Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-октябры, №154 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ШАЙЛОО ЖӨНүНДӨ КОДЕКСКЕ ӨЗГӨРТүүЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗүү ТУУРАЛУ 2005-жылдын 10 -октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алылган 1-статья. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнундө
кодекске (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999 -ж., № 9, 436 -ст.)төмөндөгудөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 27 - статьянын 6 -пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын. 2. 30 -статьянын 2 -пунктунун биринчи абзацы төмөндөгүдөймазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Шайлоо комиссиялары бардыкталапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын бир учурда уюштурат.». 3. Кодекс төмөндөгүдөй мазундагы 631 -статья менен толукталсын: «631 -статья. Кыргыз Ресиубликасынын Президенттигине катталганталапкерди коргоо менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин коопсуздугун,өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыз кылуу максатында талапкеркатгалган күндөн тартып мамлекеттик коргоо менен камсыз кылынат. Мамлекеттик коргоо менен камсыз кылуу талапкер өзүнүн талапкерлигиналып сала тургандыгы жөнүндө арыз берген учурда же КыргызРеспубликасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары расмийжарыяланганда токтотулат.». 4. 64 - статьянын 2 -пунктунун «г» пунктчасынын экинчи абзацы алыпсалынсын. 5. 65 -статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4 -пункт менен толукталсын: «4. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлеркатталганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкатышуусунда төмөндөгүлөр тууралу жалпы макулдашууга кол коюшат: - бардык талалкерлер республикадагы саясий кырдаалга керт башыменен жооп беришет; - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан КыргызРеспубликасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жана мыйзамдууукукка ээ болгондугу жөнундө корутунду чыгарылгандан кийин шайланбайкалган талапкерлер жер -жерлерде кырдаалды турукташтырбоочу иш-аракеттерди жасабайт же анын жасалышына көмөк көрсөтпөйт (мамлекеттикбийликтин мыйзамдуу органдарына баш ийбөө, административдикимараттарды басып алуу, жолдорду тороо ж.б.). Аталган кырдаалдартүзүлгөн учурда талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжоопкерчилик тартышат.». 6. 69 -статьянын 1 - пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагысүйлөм менен толукталсын: «Депутачтыкка таланкерликке көрсөтүлөралдында республикада акыркы жылдарда кеминде 5 жыл туруктуу жашооготийиш деген талап Кыргыз Республикасынын Президентинин, КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн тапшырмасы боюнча иштеп жаткан дипломаттарга, соодаөкүлдөрүнө жана башка жактарга жайылтылбайт.». 2-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев