган суброгацияболсо, Келишим түзүп жаткан Тарап же анын ар кандай институту жагынаныйгарым укук албаса, инвестор талап кое албайт. 8-статья. Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар 1. Бул макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагынан Ке-лишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар дипломатия-лык жол менен чечилет. 2. Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптар талаш-тартыш келип чыкканкүндөн баштап алты айдын ичинде макулдукка жетише албаса, талаш-тартышКелишим түзүп жаткан Тараптардын биринин талабы боюнча үч мүчөдөн тур-ган арбитраждык сотко берилет. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап бирденарбитр дайындайт, ал эми дайындалган арбитрлер Төраганы шайлайт, ал экиКелишим түзүп жаткан Тарап менен дипломатиялык мамиледе болгон үчүнчүмамлекеттин гражданы болуп саналат. 3. Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын бири арбитрди дайында-баса жана экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын ушундай дайындоонужүргүзүүгө чакырыгына эки айдын ичинде макул болбосо, арбитр бул Кели-шим түзүп жаткан Тараптын өтүнүчү боюнча ООНдун Гаага шаарындагы Эларалык сотунун Президенти тарабынан дайындалат. 4. Эгерде эки арбитр тењ дайындалган күндөн тартып эки айдын ичин-де Төраганы шайлоо жагынан макулдукка жетише албаса, ал Келишим түзүпжаткан Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча Эл аралык соттун Президентитарабынан дайындалат. 5. Бул статьянын 3- жана 4-пункттарында каралган учурларда Эл ара-лык соттун Президенти көрсөтүлгөн милдеттерди аткара албаса же, эгердеал Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин гражданы болуп саналса,мындай айындоону Вице-президент жүргүзөт, ал эми ал да тиешелүү милдет-терди аткара албаса же Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин гражда-ны болуп саналса, анда Эл аралык соттун рангы боюнча эњ улук, Келишимтүзүп жаткан Тараптардын биринин да гражданы болуп саналбаган судьясыдайындайт. 6. Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагы башка токтомдордубузбастан, арбитраждык сот өзүнүн жол-жобо эрежелерин белгилейт Арбит-раждык сот добуштардын көпчүлүгү менен чечим чыгарат. 7. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап өзүнүн сот мүчөсүн күтүү бо-юнча чыгымдарды, арбитраждык жол-жободогу өз үлүшүнө ылайык төраганыкүтүү боюнча чыгамдарды көтөрөт жана башка чыгымдарды Келишим түзүпжаткан Тараптар бирдей өлчөмдө жабат. Бирок сот өз чечиминде Келишимтүзүп жаткан Тараптардын биринин көбүрөөк катышуусун аныктай алат жанамындай чечим эки Келишим түзүп жаткан Тарапты тењ милдеттендирет. 8. Соттун чечими биротоло чечим болуп саналат жана аны Келишимтүзүп жаткан Тараптардын ар бири аткарууга милдеттүү. 9-статья. Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу 1. Инвестиция жагынан Келишим түзүп жаткан Тарап менен экинчи Ке-лишим түзүп жаткан Тараптын инвесторунун ортосундагы талашты чечүү мак-сатында, бул Макулдашуунун 8-статьясынын жоболорун сактоо менен, талам-даш тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. 2. Эгерде сүйлөшүүлөрдү баштоо жагынан жазуу жүзүндө сунуш кылын-ган күндөн тартып алты айдын ичинде сүйлөшүүлөр чечим менен аяктбаса,талаштын тараптары талашты төмөндөгү уюмдардын бирине берүү жөнүндө ма-кулдаша алат: а) Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго (мам-лекеттер менен мамлекеттердин граждандарынын ортосундагы инвестиция ма-селелери боюнча талаштарды чечүү боюнча Конвенциянын жоболору жагынан,ал кол коюу үчүн 1965-жылдын 19-мартында Колумбия округунда, Вашингтон-до ачылган жана алгылыктуу болгон макулдашуучу арбитраждык жана бел-гилөөчү администрация фактылары үчүн кошумча кызматка); же б) Эл аралык соода палатасынын Арбитарждык Сотуна; же в) эл аралык арбитрге аd hос арбитраждык трибуналына, ал атайынмакулдашуу менен дайындалууга тийиш же ООНдун эл аралык соода укук бо-юнча комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык уюштурулат. 3. Эгерде жазуу жүзүндө талап коюлган учурдан тартып үч айлыкмөөнөттөн кийин жогоруда көрсөтүлгөн альтернативдүү жол жоболордун би-рин пайдалануу боюнча макулдашууга жетишилбесе, анда бул талаш таламдашинвесторлордун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча ООНдун эл аралык соодаукук боюнча комиссиясынын арбитражынын колдонуп жаткан эрежелерине ыла-йык арбитражга берилүүгө тийиш. 10-статья. Башка эрежелерди колдонуу Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын ар биринин мыйзамдарынынжоболору же тиешелүү учурда колдонуп жаткан же бул макулдашууга толук-тоо иретинде кийинчерээк Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундабелгиленген эл аралык укук боюнча милдеттенмеде экинчи Келишим түзүпжаткан Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына бул макудашууда карал-гандан алда канча жагымдуу режимге укук берген эрежелерди камтыса, андамындай эрежелер кыйла жагымдуу болуп саналган өлчөмдө бул Макулдашууданбасымдуулук кылууга тийиш. 11-статья. Күчүнө кириши Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо грамо-тасы алмашылган күндөн тартып күчүнө кирет. 12-статья. Күчүнө киришинин мөөнөтү жана токтотулушу 1. Бул Макулдашуу он жыл бою күчүндө болот. Андан соњ ал Келишимтүзүп жаткан Тараптын бири анын күчүн токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгүбилдирүүнү экинчи Келишим түзүп жаткан Тарапка жиберген күндөн тартыпон эки ай аяктаганга чейин күчүндө калат. Бул Малкулдашуу күчүндө бол-гон мезгилде жүзөгө ашырылган инвестициялар жагынан анын жоболору Ма-кулдашуунун күчү токтотулган күндөн тартып он ай бою күчүндө болот жанакийинчерээк эл аралык укук эрежелерин колдонууга зыян келтирбейт. 2. Бул Макулдашууга Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагыжазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. ЭгердеКелишим түзүп жаткан Тараптын ар бири экинчи Келишим түзүп жаткан Та-рапка бул жөнүндө билдирсе, ал мындай түзөтүүнү күчүнө киргизүүгө тос-коолдук кылган өзүнүн бардык маселелерин жөнгө салгандыгы билдирсе, аркандай түзөтүү күчүнө кирүүгө тийиш. Муну күбөлөп, төмөндө кол койгондор, тиешелүү түрдөгү ыйгарымукуктуу өкүлдөр бул Макулдашууга кол койдук. 1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында эки түп нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ача пикирлер келип чыкканучурда Келишим түзүп жаткан Тараптар Макулдашуунун орус тилиндеги текс-тин жетекчиликке алат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн