Бишкек шаары2004-жылдын 21-сентябры Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 2004-2014-жылдарга кызматташтык программасы I. Саясий тармак II. Соода-экономикалык тармак, экономикалык кызматташтыктын негизги принциптери жана багыттары III. Транспорт, бажы жана чек ара инфраструктурасы, транзиттик ташуулар жана чек арага жакын жайгашкан аймактарда соода жүргүзүү тармагы IV. Энергетика жана минераллык ресурстарды өздөштүрүү тармагы V. Финансы-инвестиция тармагы VI. Туризм тармагы VII. Илимий-техникалык кызматташтык VIII. Маданий-гуманитардык тармак IX. Кортунду Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы, мындан ары Тарап-тар деп аталуучулар, эки мамлекеттин элдери алардын ортосундагы салтка айланган достуккарым-катнаштарды сактоого, саясий, соода-экономикалык, илимий-техника-лык, гуманитардык жана башка тармактарда, ошондой зле коопсуздук жаа-тында узак мөөнөттүү негизде өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан арычыњдоого жана өнүктүрүүгө умтулгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биртууган коњшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө 2002-жылдын 24-ию-нунда кол коюлган
Келишимди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабылалынган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алып, 2004-2014-жылдарга төмөнкү багыттарда достук кызматташтыктыөнүктүрүүгө макулдашты: I. Саясий тармак 1. Эњ жогорку жана өйдөкү дењгээлдердеги байланыштарды бардык та-раптан чыњдоо, эки тараптуу мамилелердин жана өз ара кызыкчылык туудур-ган зл аралык көйгөйлөрдүн кењири спектри боюнча терењдетилген пикиралмашууну жүргүзүү. 2. Дипломатиялык каналдар боюнча саясий консультацияларды актив-дештирүү, Тараптардын өкмөттүк органдарынын ортосундагы карым-катнаш-тарга көмөктөшүү, кызыкдар ведомстволордун, мекемелердин жана уюмдардынортосунда коопсуздук, коргоо, соода, экономика, адилет, укук, туризм,саламаттыкты сактоо, маданият, массалык маалымат жана башка тармактар-дагы өз ара пайдалуу байланыштардын өнүгүүсүн колдоо. 3. Тараптардын эњ жогорку мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагытүздөн-түз байланыштарды жана эл аралык парламенттик уюмдарда алардынортосундагы кызматташтыкты колдоо. Кыргыз Республикасынын Парламенти -Жогорку Кењеш менен Бүткүл Кытайлык Эл өкүлдөр Жыйынынын ортосунда аркандай дењгээлдерде тажрыйба алмашууну жөнгө салуу, Кыргызстан калкынынАссамблеясы менен Кытайдын Элдик Саясий Консультативдик Кењешинин орто-сунда регулярдуу байланыш механизмин түзүү жөнүндө маселени жана башкамаселелерди карап чыгуу. 4. Шанхай Кызматташтык Уюмунун дүйнөлүк жањы турмуштагы ролун жо-горулатуу, БУУнун бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана кооп-суздукту камсыз кылуу ишиндеги борбордук ролун күчөтүү максатында эларалык уюмдардын, биринчи кезекте, жогоруда аталган уюмдардын алкагын-дагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыњдоо, терроризмге, сепаратизмгежана экстремизмге каршы күрөшүүдө, ошондой эле улуттар аралык уюмдашканкылмыштуулукка, бањги жана психотроптук заттардын мыйзамсыз айлануусунакаршы аракеттенүүдө жана башка ушул сыяктуу коркунучтарга жана чакырык-тарга туруштук берүүдө өз ара кызматташуу. Эл аралык тынчтыкты жана ту-руктуулукту кармоого жана чыњдоого байланышкан маселелер боюнчадүйнөлүк жана региондүк дењгээлдерде кењири өз ара аракеттенүү. 5. Башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү, алардын аймактыкбүтүндүгүнө доо келтирүү жана ар кандай шылтоолорго таянып, мамлекет-тердин ички көйгөйлөрүн ар кандай формалардагы улуттар аралыккөйгөйлөргө айлантуу аракеттерине каршы туруу. Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүндө бир гана Кытай бар, Кытай ЭлРеспубликасынын Өкмөтү бүткүл Кытайды көрсөткөн бирден-бир мыйзамдууөкмөт болуп эсептелет жана Тайвань Кытайдын аймагынын ажырагыс бөлүгүболуп саналат деген принциптерге таянат. Кыргыз Республикасы "эки Кы-тайды", же болбосо, "бир Кытайды, бир Тайванды", "көз карандысыз Тай-ванды" түзүү, мүчөлөрү болуп жалањ гана эгемендүү мамлекеттер эсептел-ген бардык эл аралык жана региондук уюмдарга Тайванды киргизүү аракет-теринин бардык көрүнүштөрүнө каршы турат. Бул көз карашка таянып, Кыр-гыз Республикасы Тайвань менен расмий мамилелерди түзбөйт жана Тайваньменен расмий байланыштарды жүргүзбөйт. 6. Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүүжөнүндө Шанхай
конвенциясынын жана Терроризмге, сепаратизмге жана экс-тремизмге каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республи-касынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө
Макулдашуунун негизинде экимамлекеттин тиешелүү ведомстволорунун иш-аракеттерин координациялоо жа-на алардын ортосундагы кызматташтыкты чыњдоо, терроризмдин бардык фор-маларына, анын ичинде "Чыгыш Түркстан" террористтик күчтөрүнө каршыбиргелешип күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү. 7. Региондук жана глобалдык интеграциялоо процесстеринин өнүгүшүнколдоо жана башка мамлекеттер менен бирдикте Шанхай Кызматташтык Уюму,Борбордук Азия регионундагы экономикалык уюмдар, Боао Азиялык Форумусыяктуу диалогго жана кызматташтыкка негизденген механизмдердин алка-гында өз ара аракеттенүү. 8. Саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы дүйнөлүкөзгөрүүлөрдү эске алуу менен эки тараптуу мамилелердин укуктук негизинтолтуруу. Бул максатта мындан мурун кол коюлган келишимдердин жана ма-кулдашуулардын инвентаризациясын өткөрүү жана зарылдыгына жараша жаны-ларын түзүү. II. Соода-экономикалык тармак, экономикалык кызматташтыктын негизги принциптери жана багыттары 1. Узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн, ошондой эле тењ укуктуулук жанаөз ара пайда алуу принциптеринин негизинде, эл аралык укуктун жалпы ка-был алынган ченемдерин жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарын зске алуу менен Тараптардын компанияларынын, ишканаларынын, уюм-дарынын жана жеке жактарынын, ошондой эле Тараптардын өкмөттүк органда-ры менен ведомстволорунун ортосундагы түздөн-түз өз ара аракеттенүүнүжүргүзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты ишке ашыруу. 2. Соода-зкономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөраралык комиссиясынын потенциалын толук дењгээлде ачуу жана пайдалануу.Комиссия мындан мурун макулдашылган приоритеттүү тармактардагы кызмат-таштыктын объекттери мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө экономикалык на-тыйжага алып келиши үчүн иштеген чараларды көрөт. 3. Өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын ар бирининмамлекеттеринин аймактарында эки өлкөнүн өз ара кызматташып жаткан чар-бакер субъекттерине, мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарына жа-гымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүпжаткан компаниялардын, ишканалардын, уюмдардын жана жеке адамдардынмыйзамдуу менчик укуктарынын кол тийбестигин камсыз кылуу. Тараптардынар бири экинчи Тараптын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгониш-аракеттерди жасоодон оолак болот. 4. Отун-энергетикалык комплексте, транспорт жана инфраструктуратармагында, айыл чарбада, тамак жана кайра иштетүүчү өнөр жай жаатындажана башка тармактарда эки мамлекеттин чарбакер субъекттеринин ортосун-дагы өндүрүштүк технологияларды оптимизациялоо, аларды адистештирүү жа-на кооперациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү. 5. Конкреттүү максаттарды көздөгөн мамлекеттер аралык долбоорлордужана экономикапык кызматташтык программаларын, ошондой эле аларды ишкеашыруу үчүн керектүү болгон бирлешкен структураларды түзүүгөкемөктөшүү. 6. Эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү, Тараптардын мамлекетте-ринин улуттук мыйзамдарын эске алуу менен чарбакер субъекттерге бирдейукуктук жана экономикалык шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү. 7. Эки мамлекеттин аймактарында экономикалык тармактагы чегарааралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жанажүргүзүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо. 8. Тиешелүү өкмөттүк органдардын ортосунда эки мамлекеттин орто-сундагы сооданын жүргүзүлүшү жөнүндө статистикалык маалыматтарды жаназки мамлекеттеги тышкы экономикалык ишаракеттерди жөнгө салуу тармагын-дагы ченемдик-укуктук маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылуу;Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында чарбалык иш-аракеттерди жөнгө салуутармагындагы ченемдик-укуктук базаны шайкештирүүгө көмөктөшүү. 9. Эл аралык финансы-экономикалык уюмдардын жана форумдардын алка-гында кызматташуу. III. Транспорт, бажы жана чек ара инфраструктурасы, транзиттик ташуулар жана чек арага жакын жайгашкан аймактарда соода жүргүзүү тармагы 1. Эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча транспорт-тук сектордогу приоритеттүү долбоорлорду алдыга карай натыйжалуу жылды-рууга, ошондой эле аларды эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык-тын алкагында тез арада ишке ашырууну баштоого, атап айтканда, Кашгар -Иркештам - Сары-Таш - Ош - Андижан - Ташкент транспорттук жолун ачуугакөмөктөшүү. Тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынынкурулушу мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө Комплекстүү отчеттун неги-зинде техникалык-экономикалык негиздөөнү жүргүзүүнү жана Кытай-Кыргызс-тан-Өзбекстан темир жол магистралын курууга каражаттарды топтоо маселе-син изилдөөнү улантышат. 2. Жүргүнчүлүк жана жүк ташуучу каттоонун үзгүлтүксүз иштешинекөмөктөшүү жана эки мамлекеттин аймактарында транзиттик ташуулардыөнүктүрүү. 3. Аба катнашын орнотуу жөнүндө 1996-жылдын 4-июлундагы кыргыз-кы-тай өкмөттөр аралык Макулдашуусунун алкагында, тењдештик жана өз арапайда алуу принциптеринин негизинде жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн,ошондой эле эки өлкөнүн аймактары аркылуу транзит менен өтүп бара жат-кандардын эки мамлекеттин ортосунда тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн жагымдуушарттарды түзүү максатында аба ташууларын өнүктүрүү. 4. Бишкек-Пекин багыты боюнча аба катнашын кайрадан иштетүү боюнчаиштиктүү чараларды көрүү. 5. Тењдештик жана өз ара пайда алуу принциптеринин негизинде чекарага жакын жайгашкан аймактардагы сооданы колдоо саясатын жүргүзүү,сүйлөшүүлөр механизмин түзүү жана чек арага жакын жайгашкан администра-тивдик-аймактык бирдиктердин ортосундагы кызматташтыкка көмөктөшүү. 6. Чек арага жакын жайгашкан аймактарда соода жүргүзүүдө карантин-дик, санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл, бажылык жана чек аралык ре-жимдер жаатында пайда болуучу маселелерди жөнгө салуу боюнча иштиктүүчараларды көрүү; Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эскеалуу менен бажы формалдыктарын тариздөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүүбоюнча чараларды иштеп чыгуу; товарлардын, жүктөрдүн жана продукциянынсанитардык-эпидемиологиялык экспертизасынын жыйынтыктарын өз ара таануутармагындагы кызматташтыкты чыњдоо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененКытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы экспорттук-импорттук то-варлардын сапаттарын кепилдөө жөнүндө Макулдашуунун аткарылышын алдыгакарай активдүү жүргүзүү. 7. Жүргүнчүлөрдүн агымы жана товарлардын көлөмү көбөйүп бара жат-кандыгына байланыштуу, үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана транспорт-тук каражаттарын "Торугарт" контролдук-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүүгөбайланышкан маселелерди чечүү жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуудагыөткөрүүчүлүк жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында контролдук-өткөрүүпункттун функцияларын кењейтүү боюнча чараларды көрүү. 8. Тараптардын ак ниет импорттук-экспорттук компанияларынын орто-сунда жүгүртүлгөн товарларга карата колдонулуучу бажы жол-жоболорунтездетүүгө жана жењилдетүүгө көмөктөшүү; товарлар үчүн транзиттик ре-жимди макулдашуу; стандарттарды бир түргө келтирүүгө жана өз ара мый-замдаштырууну ишке ашырууга көмөктөшүү; - автотранспорттук каражаттардын эки мамлекеттин аймактарындагыжүктөө/жүктөн бошотуу пункттарына чейин барышына байланышкан маселелер-ди чечүү үчүн зарыл чараларды көрүү. Эки өлкөнүн бажы кызматтары конт-рабандага жана башка бажы укуктарын бузууларга каршы күрөшүүгө багыт-талган биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүшөт. 9. Өздөрүнүн кызматташтыгын координациялоо максатында Кыргыз Рес-публикасынын жана Кытай Эл Республикасынын бажы кызматтары экспорт-тук-импорттук соода жүргүзүү режиминин ойдогудай иштешин биргелешипкамсыз кылуу максатында административдик каналдарды пайдалануу мененконтрабандага, бањги заттарына жана терроризмге каршы күрөшүүдө маалы-маттар менен алмашуу механизмин түзүшөт. 10. "Кыргызтелеком" акционердик коому менен Кытайдын "Нuawei Тесh-nоlоgies Со. Ltd" компаниясынын ортосундагы "Кыргызтелеком" акционердиккоомуна техникалык колдоо көрсөтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгөкөмөктөшүү. IV. Энергетика жана минераллык ресурстарды өздөштүрүү тармагы 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө2002-жылдын 24-июнундагы Рамкалык Макулдашууну натыйжалуу ишке ашыруу-нун планын иштеп чыгуу. 2. Кытайдын электр-энергетикалык ишканаларынын Кыргыз Республика-сындагы злектрдик станцияларды, электр өткөрүүчү линияларды жана башкаэлектр-энергетикалык долбоорлорду инвестирлөөдө жана курууда катышуумаселелерин карап чыгуу. Электр знергиясына болгон талапты зске алууменен Кыргызстандан Кытайга чейин созула турган 35-вольттук жана анданжогору кубаттуулукка барабар болгон электр линияларын куруу маселесинкарап чыгуу, бул жерде бүгүнкү күнү дагы Кыргызстандан электр энергия-сын импорттоо боюнча кызматташтык натыйжалуу ишке ашырылып келет. 3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында му-най зат жана газ ресурстарын иштеп чыгууга, атап айтканда, чалгындоочужана иштетүүчү скважиналарды бургулоого, скважиналарды оњдоого, алдыњкыжањы технологияларды колдонуу менен Кыргызстанда учурда иштеп жатканмунай зат жана газ чыккан жерлерден мунай заттын чыгуу дењгээлин кармо-ого, ошондой эле мунай зат жана химия тармагындагы кызматташтыкка ка-тышкан кытайлык ишканаларды кубаттоо жана колдоо. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствонун жана Кытай Эл Республика-сынын Жер жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы бир ка-тар конкреттүү геологиялык долбоорлорду аткаруу боюнча Макулдашууга колкоюу мүмкүндүгүн карап чыгуу. 5. Эки мамлекеттин ортосунда чегара аралык дарыяларды пайдалануужана коргоо жөнүндө Макулдашууга кол коюу мүмкүндүгүн карап чыгуу. 6. Эки Тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мине-ралдык ресурстарды өздөштүрүү боюнча кызматташтыгын өнүктүрүү жанаалардын ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүндүгүн карап чы-гуу. V. Финансы-инвестиция тармагы 1. Тењдештик жана өз ара пайда алуу принциптеринин негизинде ин-вестициялык климатты жакшыртуу жана өз каражаттарын экинчи Тараптын ай-магында инвестирлеген биринчи Тараптын ишканаларын активдүү колдоо. ЭкиТараптын мамлекеттеринин учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайыкэки мамлекеттин ишкер адамдарына соода-экономикалык ши-аракеттердижүргүзүү үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүү жана жењилдетилгенсаясатты колдонуу, эки мамлекеттин аймактарына кирүүдө жана кайра чыгу-уда эки өлкөнүн ишкер адамдарына тиешелүү шарттарды өз ара түзүү жанамамлекеттердин биринин аймагында болгон экинчи мамлекеттин жарандарынынмыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын иштиктүү коргоо. 2. Коммерциялык банктарды, инвестициялык жана камсыздандыруу ком-панияларын өз ара пайдалуу улуттук жана эл аралык долбоорлорду жанапрограммаларды каржылоого тартуу боюнча шарттарды түзүү. 3. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алардынаймактарында коммерциялык банктардын, финансылык жана лизингдик компа-ниялардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачууга көмөктөшүү. 4. Чарбакер субъекттердин өз ара соода-экономикалык иш-аракеттеринжүргүзүүдө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосун-дагы накталай акча жүгүртүүнүн көлөмүн азайтуу максатында чек арага жа-кын жайгашкан райондордо Тараптардын банктык мекемелеринин санынкөбөйтүүгө көмөктөшүү. 5. Тараптардын чарбакер субъекттеринин ортосунда пластикалык кар-таларды пайдалануу менен жүргүзүлүүчү эсеп-кысап системасын өнүктүрүүгөкөмөктөшүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуу жана ко-опсуз зсеп-кысабын жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү. VI. Туризм тармагы 1. Туристтик визаларды берүү жол-жоболорун жењилдетүү, ошондой элетуристтик жана транспорттук агентстволордун ортосундагы кызматташтыктыөнүктүрүү аркылуу эки мамлекеттин ортосундагы туризмди өнүктүрүү үчүнзарыл болгон чараларды көрүү. 2. Улуу Жибек жолу аркылуу туристтик маршруттарды жана туристтикпродуктуларды өнүктүрүү мүмкүндүгүн карап чыгуу. 3. Эки мамлекеттин туристтик компаниялары менен уюмдарынын орто-сундагы маалымат жана тажрыйба алмашууну активдүү колдоо ошондой элеөзүнүн мамлекетинин аймагындагы туристтик көргөзмөлөргө зкинчи тараптынкатышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. VII. Илимий-техникалык кызматташтык 1. Илим жана техника тармагындагы кызматташтыкты колдоо жана или-мий проблематика боюнча маалымат алмашууну кубаттоо. 2. Кыргыз Республпкасынын Улуттук илимдер академиясы менен КытайЭл Республикасынын Илимдер академиясынын, ошондой эле алардын институт-тарынын ортосундагы илимий алмашууларды жана кызматташтыкты өнүктүрүүгөкөмөктөшүү. 3. Адистер түзгөн делегациялардын ишсапарларын жана эки мамлекет-тин илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы изилдөөлөрдүн жыйынтык-тарын өз ара алмашуу, эки мамлекеттин окумуштууларынын катышуусу мененэл аралык илимий форумдарды, конференцияларды жана симпозиумдардыөткөрүү. 4. Макулдашылган фундаменталдуу жана колдонмо илимий-изилдөө дол-боорлорун жана программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатындабиргелешкен илимий-изилдөө уюмдарын түзүүгө көмөктөшүү. VIII. Маданий-гуманитардык тармак 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик комиссия менен Кытай Эл Республикасынын Маданият ми-нистрлигинин ортосундагы кызматташтыкты үзгүлтүксүз негизде ишке ашы-руу, театралдык-музыкалык искусство, телевидение, кинематография, музейжана китепкана тармагындагы өз ара алмашуулардын өнүгүшүн колдоо. 2. Бир Тараптан, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу тармагын-да иштеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жаштаруюмдарынын жана экинчи Тараптан, Бүткүл кытайлык жаштар ассоциациясынынортосундагы карым-катнаштарды чыњдоо, эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда-гы маданий, социалдык жана экономикалык тармактардагы байланыштарды жа-на кызматташтыкты кењейтүү. 3. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түзгөн делегациялардыалмашууну жүргүзүү. Эки мамлекеттин өнүгүшүнүн жүрүшү жөнүндө объек-тивдүү маалыматтарды бири-бирине берүү, эки өлкөнүн элдеринин ортосун-дагы өз ара түшүнүү жана достукту чыњдоого көмөктөшүү максатында таж-рыйба алмашуу. 4. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы кызматташ-тыкты ишке ашыруу. 5. Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында экинчи Тарапка кон-сулдук кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле тиешелүүмаселелер боюнча өз ара макулдашууларды жана пикир алмашууларды июкеашыруу. IX. Кортунду 1. Бул Программанын жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар кыз-матташтыктын конкреттүү тармактары жана багыттары боюнча атайын макул-дашууларды, атап айтканда, конкреттүү мөөнөттөрдү жана Тараптардын ат-каруучуларын белгилөө менен Программаны ишке ашыруунун Натыйжалууиш-чаралар планын түзүшү мүмкүн. Тараптардын өз ара макулдугу боюнчабул Программага керектүү өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилиши мүмкүн,алар ушул Программанын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген атайын прото-колдор менен таризделет. 2. Бул Программа Тараптар тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболордуаткарган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптар башка макулдаштык-тарга жетишпесе, бул Программанын аракетинин токтотулушу Тараптардынушул Программа өз күчүндө болгон мезгилде анын алкагында түзүлгөн ма-кулдашуулардан жана келишимдерден (контракттардан) келип чыккан укукта-рына жана милдеттерине таасир этпейт. Бишкек шаарында 2004-жылдын 21-сентябрында эки нускада, ар бирикыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей юридикалык күчкө ээ. Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы үчүн үчүн