Исламабад шаары2005-жылдын 18-январы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Преамбула Биринчи глава. Макулдашууну колдонуу чөйрөсү Экинчи глава. Аныктамалар Үчүнчү глава. Кирешеге салык салуу Төртүнчү глава. Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмалары Бешинчи глава. Корутунду жоболор Преамбула Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам РеспубликасынынӨкмөтү кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнүболтурбай коюу жөнүндө Макулдашуу түзүүнү каалап жана эки өлкөнүн орто-сундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыњдоого каратаөзүнүн умтулгандыгын ырастоо менен төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты: Биринчи глава Макулдашууну колдонуу чөйрөсү 1-статья. Макулдашуу колдонула турган жактар Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин жактарына кара-та колдонулат. 2-статья. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар 1. Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттин, анын администрациялыкже саясий кичи бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынаналарды алуунун ыкмасына карабастан Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагымыйзамдарына ылайык алынуучу кирешеден алынуучу салыктарга карата кол-донулат. 2. Кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтериненалынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүээликтен ажыратуудан алынуучу салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчүэмгек акы фондусунан алынуучу салыктар кирешеден алынуучу салыктар депэсептелет. 3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган орун алган салыктар, атап айт-канда, төмөндөгүлөр болуп эсептелет. а) Кыргыз Республикасы жагынан алганда: юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешесинен алынуучу салык; жеке жактардан алынуучу киреше салыгы; (мындан ары "Кыргызстандын салыктары" деп аталат) б) Пакистан жагынан алганда - киреше салыгы; (мындан ары "Пакистандын салыгы" деп аталат 4. Ушул Макулдашуу ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлганданкийин орун алган салыктарга кошумча түрдө же алардын ордуна алына тур-ган ар кандай ушуга окшош же мањызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга ка-рата колдонулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдарыөздөрүнүн салыктык мыйзамдарына киргизиле турган олуттуу өзгөрүүлөржөнүндө бири-бирине билдирүүгө тийиш. Экинчи глава Аныктамалар 3-статья. Жалпы аныктамалар 1. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунунмаксатында: а) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Геог-рафиялык мааниде алганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз РеспубликасыЭл аралык укукка ылайык суверендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгөашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдары колдонул-ган аймакты билдирет. б) "Пакистан" деген термин географиялык мааниде пайдаланганда Па-кистан Ислам Республикасынын Конституциясында аныкталгандай Пакистандыбилдирет жана Пакистандын мыйзамдарына жана эл аралык укукка ылайык Па-кистан өзүнүн суверендүү укугун жана юрисдикциясын дењиздин түбүндөгү,жердин казынасындагы жана анын үстүндөгү акваторийдеги табигый ресурс-тарга карата жүзөгө ашырып жаткан аймак болуп эсептелген Пакистандынаймактык сууларынан тышкаркы ар кандай аймакты камтып турат; в) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кан-дай башка бирикмесин камтып турат. г) "компания" деген термин салык салуу максатында корпоративдүүбирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандайуюмду билдирет. д) "Макулдашкан Мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекет" дегентерминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Пакистанды билди-рет; е) "Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи МакулдашканМамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан Мамле-кеттин резиденти тарабынан башкарылган ишкананы жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет; ж) "эл аралык ташуу" деген термин дењиз же аба кемеси же жердегитранспорт жалањ гана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин пункттарынын орто-сунда гана пайдаланылгандан башка учурларда, Макулдашкан Мамлекетте на-тыйжалуу башкарылган ишкана тарабынан пайдаланылган ар кандай дењиз жеаба кемеси же жердеги транспорт менен ташууну билдирет; з) "компетенттүү орган" деген термин: 1. Кыргыз Республикасында Финансы министрлигин же анын ыйгарымукуктуу өкүлүн; 2. Пакистанда Кирешелер боюнча Борбордук комитетти же анын ыйгарымукуктуу өкүлүн билдирет; и) "улуттук жак" деген термин: 1. Макулдашкан Мамлекеттин граждандыгына ээ болгон ар кандай жекежакты; 2. Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүнстатусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктикти же ассоциацияныбилдирет. 3. Ушул Макулдашууну Макулдашкан Мамлекет тарабынан колдонуунун аркандай учурунда, эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, анда анык-талган ар кандай термин ушул Мамлекеттин мыйзамы боюнча ошол учурдаушул Макулдашуу жайылтыла турган салыктарга карата кандай мааниде бол-со, ушул Мамлекеттин тиешелүү салыктык мыйзамдарында аныкталган ар кан-дай мааниге ээ болот, ал ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аныктал-ган мааниден артыкчылык кылат. 4-статья. Резидент 1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашкан Мамлекеттин ре-зиденти" деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнүн ту-руктуу жашаган жеринин, туруктуу жүргөн жеринин, башкаруучу ордунун се-беби боюнча же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча салык салыну-уга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле ушул Мамлекеттижана анын ар кандай администрациялык же саясий кичи бөлүмүн же бийлик-тин жергиликтүү органын камтып турат. Ушул термин ушул Мамлекеттеги бу-лактардан алынган кирешелер жагында гана ушул Мамлекетте салык салынуу-га тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт. 2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки МакулдашканМамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй түрдөаныкталат: а) ал өзүнүн туруктуу жашаган жери бар Мамлекеттин резиденти депэсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте тењ туруктуу жашаган жери болсо,ал өзү алда канча тыгыз жеке жана экономикалык байланышы бар (турмуштукталамдардын борбору) Мамлекеттин резиденти деп эсептелет; б) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору бар Мамлекет аныкта-лышы мүмкүн болбосо, же болбосо анын ушул Мамлекеттердин биринде дагытуруктуу жашаган жери болбосо, ал адатта өзү жашаган Мамлекеттин рези-денти деп эсептелет; в) эгерде ал адатта эки Мамлекетте тењ жашаса, же болбосо анын би-ринде да жашабаса, ал өзү гражданы болуп эсептелген Мамлекеттин рези-денти деп эсептелет; г) эгерде ал эки Мамлекеттин гражданы болуп эсептелсе, же болбосоалардын биринин да гражданы болбосо, Макулдашкан Мамлекеттин компе-тенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет. 3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбегенжак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал анын на-тыйжалуу башкаруучу жери жайгашкан Мамлекеттин резиденти деп эсептелет. 5-статья. Туруктуу мекеме 1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген тер-мин ишкананын ишкерлик кылуу иши толук же жарым жартылай жүзөгө ашыры-лып жаткан туруктуу иштеген жерди билдирет. 2. "Туруктуу мекеме" деген термин негизинен төмөндөгүлөрдү: а) башкаруучу жерди; б) бөлүмчөнү; в) кењсени; г) фабриканы; д) чеберкананы; е) туруктуу соода чекитин; з) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же табигый ресурс-тарды казып алуучу башка жерди; жана ж) айыл чарбасындагы, жайыттагы же токойдогу менчикти камтып ту-рат. 3. "Туруктуу мекеме" деген термин ошондой эле: а) курулуш аянтчасын, курулуш, монтаждоо же жыйноочу объектини жеага байланыштуу көзөмөлдөө ишин камтып турат, бирок эгерде мындай аянт-ча же объект же ушундай иш 6 айдан ашык улантылган учурда гана камтыйт; б) кызматтарды көрсөтүүнү, анын ичинде ишкана тарабынан кызматчы-лар же башка ушундай максаттар үчүн ишкана тарабынан жалданган персоналаркылуу берилген консультацияларды камтып турат, бирок ал ушундаймүнөздөгү иш (ушундай же аны менен байланыштуу долбоор үчүн) өлкөнүнаймагында жалпысынан алганда 3 айдан ашык мезгилдин же мезгилдердиничинде улантылган учурда гана камтыйт. 4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме"деген термин төмөндөгүлөрдү: а) курулуштарды жана жабдууларды жалањ гана ишканага таандык бол-гон товарларды же буюмдарды сактоо же көрсөтүү максатында пайдаланууну; б) ишканага жалањ гана сактоо же көрсөтүү максаты үчүн таандыкболгон товарлардын же буюмдардын запастарын күтүүнү; в) ишканага жалањ гана башка ишканалар үчүн кайра иштетүү максатыүчүн таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын күтүүнү; г) иштин туруктуу ордун жалањ гана ишкана үчүн товарларды же буюм-дарды сатып алуу же болбосо маалымат жыйноо максаты үчүн күтүүнү; д) иштин туруктуу ордун жалањ гана ар кандай башка даярдоочу жекөмөкчү мүнөздөгү ишти аткаруу үчүн жүзөгө ашыруу максатында күтүүнүкамтыбайт. 5. 1 жана 2-пункттардын жобосуна карабастан, эгерде өзүнө карата7-пункт колдонула турган көз карандысыз статусу бар агенттен башка жакөзүнүн Макулдашкан Мамлекеттеги ишин экинчи Макулдашкан Мамлекеттин иш-канасынын атынан жүзөгө ашырса, анда бул ишкана биринчи аталган Макул-дашкан Мамлекетте ушул жак ишкана үчүн ишке ашырган ар кандай ишке ка-рата туруктуу мекемеси бар катары каралат, эгерде мындай жактын: а) эгерде ушул жактын иши 4-пунктта айтылгандар менен чектелсе,эгерде туруктуу турган жери аркылуу жүзөгө ашырылса, иштин ушул турук-туу ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айландыр-гандан башка учурларда, ушул Мамлекетте ишкананын атынан контракттүзүүгө ыйгарым укугу болсо жана адатта аны пайдаланса; б) эч кандай ыйгарым укуктарга ээ болбосо, бирок адатта биринчиайтылган Мамлекетте товарлардын же буюмдардын запастарын күтсө, аларданишкананын атынан товарларды жана буюмдарды үзбөй жөнөтүп турса. 6. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мам-лекеттин камсыздандыруу компаниясы кайра камсыздандыруудан башка учур-ларда, эгерде ал ушул башка мамлекеттин аймагында камсыздандыруу сыйакыларын чогултса же өзүнө карата 7-пункт колдонула турган көз каранды-сыз агентке караганда башка жак аркылуу камсыздандыруу тобокелинжүргүзсө, экинчи Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катарыэсептелет. 7. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан Мамле-кетте туруктуу мекемеси мына ушул Мамлекетте ишкердик кылууну брокер,комиссиялык агент, же болбосо көз карандысыз статусу бар башка агентаркылуу жүзөгө ашыргандыгы үчүн гана, мындай жактар өзүнүн адаттагыишинин алкагында аракеттенген шартта, экинчи Макулдашкан Мамлекетте ту-руктуу мекемеси бар деп эсептелбейт. Бирок ушундай агенттин иши ушулишкананын атынан толук же дээрлик толук жүзөгө ашырылган кезде жанаушул ишкана менен агенттин ортосундагы алардын коммерциялык жана финан-сылык мамилелеринин белгиленген шарттары көз карандысыз ишканалардынортосунда белгиленгенге караганда айырмаланса, анда ал ушул пункттунмаанисинде алганда, ал көз карандысыз статусу бар агент катары карал-байт. 8. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания та-рабынан контролго алынса же котролдонсо, же ушул башка мамлекетте иш-кердик кылууну жүзөгө ашырса (же болбосо туруктуу мекеме аркылуу, жеболбосо башкача түрдө), өзүнөн өзү ушул компаниялардын бирин экинчиМамлекеттин туруктуу компаниясына айландырбайт. Үчүнчү глава Кирешеге салык салуу 6-статья. Кыймылсыз мүлктөн алынган киреше 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи МакулдашканМамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (анын ичинде айыл же токой чар-басынан алынган киреше) алынган кирешеге мына ушул экинчи Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 2."Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Ма-кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча ээ болгон мааниге ээ болот. Бултермин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катарында бол-гон мүлктү, айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малды жана жабду-уларды, менчик жерге карата жалпы укуктун жолжоболору колдонула турганукуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык ресурстардыиштеп чыгуу же иштеп чыгуу укугу үчүн компенсация катарындагы белгилен-ген төлөмдөрдү, табигый кендин булактарын жана башкаларды камтып турат;дењиз, дарыя жана суу кемелери же жердеги транспорт кыймылсыз мүлк ка-тары каралбайт. 3. Биринчи пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү кандайдыр бир башкаформада тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алын-ган кирешеге карата колдонулат. 4. 1 жана 3-пункттардын жоболору, ошондой эле ишкананын кыймылсызмүлктөн алынган кирешелерине карата жана көз карандысыз жеке кызматтар-ды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелергекарата колдонулат. 7-статья. Ишкердик кылуудан түшкөн пайда 1. Эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкантуруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылууну жүзөгө ашырбаса, МакулдашканМамлекеттин ишканасынын пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат.Эгерде ишкана өзүнүн ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырса, ишкананынпайдасына мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок анынтөмөндөгүлөргө таандык болгон бөлүгүнө гана салык салынат: а) ушундай туруктуу мекемеге; б) туруктуу мекеме аркылуу сатылган товарларга же буюмдарга ылайыккелген же окшош товарларды жана буюмдарды мына ушул мамлекетте сатууга; с) мына ушул экинчи Мамлекетте жүзөгө ашырылган, өзүнүн мүнөзү бо-юнча ушундай туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик кылууменен өзүнүн мүнөзү боюнча ылайык келген же окшош болгон башка ишкердиккылууга . 2. 3-пункттун жоболорун эске алганда, эгерде Макулдашкан Мамлекет-тин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылууну ал жердежайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдаш-кан Мамлекетте ушул туруктуу мекемеге карата, эгерде ал ушундай эле ок-шош ишти же ушул сыяктуу шарттарда иштесе жана өзү туруктуу мекемесиболгон ишканага толук көз каранды болуп иш жүргүзсө, ал алууга тийишболгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык кылынат. 3. а) туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменинмаксаттары үчүн тартылган чыгымдарды эсептен чыгарып салууга жол бери-лет, анын ичинде бул чыгымдардын туруктуу мекеме жайгашкан жердеги мам-лекетте тартылгандыгына же кайсы жерде болсо да тартылгандыгына кара-бастан башкаруу жана жалпы администрациялык чыгымдарды камтып турат, алтуруктуу мекеме жайгашкан Макулдашкан Мамлекеттин ички мыйзамдарынынжобосуна ылайык көрсөтүлөт. б) бирок мындай эсептен чыгарып салууга туруктуу мекеме тарабынанишкананын башкы офисине же анын башка ар кандай офистерине роялти, па-тенттерди же башка укуктарды пайдалануунун ордуна сый акыларды же башкаушул сыяктуу төлөмдөр же кызмат көрсөтүү үчүн комиссиялык төлөмдөр жебашкаруу үчүн төлөмдөрдүн суммасына карата (фактылай чыгымдардын ордунтолтуруудан башка) жол берилбейт, туруктуу мекемеге заем катарында бе-рилген сумманын проценттерин төлөө катарындагы банк мекемелери кирбейт.Ошондой эле туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеме тара-бынан ишкананын башкы офисине же башка офистерине роялти, патенттердиже башка укуктарды пайдалануунун ордуна сый акылар же башка ушул сыяк-туу төлөмдөр же көрсөтүлгөн кызматтар же башкаруу үчүн комиссиялыктөлөмдөр катарында төлөнгөн суммалар (фактылай чыгымдардын ордун толту-руудан башка) эсепке алынбайт, буга ишкананын башкы офисине же анынбашка ар кандай офистерине заем катары берилген сумманын проценттеринтөлөө катарындагы банк мекемелери кирбейт. 4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандыккылынган пайданы анын ар кандай кичи бөлүмдөрү боюнча ишкананын пайда-сынын жалпы суммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныктооадаттагы практика болуп саналса, ушул статьянын 2- пунктундагы эч нерсеМакулдашкан Мамлекетке бул адатта кабыл алынгандай салык салынуучу пай-даны ушундай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүнтандалып алынган ыкмасы ушул статьяда камтылган принциптерге ылайыккелген натыйжаларга алып келүүгө тийиш. 5. Бир дагы пайда аталган туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүнжасалган товарларды же буюмдарды жөнөкөй сатып алуунун себеби боюнчатуруктуу мекемеге эсептелбейт. 6. Мурдагы пункттардын максаты үчүн туруктуу мекемеге таандык кы-лынган пайда, эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жанажетиштүү негиздер жок болсо, жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат. 7. Эгерде пайда кирешенин элементтерин же ушул Макулдашуунун башкастатьяларында өзүнчө каралган кирешени камтып турса, анда ушул стать-ялардын жоболору ушул статьянын жоболоруна тиешелүү болбойт. 8-статья. Эл аралык ташуулар 1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташуудааба кемелерин же жердеги транспортту пайдалануудан алган пайдасына иш-кананы натыйжалуу башкаруу жайгашкан жердеги Макулдашкан Мамлекетте га-на салык салынат. 2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген транспорттукишкана тарабынан эл аралык ташууларда товарларды же буюмдарды транс-порттоо үчүн пайдаланылуучу контейнерлерди (трайлерлерди жана контей-нерлерди транспорттоо үчүн башка жабдууларды кошкондо) пайдаланууданжана ижарага берүүдөн алынган пайдасына контейнерлер жалањ гана экинчиМакулдашкан Мамлекеттин аймагында пайдаланылгандан башка учурларда, мы-на ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 3. 1 жана 2-пункттардын жоболору, ошондой эле пулга катышуудан,бирегелешкен ишканадан, же болбосо транспорт каражаттарын пайдалануубоюнча эл аралык уюмдан түшкөн пайдага да жайылтылат. 9-статья. Ассоциацияланган ишканалар 1. Эгерде: а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттинишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына тикелей же кыйыр түрдөкатышса; же б) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын, ошондой элеэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого жекапиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса, жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы алардын коммерциялыкжана финансылык өз ара мамилелеринде көз карандысыз эки ишкананын орто-сундагы шарттан айырмаланган шарттар түзүлөт же белгиленет, мында алар-дын бирине чегерилүүгө тийиш болгон ар кандай пайда ушул шарттардын барболгондугунан улам ага чегерилбесе, ушул ишкананын пайдасына киргизили-ши жана тиешелүү түрдө салык салынышы мүмкүн. 2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайда-сын киргизсе жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасына тиешелүүтүрдө мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынса жана ушундай жол мененкиргизилген пайда, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар көзкарандысыз ишканалардын ортосундагы шарттар сыяктуу болсо, анда ушулэкинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына тиешелүү кор-ректировка киргизат. Ушундай корректировканы аныктоодо ушул Макулдашуу-нун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердинкомпетенттүү органдары зарылдыгына жараша бири-бири менен консультацияөткөрүп турат. 10-статья. Дивиденддер 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынанэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге мынаушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайыкдивиденд төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамле-кетте да салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээсиэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда ушундайжол менен алынган салык дивиденддердин жалпы суммасынын 10%инен ашпооготийиш. Бул пункт компаниянын дивиденддер төлөнгөн пайдасы жагына тиешелүүболбойт. 3. "Дивиденддер" деген термин ушул статьяда пайдалануу үчүн акция-лардан, "жуиссанс" акциялардан же "жуиссанс" укуктарынан, кен казыпалуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же пайда-га катышкан карыздык милдеттенмелер болуп эсептелбеген башка укуктар-дан, ошондой эле салык салуу жагында пайданы бөлүштүрүүчү компания ре-зиденти болуп эсептелген ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялар-дан алынуучу кирешелерге салык салуу жагына тењештирилген башка корпо-ративдик укуктардан алынуучу кирешелерди билдирет. 4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылуу ишинжүзөгө ашырса, анда дивиденддерди төлөгөн компания анда жайгашкан ту-руктуу мекеме аркылуу мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуубазадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана өзүнө карата ди-виденддер төлөнгөн холдинг чынында эле туруктуу мекеме же туруктуу базаменен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт.Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьялардын жоболору колдону-лат. 5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген ком-пания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, анда ушулэкинчи Мамлекет, эгерде дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттинрезидентине төлөнгөндөн же өзүнө карата дивиденддер төлөнө турган хол-динг чынында эле мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме-ге же туруктуу базага таандык болсо жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөнпайдасынан бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык сала албайт, а түгүл эгердетөлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда мына ушул экинчи Мамле-кетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толук же жарым-жартылай турсадагы компания тарабынан төлөнгөн дивиденддерден ар кандай салыкты алаалбайт. 11-статья. Проценттер 1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резидентине төлөнүүчү проценттерге мына ушул экинчи Мамле-кетте салык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай проценттерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайыкалар келип чыккан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирокпроценттердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиден-ти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык проценттердинжалпы суммасынын 10 процентинен ашпайт. 3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте келипчыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин өкмөтүнө же Борбордук банкы-на төлөнүүчү проценттер биринчи аталган Макулдашкан Мамлекетте салыксалуудан бошотулат. 4. "Проценттер" деген термин ушул статьяда пайдаланганда, күрөөменен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган карызгорлордун пайдасына ка-тышууга укук берген же укук бербеген, атап айтканда өкмөттүк баалуу ка-газдардан алынган кирешелерди жана облигациялардан же карыздык милдет-тенмелерден алынган кирешелерди, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, об-лигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларды жана утуштар-ды камтыган ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан алынган кирешенибилдирет. 5. Эгерде проценттердин иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамле-кеттин резиденти болуу менен ишкердик кылууну экинчи Макулдашкан Мамле-кетте жүзөгө ашырса, анда ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуупроценттер келип чыкса, же болбосо мына ушул экинчи мамлекетте жайгаш-кан туруктуу базада көз карандысыз жеке кызматтарды жана өзүнө каратапроценттер төлөнө турган карыздык талаптарды көрсөтсө, алар чындыгындаэле: а) ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен же б) 7-стать-янын 1-пунктундагы (с) пунктчасында аталган ишкердик кылуу менен байла-ныштуу болсо 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурдажагдайларга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат. 6. Эгерде төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, про-центтер Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Эгерде про-центтерди төлөөчү жак Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгондугуна жеболбогондугуна карабастан Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге жетуруктуу базага ээ болсо, ага байланыштуу проценттер төлөнө турган ка-рыз келип чыкса жана ушул проценттерди төлөө боюнча чыгымдарды ушундайтуруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай проценттер турук-туу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсеп-телет. 7. Эгерде проценттерди төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсининортосундагы өзгөчө өз ара мамилелердин себеби боюнча же алардын экөөнүнортосунда же кандайдыр бир жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелер-дин себеби боюнча карыздык милдеттемеге таандык болгон анын негизиндетөлөнгөн проценттердин суммасы проценттерди төлөөчү менен анын ишжүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган суммадан ашып кетсе, мындаймамилелер жок болгон учурда, ушул статьянын жоболору акыркы эскертилгенсуммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн зыян келтирүүчүбөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарынаылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу ме-нен салык салууга жатат. 12-статья. Роялти 1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге мына ушул экинчи Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай роялтиге ал ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайыккелип чыккан Макулдашкан Мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирокэгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин рези-денти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык роялтининжалпы суммасынын 10%инен ашпоого тийиш. 3. "Роялти" деген термин ушул статьяда пайдаланганда адабияттын,искусствонун же илимий эмгектердин, анын ичинде кинофильмдердин, филь-мдердин же телекөрсөтүү же радиоуктуруу үчүн жазуулардын, кандайдыр бирпатенттердин, соода маркаларынын, дизайндын же моделдин пландын, жашы-руун формуланын же процесстин же өнөр жайлык, коммерциялык же илимийжабдууну пайдалануу укугун пайдалануу же берүү үчүн же өнөр жайлык,коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматты берүүнүн ар кан-дай түрлөрүнө автордук укукту пайдалануу укугун пайдалануу же берүүүчүн сый акы түрүндө алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет. 4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин ре-зиденти болуу менен ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялтикелип чыккан экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылууну жүзөгөашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте ал жерде жайгашкан ту-руктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана аларга ка-рата роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк чындыгында эле: а) ушундай ту-руктуу мекеме же туруктуу база менен, же б) 7-статьянын 1-пунктунун (с)пунктчасында аталган ишкердик кылуу менен байланышта болсо 1 жана2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7же 14-статьялардын жоболору колдонулат. 5. Эгерде роялтини төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсеп-телсе, роялти Макулдашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирокэгерде роялти төлөгөн жак Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгондугу-на же болбогондугуна карабастан Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекеме-ге же туруктуу базага ээ болсо, аларга байланыштуу роялти төлөө милдет-тенмеси келип чыкса, ушул роялтини төлөө боюнча чыгымдарды ушундай ту-руктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай роялти туруктуу ме-кеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. 6. Эгерде роялтини төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин жеалардын экөөнүн ортосундагы же кандайдыр бир башка жактын ортосундагыөзгөчө мамилелердин себеби боюнча ал негизинде төлөнүп жаткан укукту жемаалыматты пайдаланууга тиешелүү болгон роялтинин суммасы роялтинитөлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылгансуммадан ашып кетсе, ушундай мамилелер жок болгон учурда, анда ушулстатьянын жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат.Мындай учурда төлөмдүн зыян тартуучу бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Ма-кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жо-болорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш. 13-статья. Мүлктүн наркынын өсүшүнөн алынган кирешелер 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи МакулдашканМамлекете жайгашкан, 6-статьяда эскертилген кыймылсыз мүлктү ээликтенажыратуудан алган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышымүмкүн. 2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттеээ болгон туруктуу мекеменин ишкерлик кылуучу мүлкүнүн, экинчи Макул-дашкан Мамлекеттеги Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин карамагындаболгон туруктуу базага тиешелүү болгон көз карандысыз жеке кызматтардыкөрсөтүү максатындагы кыймылсыз мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн кыймылсызмүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге, анын ичинде ушундайтуруктуу мекемени ээликтен ажыратуудан алынган (ишканадан өзүнчө жебардык ишкана менен чогуу) алынган кирешеге, же болбосо ушундай турук-туу базага мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 3. Эл аралык ташууларда пайдаланылган дењиз, дарыя жана аба кеме-лерин же жердеги транспортту же ушундай дењиз, дарыя жана аба кемелеринже жердеги транспортту пайдаланууга байланыштуу кыймылсыз мүлктү ээлик-тен ажыратуудан алынган кирешелерге ишкананы натыйжалуу башкаруучу жержайгашкан ошол Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 4. Активдери тикелей же кыйыр түрдө, толугу менен же негизиненэкинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн турган акция-ларды же компаниянын башка корпоративдик укуктарын ээликтен ажыратууданалынган кирешелерге, мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилбеген кандайдыр бир мүлктүээликтен ажыратуудан алынган кирешеге мүлктү ээликтен ажыраткан жак ре-зиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 14-статья. Көз карандысыз жеке кызматтар 1. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кесиптик кызматтардыкөрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү ушул сыяктуу башка иштерди жа-соодон алган кирешесине мындай кирешеге башка Макулдашкан Мамлекетте дасалык салынгандан башка учурларда, мына ушул Мамлекетте гана салык са-лынат: а) эгерде ал башка Макулдашкан Мамлекетте анын ишин жүргүзүү мак-сатындагы өзүнө үзгүлтүксүз түрдө мүмкүнчүлүгү болгон туруктуу базагаээ болсо; мындай учурда ушул туруктуу базага таандык кылынган кирешенинбир бөлүгүнө гана экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн;же б) Эгерде анын экинчи Макулдашкан Мамлекетте болушу ар кандай тие-шелүү финансылык жылда жыйынтыгында келип 183 күндү түзгөн же андан аш-кан мезгилдин же мезгилдердин ичинде улантылса; мындай учурда анын ки-решесинин экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги ишинен алынган кирешесининошол бөлүгүнө гана мына ушул Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. "Кесиптик кызматтар" деген термин, атап айтканда, көз каранды-сыз илимий, адабий, артистик, билим берүүчү же педагогикалык ишти,ошондой эле врачтардын, юристердин, инженерлердин, архитекторлордун,стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтып турат. 15-статья. Көз каранды жеке кызматтар 1. 16,18 жана 19-статьялардын жоболорун эске алуу менен Макулдаш-кан Мамлекеттин резиденти тарабынан жалдоо боюнча ишке байланыштууалынган эмгек акыга, маянага же башка ушул сыяктуу сый акыга, эгердежалдоо боюнча иш экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, ушулМамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалдоо боюнча иш ушундай түрдөжүзөгө ашырылса, ушуга байланыштуу алына турган сый акыга мына ушулэкинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин рези-денти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалдообоюнча ишке байланыштуу сый акыга биринчи эскертилген мамлекетте ганасалык салынат, эгерде: а) эгерде аны алуучу экинчи Макулдашкан Мамлекетте тиешелүү финан-сылык жылдын ичинде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилдин жемезгилдердин ичинде болсо; жана б) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоо-чу же жалдоочунун атынан төлөнсө, жана в) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме жетуруктуу база тарабынан төлөнбөсө. 3. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташуу-ларда пайдаланылган дењиз, дарыя же аба кемесинин же жердеги транспорт-тун бортунда жүзөгө ашырылган жалдоо боюнча ишке байланыштуу сый акыгаишкананы натыйжалуу башкарган жер жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте са-лык салынышы мүмкүн. 16-статья. Директорлорго жана жогорку кызматты ээлеген кызматкерлерге сый акы берүү 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи МакулдашканМамлекеттин резиденти болуп эсептелген компаниянын директорлор кењеши-нин мүчөсү катары алуучу директордук жана ошол сыяктуу төлөмдөрүнө мынаушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Мамлекеттинрезиденти болуп эсептелген компаниядагы жогорку кызматты ээлеген кыз-маткер катары алуучу маянасына, эмгек акысына жана ушул сыяктуу сыйакыларына мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 17-статья. Артисттер жана спортчулар 1. 14 жана 15-статьялардын жоболоруна карабастан искусствонун кыз-маткери катары, театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артистикатары же музыкант, спортчу катары экинчи Макулдашкан Мамлекетте жекеишинен алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышымүмкүн. 2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушулөзүнүн сапатында жүзөгө ашырылган жеке ишинен алынган киреше артистинже спортчунун өзүнө эмес, башка жакка чегерилсе, анда 7, 14, 15-стать-ялардын жоболоруна карабастан, бул кирешеге артисттин же спортчунун ишижүзөгө ашырылган Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 3. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи МакулдашканМамлекетте ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралгандай жүзөгө ашы-рылган иштен алынган кирешеси, эгерде анын ушул Мамлекетте болушу толу-гу менен же негизинен биринчи эскертилген Макулдашкан Мамлекеттин мам-лекеттик фонддорунун каражаттарынан финансыланса же Макулдашкан Мамле-кеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий иш-чараларга же Макулдашуу-ларга ылайык жүзөгө ашырылса, мына ушул экинчи Мамлекетте салык салуу-дан бошотулат. 18-статья. Пенсиялар, аннуитет жана социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөр 1. 19-статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык Макулдашкан Мамле-кеттин резидентине жалдоо боюнча мурда жүзөгө ашырган иши үчүн төлөнгөнпенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга жана аннуитетке мынаушул Мамлекетте гана салык салынат. 2. 1-пункттун жоболоруна карабастан Макулдашкан Мамлекеттин жеанын администрациялык же саясий кичи бөлүмүнүн же жергиликтүү бийликорганынын социалдык камсыздоо системасынын бир бөлүгү болуп эсептелгенМамлекеттик программага ылайык жүзөгө ашырылган, төлөнүүчү пенсияларгажана башка төлөмдөргө мына ушул Мамлекетте гана салык салынат. 3. "Аннуитет" деген термин өмүр бою же болбосо аныкталган же айкынбелгиленген мезгилдин ичинде акчалай же нарктык мааниде адекваттуу жетолук сый акынын ордуна төлөмдөрдү жүргүзүү милдеттенмесине ылайык мез-гил-мезгили менен белгиленген убакытта төлөнүүгө тийиш болгон белгилен-ген сумманы билдирет. 19-статья. Мамлекеттик кызмат 1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык же саясий кичибөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан жеке жакка ушул Мамлекет-ке же анын кичи бөлүмүнө же бийлик органына көрсөткөн кызматына карататөлөнүүчү пенсиядан башка эмгек акыга, маянага же башка ушул сыяктуусый акыга ушул Мамлекетте гана салык салынат. 6) бирок эгерде кызмат мына ушул башка Мамлекетте жүзөгө ашырылсажана жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти болсо, ал: 1) ушул Мамлекеттин гражданы болсо; же 2) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул мамлекеттин рези-денти болбой калса мында эмгек акыга, маянага же башка ушул сыяктуу сыйакыга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 2. а) жеке жакка ушул мамлекет же анын кичи бөлүмү же жергиликтүүбийлик органы үчүн аткарган кызматы үчүн Макулдашкан Мамлекет же анынадминистрациясы же саясий кичи бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы жеалар тарабынан түзүлгөн фонддор тарабынан төлөнүүчү ар кандай пенсиягамына ушул мамлекетте гана салык салынат. б) бирок мындай пенсияга эгерде жеке жак мына ушул башка Мамлекет-тин резиденти же гражданы болуп саналса, экинчи Макулдашкан Мамлекеттегана салык салынат. 3. 15, 16 жана 17-статьялардын жоболору Макулдашкан Мамлекеттин жеанын администрациялык же саясий кичи бөлүмүнүн же жергиликтүү бийликорганынын ишкердик кылуу ишин аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылганкызматы үчүн эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыга жа-на пенсияларга карата колдонулат. 20-статья. Студенттер Макулдашкан Мамлекетке түздөн-түз келердин алдында экинчи Макул-дашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болуп эсептелген жана биринчиаталган Мамлекетте жалањ гана окуу же билим алуу максатында жүргөн сту-дент, үйрөнчүк же практикант тарабынан алынган жана жашоо, окуу жанабилим алуу максаты үчүн арналган төлөмдөргө мындай төлөмдөр ушул Мамле-кеттин чегинен тышкары турган булактардан келип чыккан шартта, салыксалынбайт. 21-статья. Башка кирешелер 1. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнөалардын келип чыгуу булагына карабастан ушул Макулдашуунун мурдагыстатьяларында аталган кирешелердин түрлөрүнө мына ушул Мамлекетте ганасалык салынууга тийиш. 2. Эгерде мындай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуумекеме аркылуу ишкердик кылууну жүзөгө ашырса же мына ушул экинчи Мам-лекетте ал жерде жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз кызмат-тарды көрсөтсө жана аларга байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чы-нында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышууболсо, 6-статьянын 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынган ки-решелерден тышкаркы кирешелерге карата 1-пункттун жоболору колдонул-байт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьялардын жоболоруколдонулат. 3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамле-кеттин резидентинин ушул Макулдашуунун мурдагы статьяларында каралбаганжана экинчи Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан кирешелеринин түрлөрүнөда мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. Төртүнчү глава Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмалары 22-статья. Кош салык салууну четтетүү Кыргызстанга карата алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй четтети-лет: а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболорунаылайык Пакистанда салык салынбай турган кирешени алса, Кыргызстан ушулрезиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Пакистанда төлөнгөн кирешесалыгына бирдей болгон сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептен чыгарылган салыктынөлчөмү ушундай кирешеге Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча чеге-рилген эњ аз салыктан жогору болбоого тийиш. б) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболорунаылайык Пакистанда гана салык салына турган кирешени алса, Кыргызстанушул кирешени салык салуунун базасына киргизиши мүмкүн, бирок ал Кыр-гызстанда салык салынууга тийиш болгон ушундай кирешеден алынуучу са-лыктын ставкаларын белгилөө максатында гана жүргүзүлөт. 2. Пакистанга карата алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй түрдөчеттетилет: а) эгерде Пакистандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ыла-йык Кыргызстанда салык салынбай турган кирешени алса, Пакистан ушул ре-зиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Кыргызстанда төлөнгөн кирешесалыгына бирдей сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептен чыгарылган салыктынөлчөмү ушундай кирешеге Пакистанда колдонулган ставкалар боюнча чеге-рилген эњ аз салыктан жогору болбоого тийиш. б) эгерде Пакистандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ыла-йык Кыргызстанда гана салык салына турган кирешени алса, Пакистан ушулкирешени салык салуунун базасына киргизиши мүмкүн, бирок ал Пакистандасалык салынууга тийиш болгон ушундай кирешеден алынуучу салыктын став-каларын белгилөө максатында гана жүргүзүлөт. 3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын максаттары үчүн Макулдаш-кан Мамлекетте төлөнүүгө тийиш болгон салык төлөнүүгө тийиш болгон аркандай сумманы камтыган салык катары каралат, бирок ал төлөнүүгө тийишэмес, анткени тиешелүү Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алсалык салуудан бошотулат. 23-статья. Басмырлоого жол бербөө 1. Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан Мам-лекетте ушул экинчи Мамлекеттин улуттук жактары ошол эле жагдайларда,атап айтканда резиденттер тартыла турган же тартылышы мүмкүн болгон са-лык төлөөдөн же ага байланыштуу милдеттенмелерге караганда башка же ал-да канча оор болгон салык салууга же ага байланыштуу жагдайга тартыл-байт. 1-статьянын жоболоруна карабастан ушул Жобо бир же эки Макулдаш-кан Мамлекеттин резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да кол-донулат. 2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген граждандыгыжок адамдар Макулдашкан Мамлекеттердин биринде дагы улуттук жактар тар-тылган же тартылышы мүмкүн болгон кандайдыр бир салык салууга же болбо-со ага байланыштуу башка алда канча оор милдеттенмелерге тартылбооготийиш. 3. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамле-кетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул башка Мамлекеттинушундай эле ишти жүзөгө ашырган ишканасына салык салууга караганда мынаушул экинчи Мамлекетте алда канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес. 4. 9-статьянын 1-пунктунун, 11-статьянын 7-пунктунун же 12-стать-янын 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдаш-кан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин рези-дентине төлөнүүчү проценттер, роялти жана башка төлөмдөр ушундай ишка-нанын салык салынуучу пайданын аныктоо максатында, алар эгерде, биринчиаталган Мамлекеттин резидентине төлөгөн сыяктуу түрдө эсептен чыгарылыпсалынууга тийиш. 5. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай тикелей же кыйыр түрдөэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин бир же андан ашык резидентине таандыкболгон же контролдонгон Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы биринчи атал-ган Мамлекетте кандайдыр бир салык салууга же ага байланыштуу милдет-тенмелерге, же башка биринчи аталган Макулдашкан Мамлекеттин ушул сыяк-туу ишканалары тартылган же тартылууга тийиш болгон салык салуудан жеага байланыштуу милдеттенмелерден оор болгон башка милдеттенмелергетартылбоого тийиш. 6. Ушул статьяда эч нерсе бир Макулдашкан Мамлекетти экинчи Макул-дашкан Мамлекеттин резидентине граждандык статустун же үй бүлөлүк мил-деттенмелердин негизинде ал өзүнүн жеке резиденттерине бере турган кан-дайдыр бир жеке жењилдиктерди, эсептен чыгарууларды жана алып салуулар-ды берүүгө милдеттендирген нерсе катары түшүндүрүлбөөгө тийиш. 7. Ушул статьянын жоболору 2-статьянын жоболоруна карабастан, аркандай текстеги жана түрдөгү салыктарга карата колдонулат. 24-статья. Өз ара Макулдашуунун жол-жобосу 1. Эгерде жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин аракеттери агаушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келетже алып келиши мүмкүн деп эсептесе, бул жак ушул мамлекттердин улуттукмыйзамдарына каралган коргоо каражаттарына карабастан, ишти өзү рези-денти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары-нын же эгерде мындай учур 23-статьянын 1-пунктунун аракетине туура кел-се, өзү гражданы болуп эсептелген ошол Макулдашкан Мамлекеттин компе-тенттүү органына бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайыккелбеген салык салууга алып келген иш-аракеттер жөнүндө биринчи бил-дирүү жасалган учурдан тартып 3 жылдын ичинде берилиши керек. 2. Эгерде компенеттүү орган сын-пикирди негиздүү деп эсептесе жанаал канаттандырарлык чечимге өз алдынча келе албаса, ушул Макулдашуунунжоболорунун көз карашынан алганда укукка жат салык салуудан качуу мак-сатында аны экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компентенттүү органдары ме-нен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет. Ар кандай жетишилгенМакулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралганкандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш. 3. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашуу-нун жоболорун колдонууга байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчылык-тарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет.Алар ошондой эле Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салуунучеттетүү максатында бири-бири менен консультацияларды өткөрүшү мүмкүн. 4. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары бири-бири менентикелей байланышка чыгышы, анын ичинде мурдагы пункттарда макулдуккажетишүү жана түшүнүү максатында алардын өздөрүнөн же алардынөкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссиялар аркылуу бирибири менен тике-лей байланышка чыгышы мүмкүн. Компетенттүү органдар консультациялар ар-кылуу тиешелүү кош тараптуу жол-жоболорду, ушул статьяда каралган өзара макулдашуунун жол-жобосун ишке ашыруу үчүн шарттарды, ыкмаларды жа-на механизмдерди иштеп чыгат. 25-статья. Маалымат алмашуу 1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулда-шуунун же Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын жоболорунаткаруу үчүн зарыл болгон, аларга карата ушул Макулдашуунун жоболоруушул Мыйзам боюнча салык салуу Макулдашууга карама-каршы келбеген дара-жадагы, атап айтканда ушундай салыктарды жасалмапоону же төлөөдөн качу-уну болтурбай коюу үчүн зарыл болгон салыктарга тиешелүү болгон маалы-матты алмашып турат. Маалымат алмашуу 1-статьянын жоболору менен чек-телбейт. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан алынганар кандай маалымат ушул Мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагындаалынган маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат деп эсептелет. Бирокэгерде маалымат башынан тартып эле аны берген Мамлекетте жашыруун маа-лымат катары каралса, анда ал салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүү жесоттук куугунтукка алуу, ошондой эле ушул Макулдашуу колдонулган салык-тарды сот тартибинде карай турган (сотторду жана администрациялык ор-гандарды кошкондо) жактарга же органдарга гана билдирилет. Ушул жактарже органдар маалыматты ушундай максаттар үчүн гана пайдаланууга тийиш,бирок алар аны ачык сот заседаниелеринин же соттук чечимдердинжүрүшүндө ачыкка чыгарышы мүмкүн. 2. 1-пункттун жоболору эч качан Макулдашкан Мамлекеттин компе-тенттүү органына милдеттенмелерди жүктөө максатында баяндалбоого тийиш: а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана адми-нистрациялык практикасына карама-каршы келген администрациялык чаралар-ды көрүүгө; б) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же адат-тагы администрациялык практикада алууга болбой турган маалыматтыберүүгө; в) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр жайлык, коммерциялык жекесиптик сырды, же болбосо соода процессин ачыкка чыгара турган маалы-матты берүүгө же болбосо билдирип коюу мамлекеттик саясатка карама-кар-шы келген маалыматты берүүгө. 26-статья. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын кызматкерлери Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу эл аралык укуктун жалпы норма-ларында же атайын макулдашуулардын негизинде берилген дипломатиялыкмиссиялардын жана консулдук кызматтардын кызматкерлеринин салыктык ар-тыкчылыктарына тиешелүү болбойт. Бешинчи глава Корутунду жоболор 27-статья. Күчүнө киргизүү 1. Ушул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоограмоталарын алмашуу дипломатиялык каналдар боюнча мүмкүн болушунчакыска мөөнөттө жүргүзүлөт. 2. Ушул Макулдашуу ратификациялык грамоталар алмашылгандан кийинкүчүнө кирет жана анын жоболору Макулдашуу күчүнө кирген календарлыкжылдан кийинки финансылык жылдын биринчи күнүнөн тартып колдонула баш-тайт. 3. Ушул Макулдашууга Макулдашкан Мамлекеттердин өз ара макулдугубоюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчөпротоколдо жазылып, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 28-статья. Колдонулушун токтотуу Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин бири анын колдонулушунтоктотконго чейин күчүндө болот. Макулдашкан Мамлекеттин ар бири дипло-матиялык каналдар аркылуу аны денонсациялоо жөнүндө ушул Макулдашуукүчүнө кирген күндөн тартып беш жыл аяктагандан кийинки ар кандай ка-лендарлык жыл аяктаганга чейин алты ай калгандан кечиктирбестен, жазуужүзүндө билдирүү берүү менен Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.Мындай учурда Макулдашуу билдирүү берилген календарлык жылдан кийинкифинансылык жылдын биринчи күнүнөн тартып өзүнүн күчүн токтотот. Муну ырастоо үчүн төмөндө кол койгондор, буга тиешелүү түрдө ыйга-рым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту. Исламабад шаарында 2005-жылдын 18-январында эки нускада, ар бирикыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текстер тењбирдей күчкө ээ болот. Чечмелөөдө айырмачылык келип чыккан учурда англис тилиндеги текстколдонулат. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн