Долбоор Англис тилин окутуу чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Коргоо министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Улуу Британиянынжана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Коргоо министрлиги(мындан ары - Тараптар): Көп улуттуу чөйрөдө, машыгууларда, тынчтыкты сактоо, гуманитардыкжана башка аскер операцияларында аскер кызматчыларынын кыйланатыйжалуу катышуусуна мүмкүндүк берүүчү каражат катары УлууБританиянын «Тынчтык орнотуучулар үчүн англис тили» (мындан ары -ТАД)долбоорунун маанисин таанып; Төмөндөгүлөр жөнүндө өз ара түшүнүүгө жетишти: 1-статья ДОЛБООРДУН МАКСАТЫ 1. Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын БириктирилгенКоролдугунун Коргоо министрлиги Британиялык кењеш аркылуу англис тилинокутуу, тестирлөө жана өз алдынча окуп-үйрөнүү системасын реформалоогоколдоо көрсөтөт, ал Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын тилдаярдыгын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. 2. Бул максатка жетишүү үчүн Улуу Британиянын жана ТүндүкИрландиянын Бириктирилген Королдугунун Коргоо министрлиги төмөнкүлөргөмилдеттенет: - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине англис тилин окутуу,тестирлөө жана өз алдынча окуп - үйрөнүү системасын реформа жүргүзүүгөколдоо көрсөтүүгө; - Бишкектеги жогорку аскер окуу жайында, Ж.Баласагын атындагыКыргыз улуттук университетинин аскер факультетинде жана Ош шаарында өзалдынча даярданууга жеткиликтүү аскердик англис тилин окуп - үйрөнүүбоюнча борборлордун тармактарын (мындан ары - өз алдынча окуп -үйрөнүү борборлору) өркүндөтүүнү улантууга. 2-статья ДОЛБООРДУ БАШКАРУУ 1. Бул долбоорго ТАДдын резиденттик башкаруучусунан, БританКењешинин директорунун орун басарынан жана Улуу Британиянын КыргызРеспубликасындагы аскер атташесинен турган Британ долбоордук топ(мындан ары - долбоордук топ) Кыргыз Республикасынын Коргооминистрлиги менен кызматташтыкта жетекчилик кылат. Долбоордук топКыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен эларалык аскердиккызматташтык башкармалыгы аркылуу кызматташат. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик билимберүү башкармалыгы курска катыша турган офицерлерди аныктоого жанадайындоого жооптуу. 3-статья ОКУТУУ ЖАНА РЕФОРМАЛОО ПРОГРАММАЛАРЫН ӨНүКТүРүү 1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз мамлекеттикулуттук аскер лицейинин, Бишкек жогорку аскер окуу жайынын,Ж.Баласагын атындагыКыргыз улуттук университеттин аскер факультетининжана Ош шаарындагы ТАДдын өз алдынча окуп - үйрөнүү борборунун бардыканглис тил окутуучулары жана өз алдынча окуп - үйрөнүү борборунунбашкаруучулары жыл сайын эки жолу окутуу курсуна жиберилет, алардынпредмети долбоордун максатына ылайык Долбоордук топ тарабынананыкталат. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бардык окуу жайларыанглис тилин жана аскер англис тилин окутуу боюнча азыркы замандагыматериалдар, ошондой эле аудикассеталардын проигрывателдери,видеомагнитофондор, компьютердик жабдуулар жана аларга программаларменен камсыздандырылат. 3. Долбоордук Топ ТАДдын «жайкы мектептеринде» адистештирилгенокутуу же башка өлкөлөрдөгү аскердик долбоорлордун тиркемелери боюнчаөз иштерин үч негизги топтордо, тактап айтканда ТАДдын тесттиккомиссиясынын мүчөлөрү, өз алдынча окуп-үйрөнүү борборунунбашкаруучулары жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигининаскердик билим берүү башкармалыгынын жана эларалык аскердиккызматташтык башкармалыгынын өкүлдөрүндө ишке ашырат. 4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бардык окуу жайларыанглис тил билими эњ жогорку дењгээлде болгон ар бир окуужайларданбери болгондо 40 кадеттерге/офицерлерге апрелдеги жанамайдагы жыл сайын өтүүчү ТАДдын тестирлөө сезонунда STANAG 1 жана 2кош дењгээлиндеги экзаменден өтүүгө мүмкүнчүлүк бере алат. ПрограмманыДолбоордук топ иштеп чыгат, ал эми даталары коюлган тестирлөөнүнрасписаниеси башталганга чейин кеминде эки ай мурда КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигине жиберилет. STANAG стандартынынтилинин дењгээли көрсөтүлгөн жана ТАДдын тесттик комиссиясы тарабынанкол коюлган сертификаттар эларалык аскердик кызматташтык башкармалыгыжана ар бир окуу жайдын башкармасы аркылуу тестирлөөнү ийгиликтүүөткөн талапкерлерге берилет. 4-статья ӨЗ АЛДЫНЧА ОКУП-үЙРӨНүү БОРБОРЛОРУНУН ТАРМАКТАРЫН ӨНүКТүРүү 1. Тилди өз алдынча окуп-үйрөнүү борборлору Бишкек жогорку окуужайында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аскерфакультетинде жана Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнүн базасында түзүлөт. Өз алдынча окуп -үйрөнүү борборлору үчүнжай ушул Меморандумдун 5-статьясынын жоболоруна ылайык КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлиги тарабынан берилет. 2. Өз алдынча окуп - үйрөнүү борборлорунун башкармалары ДолбоордукТоп тарабынан ушул Меморандумдун 5-статьясынын жоболоруна ылайык,Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан алынат. Өз алдынча окуп -үйрөнүү борборлорунун башкармалары ТАДдын жана Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигинин жалпы жетекчилигинин алдында болот. 3. Өз алдынча окуп - үйрөнүү борборлоруна мультимедиялыкокутуу/окуп-үйрөнүү жана жабдуу/эмеректештирүү ресурстары ушулМеморандумдун 5-статьясынын жоболоруна ылайык берилет. 4. Өз алдынча окуп - үйрөнүү борборлорун ушул Меморандумдун 5-статьясынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Коргооминистрлиги тейлейт жана колдойт. 5. Өз алдынча окуп-үйрөнүү борборлору аскердик англис тилиьокутуунун түздөн-түз борборлору жана/же STANAG тестирлөө борборлорукатары иштейт. 5-статья ПЕРСОНАЛДАРДЫ КАМСЫЗДООГО ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ДОЛБООР үЧүН ЗАРЫЛ БОЛГОН ШАРТТАР 1. Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын БириктирилгенКоролдугунун Коргоо министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылат: - долбоордун бардык мөөнөтүнүн аралыгында долбоордун резиденттикбашкармасы менен; - долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык материалдар менен(аудио, көрсөтмө жана басма пособиялар); - өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү долбоорго тиешелүү бардык окууиш чараларын каржылоону; - тесттик комиссиянын мүчөлөрүнө жана ТАДдын өз алдынча окуп-үйрөнүү борборлорунун башкаруучуларына ай сайын акы төлөөнү, кењсетоварларын, техникалык тейлөөнү жана колдоону, Интернет тармагынакошууга бааны кошкондо долбоордун жалпы баасын каржылоону; 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги төмөнкүлөр мененкамсыз кылат: - Бишкек жана Ош шаарларындагы ТАДдын аскердик англис тилин өзалдынча окуп-үйрөнүү борборлорунун тармактары үчүн жайлар менен; - өз алдынча окуп-үйрөнүү борборлору үчүн эмеректештирүү, жабдуужана зарыл болгон электр зымын өткөрүүнү; - өз алдынча окуп-үйрөнүү борборлорунун жайларын тейлөөнү; - офицерлерге жана кадеттерге жыл сайын өткөрүлүүчү STANAGстандартынын англис тил боюнча тестирлөө программасына катышуу үчүнжана ТАДдын өз алдынча окуп-үйрөнүү борборлорунда окууга, КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигинин англис тилин окутуучуларга жанаөз алдынча окуп-үйрөнүү борборлорунун башкарууучуларына окуукурстарында катышуу үчүн уруксат берүүнү менен; - зарылдыгына жараша чет элдик окутуучуларга жана чет өлкөдө окутуукурстарын өтүү үчүн тандалып алынган долбоордун штатынаадминистрациялык колдоо көрсөтүүнү камсыздайт. 6-статья ӨЗГӨРТүүЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 7-статья ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ Бул Меморандумду чечмелөөгө же колдонууга тиешелүү болгон талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар аркылуу чечилет жаначечүү үчүн эларалык сотко же башка үчүнчү тарапка жиберилбейт. 8-статья МЕМОРАНДУМДУН КүЧүНӨ КИРГЕН ЖАНА КОЛДОНУЛШУН ТОКТОТКОН ДАТАСЫ Бул Меморандум кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет жана 5 жыл боюколдонулат. Эгерде Тараптардын бири анын колдонулушунун кезектегимөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун жазуу түрүндө башка Тарапка анытоктотуу жөнүндө ниетин билдирбесе Меморандумдун колдонулушу кийинкибеш жылдык мезгилге өзүнөн өзү узартылат. _________ ш. 2005-жылдын «__» _______ ар бири кыргыз, англис жанаорус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкөээ. Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын жана ТүндүкКоргоо министрлиги үчүн Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Коргоо министрлиги үчүн