Редакцияот 17.08.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
КР 2004-жылдын 17-майындагы № 152 Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2004-жылдын 26-марты              Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан      Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды Казакстан      Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль транспорту менен                       транзиттик ташуу жөнүндө                              МАКУЛДАШУУ      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жана   Казакстан   РеспубликасынынӨкмөтү (мындан ары - Тараптар),     1998-жылдын 22-январындагы Бажы  союзуна  катышкан  мамлекеттердинаймактары  аркылуу  транзиттин  бирдиктүү шарттары жөнүндө макулдашууганегизденишип,     2000-жылдын 17-февралындагы  Бажы  союзуна катышкан мамлекеттердинбажылык органдарынын ортосунда ташылуучу товарларга  жана  транспорттуккаражаттарга  бажылык  контроль  жөнүндө  протоколдун жоболорун аткарууүчүн,     товарларды өздөрүнүн аймактары боюнча бажылык контроль астында та-шууну тездетүүгө умтулушуп,     эл аралык ташууларды жөнөкөйлөтүүгө ниеттенишип,     эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалашып,     төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:      1-статья.      Бул Макулдашуу Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобильтранспорту менен ташылуучу транзиттик товарларга карата колдонулат.     Бул Макулдашуу жүктөрдү 1975-жылдагы жол менен Эл аралык ташуу ки-тепчесин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө  Бажылык  кон-венцияга  ылайык  жүзөгө ашырылуучу товарларды ташууга карата колдонул-байт.      2-статья.      Тараптардын ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча  ыйга-рым укуктуу органдары:     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз РеспубликасынынФинансы  министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кыз-маты департаменти;     - Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Казакстан Республи-касынын Бажы контролу агентствосу болуп саналат.     Тарап мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий аталышта-ры же функциялары өзгөргөндө Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча  өзубагында кабарланат.      3-статья.      Товарларды Казакстан  Республикасынын  аймагы  аркылуу  автомобильтранспорту менен транзит астында ташуу товарды коштоочу документтердин,Кыргыз Республикасында бажылык төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөнүн кам-сыз кылынгандыгы тууралуу документтин жана товарды жеткирүүнү  контрол-доо документинин негизинде жүзөгө ашырылат.     Кыргыз Республикасында бажылык төлөмдөрдүн жана салыктарды төлөөнүкамсыз  кылуу жөнүндө документ Кыргыз Республикасынын бажы органы тара-бынан ташуучуга берилет.     Товардын жеткирилишин контролдоо документи Казакстан Республикасы-нын бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан Казакстан Республикасы-нын бажы мыйзамдарында каралган тартипте толтурулат жана Тараптар тара-бынан товарлардын арналган жерине жеткирилгенин ырастоочу документ  ка-тары таанылат.      4-статья.      Ушул Макулдашууга  ылайык товарларды Казакстан Республикасынын ай-магы аркылуу автомобиль транспорту менен бажылык контроль астында ташууКазакстан  Республикасынын бажы мыйзамдарында каралган товарлардын жанатранспорт каражаттарынын жеткирилишин камсыздоо боюнча  чараларды  кол-донбостон жүзөгө ашырылат.      5-статья.      Товарларды автомобиль  транспорту  менен Казакстан Республикасынынаймагы аркылуу ташуу Тарап мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын жоболо-рунда аныкталган өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат.      6-статья.      Ушул Макулдашуунун  күчү транзити Казакстан Республикасынын аймагыаркылуу Казакстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан  белгиленген  товар-лардын коопсуздугу боюнча талаптар жана экспорттук контролдоо жагындагычаралар сакталганда,  ошондой эле бажылык  төлөмдөрдү  жана  салыктардытөлөө камсыз кылынганда жүзөгө ашырылуучу товарларга жайылтылбайт.      7-статья.      Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашууга ылайык ба-жылык контроль астында ташылуучу товарлар  жана  транспорт  каражаттарыжөнүндө маалыматты ай сайын алмашып турат.      8-статья.      Товардын белгиленген бажылык органга чейин жеткирилбегендик факты-сы далилденген учурда кыргыз Тарап казакстан Тарапка зыяндын ордун тол-турууну 30 күндүн ичинде камсыз кылат.     Казакстан Тарап товарлардын жеткирилбей калышына байланыштуу ордунтолтуруу  алуу  үчүн кыргыз Тарапка алардын түрлөрүн,  ставкаларын жанасуммаларын баяндоо менен төлөнүүгө тийиш болгон бажы  төлөмдөрүн  төлөөбоюнча жазуу жүзүндөгү талапты жиберүүгө тийиш.     Товар автомобиль транспорту менен жеткириле турган  бажы  органынажеткирилбей  калган  учурда  тиешелүү  бажы төлөмдөрүн жана салыктардынсуммасын эсептөө Казакстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына  ылайыкжүзөгө ашырылат.      9-статья.      Товарлар автомобиль  транспорту  менен  багытталган  бажы органынажеткирилбеген  учурда  Тараптар  андай  фактылар  боюнча   иликтөөлөрдүжүргүзүүгө  жана товардын жеткирилбей калгандык фактысы аймагында анык-талган Тарапка иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө  жазуу  жүзүндө  билдирүүгөмилдеттенишет.     Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча товарлардын жеткирилбей ка-лышынын фактылары боюнча тергөө жүргүзүү үчүн Тараптардын бажы органда-рынын өкүлдөрүнүн ичинен биргелешкен жумушчу топтору түзүлүшү мүмкүн.      10-статья.      Тараптардын өз   ара   макулдашуусу   боюнча   ушул   Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн,  алар ушул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө Протоколдорго жазылат.     Ушул Макулдашуу  кол  коюлган  учурдан тартып убактылуу колдонулатжана Тараптардын ушул Макулдашууну күчүнө киргизүү  үчүн  зарыл  болгонички  мамлекеттик  жол-жоболордун  аткарылгандыгы  жөнүндө  Тараптардынакыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.     Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын би-ри экинчи Тараптан анын аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдир-ген жазуу жүзүндөгү билдирүү алган күндөн тартып алты ай аяктаганга че-йин күчүндө болот.      2004-жылдын 26-мартындагы Бишкек шаарында ар  бири  казак,  кыргызжана  орус  тилдеринде  эки түп нускада жазылды,  мында бардык тексттербирдей күчкө ээ болот.     Ушул Макулдашуунун  жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир ке-лишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайры-лышат.      Кыргыз Республикасынын                   Казакстан Республикасынын     Өкмөтү үчүн                              Өкмөтү үчүн