Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-декабрындагы № 157 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2005-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасында мимикрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 10-статьяда: 1-пункт "ылайык," деген сөздөн кийин "анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтерине ыйгарым укуктуу юридикалык жактын органынын, же" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пункттагы "жоюлушу мүмкүн" деген сөздөрдүн алдындагы "өз ыкты-яры менен" деген сөздөр алып салынсын. 2. 37-статьяда: 2-пункттагы "уюму" жана "уюмунун" деген сөхдөр тиешелүүлүгүнө жараша "компаниясы" жана "компаниясынын" деген сөздөр менен алмашты-рылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Микрокредиттик компания/агентство өз ишинде тышкы аудитти жүргүзө алат."; 3-пункт 4-пункт деп эсептелсин. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев