Ялта ш.2003-жылдын 18-сентябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу - өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун ортосундагы Борбордук-Азия региону боюнча Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу- өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун бөлүмчөсүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө КЕЛИШИМ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Көз каранды эмес МамлекеттердинШериктештигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борбору, мынданары Тараптар деп аталуучу, 2000-жылдын 21-июнундагы Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктеш-тигинин катышуучу өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборун түзүү жөнүндөжана 2002-жылдын 7-октябрындагы Борбордук-Азия региону боюнча Көз ка-ранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн Терро-ризмге каршы борборунун бөлүмчөсүн түзүү жөнүндө Көз каранды эмес Мам-лекеттеринин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кењешинин чечимдериннегиздеп, жалпы жактырылган принциптерди жана эл аралык нормаларды жетекчи-ликке алып, Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуу-чуөлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун Кыргыз Республикасынын айма-гында өз максаттарын жана маселелерин натыйжалуу аткаруу үчүн керектүүшарттарды камсыздоону каалап, Борбордук-Азия региону боюнча Көз каранды эмес Мамлекеттердин Ше-риктештигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунунбөлүмчөсүнүн жайгашкан орду болуп, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарыболот деп эске алышып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Келишимдин максаты үчүн берилген терминдер төмөндөгү мазмунгаээ: "КМШ ТКБ" - Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин каты-шуучу-өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борбору; "тиешелүү бийликтер" - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги-нин тиешелүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; "Бөлүмчө" - Борбордук-Азия региону боюнча КМШ ТКБнын бөлүмчөсү; "Бөлүмчөнүн имараты" - КМШ ТКБнын расмий максаттары үчүн колдону-луучу, имарат же имараттын бөлүгү; "Бөлүмчөнүн мүлкү" - бардык козголуучу жана козголбогон мүлк, аныничинде валюта жана валюта байлыктары, бөлүмчө менен расмий колдонууүчүн берилген же алынган унаа каражаттары; "кызмат адамдары" - бөлүмчөгө штаттык кызматка дайындалган адам-дар, техникалык жана тейлөө персоналдарынан тышкары; "үй-бүлө мүчөлөрү" - күйөсү (аялы), бойго жете элек балдары жанабөлүмчөнүн кызмат адамынын багуусунда болгон жана алар менен дайыма жа-шаган адамдар. 2-статья. Тараптар эл аралык терроризмге жана башка экстремизмдинкөрүнүштөрү менен күрөшүү тармагындагы Борбордук-Азия регионунун Көзкаранды эмес Мамлекеттеринин Шериктештигинин катышуучуөлкөлөрүнүн ыйга-рымдуу органдарынын өз ара аракеттерин координациялоону камсыздоо үчүндайындалган КМШ ТКБнын дайыма иштеген структуралык бөлүкчөсүнүнбөлүмчөсү деп эсептешет. Бөлүмчө иш аракетин төмөндөгү чечимдерге ылайык жүргүзөт: 2000-жылдын 21-июнундагы Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктеш-тигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборун түзүү жөнүндөКөз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынынкењешинин чечими; 2002-жылдын 7-октябрындагы Борбордук-Азия региону боюнча Көз ка-ранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучуөлкөлөрүнүн Терро-ризмге каршы борборунун бөлүмчөсүн түзүү жөнүндө Көз каранды эмес Мам-лекеттердин Шериктештигин мамлекет башчыларынын кењешинин чечими; 2000-жылдын 1-декабрындагы Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шерик-тештигин катышуучу-өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борбору тууралуу жобо; КМШ ТКБнын иш-аракетин жөнгө салуучу Көз каранды эмес Мамлекеттер-дин Шериктештигин башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. 3-статья. КМШ ТКБ менен расмий байланышты жүргүзгөн ыйгарымдуу органы жанаКыргыз Республикасындагы анын бөлүмчөсү болуп Кыргыз РеспубликасынынУлуттук коопсуздук кызматы саналат. 4-статья. Ыйгарымдуу орган бөлүмчөгө өзүнүн милдетин жүргүзүүгө керектүүимараттарды берет. Бөлүмчөгө берилген имараттар анын баардык аракеттенген убактысындаалынбайт. Бөлүмчөгө берилген имаратты ээлөө жана колдонуу тартиби мененшарттары, имаратты сактоону жана коргоону жүргүзүү, ошондой элебөлүмчөнүн кызмат адамдарынын жана анын үй бүлө мүчөлөрүнүн коопсузду-гун камсыздоо ыйгарымдуу органдар менен КМШ ТКБнын ортосундагы айрымкелишимдер менен аныкталат. Бөлүмчө ага берилген имаратты тиешелүү кармоо, иштетүү жана колдо-нуу боюнча чара көрөт, ошондой эле ага зыян келтирбеген жана аны эс-киртпеген иш-аракеттерди жүргүзбөгөнгө милдеттенет. 5-статья. Бөлүмчөнүн имаратына жана анын мүлкү кол тийгис. Сот, тергөө жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүнкызматтык милдеттерин аткарууда, бөлүмчөнүн имаратына кирбейт, алардыншартында макулдашылган бөлүмчөнүн башчысынын же анын ордундагы кызматадамдын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен кирүүгө мүмкүн. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын токтому боюнчабардык иш-аракеттерди аткаруу бөлүмчөнүн жетекчисинин макулдугу мененгана бөлүмчөнүн имаратында жүргүзүлөт. Бөлүмчөнүн имараты мыйзам боюнча куугунтукталган же КМШнын катышу-учу өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө берилүүчү адамдарга баш калкалоо жайыболбойт. Бөлүмчөнүн кол тийбестиги бөлүмчөнүн маселелерине жана милдеттери-не туура келбеген, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна, анын жаранда-рына же юридикалык адамдарына зыян келтирген максаттарда колдонуугаукук бербейт. Бөлүмчө өзүнүн милдетин аткаруу үчүн керектүү шарттарды түзүү мак-сатында, анын имаратынын ичинде колдонулуучу тартиптик эрежелердитүзүүгө укугу бар. 6-статья. КМШ ТКБ Кыргыз Республикасынын аймагында КМШ ТКБга жана анынбөлүмчөсүнүн милдеттерин жана маселелерин аткарууга багытталган финан-сылык-чарбалык аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу, анын ичинен: а) жарандык-укуктук келишим түзүүгө; б) козголгон мүлктү алууга жана аны пайдаланууга; в) бардык валютада расчеттук эсеби болууга; г) КМШ ТКБнын бланкы менен мөөрүн колдонууга; д) соттордо доочу жана жооп кайтаруучу катары болууга. Ушул статья менен көрсөтүлгөн укуктар КМШ ТКБнын атынан ага ыйга-рым берилген бөлүмчөнүн башчысы, же КМШ ТКБнын башчысынын өкүлдөрү ме-нен жүргүзүлөт. 7-статья. Бөлүмчө Кыргыз Республикасынын аймагында алынуучу түзмө-түз салык,жыйым, пошлина жана башка төлөөлөрдөн анык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акытөлөмдөн тышкары бошотулат. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдөбелгиленген тартипти сактоо учурунда бөлүмчө бажы салган пошлинасынан,салыктан жана ушуга байланыштуу төлөөдөн бошотулуп, бөлүмчө менен рас-мий колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эл аралык ма-кулдашууларында жана конвенцияларында каралган тартипте алып келүүгө,алып кетүүгө тыюу салынбаган нерселерди жана башка мүлктү Кыргыз Рес-публикасынан алып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына алып келе алат, эларалык уюмдар үчүн көрсөтүлгөн тартиптеги сактоого төлөгөн, бажы орган-дарынын тиешелүү ишинен же аныкталбаган жеринен жана ушундай эле башкатөлөөлөрдөн тышкары. 8-статья. Бөлүмчөнүн архиви кол тийгис. Бөлүмчөнүн билдирүүлөрү менен корреспонденциялары цензураланбайт.Бул иммунитет бөлүмчө жана анын кызмат адамдары менен алынган жежөнөтүлгөн, аны берүүнүн ыкмасына карабастан, маалыматтын басма,сүрөттөлгөн, аудиовизуалдык жана башка түрлөрүнө колдонулат. КМШ ТКБнын жана ыйгарымдуу органдарынын ортосундагы айрым Келишимменен аныкталган тартиптеги маалыматтын берүүсүнүн жашырындуулугун кам-сыздоого байланыштуу шифрлер, курьердик жана башка байланыштын атайынтүрлөрү менен колдонууга укугу бар. 9-статья. Бөлүмчөнүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын аймагындатөмөндөгү иммунитеттер жана айрыкча укуктар менен колдонушат: а) алар кызмат милдетин аткарууда жасаган иш-аракеттергетөмөндөгүлөрдөн тышкары тиешелүү сот жоопкерчилигине тартылбайт: кызмат адамына тиешелүү, же ал айдаган унаа каражаты менен жасал-ган жолдогу