Киев шаары2004-жылдын 25-февралы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабине-ти, мындан ары - "Тараптар", эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чындан арыөнүктүрүү максатында, эки мамлекеттин граждандарынын өз ара барып-келүү тартибин жөнгөсалууну каалоону нуска тутушуп, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья 1. Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары, анын ичинде үчүнчүмамлекеттерде жашап жатышкан граждандары чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуудокументтердин негизинде мамлекеттик, чек араны кесип өткөн күндөн тар-тып 90 (токсон) сутканын ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынавизасыс келишет, транзит, менен өтүшөт, кетишет жана анда болушат. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн болуу мөөнөтү ар бир Та-раптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык 30 (отуз) суткадан ашпаганмөөнөткө узартылышы мүмкүн. 2-статья. 1. Бул Макулдашуу боюнча чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу документ-тер төмөнкүлөр: а) Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн: - Кыргыз Республикасынын граждандык паспорту; - дипломаттык паспорту; - кызматтык паспорту; - Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республика-сына кайтып келүү үчүн гана); - аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жа-зылуу болсо); - поезд бригадасынын кызматкеринин күбөлүгү (маршрут баракчасыболгон учурда); - моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кеменин штатындагы ро-лу же анын көчүрмөсү бар болсо); - өкмөттөр ортосундагы фельдъегердик байланыш кызматчысынынкүбөлүгү; б) Украинанын граждандары үчүн: - Украинанын гражданынын чет өлкөгө кетүү үчүн паспорту; - баланын жолдо жүрүү документи; - Украинанын дипломаттык паспорту; - Украинанын кызматтык паспорту; - моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кемедеги ролу же анынкөчүрмөсү бар болгон учурда); - аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жа-зылган учурда); - адамдын ким экендигин ырастаган Украинага кайтып келүү тастыкта-масы (Украинага кайтып келүү үчүн гана). 2. Тараптар чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу жањы документтерди ки-риштүү, ошондой эле колдонулуп жаткан документтерге өзгөртүүлөрдү кир-гизүү жөнүндө 30 (отуз) күн мурда бири-бирине дипломаттык жолдор аркы-луу кабарлашат жана алардын үлгүлөрү менен алмашышат. 3-статья 1. Чыныгы дипломаттык же кызматтык паспортторду пайдаланган жанаэкинчи Тараптын мамлекетинин аймагында аккредиттелген дипломаттыкөкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкерлери болуп саналган бирин-чи Тараптын мамлекетинин граждандары өздөрүнүн кызматтык милдеттеринаткарып жаткан бүткүл мөөнөттүн ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин ай-магына визасыс келиши, кетиши жана анда болушу мүмкүн. 2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган адамдар менен биргежашап жатышкан жана бул Макулдашуунун 2-статьясынын 1-пунктундакөрсөтүлгөн документтерге ээ болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы ти-йиштүү. 4-статья 1. Экинчн Тараптын мамлекетиннн аймагына 90 (токсон) күндөн ашыкмөөнөткө, же жумушка орношуу, же болбосо, туруктуу жашоо үчүн келе жа-тышкан биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары кабыл алып жаткан мам-лекеттин визасын алууга тийиш. 2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында туруктуу жашап жатышканбиринчи Тараптын мамлекетинин граждандары алардын бул мамлекеттин айма-гында туруктуу жашап жатышкандыгын ырастоочу документтери бар болгонучурда, бул мамлекеттин аймагынан визасыз чыгышы же кайтадан киришимүмкүн. 5-статья Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары экинчи Тараптын мамлеке-тинин аймагында эл аралык катнаштар үчүн ачык болгон чек аралык өткөрүүпункттары аркылуу келишет, кетишет, транзит менен өтүшөт. 6-статья Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары экинчи Тараптын мамлеке-тинин чек арасын кесип өтүп жатканда жана анын аймагында жүргөн учурдабул мамлекеттин чет элдиктер үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарын жанаанда болуу эрежелерин сактоого милдеттүү. 7-статья Бул Макулдашуу бардык Тараптын мыйзамдарына ылайык анын экинчи Та-раптын мамлекетинин граждандарынын келишинен баш тартуу же анда болуумөөнөтүн кыскартуу укугун чектебейт. 8-статья 1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында бул Макулдашуунун2-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жоготуп алышкан би-ринчи Тараптын мамлекетинин граждандары документтердин жоголгондугужөнүндө арызды ырастоочу справканы берүүчү келген мамлекеттин компе-тенттүү органдарына бул жөнүндө тезинен билдирүүго тийиш. 2. Тиешелүү Тараптын мамлекетинин дипломаттык өкүлчүлүктөрү жеконсулдук мекемелери ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдаргачет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу болгон жањы документ берүүгө милдетүү.Мындай адамдардын келген мамлекеттин аймагынан кетиши визасыз жана ко-шумча уруксат жазууларсыз ишке ашырылат. 9-статья 1. Тараптар бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин бул Макулдашуунун2-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин үлгүлөрү менендипломаттык жолдор аркылуу алмашышат. 2. Тараптар өз граждандарынын келүү, анда болуу жана кетүү шартта-рын өзгөртүү жөнүндө кыска мөөнөттүн ичинде дипломаттык жолдор аркылуубири-бирине кабарлап турушат. 10-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашуунун жоболорунтүшүндүрүүгө жана аткарууга байланышкан чатак маселелер консультация-лар, сүйлөшүүлөр жана ноталар менен алмашуулар аркылуу жөнгө салынат. 11-статья 1. Эгерде бул мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти же калк-тын денсоолугун сактоону камсыз кылуу үчүн керек болсо, Тараптардын арбири бул Макулдашуунун кээ-бир жоболорун толугу менен, же болбосо, анынбир бөлүгүн колдонууну токтото турууга укуктуу. 2. Тараптар ушул статьянын 1-пунктунда каралган иш-чараларды кабылалуу жана жок кылуу жөнүндө бири-бирине дипломаттык жолдор аркылуу күнмурунтан кабарлап турушат. 12-статья Тараптар өз ара макулдук боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизе алат, алар ушул Макулдашуунун 13-статьясынын1-пунктунда белгиленген тартипте күчүнө киргенден кийин анын ажырагысбөлүгү болуп эсептелет. 13-статья 1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөтко түзүлөт жана анын күчүнө кири-ши үчүн керектүү болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын ат-каргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тар-тып отузунчу күнү күчүнө кирет. 2. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жолуменен бул Макулдашуунун аракетин токтото алат. Бул учурда мындай бил-дирүү жасалган күндөн тартып токсон күн өткөндөн кийин Макуллашуу күчүнжоготот. Киев шаарында 2004-жылдын 25-февралында эки нускада, ар бири кыр-гыз, украина жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пай-да болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат. Кыргыз Республикасынын Украинанын Өкмөтү үчүн Министрлер Кабинети үчүн