Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2005-жылдын 22-декабры № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия
Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз
Республикасынын мурда берилген кредиттер
боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө
салуу жөнүндө 2002-жылдын 5-декабрында
Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну
ратификациялоо тууралу
2005-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө 2002-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө россия тарапка кабарласын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев