Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 13-сентябрындагы № 428 токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара жер участокторун бөлүп беруү жөнүндө Макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаТажикстан Республикасынын Өкмөтү, ынак коњшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык маанайындааракеттенип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен ТажикстанРеспубликасынын Премьер-министринин ортосунда жогорку вольттогу электрөткөрүү линиясын жана автомобиль жолун куруу үчүн өз ара жеручастокторун бөлүп берүү маселеси боюнча 2004-жылдын 21-майында болупөткөн жолугушуунун Протоколундагы жоболорго негизденип, жогорку вольттогу электр өткөрүү линиясын жана автомобиль жолункуруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүп берүүнү камсыз кылуумаксатында,төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар аныкталган тартипте бир айлык мөөнөттүн ичинде төмөнкү жеручастокторун бөлүп берүү маселесин чечишет: - Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районунунаймагында Тажикстан Республикасы үчүн 220 кВ электр өткөрүү линиясынкуруу үчүн гана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын "Айгүл-Таш"подстанциясынан Тажикстан Республикасынын Согду областынын "Канибадам"подстанциясын карай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ьшайык; - Тажикстан Республикасынын Согду областынын Исфара районунунаймагында, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун кыргыз-тажикмамлекеттик чегарасынын линиясы менен кесилишкен жердеги чекитиненбаштап, Ош-Исфана автомобиль жолунун чыгыш тарабынан, КыргызРеспубликасына Ош-Исфана автомобиль жолунун участогун куруу үчүн ганажер участогу, Тажикстан Республикасынын Согду областынын Исфарарайонунун Сурх айылынан түндүгүрөөктө авариялык сел өткөрүүчү нукаркылуу көпүрө менен жана Исфара-Ворух автожолунун үстүндөгү жол мененкошулган эстакадалык жол өткөргүч түрүндө, жана андан ары Исфарадарыясынын сол жээгин жана "Танги Сурх" тоосунун этегин бойлой батыштыкарай долбоорлонуп жаткан автомобиль жолу Тажикстан Республикасы мененКыргыз Республикасынын мамлекеттик чегараларынын линиясы менен батыштарабынан кесилишкен, Шуристан сел өткөрүүчү нугу аркылуу көпүрөалдында өтүүчү чекитке, жана 110 кВ электр өткөрүү линиясынынучасткасы "Айгүл-Таш" подстанциясынан Тажикстан Республикасынын Ходжа-Ало Жаомата Чорку калктуу конушунан түштүктөгү "Самат" подстанциясыначейин, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык (Тиркеме); Ош-Исфана автожолунун участкасындагы жасалма курулуштардын сандыккурамы деталдык долбоорлоонун жүрүшүндө такталат. Тиркеме бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2-статья 220 кВ электр өткөрүү линиясын курууга байланыштуу турак үйлөрдүнжана имараттардын, ошондой эле башка курулуштардын, көп жылдыкотургузма өсүмдүктөрдүн мүмкүн бояуучу алынып таштоолоруна, ошондойэле жер иштеткен жарандардын жер участокторун алмаштырууга тиешелүүбардык компенсациялык төлөмдөрдү кыргыз тарабы тартат, ал эми Ош-Исфана автожолунун участкасын жана 110 кВ электр өткөрүү линиясынкурууга байланышкан жогоруда белгиленген төлөмдөрдү тажик тарабытартат. 3-статья Бул Макулдашуунун алкагында иш жүзүндө өз ара аракеттешүүнүкоординациялоо жана аны натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуумаксатында Тараптар биргелешкен комиссия түзүшөт, анын курамынаТараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү киришет. 4-статья Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп эсептелген атайын Протокол менен таризделет. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосундапайда болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдүжана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет. 5-статья Тараптар ушул Макулдашуунун 1-статьясында эскертилген жеручастокторун бири-бирине 49-жылдык мөөнөткө ижарага беришет жана жылсайын 1 АКШ доллары өлчөмүндөгү ижара акысын алышат. Бөлүнүп берилген жер участокторунда жогоруда аталган объектилердикурууга катышкан Тараптардын жарандарына жана транспорт каражаттарынабул объектилерди куруу жана иштетүү мөөнөтүнүн ичинде эч тоскоолдуксузкесип өтүү жана кыймылдап жүрүү укуктары берилет. 6-статья Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынынортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын делимиттөөнү жанадемаркациялоону жүргүзүү учурунда бул Макулдашуунун жоболорунатаянбоого тийиш. 7-статья Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгонмамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуужүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 49 жылдыничинде колдонулат. Бул Макулдашуунун аракети Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнчаузартылышы мүмкүн. Душамбе шаарында 2005-жылдын 18 майында эки түп нускада, ар бирикыргыз, орус жана тажик тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын Өкмөтү учүн Өкмөтү үчүн