Бишкек шаары2005-жылдын 19-октябры № 155 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын, 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) I глава. Жалпы жоболор II глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү, курамы жана аны түзүүнүн тартиби III глава. Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери, алардын иштеринин кепилдиктери IV глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтеринин мамлекеттик комитеттеринин жана башка аткаруу бийлик органдарынын ишин уюштуруу жана анын тартиби V глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара мамилелеринин негиздери VI глава Корутунду жоболор Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин уюштуруу жана анын тарти-бин аныктайт. I глава Жалпы жоболор 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик аткаруу бийлигинин жо-горку органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы аткаруубийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылган жана Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясы менен Кыргыз Рбспубликасынын Президентининжана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин компетенцияларына таандыккылынган ыйгарым укуктарды албаганда, мамлекеттик башкаруунун бардыкмаселелерин чечүүчү коллегиалдуу орган болуп саналат. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарды жана башка укуктук актыларды аткарууну уюштуруу боюнча иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясынын, конституциялык жана башка мыйзамдардын, Кыргыз Республи-касынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралыккелишимдердин негизинде жүзөгө ашырат, аткаруу бийлик органдары тарабы-нан алардын аткарылышын контролдойт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынбузууларды четтетүү боюнча чаралар көрөт. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги принциптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ишинде төмөнкүдөй негизги прин-циптерди жетекчиликке алат: - мыйзамдуулукту; - адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу-ну; - бийликтердин бөлүштүрүлүшүн; - мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруунун милдеттерин ажыратып чектөөнү; - коллегиалдуулукту; - айкындуулукту жана ачыктыкты; - Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган чектерде Прези-денттин жана Жогорку Кењештин алдында өз иштери үчүн жооптуу жана отчетберет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) II глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү, курамы жана аны түзүүнүн тартиби 4-статья. Өкмөттүн курамы Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлер-ден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 5-статья. Премьер-министрдин кызматына талапкерди аныктоонун жана дайындоонун тартиби 1. Премьер-министрдин кызматына талапкер Кыргыз РеспубликасынынКонституциясында жана ушул статьяда белгиленген тартипте аныкталат жанадайындалат. Мында Президент ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген,Премьер-министрдин кызматына белгиленген тартипте киргизилген талапкер-ди четке кагууга укуксуз. Жањы Премьер-министр дайындалган күндөн тартып иштеп жаткан Премь-ер-министр кызматынан бошотулат. 2. Премьер-министрликке 25тен жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес,ишке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны аныкталышы жана дайындалы-шы мүмкүн. Соттолгондугу бар Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле башкамамлекеттин жарандыгында турган (кош жарандуулук) Кыргыз Республикасы-нын жараны Премьер-министр болушу мүмкүн эмес. 3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдыккызматта, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке менчик уюмдарда,мекемелерде, ишканаларда башка кызматтарды ээлей албайт. Премьер-министрге ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында Өк-мөт мүчөлөрү үчүн белгиленген башка чектөөлөр жайылтылат. 4. Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып он төрт күндөнкечиктирбестен Премьер-министрдин кызматы менен айкалышпаган ыйгарымукуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө тийиш. Ушул талап бузулган учурда Премьер-министр кызматынан бошотулатжана анын милдетин аткаруу ушул конституциялык Мыйзамда каралган тар-типте жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 6-статья. Өкмөттүн түзүмү 1. Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана өзү дайындалганкүндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде аны Жогорку Кењешке бекитүүгөкиргизет. Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењешке Премьер-министр тарабынан жазуужүзүндө Премьер-министрдин расмий бланкында киргизилет. Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде Премьер-министр тарабынананыкталган Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењештин кароосуна бекитүүгө кирги-зилбесе, Премьер-министр кызматынан бошотулат, ал эми Өкмөттүн түзүмүКыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте дайындал-ган Премьер-министр тарабынан аныкталат. 2. Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөттүн түзүмү ЖогоркуКењеш тарабынан беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен бекитилет. Өкмөттүнтүзүмү аны талкуулоонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө Премьер-министрдинмакулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Өкмөттүн түзүмү беш жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кењеш тарабынанбекитилбеген учурда, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жанаошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесиндеаныкталган тартипте башка саясий партиянын депутаттарына Премьер-ми-нистрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнү тапшырат. Өкмөттүн түзүмү мыйзам менен бекитилет жана Президентке кол коюугажөнөтүлөт. 3. Өкмөттүн бекитилген түзүмү Өкмөттүн ишинин жүрүшүндөөзгөртүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-ми-нистр тарабынан демилгеленет жана Жогорку Кењеш тарабынан каралат жанамыйзам түрүндө бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 7-статья. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун тартиби 1. Өкмөттүн түзүмүнө ылайык Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрүнүн кыз-матына талапкерлерди аныктайт. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелеринтейлеген Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматына талап-керлер Өкмөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүничинде Президентке киргизилет. Премьер-министр ар бир талапкердин саясий партияга же фракциягатиешелүүлүгүн көрсөтүү менен, бекитилген түзүмгө ылайык Өкмөтмүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлердин тизмесин беш жумушчу күндүничинде киргизүүгө милдеттүү. Эгерде Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүнө ылайык Өкмөт мүчөлөрүнүнкызматына талапкерлерди белгиленген мөөнөттүн ичинде Президентке кир-гизбесе, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жана Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 69-беренесинде белгиленген тартипте,Премьер-министрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнүбашка саясий партиянын депутаттарына тапшырат. 2. Президент талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып үч күндөн ке-чиктирбестен Өкмөт мүчөлөрүн, анын ичинде коргоо, улуттук коопсуздук,ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. 3. Өкмөттүн коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштермаселелерин тейлеген мүчөлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясында жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жанатартипте Өкмөт мүчөсү кызматынан бошогондо Премьер-министр Өкмөттүнмүчөсү боюнча сунушту Президентке бош орун пайда болгон күндөн тартыпбеш жумушчу күндүн ичинде киргизет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 8-статья. Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ант бериши 1. Өкмөтүнүн бүткүл курамы түзүлгөн күндөн тартып эки жумадан ке-чиктирбестен Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү төмөнкүдөй мазмундагыант беришет. "Мен , Кыргыз Республикасынын кызматына киришип жатып, өз элимдин,Президенттин жана Жогорку Кењештин алдында Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишмердигимде мыйзам-дуулуктун жана адилеттиктин принциптеринен тайбоого, Кыргызстандын эли-не ак ниет жана берилип кызмат кылууга, жогорку ишеним менен магажүктөлгөн Кыргыз Республикасынын милдетин ак ниет жана талыкпай аткару-уга ант беремин; берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчилик тартам.". 2. Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн антын Жогорку Кењеш-тин депутаттарынын катышуусунда Президент кабыл алат. 3. Бош орунга дайындалган Өкмөт мүчөсү дайындалган күндөн тартыпбеш күндөн кечиктирбестен ант берет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 9-статья. Өкмөттүн курамынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 1. Өкмөтүнүн жањы курамынын ыйгарым укуктары ал түзүлгөн күндөнтартып башталат. 2. Өкмөттүн мурдагы курамынын ыйгарым укуктары Өкмөттүн жањы кура-мы түзүлгөн күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Конституциясында жанаушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте токтоту-лат. 3. Өкмөт же Премьер-министр отставкага кеткен учурда, Премьер-ми-нистр жана Өкмөт мүчөлөрү жањы Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү да-йындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет. 4. Премьер-министр кызматынан төмөнкүдөй учурларда бошотулат: - өзүнүн өтүнүчү боюнча отставкага кеткенде; - ушул конституциялык Мыйзамдын 5-статьясынын 4-бөлүгүндө карал-ган, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралганчектөөлөрдү сактабаган учурларда; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-готкондо, же башка мамлекеттин жарандыгын алганда; - ден соолугунун абалына байланыштуу медициналык корутундуга ыла-йык өз милдеттерин аткарышы мүмкүн болбой калганда; - соттук тартипте аны ишке жараксыз деп тааныганда; - аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечимимыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле ал каза болгондо; - ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде. 5. Өкмөт мүчөсү төмөнкү учурларда кызматынан бошотулат: - өзүнүн өтүнүчү боюнча отставкага кеткенде, же ага Конституциядакаралган тартипте ишеним көрсөтүлбөгөндө; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-готкондо, же башка мамлекеттин жарандыгын алганда; - соттук тартипте аны ишке жараксыз деп тааныганда; - аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечимимыйзамдуу күчүнө киргенде, же ал каза болгондо; - ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; - Өкмөттүн түзүмү өзгөргөндө; Өкмөт мүчөсү кызматынан ошондой эле өз демилгеси боюнча Президенттарабынан же Премьер-министрдин сунушу боюнча бошотулушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 10-статья. Премьер-министрдин, Өкмөттүн, Өкмөт мүчөлөрүнүн отставкага кетиши Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү отставкага кетүүжөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу, ал Президент тарабынан кабыл алынат жечетке кагылат. Премьер-министрдин отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн, админист-рациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын же-текчилеринин отставкага кетүүлөрүнө алып келет. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын,администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органда-рынын жетекчилеринин отставкага кетүүлөрүнө алып келет. III глава Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери, алардын иштеринин кепилдиктери 11-статья. Өкмөттүн ыйгарым укуктары 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген Президент-тин жана Жогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардыкошпогондо, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет. 2. Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул конституциялыкМыйзамда аныкталган иштеринин негизги багыттарына жана принциптерине,ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизгибагыттарына ылайык Өкмөт төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: 1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларынын, Жо-горку Кењештин токтомдорунун аткарылышын камсыз кылат; 2) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсызкылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат; 3) Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылы-шын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралыккелишимдердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын өкмөттөраралык келишимдерин (макулдашууларын) түзүү жөнүндө чечимдерди кабылалат; мындай келишимдерди узартат же жокко чыгарат; Кыргыз Республика-сынын аймактарынан тышкаркы жерлерде анын жарандарын коргойт; 4) бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашырат; мыйзамдардыөркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жанааларды Жогорку Кењештин кароосуна киргизет; 5) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарынын, Президенттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн че-немдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн КыргызРеспубликасынын бүткүл аймагында милдеттүү аткарылуучу токтомдорду жанатескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын камсыз кылат; 6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кењештин кароо-суна жана бекитүүсүнө киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; рес-публикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кењештин кароо-суна жана бекитүүсүнө киргизет; 7) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүнже анын киреше бөлүгүнүн азайышын караган мыйзам долбоорлорун каржылообулактарынын бар экендиги жөнүндө корутунду берет; 8) Өкмөттүн иш программасын жана башка экономикалык, социалдык,илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программала-рын, ошондой эле коопсуздук, коргоо жана аскер реформасы жагындагы жал-пы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат; 9) бюджеттик-каржы, баа, тариф, инвестиция, тышкы экономикалык,салык жана бажы саясаттарын жүргүзүүнү камсыз кылат; 10) техникалык жөнгө салуу тармагында ыйгарым укуктарды жүзөгөашырат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүнүн программа-сын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүнкызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт; 11) атаандаштык саясатты ишке ашырат; 12) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүктү коргоо, конс-титуциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргоожөндөмдүүлүгү, улуттук жана коомдук коопсуздук, укук тартиби боюнча ча-раларды ишке ашырууну камсыз кылат, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуу-лукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат; 13) маданият, спорт, илим, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек,калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция, социалдык жактан камсыз кы-луу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайда-лануу, жер ресурстарын башкаруу жана жер боюнча мамилелерди жөнгө салуучөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылат; 14) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын иштерин жетектейт; 15) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, адми-нистрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын башчыларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынынжетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыла-рынын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары жагындагы отчетто-рун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келгенактыларын жокко чыгарат; 16) менчиктин бардык түрлөрүнүн бирдей шарттарда өнүгүшүн жанаалардын корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат; 17) мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чаралардыкөрөт, мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамле-кеттик ишканаларды жана уюмдарды уюштурат, Кыргыз Республикасынын мен-чигин мамлекеттен ажыратууну жана менчиктештирүүнү уюштурат; 18) жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат; 19) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогондо, министрликтердин, мам-лекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка ат-каруу бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу жоболорду бекитет; 20) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогондо, республикалык бюджеттинэсебинен күтүлчү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-рациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын башка-руу схемасын жана сандык чегин бекитет; 21) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын түзүмдөрүн жанаштатынын санын бекитет; 22) консультациялык-кењешүүчү органдарды уюштурат; өкмөттүк комис-сияларды түзөт; 23) адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары мененсыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстыкчендерди, ардак жана башка атайын наамдарды ыйгарууга көрсөтөт; 24) ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө жобону жана алардынөнүгүү программаларын бекитет; 25) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка өкмөттүк сыйлыктарды уюш-турат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт; 26) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынынмыйзамдары, Президенттин жарлыктары менен өзүнүн карамагына берилгенбашка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 12-статья. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары 1. Өкмөттү Премьер-министр башкарат. 2. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КыргызРеспубликасынын конституциялык мыйзамдарына жана Президенттин жарлыкта-рына ылайык: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-денттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынынаткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан аткарылышын камсыз кылат; 2) Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан сырткары жерлердеӨкмөттүн атынан чыгат; 3) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт; 4) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин,министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администра-циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчи-леринин жумуштарын багыттайт жана көзөмөлдөйт; 5) Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги ба-гыттары боюнча Президенттин жана Өкмөттүн кароосуна сунуштарды кирги-зет; 6) Өкмөттүн коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштермаселелерин тейлеген мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсүнүн кызматынадайындоо үчүн талапкерлерди аныктайт жана Президентке киргизет; 7) коргоо жана улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселе-лерин тейлеген мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду, алардын башкаруусхемасын жана сандык чегин Президенттин бекитүүсүнө киргизет; 8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызма-тына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча Президентке кењеш берет; 9) Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана аны Жогорку Кењештин бекитүүсүнөкиргизет; 10) мамлекеттик бюджеттин эсебинен кармалуучу органдар үчүн кадр-ларды даярдоонун жана тандоонун, мамлекеттик органдарды каржылоонун жа-на мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү тутумун Пре-зиденттин бекитүүсүнө киргизет; 11) Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүк программасын жактыруу үчүн Жо-горку Кењешке сунуш кылат; 12) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, ви-це-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; 13) Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жумуштарынуюштурат; 14) Өкмөттүн жыйындарында төрагалык кылат; 15) Өкмөттүн токтомдоруна, буйруктарына, жыйындарынын протоколдо-руна, Премьер-министрдин буйруктарына кол коет, алардын аткарылышынкамсыз кылат; 16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеөкмөттөр аралык жана башка эларалык келишимдерге жана макулдашууларгакол коет; 17) мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган тартипте минист-рликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомство-лордун статс-катчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; 18) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген министрлердин орун басарларын, мамлекеттик комитеттердинтөрагаларынын орун басарларын кошпогондо, министрлердин, мамлекеттиккомитеттердин төрагаларынын сунушу боюнча министрлердин орун басарларынжана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларын кызматкадайындайт жана бошотот; 19) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, админист-рациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетек-чилерин дайындоо жөнүндө Президентке сунуш киргизет; 20) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, администрация-лык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери-нин сунуштары боюнча администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлиги-нин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларын дайындайт жанабошотот; 21) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кењешчиле-рин жана жардамчыларын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын,Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, Өкмөттүн Жо-горку Кењештеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык, Жогорку жанажергиликтүү сотторундагы туруктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарла-рын дайындайт жана бошотот; 22) министрлерди, мамлекеттик комитеттердин төрагаларын, админист-рациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынжана Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчиле-рин, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыла-рын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жагынансыйлоо чараларын колдонот; 23) төмөнкүлөргө карата тартиптик жаза чараларын колдонот: а) министрлерге жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, адми-нистрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин Өкмөткө баш ийгенбашка органдарынын жетекчилерине; Президент тарабынан дайындалган адам-дарды кызматтан бошотуу жөнүндө Президентке сунуштарды киргизет; б) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына; алардыкызматтан бошотуу жөнүндө Президентке сунуш киргизүү менен, аларды онбеш күндүк мөөнөткө чейин кызматынан убактылуу четтетет; в) аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жагындажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына; г) аткаруу бийлик органдарынын өзү кызматка дайындоочу жана бошо-туучу башка кызмат адамдарына, Өкмөткө түз баш ийген мамлекеттик ишка-налардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине; 24) белгиленген тартипте мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жанамекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалыкаймактардын башкы директорлорун, алардын орун басарларын дайындайт жанабошотот; 25) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башкаөкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга,жогорку аскер наамдарына, дипломаттык рангдарга, класстык чендерге,Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарына көрсөтөт; 26) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болот. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелеритүрүндө кабыл алынат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 13-статья. Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу Премьер-министр жок учурда, ал өзүнүн милдеттерин аткара албаган-да, же ал кызматынан бошотулганда Премьер-министрдин милдеттерин бирин-чи вице-премьер-министр аткарат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 14-статья. Биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ыйгарым укуктары Биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер өз ком-петенцияларынын чектеринде: 1) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-рациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,аткаруу бийлигинин башка органдарынын, аларга берилген мамлекеттик ый-гарым укуктары боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,Өкмөткө түз баш ийген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алар-дын бирикмелеринин иштерин координациялоону жүзөгө ашырышат; 2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн Премьер-министрдин жанаӨкмөттүн алдында кертбашы менен жооп беришет; 3) добуш берүү укугу менен Өкмөттүн жыйындарына катышышат; 4) белгиленген тартипте милдеттүү түрдө аткарылуучу тапшырмалардыжана көрсөтмөлөрдү беришет; 5) Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча анын айрым ыйгарым укукта-рын аткарышат; 6) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-шат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 15-статья. Министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын ыйгарым укуктары Министрлер жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары өз компетен-цияларынын чектеринде: 1) тийиштүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана иш-ке ашырууну жүзөгө ашырышат; 2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн кертбашы менен жооп бери-шет; 3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-денттин актыларынын, Жогорку Кењештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдо-рунун жана тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн өз компе-тенцияларынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды жанатескемелерди чыгарышат, алардын аткарылышын уюштурушат, текшеришет жанакамсыз кылышат; 4) Өкмөткө отчет беришет; 5) ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн чечимдерининдолбоорлорун, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башкаматериалдарды иштеп чыгууну уюштурушат жана Өкмөттүн кароосуна киргизи-шет; 6) Өкмөттүн же Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча Жогорку Кењеш-те Өкмөттүн атынан чыгышат; 7) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын сотторундаӨкмөттүн атынан чыгышат; 8) Президент тарабынан аларга берилген ыйгарым укуктар боюнча эла-ралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коюшат; 9) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча эларалык келишимдерге жана ведомс-тволор аралык мүнөздөгү макулдашууларга кол коюшат; 10) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынкошпогондо, министрдин же мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун баса-рынын кызматына (анын ичинде, биринчилерин) дайындоо үчүн талапкерлербоюнча Премьер-министрге сунуштарды киргизишет; 11) тийиштүү аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класс-тык чендерди, дипломаттык рангдарды жана атайын наамдарды ыйгарышат; 12) өздөрүнүн орун басарларына, статс-катчыларына жана аткаруубийлигинин аларга баш ийген органдарынын башка жетекчилерине каратасыйлоо же тартиптик жазалоо чараларын колдонушат; аларга карата ти-йиштүү сыйлоо же тартиптик жаза чараларын, аларды ээлеген кызматынанбошотууну да кошо, колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуш киргизишет; 13) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-шат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 16-статья. Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчиликтери 1. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жанаушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Президенттин жана Жогор-ку Кењештин алдында жооптуу жана отчет берет. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин актыларын,Өкмөттүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктукактыларын аткаруу боюнча өз иштери үчүн жооптуу. 2. Премьер-министр, ошондой эле Өкмөттүн ар бир мүчөсү өзүнүн иш-мердиги жана тийиштүү мамлекеттик органдын иштери үчүн тиешелүү түрдөПрезиденттин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин алдында кертбаштары мененжана Өкмөттүн иштери үчүн Жогорку Кењештин алдында коллегиалдуу жооп-керчилик тартышат. Өкмөттүн мүчөсү жана администрациялык ведомствонун, аткаруу бийли-гинин башка органынын жетекчиси кол койгону, виза салганы жана тиешелүүчечимдерди жана документтерди кабыл алганы үчүн кертбашы менен жоопкер-чилик тартат. Өкмөт кабыл алган чечим үчүн Өкмөт жоопкерчилик тартат. Минист-рликтер, мамлекеттик комитеттер кабыл алган чечим үчүн тийиштүүлүгүнөжараша анын жетекчиси жоопкерчилик тартат. 3. Өкмөт мүчөсүнүн антты бузуусу, ошондой эле ушул конституциялыкМыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары-нын талаптарын бузуусу ага карата тартиптик жаза чарасын колдонууга,анын ичинде аны кызматынан бошотууга да, негиз болуп саналат. Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул конституци-ялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-ларына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө карата аларды кызматынан бошотууга че-йинки тартиптик жаза чараларын колдонот. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул конс-титуциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктукактыларына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө карата тартиптик жаза чараларын кол-донот. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 17-статья. Өкмөттүн отчету Премьер-министр жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен Жогорку КењешкеӨкмөтүнүн мурунку жылдагы иштери жөнүндө республикалык бюджеттин атка-руу көрсөткүчтөрүнө негизделген отчет берет. Жогорку Кењеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйынтык-тары боюнча Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндөмаселени карай алат. Президентти кезектеги шайлоого алты ай калганда Өкмөткө ишенимкөргөзбөө жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынан каралышы мүмкүн эмес. Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө Жогор-ку Кењештин токтому жети күндөн кечиктирилбестен Президентке жөнөтүлөт. Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө токтомПрезидент тарабынан каралат жана үч айдан кечиктирбестен ПрезидентӨкмөттүн же Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отставкага кетүүсү тууралу чечимкабыл алууга укуктуу. Эгерде Президент Өкмөттү отставкага кетирүүдөн расмий баш тартканкүндөн тартып үч айдын аралыгында Жогорку Кењеш Өкмөткө ишенимкөргөзбөө жөнүндө кайрадан чечим кабыл алса, анда Президент Өкмөткөкайталап ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынгандан кийин алты айдыничинде Өкмөттү отставкага кетирет же Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурдашайлоолорду дайындайт. Жогорку Кењеш Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отчетунун жыйынтыгы боюнчаага ишеним көргөзбөгөн учурда Президент Өкмөттүн мүчөсүн отставкага ке-тирүү же Жогорку Кењештин чечимине макул болбоо тууралу чечим кабылалууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кењешке жазуу жүзүндө билдирет. Эгерде Жогорку Кењеш Өкмөттүн мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндөЖогорку Кењештин чечимине макул эместиги тууралу Президент билдиргенкүндөн тартып алты айдын ичинде анын отчетунун жыйынтыгы боюнчаӨкмөттүн мүчөсүнө ишеним көргөзбөө тууралу кайрадан чечим кабыл алса,Президент Өкмөттүн мүчөсүн кызматтан кетирүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 18-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнө карата коюлуучу чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү төмөндөгүлөргө укуксуз: 1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин же жергиликтүү кењеш-тин депутаты болууга; 2) мамлекеттик бийлик органдарында башка кызмат орундарын ээлөөгө; 3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коммерциялыкэмес уюмдарда акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө; 4) жеке өзү ишкердик иш жүргүзүүгө, менчиктин мамлекеттик үлүшүнөээ болбогон коммерциялык уюмдун жетекчи же байкоочу органынын курамынакирүүгө. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү аталган кызматка киришкенкүндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүнкызматында турган убагында коммерциялык уюмдардын уставдык капиталынынөздөрүнүн менчигинде турган үлүштөрүн (акциялардын пакеттерин) мыйзамдабелгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү бо-лот; 5) үчүнчү жактардын иштери боюнча мамлекеттик бийлик органдарындаишенимдүү адамы же өкүлү болууга; 6) кызматтык ишине гана арналган маалыматты, материалдык-техника-лык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтыкэмес максаттарга пайдаланууга; 7) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамы-на ылайык алынып салынды) 8) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу жеке жанаюридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаганссудаларды, белектерди, акчалай жана башка акы, анын ичинде кызматкөрсөтүүлөрдү, оюн-зоок жана эс алуусу үчүн акы төлөөлөрдү алууга; 9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдергеылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын четмамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдарменен түзүлгөн келишимдер боюнча өз ара негизде жүзөгө ашырылуучу кыз-маттык иш-сапарларынан тышкары, жеке жана юридикалык жактардын эсебиненКыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш-сапарларына жанадагы башка барып-келүүлөргө. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү өз ишинде жекече кызыкчылыкта-рынын Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн милдеттеринен ашыптүшүүсүнө (кызыкчылыктардын кагылышы) жол бербөөгө, ошондой эле белги-ленген моралдык жана этикалык ченемдерди сактоого милдеттүү. Ушул статьяда каралган жоболор административдик ведомстволордунжана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине карата да кол-донулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 19-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн эмгектенүүсүнүн кепилдиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү өз милдеттерин аткарууга бай-ланыштуу айткан ой-пикири үчүн же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жый-налышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы, аныничинде отставкага кеткенден кийин да куугунтукка алынышы мүмкүн эмес.Өкмөт мүчөсү оор же өзгөчө оор кылмыш үстүнөн кармалгандан тышкаркыучурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши (анын ичинен туракжайы, кызматтык жайы, кол жүгү, жеке жана кызматтык транспорт каража-ты), суракка алынышы же жекече текшерилиши мүмкүн эмес, ошондой элеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү кызматтык милдеттерин аткарууүчүн зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү өзүнүн кызматтык иши үчүн ак-чалай акы алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте медициналык тейлөө жана социалдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрменен камсыз кылынат. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жоболор административдикведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери-не карата да бирдей түрдө колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) IV глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана башка аткаруу бийлик органдарынын ишин уюштуруу жана анын тартиби 20-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштары жана чечимдерди кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштары зарылдыгына жараша,бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарында министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергилик-түү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органда-рынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, менчиктин мамлекет-тик үлүшүнө ээ болгон уюмдардын жана ишканалардын отчеттору үзгүлтүксүзугулуп турат, алардын ишинин натыйжалары боюнча токтомдор кабыл алынат,кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарында Кыргыз Республи-касынын Премьер-министри төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри жок болгондо төрагалык кылуучунун милдетин Кыргыз Республи-касынын биринчи вице-премьер-министри же Кыргыз Республикасынын ви-це-премьер-министрлеринин бири аткарат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-нун судьялары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республи-касынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын УлуттукБанкынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышууга укуктуу. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн жыйналышы укуктуу болот. Өкмөттүн жыйналыштарында чечим Өкмөт мүчөлөрүнүн жалпы санынынкөпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган учурдаПремьер-министр добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарынын материалдары жанаал боюнча кабыл алынган чечимдер кызматтык маалыматтарга кирет, эгердеконституциялык жана башка мыйзамдар менен башкача аныкталбаса, алардытаратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти мененбелгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарды өткөрүү жана чечим-дерди кабыл алуу тартиби ушул статьянын жоболоруна ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн Регламенти менен белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 21-статья. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитетте-ри, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктукактыралынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн иштейт, алардын кыйшаюу-суз аткарылышы боюнча текшерүүлөрдү уюштурат жана алардын аткарылышыбоюнча чараларды көрөт. Кыргыз Республикасынын министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттиксаясатты жүргүзүүчү жана тиешелүү чөйрөдө башкарууну жүзөгө ашыруучуборбордук органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети тармактар аралык коор-динациялоону жана тийиштүү чөйрөдө мамлекеттик органдардын иштеринкоординациялоо боюнча башка аткаруучу-тескөөчү ишмилдеттерди жүзөгөашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук орган болуп саналат. Эгерде алар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, министрликтер мененмамлекеттик комитеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясынакирбеген маселелер боюнча өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде өз ал-дынча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу болот. Министрликтерди министрлер, мамлекеттик комитеттерди - төрагаларбашкарышат, алар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттергежүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн керт башы менен жооп беришет. Министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орунбасарларынын (анын ичинде биринчи) ыйгарым укуктары, аларга коюлган та-лаптар, алардын ишинин жоопкерчилиги жана кепилдиктери министр, мамле-кеттик комитеттин төрагасы тарабынан аныкталат. Министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведо-мостволордо жана аткаруу бийлигинин органдарында консультация-лык-кењешүү органдары түзүлүшү мүмкүн. Консультациялык-кењешүү органдарынын чечимдери сунуштоо мүнөзүндөболот жана аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын ченемдик укуктук акты-ларды кабыл алуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Министрлик, мамлекеттик комитет жөнүндө жоболор Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан бекитилет, коргоо, улуттук коопсуздук, ички иш-тер, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогон-до. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 22-статья. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары 1. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка ор-гандары өз иштерин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги менен жүзөгөашырышат. 2. Администрациялык ведомстволорго Өкмөткө караштуу мамлекеттикагенттиктер жана мамлекеттик инспекциялар кирет. Мамлекеттик агенттик - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийликорганынын ишмилдеттерин, негизинен маалыматтык формада жүзөгө ашыруучуадминистрациялык ведомство. Мамлекеттик инспекция - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийликорганынын көзөмөлдүк жана инспектордук ишмилдеттерин жүзөгө ашыруучуадминистрациялык ведомство. Мамлекеттик агенттиктерди жана мамлекеттик инспекцияларды дирек-торлор жетектешет. Мамлекеттик агенттиктер, мыйзамда каралган учурларда директордунжетекчилиги алдындагы коллегиалдык орган тарабынан жетектелиши мүмкүн. Администрациялык ведомстволордун жетекчилери Премьер-министрдинсунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Администрациялык ведомс-тволордун жетекчилерин бошотуу Президент тарабынан жүргүзүлөт. Премь-ер-министр администрациялык ведомствонун жетекчисин бошотуу тууралуПрезидентке сунуш киргизүүгө укуктуу. 3. Өкмөттүн жетекчилиги алдында министрликтерге, мамлекеттик коми-теттерге же администрациялык ведомстволорго баш ийдирилбеген кызматтаржана комиссиялар түрүндөгү аткаруу бийлигинин башка органдары түзүлүшүжана иштеши мүмкүн. Кызмат - башкаруунун дайындуу бир тармагында мамлекеттик саясаттыкамсыз кылуу максатында түзүлүүчү, эреже катары, атайын статуска ээ ый-гарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылуучу уюмдаштыруутүзүмү. Комиссия - мамлекеттик турмуштун, анын ичинде экономикалык, соци-алдык, гуманитардык жана маданий иш чөйрөлөрүндө маанилүү маселелердикомплекстүү чечүү максатында түзүлүүчү уюштуруу түзүмү. Кызматтарды жана комиссияларды Премьер-министрдин сунушу боюнчаПрезидент тарабынан дайындалган төрагалар жетектешет. 4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралган жобо ад-министрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдары-нын жетекчилерине бирдей колдонулат. 5. Өкмөт министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрация-лык ведомстволорго же аткаруу бийлигинин башка органдарына баш ийдирил-ген, юридикалык жактын статусуна ээ ведомстволук бөлүмчөлөрдү түзөт,жоет жана кайра уюштура алат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 23-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн убактылуу комиссиялары жана жумушчу топтору Экономикалык тармактын же мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүнөнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарды даярдоо, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана чечимдердин долбо-орлору боюнча пикир келишпестиктерди кароо үчүн, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн айрым тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн убактылуу комиссиялары жана жумушчу топторутүзүлүшү мүмкүн. 24-статья. Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруучулук жана укуктук жак-тан камсыздоону, ошондой эле Өкмөт кабыл алган чечимдерди аткаруу бий-лигинин органдарынын аткарышын көзөмөлдөөнү уюштурууну Өкмөттүн Аппара-ты жүзөгө ашырат. Өкмөттүн Аппаратынын жобосу жана түзүмү Өкмөт тарабынан бекитилет. Өкмөттүн Аппаратын кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын министриболуп эсептелген Аппарат жетекчиси башкарат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 25-статья. Өкмөттүн актылары Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө чыгарылат. Ченемдик мүнөздөгү эмес, оперативдүү жана башка учурдагы маселелербоюнча чечимдер тескеме түрүндө чыгарылат. Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мам-лекеттик администрациялар, аткаруу бийлигинин башка органдары, ошондойэле Өкмөттүн Аппараты, болбосо Өкмөттүн тапшыруусу же сунушу боюнча му-ниципалдык, жеке, коомдук башка органдар, мекемелер жана уюмдар тарабы-нан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги, алэми мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгымдарын көбөйтүүнү кара-ган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги мененмилдеттүү түрдө макулдашылуусу керек. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мам-лекеттик администрациялардын жана Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү башкар-малыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери Өкмөт чыгарган жана макул-дашкан чечимдер үчүн кертбаштары менен жоопкерчилик тартышат. Өкмөттүн токтомдоруна жана тескемелерине Премьер-министр, ал эмиПремьер-министр жок болгон убакта - биринчи вице-премьер-министр же аныалмаштыруучу вице-премьер-министр кол коет. Өкмөттүн токтомдору жана тескемелери, эгерде ушул актыларда жеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, алар кабылалынган күндөн тартып күчүнө кирет. Өкмөт укуктук мүнөзгө ээ болбогон кайрылууларды, билдирүүлөрдү жа-на башка актыларды кабыл алууга укуктуу. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-домстволор өзалдынча чечүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Өкмөттүнтоктомдору жана тескемелери кабыл алынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 26-статья. Министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун,Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аны аткаруу үчүн министрлик-тер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар жана мамлекеттик комитеттер актыларды чы-гарат, ошондой эле алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсызкылат. Ченемдик мүнөздөгү актылар буйрук түрүндө, ал эми ченемдик эмесмүнөздөгү актылар тескеме түрүндө чыгарылат. Буйруктар менен тескемелерге министр, мамлекеттик комитеттин төра-гасы жана белгиленген тартипте бекитилген ыйгарым укуктарына ылайыкалардын орун басарлары кол коюшат. Министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин белгиленген тар-типте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоо-дон өтүүнү талап кылган ченемдик укуктук актылары "Кыргыз Республикасы-нын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыменен белгиленген тартипте күчүнө кирет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 27-статья. Өкмөттүн, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин актыларын жарыялоо Адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттеринетиешелүү болгон ченемдик укуктук актылары белгиленген тартипте жарыяла-нууга тийиш, ал колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат. Мыйзам тарабынан корголуучу мамлекеттик же дагы башка жашыруунсырды камтыган актыларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин ченемдик укуктук акты-лары Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органында же мамлекеттикИнтернет-порталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартиптежана мөөнөттөрдө жарыяланууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 28-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишине катышуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзам чыгаруу демилге укугу таан-дык. Мыйзам чыгаруу демилге укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык мыйзам долбоорло-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизүү (кезек менен) жеөзгөчө учурларда, бул пландан тышкары (кезексиз) ишке ашырылат. Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан жыл сайын бекитилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам чыгаруу ишине: - республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна түзөтүүлөр; - республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр; - салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу; - мамлекеттин финансы милдеттерин өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө; - мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнүже анын киреше бөлүгүн кыскартууну караган мыйзам долбоорлоруна макул-дук берүү жолу менен да катышат. 29-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде киргизилүүчү мыйзам долбоорлорун кароо Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Регламенти менен белгиленген тартипте кара-лат. Мыйзамдардын долбоорлору жактырылган учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтому менен расмий өкүлү көрсөтүлүп бекитилет жана ушулконституциялык Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын та-лаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Жогорку Кењешке берилгенмыйзам долбоору толук, ар тараптан жүйөлөштүрүлүп жана аны кабыл алуудамыйзам долбоорунун кењири мүнөздөмөсү, анын максаттары, негизги жоболо-ру, колдонуудагы мыйзамдардын тутумундагы орду, аны кабыл алуунун соци-алдык-экономикалык жана башка натыйжалары, ошондой эле финансылык-эко-номикалык негиздемеси (мыйзам долбоору киргизилген учурда аны ишке ашы-руу кошумча материалдык жана башка чыгымдарды талап кылганда) киргенанын кабыл алынышынын зарылдыгынын негиздемеси камтылууга тийиш. Эгерде киргизилген мыйзам долбоору башка ченемдик укуктук актылар-дын жоболоруна ылайык келтирүүнү талап кылса, анда алар бир эле убактаберилүүгө жана ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн талаптарына жооп берүүгөтийиш. 30-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан анын макулдугун талап кылган мыйзам долбоорлорунун каралышы Ушул Конституциялык мыйзамдын 28-статьясында көрсөтүлгөн жанаалардын карамагындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президен-ти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары тарабынан де-милге көтөрүлгөн мыйзам долбоорлорун алар Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө макулдашууга жиберет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макулдук берүүнү талап кылган мыйзамдолбоорлорун мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып отуз күндөн ке-чиктирбестен белгиленген тартипте карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулганучурда мыйзам долбоору макулдашылды деп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө байланыштуу болбогон жагдайлар бо-юнча (корутунду, финансы-экономикалык негиздемелерди, социалдык-эконо-микалык болжолдоону берүү жана долбоорду кабыл алуунун дагы башка на-тыйжалары үчүн зарыл маалыматтарды бербөө) корутундуну өз убагындаберүүнүн мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутундуну берүүнүнмөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча чечилет. 31-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын жыйналыштарына катышуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинде туруктуу өкүлү болот, ал Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттары менен туруктуу эриш-аркак иштөө жолу менен КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнконституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн кертбашы менен жооп берет. Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанкызматка дайындалат жана бошотулат жана өз ыйгарым укуктарын анынтүздөн-түз жетекчилиги астында жүзөгө ашырат. Өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтуруктуу өкүлү: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, ошондой эле анын коми-теттери менен убактылуу комиссияларынын жыйналыштарына катышат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын жыйналыштары-на чакырылган башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылат; - каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизет,түшүндүрмөлөрдү берет; - башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн дагы башкаиш-милдеттери жана ишинин маселелери, ошондой эле ага коюлуучу талаптарКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү (министр, мамлекет-тик комитеттин төрагасы, ыйгарым укуктуу адамдар) Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан берилген мыйзам долбоорлорун жана Кыргыз Республи-касынын башка ченемдик укуктук актыларын караганда Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин жана анын комитеттеринин, убактылуу комиссиялары-нын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат. 32-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам долбоорунун чакыртып алынышы жана мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин жыйналышында каралганга чейин берилген мыйзам долбоорун жебашка ченемдик укуктук актыны чакыртып алууга укуктуу. Бул чечимжөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мыйзамдар менен белги-ленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жазуу жүзүндөкабарлайт. V глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара мамилелеринин негиздери 33-статья. Өкмөттүн Президент менен өзара мамилелери Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул консти-туциялык Мыйзамга ылайык Өкмөттүн жана мамлекеттик бийликтин башка ор-гандарынын макулдашып иштешүүлөрүн жана өзара аракеттенүүлөрүн камсызкылат. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууга багытталганмаксаттарды жана милдеттерди аныктоого укуктуу. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралганчектерде Президенттин алдында жоопкер. Өкмөт белгиленген тартипте өз ишинин натыйжалары жөнүндө Президен-ттин алдында отчет берет. Президент Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-ма-каршы келген учурда алардын колдонулушун токтото турууга же жоккочыгарууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурлардаӨкмөттүн айрым мүчөсүнүн, Өкмөттүн, Премьер-министрдин отставкасы туу-ралу маселени чечүүгө, ошондой эле Өкмөткө, Премьер-министрге же Өкмөт-түн айрым мүчөсүнө тапшырмаларды берүүгө укуктуу. Президенттен тапшырмаалган Өкмөт мүчөсү бул тууралу Премьер-министрди кабардар кылууга мил-деттүү. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 34-статья. Өкмөттүн Жогорку Кењеш менен өзара мамилелери 1. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жанаушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Жогорку Кењешке жооптуужана отчет берет. 2. Өкмөттүн Жогорку Кењеши менен өз ара аракеттери Премьер-ми-нистр, Өкмөттүн мүчөлөрү жана Өкмөттүн Жогорку Кењештеги туруктуу өкүлүтарабынан уюштурулат. 3. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилге укугу таандык. Мыйзам чыгаруу демилге укугун Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген тартипте Жогорку Кењешке мыйзам долбоорлорун кирги-зүү аркылуу жүзөгө ашырат. Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардынкөбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлорун каржылоонун булагы бар эке-ни жөнүндө корутундусу Өкмөттүн токтому менен жол-жоболоштурулат. Өкмөт Жогорку Кењешке каралып жаткан мыйзамдарга жана мыйзам дол-боорлоруна расмий корутунду жөнөтө алат. 4. Өкмөт Жогорку Кењешке республикалык бюджеттин долбоорун жанареспубликалык бюджеттин аткарылышы тууралу отчетун берет. 5. Премьер-министр жыл сайын Өкмөттүн ишинин натыйжалары жөнүндөЖогорку Кењешке отчет берет. 6. Жогорку Кењештин депутаттарынын суроо-талаптары багышталганӨкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мый-замдарда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде жооп берүүүчүн көбүрөөк убакыт талап кылынса, анда бул тууралу суроо-талап жибер-ген депутат кабарландырылат. 7. Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынынжетекчилери жана анын кызмат адамдары Жогорку Кењештин жыйналыштарынакатышууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардаӨкмөттүн кызыкчылыктарын жактоого; маалымат менен чыгып сүйлөөгө жанаалардын компетенцияларына кирген маселелер боюнча өз пикирлерин бил-дирүүгө укуктуу. 8. Жогорку Кењештин комитеттеринин жыйналыштарында Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарын жана Жогорку Кењештин чечимдерин аткаруу маселе-лери боюнча аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери угулушу мүмкүн. 9. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу Жогорку Кењештин Төра-гасы Өкмөттүн ыйгарым укугун токтотууга укугу жок. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 35-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин органдары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдуулукту, жарандардын укук-тары менен эркиндиктерин, менчикти жана коомдук тартипти сактоону, кыл-мыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынынсот бийлигинин органдары менен өз ара мамиле Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын, конституциялык Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республика-сынын башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде: - соттук чечимдерин аткарылышын камсыз кылат; - бекитилген республикалык бюджетке Кыргыз Республикасынын сотто-рунун бюджетинин толук ылайык аткарылышын камсыз кылат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 36-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ага баш ийген аткаруу бийлик органдары менен өз ара мамилелери (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 37-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирбеген аткаруу бийлигинин борбордук органдары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара мамилелери (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 38-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы-нын, конституциялык жана башка мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларга ыйгарылган мамлекеттик ыйга-рым укуктар жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинежетекчилик кылат. Ыйгарылган мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөотчет берип турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчиле-ринин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тиешелүү аткарбагандыгыүчүн жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан каралат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө кайрылууга укуктуу. 39-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын прокуратурасы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын прокурату-расы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,конституциялык Мыйзамдарынын, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынынбашка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы аткаруу бийлигинин тутумунда-гы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ку-рамына кирген мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын проку-ратурасынын ортосундагы ишти координациялоону камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын укуктары менен эркиндик-теринин мыйзамдуулугун, коомдук тартипти сактоону, кылмыштуулукка каршыкүрөшүүнү камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынасуроо-талаптар жана сунуштар менен кайрылууга укуктуу. 40-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасьшын Улуттук банкы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары-нын негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы бирдиктүү акча-кредиттик жана валюталык саясатты жүргүзүүнү кам-сыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорункараган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен консультацияжүргүзөт. 41-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен өз ара аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Эсептөөпалатасы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы,Кыргыз Республикасынын ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мый-замдарынын негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жана башка органдардаревизиялар менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштардыКыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына киргизүүгө укуктуу. КыргызРеспубликасынын Эсептөө палатасынын ревизиялар менен текшерүүлөрдүн жы-йынтыктары боюнча токтомдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамалары КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аларды алган күндөн тартып отуз күндөнкечиктирилбестен каралууга тийиш. Аларды ишке ашыруу боюнча көрүлгөнчаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына токтоосуз ка-барланат. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жанаКыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын баяндамалары боюнча бекити-лет. 42-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Омбудсмени(Акыйкатчысы) менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конститу-циясынын, конституциялык жана дагы башка мыйзамдарынын, ошондой элеКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизиндетүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн мүчөлөрү Омбудсменге (Акыйкатчыга) анын териштирүүлөрүнө жанаинспекциялык иштерине жардам көрсөтүүгө милдеттүү. 43-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык коом менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясий партияларды, диний уюмдар-ды жана башка коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле мамлекеттик эмесжалпыга маалымдоо каражаттарын кошуп алганда, жарандык коом менен өзара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, конституциялыкмыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын, адамдынжана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдерди кабылалууда конструктивдүү мамлекеттик-коомдук пикир алышуунун жана коомдукпикирди эске алуунун негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт: - Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана партиялыкинституттардын биригишине, ошондой эле алардын ишмердиктеринин партия-лык программаларга жана чечимдерге баш ийдирилишине; - мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардынтүзүлүшүнө жана ишмердигине; мындай жумуштар кызматтык иштерден сыртка-ры жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо мамлекеттик кызматкерлер тарабынанпартиялык жумуштарды жүзөгө ашырууга; - диний уюмдардын жана диний табынуу кызматкерлеринин мамлекеттикоргандардын иштерине кийлигишүүсүнө. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынынредакциясына ылайык) VI глава Корутунду жоболор 44-статья. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул конституциялык Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү, министрликтердеги, мамлекеттиккомитеттердеги, административдик ведомстволордогу, ошондой эле КыргызРеспубликасынын башка аткаруу бийлик органдарындагы бош кызмат орундарыжањы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ошондой элеушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген тартипте ээленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү кызматтарды айкалыштырып иште-ген Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын КыргызРеспубликасынын Президентинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейинсакталат. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - 1997-жылдын 25-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 4, 146-ст.); - 1998-жылдын 31-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамактыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-домосттору, 1999-ж., N 3, 91-ст.); - 1999-жылдын 17-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,2000-ж., N 1, 3-ст.); - 1999-жылдын 17-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүтууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Жарчысы, 2000-ж., N 1, 4-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук акты-ларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: - өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин; - мыйзамдарды ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндөсунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2005-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган