Найроби шаары1981-жылдын 26-сентябры 1981-жылы 26-сентябрда Найробиде кабыл алынган Олимпиадалык символду коргоо жөнүндө Найроби келишими I бөлүм. Негизги жоболор II бөлүм. Мамлекеттердин кошундары III бөлүм. Корутунду жоболор I бөлүм Негизги жоболор 1-статья. Мамлекеттердин милдеттенмелери Бул Келишимдин ар бир мамлекет-катышуучусу 2- жана 3-статьялардыэсепке алуу менен олимпиадалык символдон турган же Эл аралык олимпиада-лык комитеттин Уставында белгиленген түрдө бул символду камтыган бардыкбелгилерди каттоодон баш тартууга же белги катары каттоону жарактууэмес деп табууга жана буга Эл аралык олимпиадалык комитеттин уруксатыболгон учурлардан башка учурда, коммерциялык максаттарда белги катарыже башка белгилөөлөр катары пайдаланууга тиешелүү чаралардын жолу менентыюу салууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн символдун аталган аныктамасы жанаграфикалык сүрөтү Тиркемеде келтирилет. 2-статья. Милдеттенмеден алып салуулар (1) 1-статьяда каралган милдеттенме бул Келишимдин мамлекет-каты-шуучуларына төмөнкүлөргө карата тийиштүү болуп саналбайт: (i) олимпиадалык символдон турган же бул символду камтыган ар бирбелги, эгерде мындай белги бул мамлекетке карата бул Келишим күчүнөкирген күнгө чейин мамлекетте же бул мамлекетте 1-статьяда каралганмилдеттенме аткарылып жаткан каалаган мезгилдин ичинде катталса,3-статьяга ылайык токтотулган деп эсептелет; (ii) коммерциялык максатта бул мамлекетте олимпиадалык символдонтурган же бул символду камтыган ар бир белгини же башка тамганы булмамлекетке карата Келишим күчүнө кирген күнгө чейин же бул мамлекетте1-статьяда каралган милдеттенме аткарылып жаткан каалаган мезгилдиничинде мыйзамдуу түрдө мындай пайдаланууну баштаган каалаган жактын жеишкананын пайдаланууну улантуусу 3-статьяга ылайык токтотулган депэсептелет. (2) (1) (i)-пунктчасынын жоболору ошондой эле Келишим боюнча кат-тоонун натыйжасында бул мамлекет катышуучусу болуп эсөптелген бул мам-лекетте каттоосу жарактуу белгилерге карата да колдонулат. (3) (1) (i)-пунктчасында аты аталган жактын же ишкансынын уруксатыменен пайдалануу көрсөтүлгөн пунктчанын максаттары үчүн бул жактын жеишкананын пайдалануусу катары эсептелет. (4) Бул Келишимдин бир дагы мамлекет-катышуучусу олимпиадалык сим-волду олимпиадалык кыймыл жөнүндө же бул кыймылдын алкагында жүзөгөашырылуучу ишмердүүлүк жөнүндө маалымдоо максатында жалпыга маалымдоокаражаттарынын пайдалануусуна тыюу салууга милдеттүү эмес. 3-статья. Милдеттенмени аткарууну токтотуп туруу 1-статьяда каралган милдеттенмени аткаруу, эгерде ушул мезгилдиничинде Эл аралык олимпиадалык комитет менен бул мамлекеттин Улуттуколимпиадалык комитетинин ортосунда эл аралык олимпиадалык комитет булмамлекетте олимпиадалык символду пайдаланууга уруксат берүү шарттарынакарата жана эл аралык олимпиадалык комитет көрсөтүлгөн уруксаттардыбергендиги үчүн ала турган бардык кирешелердеги Улуттук олимпиадалыккомитеттин үлүшүнө карата колдонууда эч кандай макулдашуу болбосо, албүткүл мезгилдин ичинде ушул Келишимдин каалаган мамлекет-катышуучусутарабынан токтотуп коюлду деп эсептелет. II бөлүм Мамлекеттердин кошундары 4-статья. I бөлүмдөн алып салуулар I бөлүмдүн жоболору мындай кошунду, аймакты, же башка топторду не-гиздөө тууралуу тийиштүү макулдашуулардан келип чыккан, атап айткандамындай макулдашуулардагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен эркиналмашууну жөнгө салуучу жоболорго карата бажы кошунунун, эркин соодааймагынын, ар бир башка экономикалык кошундун же ар бир башка региондукже субрегиондук топтун мүчөлөрү болуп эсептелген бул Келишимдин мамле-кет-катышуучуларынын милдеттенмелерине зыян келтирбейт. III бөлүм Корутунду жоболор 5-статья. Келишимге катышуу (1) Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары"Уюм" деп аталат) же Өнөр жай менчигин коргоо боюнча эл аралык (Париж)кошунунун (мындан ары Париж кошуну" деп аталат) мүчөсү болуп эсептелгенар бир мамлекет: (i) ратификациялык грамотаны же кабыл алуу же жактыруу жөнүндө до-кументке кол коюу жана андан ары сактоого өткөрүү, же (ii) кошулуу жөнүндө актыны сактоого өткөрүп берүү жолу менен булКелишимдин катышуучусу боло алат. (2) (1) пунктунда аты аталбаган, Бириккен Улуттар Уюмунун же Би-риккен Улуттар Уюму менен байланышта болгон кандайдыр бир адистештирил-ген мекемелердин мүчөсү болуп эсептелген ар бир мамлекет кошулуужөнүндө актыны сактоого өткөрүп берүү жолу менен бул Келишимдин катышу-учусу боло алат. (3) Ратификациялык грамоталар, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө до-кументтер же кошулуу жөнүндө актылар Уюмдун Генералдык директоруна(мындан ары Генералдык директор" деп аталат) сактоого өткөрүлүп бери-лет. 6-статья. Келишимдин күчүнө кириши (1) Өз ратификациялык грамоталарын, кабыл алуу же жактыруу жөнүндөдокументтерин же кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп берген би-ринчи үч мамлекетке карата ушул Келишим үчүнчү ратификациялык грамота-ны, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документти же кошулуу жөнүндө актынысактоого өткөрүп берген күндөн кийин бир айдан соњ күчүнө кирет. (2) Ратификациялык грамотасын, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө до-кументин же кошулуу жөнүндө актысын сактоого өткөрүп берген ар бир баш-ка мамлекетке карата бул Келишим бул документти сактоого өткөрүп бергенкүндөн кийин бир айдан соњ күчүнө кирет. 7-статья. Келишимди жокко чыгаруу (1) Ар бир мамлекет бул Келишимди Генералдык директорго билдирүүжөнөтүү жолу менен жокко чыгара алат. (2) Жокко чыгаруу Генералдык директор билдирүү алган күндөн биржылдан кийин күчүнө кирет. 8-статья. Кол коюу жана Келишимдин тилдери (1) Бул келишимге англис, испан, орус жана француз тилдеринде биртүп нускада кол коюлат, ошондой эле бардык тексттер бирдей чыныгы болупсаналат. (2) Расмий тексттерди кызыкдар өкмөттөр менен консультациялардыөткөрүүдөн кийин Генералдык директор араб, италиан, немец жана португалтилдеринде, ошондой эле Уюмдун Конференциясы же Париж кошунунун Ассамб-леясы белгилеген башка тилдерде иштеп чыгат. (3) Бул Келишим Найробиде 1982-жылдын 31-декабрына чейин жана ан-дан кийин Женевада 1983-жылдын 30-июнуна чейин кол коюу үчүн ачык. 9-статья. Келишимди сактоого өткөрүп берүү; көчүрмөлөрдү жиберүү; Келишимди каттоо (1) Бул Келишимдин түп нускасы кол коюу үчүн Найробиде жабылгансоњ Генералдык директорго сактоого өткөрүлүп берилет. (2) Генералдык директор ал күбөлөндүргөн бул Келишимдин экикөчүрмөсүн 5 (1) жана (2)-статьяларда аты аталган бардык мамлекеттергежана суроо-талаптар боюнча ар бир башка мамлекетке жөнөтөт. (3) Генералдык директор бул Келишимди Бириккен Улуттар УюмунунСекретариатында каттоодон өткөрөт. 10-статья. Билдирүүлөр Генералдык директор 5 (1) жана (2)-статьяларда аты аталган мамле-кеттерге: (i) 8-статьяга ылайык кол коюулар жөнүндө, (ii) 5 (3)-статьяга ылайык ратификациялык грамоталарды, кабыл алууже жактыруу жөнүндө документтерди же кошулуу жөнүндө актыларды сактоогоөткөрүп берүү тууралуу; (iii) 6 (1)-статьяга ылайык бул Келишимдин күчүнө кирген күнүжөнүндө; (iv) 7-статьяга ылайык алынган ар бир жокко чыгаруу тууралуу бил-дирүү жөнөтөт. Тиркеме Олимпиадалык символ бири-бирине илинген мындай тартипте солдоноњго жайгаштырылган көк, сары, кара, жашыл жана кызыл шакектерден ту-рат. Ал бир же ар түрдүү түстөрдө сүрөтү түшүрүлгөн олимпиадалык шакек-терден турат.