кырсыкка байланыштуу зыяндын ордун толтуруу тууралуу кызматадамына жарандык доо коюлганда; кызмат адамы тарабынан жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирил-ген зыяндын ордун толтуруу жана иш-аракети же аракетсиздиги жөнүндөкызмат адамына граждандык доо коюлганда; ошол граждандык адам менен коюлган граждандык доого байланышканкызматтык адамга доо коюлганда; б) эл аралык кризис убагында репатриация боюнча жењилдик алуу уку-гуна; в) чет өлкөлүк катары өзүнүн үй бүлөсү менен бирге Кыргыз Респуб-ликасына келүү боюнча чектөөлөрүнөн, турак жай алуу укугунан жана кат-тодон бошотулат; г) баштапкы чарба күтүүгө товарларды Кыргыз Республикасына кир-гизүүдө бажы салган төлөөлөрдөн бошотулат, бажы органдарынын ишинентышкары убакта же алар аныктабаган жерлерде жана ушундай эле түрдөгүжардамдардан тышкары товарларды тариздөөгө; д) Кыргыз Республикасында каралган мамлекеттик милдеттерден бошо-тулат; е) атайын уруксат керек болгон объекттерге жана башка жерлерге ба-рууга тиешелүү эрежелерди сактоо шартында Кыргыз Республикасынын аймагыбоюнча ачык жүрүүгө укугу бар. Бул статьянын "б-д" пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынынжарандары болгон же анда дайыма жашаган бөлүмчөнүн кызмат адамдарынаколдонулбайт. Кызмат милдетин аткарууда жасалган иш-аракеттерге карата иммуни-тет, кызмат адамдар үчүн бөлүмчөдөгү кызматы токтогондон кийин делесакталат. 10-статья. Бул Келишимге ылайык жењилдиктерди жана иммунитеттерди колдонгонбөлүмчөнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана анынсуверендүүлүгүн сыйлап, анын граждандарына жана юридикалык тараптарыназыян келтирүүчү иштерди аткарышпайт. Бул Келишимде көрсөтүлгөн жењилдиктер жана иммунитеттер бөлүмчөнүнкызматкерлерине өздөрүнүн кызмат милдеттерин натыйжалуу жана көз каран-дысыз аткаруу үчүн гана берилет. 11-статья. Бөлүмчө тиешелүү бийликтер менен өздөрү турган мамлекеттик укуккоргоо жана сот органдарынын буйруктарын аткаруу жана укуктуу соттооиштерин туура жүргүзүүнү камсыздоо, ошондой эле бул Келишимдекөрсөтүлгөн жењилдиктер жана иммунитеттерге байланыштуу кызмат ордунпайдаланууну алдын алуу максатында кызматташат. Көз каранды эмес мамлекеттеринин шериктештигинин Терроризмге каршыборбору бөлүмчөнүн кызматкерлерине ушул Келишимде көрсөтүлгөн жењилдик-терге жана иммунитеттерге укуктуулугун жана анын статусун ырастаган ти-ешелүү бийликтер документ катары кабыл алуучу кызмат күбөлүгүн берет. Кыргыз Республикасы бөлүмчөнүн кызматкерлерин тиешелүү мамлекеттикоргандардын имараттарына алардын киргизүү тартибин эсепке алып, кызмат-тык күбөлүк боюнча кирүүгө укуктуулугун кабыл алат. 13-статья. Бөлүмчө ээлеген имараттарга жана өзүнө тиешелүү автотранспорттуккаражаттарга КМШ желегин, эмблемаларын же башка символдорун тага алат. 14-статья. Бул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Келишимдинажыратылгыс бөлүгү болгон өзүнчө Протоколдор аркылуу таризделгенөзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилип турат жана 16- статьяга ылайыкөз күчүнө кирет. Бул Келишимдин жоболорун талкулоого жана колдонууга байланыштууталашуулар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультацияберүү жолдору менен чечилет. 15-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында бөлүмчөнүн иши токтогон учурдабул Келишимдин колдонулушу Кыргыз Республикасында туруп катышуучу болупКМШ ТКБ менен түзүлгөн бардык укуктук маселелер чечилип бүткөндөн кийин6 айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде токтотулат. 16-статья. Ушул Келишим Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекет ичиндеги булКелишимдин ишке киришине тиешелүү бардык процедуралардын бүткөндүгүжөнүндө кабар билдирилген күндөн баштап өз күчүнө кирет. 2003-жылы 18-сентябрь Ялта шаарында, ар бири бирдей күчкө ээ бол-гон кыргыз жана орус тилдеринде, үч нускада кол коюлду. Бир нускасыКМШнын Аткаруу комитетинде, экинчиси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштермиинстрлигинде, үчүнчүсү КМШнын Терроризмге каршы борборунда сакталат. Кыргыз Республикасынын КМШ катышуучу - өлкөлөрдүн Өкмөтү үчүн Терроризмге каршы борбору үчүн