Редакцияот 09.09.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Москва шаары2005-жылдын 23-июну                 Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин                  уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн аскер                      кадрларын даярдоо тууралуу                              МАКУЛДАШУУ      Бул Макулдашууга  катышуучу  мамлекеттер,  мындан ары Тараптар депаталуучу,     Жамааттык коопсуздук  жөнүндө  келишим  уюмунун  максаттарын  жанапринциптерин жетекчиликке алып (мындан ары - Уюм),     Аскер кадрларын  даярдоо чөйрөсүн Тараптардын куралдуу күчтөрүнүн,башка аскерлеринин жана аскердик түзүмдөрүнүн натыйжалуу өзара  аракет-тенүүсүн  камсыз  кылуунун жана алардын ортосундагы союздук мамилелердиөнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун бири катары эсептеп,     Жамаатык коопсуздук  системасынын көп тараптуу күчтөрүнүн жана ка-ражаттарынын алдында турган талаптарга жооп берүүчү Тараптардын  аскер-дик кадрларын даярдоо дењгээлин камсыз кылууга умтулуп,     төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:      1-статья      Бул макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:     "аскердик окуу  жайы" - жогорку,  орто жана кошумча кесиптик билимберүү мекемелери жана Тараптардын аскер кадрларын даярдоону ишке ашыру-учу аскердик бөлүктөр;     "жиберүүчү Тарап" - башка Тараптардын аскердик окуу жайларында да-ярдоо үчүн өзүнүн аскер кызматчыларын жиберүүчү Уюмга мүчө мамлекет;     "кабыл алуучу  Тарап"  -  башка  Тараптардын  аскер  кызматчыларынөзүнүн  аскердик  окуу  жайларында даярдоо үчүн кабыл алуучу Уюмга мүчөмамлекет;     "берүүчү Тарап" - окуу-методикалык пособиелерди, окуу адабияттарынжана окуу-материалдык базанын элементтерин башка Тарапка берүүчү  Уюмгамүчө мамлекет.      2-статья      Окутууунун макулдашылган  адистиктери  жана  программалары  боюнчаУюмга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү, башка аскерлери жана аскер-дик  түзүлүштөрү  үчүн  аскер кадрларын даярдоонун бирдиктүү системасынтүзүү жана өнүктүрүү Тараптардын өзүлөрүнүн максаты.      3-статья      Жиберүүчү Тараптын куралдануусундагы курал-жарактарды  жана  аскертехникаларын,   аскер   аракеттери   театрынын   жана  уюштуруу-штаттыктүзүмүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле жашырындуулук тартибин, чектелгентаратылуудагы кызматтык маалыматтын жана кабыл алуучу Тараптын жашыруунмаалыматын сактоону камсыз кылуу  менен  байланышкан  чектөөлөрдү  эскеалып,  аскер кадрларын даярдоо кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчыларыүчүн иштелип чыккан бирдиктүү окуу пландары жана  программалары  боюнчаконтракттардын негизинде ишке ашырылат:     а) кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары менен бирдикте;     б) өзүнчө,   аскердик   окуу   жайлардын  атайын  факультеттеринде(бөлүмдөрүндө, топторунда).     Кабыл алуучу   Тараптын   жашыруун  маалыматын  түзгөн  кабарлардыберүүнү караган бирдиктүү же өзүнчө  даярдык  2004-жылдын  18-июнундагыЖамааттык  коопсуздук келишим Уюмунун алкагында жашыруун маалыматтардынсакталышын өзара камсыз кылуу жөнүндө Макулдашууну Тараптар  аткаргандагана мүмкүн болот.     Аскер кадрларын даярдоо жана окуу процессин методикалык  камсыздооорус тилинде жүргүзүлөт.     Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчыларынын жашап туруусу кабыл алуу-чу Тарап аркылуу белгиленген шарттарда жана тартипте уюштурулат.      4-статья      Даярдоо төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:     мамлекеттик билим берүү стандартгары тарабынан  белгиленген  адис-тиктер боюнча аскер кадрларына - кесиптик билим берүү мекемелеринде;     илимий-педагогикалык жана илимий кадрларга - ЖОЖдон кийинки кесип-тик билим берүү мекемелеринде;     куралданууну жана аскер техникаларын даярдоо, өндүрүү, пайдалануу,күжүрмөн колдонуу,  оњдоо, жањылоо жана тейлөө боюнча адистерге - аскербөлүктөрүндө,  ошондой эле практикалык машыгууларды (окууларды жана  окатууларды) өткөрүүдө,  анын ичинде башка Тараптын аскердик бөлүгүнө бирТараптын адисин ишсапарлоо жолу менен өткөрүүдө.      5-статья      Аскер кадрларын даярдоо төлөө жүзүндө же кабыл алуучу Тарап  аркы-луу   белгиленген   квота   боюнча,  жењилдетилген  же  акысыз  негиздежүргүзүлөт.     Жењилдетилген негизде даярдоодо окууга кеткен чыгымдар кабыл алуу-чу Тараптардын эсебине, кармоо - жиберүүчү Тараптын эсебине кирет.     Акысыз негизде даярдоодо окууга жана кармоого чыгымдар кабыл алуу-чу Тараптын эсебине кирет.     Аскер кадрларын даярдоонун финансылык жана башка түрлөрү контракт-тык негизде жүргүзүлөт.      6-статья      Окууга табыштаманы жиберүүчү Тарап окуу жылынын 15-январына  чейинкабыл алуучу Тарапка жана Уюмдун Бириккен штабына берет.     Кабыл алуучу Тараптар окуу жылынын 15-майына чейин Уюмдун Бириккенштабы аркылуу Уюмга мүчө мамлекеттерди окууга кабыл алынып жаткан аскеркызматчыларынын саны жөнүндө, анын ичинде жењилдетилген жана акысыз да-ярдоо  квотасы боюнча,  аскердик окуу жайын,  окуунун адистигин жана арбир адистик боюнча сунуш кылынуучу орундардын санын көрсөтүү менен маа-лымдайт.     Кабыл алуучу Тараптар зарылдыгына жараша окууга талапкерлерди тан-доо боюнча сунуштарды (талаптарды) такташат.      7-статья      Окууга талапкерлерди    тандоону    жана    алардын    медициналыккүбөлөндүрүүсүн кабыл алуучу Тараптын  аскердик  окуу  жайларына  кабылалуу шарттарынан жана сунуштарынан чыгып, жиберүүчү Тарап жүргүзөт.     Окууга талапкерлер кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары  мененбирге  аскердик  окуу  жайларына зарыл болгон учурда жиберүүчү Тараптынаймагында кабыл алуучу Тараптын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кабыл  алы-нуучу  тапшыруу экзамендеринин жыйынтыгы боюнча киргизилет.  Бул учурдакабыл алуучу Тараптын өкүлдөрүн ишсапарлоо менен байланыштуу бардык чы-гымдар жиберүүчү Тараптын эсебине кирет.     Кабыл алуучу Тараптын талаптарына жооп бербеген талапкерлер  кабылалуучу  Тараптын  аскер кызматчылары менен бирге окууга Тараптардын ма-кулдашуусу боюнча атайын  факультеттерде  (бөлүмдөрдө,  топтордо)  окууүчүн жиберилиши мүмкүн.     Атайын факультеттерде (бөлүмдөрдө, топтордо) окуу тартиби контрактменен аныкталат.     Кабыл алуучу Тарап өткөргөн медициналык күбөлөндүрүүнүн жана  тес-тирлөөнүн  жыйынтыгы  боюнча  конкреттүү аскердик адистик боюнча окуугажарамсыз деп табылган талапкерлер Тараптардын макулдашуусу боюнча башкааскердик окуу жайларына,  башка адистиктерге же жиберүүчү Тараптын буй-ругуна жиберилиши мүмкүн.     Зарыл болгон учурда, Тараптардын макулдашуусу боюнча жиберүүчү Та-раптын аскер кызматчылары үчүн орус тилин жана жалпы билим  берүү  дис-циплиналарын  кошумча  окуп-үйрөнүү  үчүн  даярдоо курстары уюштурулушумүмкүн.      8-статья      Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчылары окуу мезгилинде кабыл алуучуТараптын мыйзамы менен мүмкүн болгон чекте гарнизондук,  кароолдук жанаички кызматты өтөөгө тартылышы мүмкүн.      9-статья      Аскер кызматчыларына окуусун улантууга жана мурда бекитилген конт-ракттардын  шартында  ушул  Макулдашууга кол койгонго чейин тапшырышканТараптын аскердик окуу жайын аяктоого укук берилет.      10-статья      Тараптар өзара негизде аскердик окуу жайын аяктагандыгы жана  или-мий  даража  ыйгаргандыгы жөнүндө кабыл алуучу Тараптын документтерининэквиваленттүүлүгүн табышат.      11-статья      Тараптар аскер кадрларын даярдоо боюнча улуттук аскердик окуу жай-ларын өнүктүрүүдө өзара жардам көрсөтүшөт.     Бул максатта окуу-методикалык куралдарды,  окуу адабияттарын  жанаокуу-материалдык базанын элементтерин (макеттерди,  стенддерди,  трена-жерлорду ж.б.) берүү өз муктаждыктары үчүн багытталган берүүчү Тараптынтарифтери боюнча акы төлөө негизинде же калдык баа боюнча жүргүзүлөт.     Берүүнүн тартиби берүүчү Тараптын мыйзамына ылайык аныкталат.      12-статья      Бир Тараптын адистерин башка тараптын аскердик окуу жайларына оку-туу үчүн жиберүү контракттардын негизинде жүргүзүлөт.      13-статья      Аскер кадрларын  даярдоонун  өзгөчөлүктөрү  менен байланышкан жанаушул Макулдашуу менен каралбаган маселелер контракттарда чечилет.      14-статья      Бул Макулдашуу боюнча Тараптардын милдеттери башка эларалык  кели-шимдер  боюнча эларалык келишимдердин катышуучусу болуп саналган Тарап-тардын милдеттерине зыян келтирбейт.      15-статья      Бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө прото-колдор  менен  таризделүүчү  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизилишимүмкүн жана ушул Макулдашуунун 17-статьясында каралган тартипте  күчүнөкирет.      16-статья      Бул Макулдашууну колдонууга жана талкуулоого байланышкан талаш ма-селелер таламдаш болгон Тараптардын кењеш берүү жана сүйлөшүү жолу  ме-нен чечилет.      17-статья      Бул Макулдашуу  күчүнө  кириши  үчүн зарыл болгон ички мамлекеттикжолжоболорду  кол  койгон  Тараптар  аткаргандыгы  жөнүндөтөртүнчү  катжүзүндөгү билдирүүсүн депозитарий алган датадан баштап күчүнө кирет.     Зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболорду кечирээк  аткарган  Та-раптар  үчүн  ушул Макулдашуу депозитарийге тиешелүү кат жүзүндөгү бил-дирүү берген датадан баштап күчүнө кирет.      18-статья      Бул Макулдашуунун аракети учурунда пайда  болгон  финансылык  жанабашка милдеттенмелерди жөнгө салып,  чыкканга 6 айдан кеч эмес калгандадепозитарийге кат жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү менен ушул Макулдашууданар бир Тарап чыгып кете алат.      2005-жылдын 23-июнунда Москва шаарында орус тилинде бир түпнускадатүзүлдү.  Бул Макулдашуунун түпнускасы Жамааттык коопсуздук жөнүндө ке-лишим  Уюмунун Секретариатында сакталат,  ал күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнушул Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке жиберет.      Армения Республикасы үчүн              Кыргыз Республикасы үчүн     Беларусь Республикасы үчүн             Россия Федерациясы үчүн     Казакстан Республикасы үчүн            Тажикстан Республикасы үчүн