Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-августу № 152 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Мыйзамдын аталышындагы бүткүл текстте ар түрдүү жөндөмөдөгү жа-на сандардагы "коммуналдык" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандар-дагы "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын. 2. 1-статьяда: үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон жергиликтүү жама-аттардын менчиги."; төртүнчү абзацта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу менчигинде тур-ган мүлктү" деген сөздөр "муниципалдык менчикти" деген сөздөр менен ал-маштырылсын; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муници-палдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республи-касынын ченемдик-укуктук актылары.". 3. 2-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушу, ишке ашыры-лышы жана токтотулушу менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасы-нын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын
Граждандык жана
Жер кодексте-ри, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктукактылары менен жөнгө салынат.". 2-пункт "зарыл болгон" деген сөздөрдөн кийин "муниципалдык" дегенсөз менен толукталсын. 4. 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-глава. Муниципалдык менчик укугунун пайда болушу жана мамлекеттик каттоо. Муниципалдык менчик объекттерин эсепке алуу". 5. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-статья. Жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө катышуусу Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынакайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгөтүздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүнжергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө ка-ралышы керек.". 6. 5-статьяда: үчүнчү абзацта "жергиликтүү коомчулуктун казынасына" деген сөздөр"жергиликтүү бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- муниципалдык менчикке түшкөн ээсиз буюмду соттун чечими менентаануунун натыйжасында;". 7. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объек-ттерин кабыл алуу жергиликтүү кењештин макулдугу менен жүргүзүлөт.". 8. 7-статьяда: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-статья. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм"; 1-пунктта "коммуналдык менчикке" деген сөздөр "муниципалдык мен-чиктеги кыймылсыз мүлккө" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 9. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-статья. Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер болупмыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жанабашка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-ган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар сана-лат.". 10. 10 -статьяда: бешинчи абзац алып салынсын; алтынчы абзацта "өзгөрүп кайра түзүлгөндө, бириктирилгенде же" де-ген сөздөр алып салынсын. 11. 11-13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу 1. Муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүүже алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн. 2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын чечиминин негизиндежүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүүкењеш тарабынан белгиленет. 3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшо-гондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт. 12-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү 1. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпо-гондо, муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү тоорук өткөрүүжолу менен жана акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. 2. Өзгөчө учурларда жергиликтүү кењештин чечиминин негизинде муни-ципалдык менчиктеги турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүү жекеадамдардын менчигине акысыз негизде аларды өткөрүп берүү жолу мененжүргүзүлүшү мүмкүн. 3. Эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачыктоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчикобъектисин менчиктештирүү жергиликтүү кењештин чечими боюнча тике сатуужолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 13-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы 1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү Муниципалдыкменчик объекттерин менчиктештирүү программасынын (мындан ары - Менчик-тештирүү программасы) негизинде жүргүзүлөт. 2. Менчиктештирүү программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунунаткаруучу-тескөөчү органы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүүкењеш тарабынан бекитилет. 3. Менчиктештирүү программасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: менчиктештирүү жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын саясатынын максаттарын жана милдеттерин; муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу жана тоорукөткөрүү тартибин; муниципалдык менчик объекттерин төмөнкүлөргө классификациялоону; - менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объекттерин; - аларды менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки му-ниципалдык менчикке бекитилүүчү муниципалдык менчиктин объекттерин; - менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктин объектте-рин; муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божо-молун; муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында инвестиция-лардын түшүү божомолун. 4. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн түшкөн кара-жаттар жергиликтүү бюджетке келип түшөт. 5. Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын, жеке жана юридикалыкжактардын менчигине берүү Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамда-рында каралган тартипте жүргүзүлөт.". 12. 15-статьяда: статьянын аталышы жана 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баян-далсын: "15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү 1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактаргапайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн. Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участок-торун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктүжергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарагаберүүгө укуксуз. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү,ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында,жергиликтүү кењештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, тоо-руктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт."; 2-пункттун биринчи абзацы "Кыймылсыз" деген сөздүн алдынан "Тоорукөткөргөндө жана" деген сөздөр менен толукталсын. 3-пунктта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калат" де-ген сөздөр "жергиликтүү бюджетке келип түшөт" деген сөздөр менен алмаш-тырылсын; "Конкурстун жењүүчүсү" деген сөздөр "Муниципалдык мүлк пайда-ланууга же ижарага берилген адам," деген сөздөр менен алмаштырылсын. 13. 16-статьяда "берилет" деген сөз "берилиши мүмкүн" деген сөздөрменен алмаштырылсын. 14. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17-статья. Муниципалдык менчикти ипотекага берүү же күрөөгө коюу Муниципалдык менчик объекттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын иш-милдеттерин аткарышын камсыз кылуу үчүн ипотекага берили-ши же күрөөгө коюлушу мүмкүн. Муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүү же күрөөгө коюуКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүүкењештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-чу-тескөөчү органы тарабынан жүргүзүлөт.". 15. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы Жергиликтүү кењеш: муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт,ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт; муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүүгө же күрөөгө коюу-га макулдук берет; Менчиктештирүү программасын бекитет; муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин аныктайт; муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдыкменчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынанкөрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет; муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүүжамааттардын уставында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы: муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт; муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын,Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жа-на тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардындолбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кењештин кароосуна берет; муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайрауюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердиккоомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана конт-ролду жүзөгө ашырат; муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан кели-шимдерди түзөт; муниципалдык менчик объекттеринин реестрин, ошондой эле КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган тартипте муниципалдык менчикобъекттеринин башка эсебин жүргүзөт; муниципалдык менчикти камсыздандырууну жүзөгө ашырат, муниципалдыкменчиктин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды көрөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардынуставында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.". 16. 21-статьянын 1-пунктунда "Товарларды, жумуштар менен кызматкөрсөтүүлөрдү мамлекеттин сатып алышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ме-нен" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев