КР 2004-жылдын 17-майындагы № 145
Мыйзамы менен ратификацияланган Тегеран шаары,2003-жылдын 21-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода жөнүндө Макулдашуу Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү жана Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү, тењ укуктуулуктун, дискриминациянын жоктугунун жана өз ара кызык-чылыктарды колдоону" негизинде соодалык байланыштарды күчөтүүгө жанаөнүктүрүүгө, соодалык алакаларды ар тараптуу кењейтүүгө жана соодалыккызматташтыктын дэњгээлин жогорулатууга өз ара кызыкчылыкты көњүлгөалышып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. Макулдашуунун алкагы Макулдашуучу Тараптардын жеке адамдарынын жана юридикалык жактары-нын ортосундагы соодалык алака, кызмат көрсөтүүлөр жана контракттарушул Макулдашуунун алкагында жана улуттук мыйзамдарга ылайык ишке ашы-рылууга тийиш. 2-статья. Үчүнчү өлкөгө реэкспорт Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы алмашылган товарлар жана кыз-мат көрсөтүүлөр экспорттоочу өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык үчүнчүөлкөгө реэкспорттолушу мүмкүн. 3-статья. Товардын чыккан өлкөсү жөнүндө сертификаттын берилиши Ар бир Макулдашуучу Тарап Макулдашуучу башка Тарапка экспорттолуу-чу товардын чыккан жери жөнүндө Сертификатты берүү үчүн анын мыйзамда-рына ылайык тийиштүү чара көрүүгө тийиш. 4-статья. Стандарттар Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу ушул Макулдашуунуналкагында жана Макулдашуучу Тараптардын тийиштүү органдарынын эки та-раптуу макулдашууларында аныкталган эрежелерди жана стандарттарды кол-донуу менен ишке ашырылууга тийиш. 5-статья. Бажылык төлөмдөр жана салыктар Макулдашуучу Тараптардын биринин аймагынан экинчи Макулдашуучу Та-раптын аймагына алынып кирүүчү товарларга карата бажылык төлөмдөр жанасалыктар Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык колдону-лууга тийиш. 6-статья. Тарифтик эмес чаралар Макулдашуучу Тараптар Макулдашуучу Тараптардын аткаруучу органда-рынын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон кошумча макулдашуулардын алка-гында тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтууга жана/же өз ара тарифтикэмес жењилдиктерди берүүгө макулдашышты. 7-статья. Валюталык система, түшкөн акча жана төлөмдөр Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы соодалык бүтүмдөр боюнчаэсептешүүлөр, эгер Макулдашуучу Тараптардын борбордук банкттарында баш-кача каралбаса, алардын улуттук мыйзамдарына, эл аралык банк эрежелери-не жана практикага ылайык жүргүзүлөт. 8-статья. Жарманкелерге жана көргөзмө-сатыктарга катышуу Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн соодалык компанияларынажана мекемелерине Макулдашуучу башка Тараптын аймагында өткөрүлүүчүатайын жарманкелерге жана/же көргөзмө-сатыктарга катышууга колдоокөрсөтүүгө жана Макулдашуучу башка Тараптын соодалык компаниялары мененмекемелерин өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык зарыл шарттар мененмүмкүн болушунча камсыздоого тийиш. 9-статья. Консулдук жењилдиктер Макулдашуучу Тараптар соодалык мамилелерди өнүктүрүү максатындаөздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык инвестициялык жана коммерциялыквизаларды берүү, ошондой эле коммерциялык документтерди өз ара негизделегалдаштыруу сыяктуу консулдук жењилдиктерди берүүгө макул болушту. 10-статья. Соодалык өкүлчүлүктү же Борборду түзүү Макулдашуучу Тараптардын ар бири Макулдашуучу Тараптардын ортосун-да товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана маалыматтарды алмашууну колдоожана өнүктүрүү максатында Макулдашуучу башка Тарапка кабыл алуучу Та-раптын аймагында анын улуттук мыйзамдарына ылайык Соодалык өкүлчүлүктүже Борборду түзүүгө мүмкүндүк берет. Жогоруда аталган Соодалыкөкүлчүлүктүн же Борбордун кызматкерлеринин, жабдууларынын жана филиал-дарынын саны мындан аркы эки тараптуу макулдашуулар менен аныкталат. 11-статья. Соода Палаталарынын кызматташуусу жана делегацияларды алмашуу Макулдашуучу Тараптар Соода Папаталарынын тыгыз жананатыйжалуу кызматташуусун колдоого, делегацияларды алмашууга,Макулдашуучу Тараптардын ар биримин продукциялары менен таанышуужана маркетннг максатыида атайын семинарлар менен конференииялардыөткөрүүгө, ошондой эле бул үчүн керектүү шарттарды түзүүгө макулболушту. 12-статья. Соода байланыштарды кењейтүү жана ар тараптуу өнүктүрүү Макулдашуучу Тараптар соодалык байланыштарды өнүктүрүү максатындажеке адамдарга жана юридикалык жактарга эл аралык сооданын ыкмаларынишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт. 13-статья. Товарларды транзиттөө Макулдашуучу Тараптардын ар бири Макулдашуучу башка Тараптын то-варлары анын улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнүн аймагы аркылуу транзит-телиши үчүн керектүү шарттарды түзөт. 14-статья. Соодалык кызматташтыкты өнүктүрүү Макулдашуучу Тараптар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашу-унун сапатын жакшыртуу, эки өлкөнүн ортосундагы соодалык мамилелердиөнүктүрүү үчүн мындан ары штрих кодду жана электрондук сооданы пайдала-нуу үчүн өздөрүнүн жеке адамдарына жана юридикалык жактарына колдоокөрсөтүүгө макул болушту. 15-статья. Бажы чөйрөсүндөгү координация жана кызматташуу Эки тараптуу соодалык-экономикалык байланыштарды тарифтик жана та-рифтик эмес жөнгө салуунун, статистикалык маалыматтарды алмашуунун бир-дей системасын орнотуу үчүн Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн тышкы соо-далык иштеринде Дүйнөлүк Соода Уюмунун Товарларды сыпаттоо жана код ко-юу системасына таянышат. 16-статья. Биргелешкен соода комитети Макулдашуучу Тараптар тењ укуктуу өкүлдөрдөн турган Биргелешкенсоода комитетин түзүүгө макул болушту, ал зарылдыгына жараша жана Ма-кулдашуучу Тараптардын ар биринин аймагында кезек менен заседаниелердиөткөрөт. Комитеттин функциялары/милдеттери төмөнкүдөй болууга тийиш: 1. Ушул Макулдашуунун жоболору тийиштүү аткарылышын көзөмөлдөө; 2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу учурунда пайда болушу мүмкүн бол-гон кыйынчылыктарды жоюу боюнча чечимдерди сунуштоо; 3. Соодалык алаканы байкоого алуу, изилдөө жана кењейтүүмүмкүндүктөрү жөнүндө сунуштарды берүү; 4. Бул Макулдашууну кайрадан кароо боюнча сунуштарды берүү. 17-статья. Сот органдарына кайрылуу Макулдашуучу Тараптар Макулдашуучу Тараптардын ар биринин жаранда-ры алардын аймактарынын чектеринде сот органдарына кайрылууда бирдейукуктан пайдаланууга тийиштигине, ошондой эле Макулдашуучу башка Тарап-тын жарандарын Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарында четөлкөлүк жарандар үчүн белгиленген пошлиналарды төлөөдөн бошотууга макулболушту. 18-статья. Талаштарды чечүү Ушул Макулдашууну аткарууга жана жоболорун чечмелөөгө байланыштуукелип чыгышы мүмкүн болгон бардык маселелер жана талаштар МакулдашуучуТараптардын ортосундагы кењешүү жана сүйлөшүү жолу менен жайгарылуугатийиш. Андай болбогон учурда маселени чечүү Кыргыз-Иран өкмөттөр аралыкСоодалык-экономикалык, илимий жана маданий кызматташуу боюнча биргелеш-кен комиссиянын кароосуна өткөрүлөт, ал Макулдашуучу Тараптардын улут-тук мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун негизинде макулдашылган чечимчыгарууга тийиш. 19-статья. Калктын саламаттыгын жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо Бул Макулдашуунун жоболору Макулдашуучу Тараптардын эч бирининулуттук кызыкчылыгы, калктын саламаттыгын коргоо жана/же оорулардын,өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын зыянкечтеринин алдын алуу максатындаар кандай тыюу салуу же чектөө киргизүү укуктарын чектебөөгө тийиш. 20-статья. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара ма-кулдуктары менен өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр жанатолуктоолор ушул Макулдашуунун 22-статьясынын жоболоруна ылайык күчүнөкирет. 21-статья. Мурдагы Макулдашууну жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда 1375-жылдын Моrdad айынын 10-күнүнө туура келген1996-жылдын 31-июлунда кол коюлган Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнөкирген күндөн баштап жокко чыгарылууга тийиш. 22-статья. Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптар мунун күчүнө кириши үчүн ке-ректүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарышкандыгы жөнүндө жазуужүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет жана 5 жылбою колдонулат. Эгер Макулдашуучу Тараптардын эч бири Макулдашуучу башка ТарапкаМакулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө тийиштүү убакыт бүткөнгөчейин алты айдан кем эмес мурдатан жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинкибир жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат. Бул Макулдашуунун жарактуулугу токтотулганга чейин, эгер Тараптарбашкача чечимге келишпесе, анын кол коюлган, аткарылууга тийиш болгонконтракттарга карата жоболору ушул Макулдашуу жоюлгандан кийин бир жыл-га чейинки мөөнөттө күчүндө калат. 2003-жылдын 21-декабрында, бул Азар 1382 туура келет, Тегеран шаа-рында ар бири кыргыз, перс, орус жана англис тилдериндеги эки нускадатүзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо, англис тилиндеги текст ар-тыкчылыкка ээ болот. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн