1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган Адам укуктарынын ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ Преамбула Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жанаалардын тењ жана ажыралгыс укуктары эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жанажалпы тынчтыктын негизи болуп санала тургандыгын көњүлгө алып; жана адам укуктарын этибарга албоо жана жек көрүү адамзаттын абийиринжийиркенткен жырткычтык актыларга алып келгендигин жана адамдар сөз жа-на ынаным эркиндигине ээ боло турган, коркуудан жана муктаждыктан эркинболо турган дүйнөнү түзүү, адамдардын асыл умтулуусу катары жарыяланга-нын көњүлгө алып; жана адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгө каршы көтөрүлүп чы-гууга аргасыз болбошун камсыз кылуу максатында адам укугу мыйзам күчүменен корголушу зарыл экендигин көњүлгө алып; жана элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү за-рылдыгын көњүлгө алып; жана Бириккен Улуттардын элдери анын Уставында адамдын негизги укукта-рына, адам инсанынын зоболо-баркына жана нарк-касиетине жана эркектерменен аялдардын тењ укуктуулугуна ишенгендиктерин ырасташкандыгын жанасоциалдык прогресске жана кењири эркиндик менен жашоо-турмуш шартынжакшыртууга көмөктөшүүнү чечишкендиктерин көњүлгө алып; жана мүчө болгон мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуугакөмөктөшүүгө, адам укуктары менен негизги эркиндиктерин жалпы урматтоо-го жана сактоого милдеттенгендиктерин көњүлгө алып, жана бул укуктар менен эркиндиктердин мүнөзүн жалпы түшүнүү бул мнлдет-тенмени толук аткаруу үчүн зор мааниге ээ экендигин көњүлгө алып; Генралдык Ассамблея коомдун ар бир адамы жана ар бир органы ушул Декларацияны эскеалуу менен агартуу жана билим берүү аркылуу бул укуктар менен эркиндик-терди урматтоого жана камсыз кылууга, улуттук жана эл аралык прогрес-сивдүү иш-чаралардын, Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин элдеринин ара-сында, ошондой эле алардын юрисдикциясында турган аймактагы элдердинарасында жалпы таануу жана ишке ашыруу жолу менен бардык элдер жанабардык мамлекеттер аткарууга аракет кылууга тийиш болгон милдет катарыадам укуктарынын ушул Жалпы Декларациясын жарыялайт. 1-статья. Бардык адамдар эркин жана тењ укуктар жана нарк-касиет менен жарыкдүйнөгө келет. Алар ањ-сезимдүү жана абийирдүү жана бири-бирине боордошмамиледе болууга тийиш. 2-статья. Ар бир адам эч кандай айырмачылыгына, расасына, терисинин түсүнө,жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук жанасоциалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына карабастан ушулДекларацияда жарыяланган бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээболууга тийиш. Мындан тышкары, адам таандык болгон өлкө же аймак көз карандысыз,көзөмөлдүк астында турган, өз алдынча башкарылбаган же суверенитетикандайдыр бир башкача чектелгендигине карабастан анын саясий, укуктукже эл аралык статусунун негизинде эч кандай айырмачылык болбоого тийиш. 3-статья. Ар бир адам жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу. 4-статья. Эч ким кулчулукта же эрксиз абалда кармалууга тийиш эмес; кулчу-лукка жана кул сатуунун бардык түрлөрүнө тыюу салынат. 5-статья. Эч ким кыйноого же аеосуз, адамкерчиликсиз же анын ар-намысын бас-мырлоочу мамилеге жана жазага кириптер кылынбашы керек. 6-статья. Ар бир адам, кайда гана болбосун, ага укуктун субъектиси таандыкэкендигин талап кылууга укуктуу. 7-статья. Бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана эч айырмасыз мыйзам ме-нен бирдей корголууга укуктуу. Бардык адамдар ушул Декларацияны бузуучукандай гана болбосун кодулоодон жана андай кодулоого ар кандай шыкакто-одон бирдей корголууга укуктуу. 8-статья. Ар бир адам конституциядагы же мыйзамдагы анын негизги укуктарыбузулган учурда компоненттүү улуттук соттор аркылуу укуктары толук ка-лыбына келтирилишине акылуу. 9-статья. Эч ким ээнбаштык менен камакка алынууга, кармалууга же куугунтук-талууга тийиш эмес. 10-статья. Ар бир адам өз укуктары менен милдеттерин аныктоо жана ага коюлганкылмыш күнөөсүнүн негиздүүлүгүн аныктоо үчүн толук тењчилик негиздеанын иши ачык жана адилеттүүлүктүн бардык талаптарын сактоо менен көзкарандысыз жана адилет сот тарабынан каралышына укуктуу. 11-статья. 1. Кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлөнгөн ар бир адам анын күнөөсүсоттук ачык териштирүү жолу менен мыйзамдуу тартипте белгиленгенге че-йин күнөөсүз деп эсептелүүгө укуктуу, мында ага коргонуу үчүн бардыкмүмкүнчүлүктөр камсыз кылынууга тийиш. 2. Эч ким кандайдыр-бир жосуну же аракетсиздиги үчүн ал улуттукмыйзам же эл аралык укук боюнча кылмыш болбосо аны жасагандыгынын неги-зинде соттолушу мүмкүн эмес. Ошондой эле кылмыш жасалган учурда колдо-нулушу мүмкүн болгон жазадан кыйла оор жазага да тартылбайт. 12-статья. Эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна ээнбаштык менен кийли-гишүүгө, анын турак жайына, анын кат-кабарларынын купуялыгына же анынабийирине жана беделине ээнбаштык менен кол салууга кириптер болуугатийиш эмес. Ар бир адам андай кийлигишүүдөн же андай кол салуудан мый-зам менен коргонууга укуктуу. 13-статья. 1. Ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө жана ар бир мамлекеттин че-гинде өзүнө жашаган жерди тандап алууга укуктуу. 2. Ар бир адам ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өз өлкөсүнөн да чы-гып кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө укуктуу. 14-статья. 1. Ар бир адам куугунтуктоодон башка өлкөлөрдөн башбаанек издөөгөжана андай башбаанектен пайдаланууга укуктуу. 2. Бул укук чындыгында саясий эмес кылмыш жасоого же БириккенУлуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине карама-каршы келген жо-сундарга негизделген куугунтуктоо учурларында колдонулушу мүмкүн эмес. 15-статья. 1. Ар бир адам граждандуулукка ээ болууга укуктуу. 2. Эч ким ээнбаштык менен граждандыгынан ажыратылышы же өз граж-дандыгын өзгөртүүгө укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. 16-статья. 1. Бойго жеткен эркектер жана аялдар расасы, улуту же дини боюнчаэч кандай чектөөсүз никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Аларникеге туруу, никеде болуу жана аны бузуу учурунда бирдей укуктарданпайдалана алышат. 2. Никеге туруп жаткан тараптар өз эрки менен ага өз ара толук ма-кул болгондо гана нике кыйылат. 3. Үй-бүлө коомдун табигый жана негизги уюткусу болуп саналат жанакоом менен мамлекет тарабынан коргоолууга укуктуу. 17-статья. 1. Ар бир адам мүлккө жеке өзү, ошондой эле башкалар менен бирдик-те ээлик кылууга укуктуу. 2. Эч ким өз мүлкүнөн ээнбаштык менен ажыратылууга тийиш эмес. 18-статья. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, адеп-ахлакка жана дин тутуугаукуктуу; бул укук өз динин же ынанымын өзгөртүүнү жана өз динин же ына-нымын жекече, ошондой эле башкалар менен бирдикте жүргүзүүнү, дин жанатабынуу ырым-жырымдарын жалпы же жекече тартипте үйрөнүү, сыйынуу жанааны ишке ашырууну эркин жүргүзүүнү камтыйт. 19-статья. Ар бир адам эркин ой-пикирге жана аны эркин билдирүүгө укуктуу;бул укук өз ой-пикирлерин тоскоолсуз жактоону жана маалыматтар мененидеяларды ар кандай каражаттар жана мамлекеттик чек араларга карабастаниздөө, алуу жана таркатуу эркиндигин камтыйт. 20-статья. 1. Ар бир адам тынч жыйындарга жана ассоциацияларга катышуу эркин-дигине укуктуу. 2. Эч ким кайсы бир ассоциацияга кирүүгө мажбурланышы мүмкүн эмес. 21-статья. 1. Ар бир адам өз өлкөсүн түздөн-түз же эркин шайланган өкүлдөрүаркылуу башкарууга катышууга укуктуу. 2. Ар бир адам өз өлкөсүндө мамлекеттик кызматка кирүүгө бирдейукукка ээ. 3. Элдин эрки өкмөттүн бийлигинин негизи болууга тийиш; бул эркмезгилдүү жана бурмаланбаган шайлоолордо билдирилүүгө тийиш, алар жалпыжана тењ шайлоо укугу аркылуу, жашыруун добуш берүү жолу менен же добушберүүнүн эркиндигин камсыз кылуучу башка ар кандай бирдей маанидегиформалар менен жүргүзүлүүгө тийиш. 22-статья. Ар бир адам коомдун мүчөсү катары ар бир мамлекеттин структурасынажана колдо болгон ресурстарына ылайык улуттук күч-аракеттер жана эларалык кызматташтык аркылуу өзүнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жана өз ин-санын эркин өстүрүү үчүн зарыл болгон социалдык камсыздалууга жана эко-номикалык, социалдык жана маданий жааттардагы укуктарын жүзөгө ашыруугаукуктуу. 23-статья. 1. Ар бир адам эмгектенүүгө, ишти эркин тандап алууга, адилет жанажагымдуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу. 2. Ар бир адам эч кандай кемсинтүүсүз бирдей эмгеги үчүн бирдейэмгек акы алууга укуктуу. 3. Ар бир иштеген адам өзүн жана үй-бүлөсүнүн татыктуу жашоосункамсыз кылуучу жана зарыл учурда социалдык камсыздоонун башка каражат-тары менен толукталып туруучу адилет жана канааттандырарлык эмгек акыалууга укуктуу. 4. Ар бир адам өз таламдарын коргоо үчүн кесиптик бирликтердитүзүүгө жана кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуу. 24-статья. Ар бир адам жумуш күнүн акыл-эстүү чектөөгө жана акы төлөнүүчү от-пускага болгон укугун камтуу менен бош убакытка жана эс алууга укуктуу. 25-статья. 1. Ар бир адам тамак-аш, кийим-кечек, турак-жай, медициналык жаназарыл социалдык жактан тейлөөнү ичине камтыган татыктуу турмуш дењгээ-лине укуктуу, ал адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугун жана баку-баттыгын сактоо үчүн зарыл жана ал жумушсуз калганда, ооруганда, майыпболгондо, жесир калганда, карыганда же ага байланыштуу болбогон жагдай-лардан улам жашоо каражатынан ажыраган учурда камсыз кылынууга укуктуу. 2. Эне болуу жана балалык кез өзгөчө кам көрүүгө жана жардамгаукуктуу. Никеден же никесиз төрөлгөн бардык балдар бирдей социалдыккоргоодон пайдаланууга тийиш. 26-статья. 1. Ар бир адам билим алууга укуктуу. Билим берүү, жок дегенде баш-талгыч жана жалпы билим берүү акысыз болууга тийиш. Башталгыч билимберүү милдеттүү болууга тийиш. Техникалык жана кесиптик билим берүү алмүмкүнчүлүктөн пайдалана алгыдай жана жогорку билим берүү ар бир адам-дын жөндөмдүүлүгүнүн негизинде бардык адамдар үчүн бирдей пайдалана ал-гыдай болууга тийиш. 2. Билим берүү адамдын инсандык касиеттерин толук өстүрүүгө жанаадамдын укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоону арттырууга ба-гытталууга тийиш. Билим берүү бардык элдердин, расалык жана диний топ-тордун ортосунда өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана достукка өбөлгөтүзүүгө жана Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо боюнча иш-ара-кеттерине көмөк көрсөтүүгө тийиш. 3. Ата-эне өзүнүн жаш баласы үчүн билим берүү түрүн тандап алуудаартыкчылыктуу укукка ээ. 27-статья. 1. Ар бир адам коомдун маданий турмушуна эркин катышууга, искусс-тводон ыракат алууга, илимий прогресске катышууга жана анын натыйжала-рынан пайдаланууга укуктуу. 2. Ар бир адам өзү автор катары жараткан илимий, адабий жанакөркөм эмгектеринин натыйжасы болуп саналган өзүнүн материалдык жанаморалдык кызыкчылыктарынын корголушуна укуктуу. 28-статья. Ар бир адам ушул Декларацияда баяндалган укуктары менен эркиндик-тери толук ишке ашырыла турган социалдык жана эл аралык тартипке укук-туу. 29-статья. 1. Адам инсаны коомдо гана эркин жана толук өсүп-өнүгүшү мүмкүн,андыктан ар бир адам коом алдында милдеттүү. 2. Өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адамэњ оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таану-уну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адеп-ахлак-тын, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын ка-нааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушар-ланууга тийиш. 3. Бул укуктар менен эркиндиктерди иш жүзүнө ашыруу Бириккен Улут-тар Уюмунун максаттары менен принциптерине эч кандай карама-каршыкелүүгө тийиш эмес. 30-статья. Бул Декларацияда эч нерсе кандайдыр бир мамлекетке, айрым топторгоже айрым адамдарга ушул Декларацияда баяндалган укуктар менен эркиндик-терди жок кылууга багытталган иш-аракет жүргүзүү же андай аракеттердижасоо укугун берүү катары чечмеленүүгө тийиш эмес.