Коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүсү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Бул жерде жана мындан ары Тараптар деп аталуучу КыргызРеспубликасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуу Британиянынжана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Өкмөтү; эки мамлекеттин ортосунда болгон өнөктөштүктүн жана кызматташтыктындухун аркалап; ишенимди, туруктуулукту жана коопсуздукту күчөтүүнүн каражатыкатары коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзгөчө көњүлбөлүп; коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди терењдетүү жана түзүлгөн өз араурматтоону жана ишенимди арттыруу максатында;төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1 -статья КЫЗМАТТАШТЫКТЫН МАКСАТТАРЫ Тараптардын ортосунда кызматташтык региондун жана бүткүл дүйнөнүнтынтыгы менен туруктуулугуна салым кошу мүмкүнчүлүгү менен Эл аралыкукуктун жана адам укуктарынын принциптерин аркалоо менен көзкарандысыз демократиялык мамлекет катары Кыргыз Республикасынынөнүктүрүүнү колдоого багытталат. 2-статья МЕМОРАНДУМДУН МАЗМУНУ Меморандум кызматташтыктын негизги чөйрөсүн, ошондой эле булдокументтин 6-статьясына ылайык Тараптардын ортосунда коргоочөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыктын программаларын жүзөгөашырууга тиешелүү болгон өбөлгөлөрдү жана жоболорду сүрөттөйт. 3-статья АНЫКТАМАЛАР Төмөнкү аныктамалар бул Меморандумга колдонулат: - «командировкага жиберүүчү уюм» командировкалануучу персоналтиешелүү болгон министрликти, департаментти же аскерлер түрүнбилдирет; - «кабыл алуучу уюм» коргоо жана контакттар, ошондой эле булчөйрөдө кайсы бир башка иш-чаралар боюнча эки тараптуу кызматташтыктынпрограммаларына ылайык башка өлкөнүн командировкалануучу персоналыжиберилүүчү министрликти, департаментти же өлкөнүн аскерлер түрүнбилдирет; - «командировкалоочу өлкө» командировкалоочу уюм тиешелүү болгонөлкөнү билдирет; - «кабыл алуучу өлкө» кабыл алуучу уюм тиешелүү болгон өлкөнүбилдирет; 4-статья КЫЗМАТТАШТЫК ЧӨЙРӨЛӨРү Тараптар төмөнкү чөйрөдө эки тараптуу аскердик кызматташтыктыөнүктүрүшөт: - куралсыздануу, ишенимди күчөтүү жана эл аралык коопсуздуккатиешелүү менен байланышкан маселелер боюнча пикирлерди жанамаалыматтарды алмашуу; - улуттук аскер доктриналарын киргизүү боюнча маалыматтарды коштараптуу берүү; - өздүк курамды жана командачылыкты даярдоого, ошондой элеаскерлерди көзөмөлдөөгө тиешелүү маселелерде тажрыйба алмашуу; - аскердик даярдоо курстарында аскер персоналын даярдоо жанадаярдоо борборлорунун ортосундагы кызматташтык; - Кыргызстандын аскер кызматчылары үчүн англис тилин үйрөнүү боюнчакурстарды уюштуруу; - аскердик медицина чөйрөсүндө кызматташуу; - аскер кызматынын абалына тиешелүү юридикалык маселелерде тажрыйбаалмашуу, аскер кызматчыларынын жана жергиликтүү жарандардынортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу куралдуу чыр-чатактарчөйрөсүндөгү нормативдик-укуктук актыларды изилдөө; - куралды жана аскердик жабдууну кайра колдонуу чөйрөсүндө, ошондойэле курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу; - аскер тарыхы жана аскердик каадалар чөйрөсүндө байланыштардыөнүктүрүү; - Тараптар ортосунда өз ара макулдашууга мүмкүн болгон башкачөйрөлөр. 5-статья КЫЗМАТТАШТЫК ФОРМАЛАРЫ Кызматташтык төмөнкү формаларда ишке ашырылышы мүмкүн: - Тараптардын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы консультациялар,жолугушуулар же тажрыйба алмашуулар; - сүйлөшүүлөр, конференциялар, семинарлар жана симпозиумдар. - Тараптар ортосунда өз ара макулдашууга мүмкүн болгон башкаформалар. 6-статья КЫЗМАТТАШТЫК ПРОГРАММАСЫ 1. Бул Меморандумдун негизинде Тараптар кызматташтыктын өзгөчө иш-чараларын, алардын кантип, качан жана кайда аткарыла турганын, ошондойэле башка маселелерди аныктоочу кызматташтыктын жылдык программаларынжыл сайын түзүшөт. 2. Кызматташтыктын ар жылдык программалары өтүп бара жаткан жылдын1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө даярдалат. 3. Бир мамлекеттин министринин, штаб башчыларынын жана жогоркударажадагы расмий адамдарынын башка мамлекетке расмий сапарларындаярдоо өзүнчө сүйлөшүлөт. 7-статья КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖүЗӨГӨ АШЫРУУ I. Кызматташтыктын программаларында каралган иш-чараларды аткаруудаТараптар төмөнкү принциптерге таянат: - бул Меморандумга ылайык өткөрүлүүчү иш-чаралардын жыйынтыгындакелип чыккан бардык чыгымдар командировкалоочу уюмдун милдеттери болупэсептелет; - командировкалоочу уюм төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: а) командировкаланган персоналдын жарадар жана жаракат алганмүчөлөрүн командировкалоочу өлкөгө кайра жеткирүүгө даярдоо; б) жумушчу күчкө чыгашалар, командировкаланган персонал, жолжүрүүлөргө байланышкан камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле иш-чаралардын аныкталган түрлөрүнө персоналды даярдоого байланышканбардык чыгашалар; в) кабыл алуучу өлкөдөн чыгуу жана кирүү үчүн кабыл алуучу өлкөнүнбийликтери талап кылуучу документтерди командировкаланган персоналгаберүү; - кабыл алуучу уюм өзкаалоосу боюнча бардык чыгымдарды жечыгымдардын бир бөлүгүн төлөөнү сунуштай алат; - бир мамлекеттин министрлеринин, штабдардын начальниктеринин башкамамлекетке расмий сапарларын ишке ашыруу боюнча чыгымдар өзүнчөсүйлөшүлөт. Подразделение же окутулуучу топтордогудай көп сандагы сапарлардыкаржылоо Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ар бир өзүнчө учурдачечилет. 8-статья ШАШЫЛЫШ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ Шашылыш медициналык жардам жана тиш доктурдун кызматы зарыл болгонучурда, командировкаланган персоналга кабыл алуучу өлкө тарабынанкөрсөтүлөт. Мындай жардам кабыл алуучу уюмдун мучөлөрүнө көрсөтүүлүчүстандарттары менен өлчөмдөш болот жана командировкалоочу уюм үчүнбекер болот. Ар кандай шашылыш эмес медициналык жардамдын жана тишдоктурдун кызматынын чыгымдары командировкалоочу уюм тарабынантөлөнөт. Ар бир командировкалоочу уюм ар кандай визит, алмашуу жекомандировка башталар алдында анын персоналдарынын мүчөлөрүнүн денсоолугунун чыњ болушун камсыз кылышы керек. 9-статья КООПСУЗДУК ЖАНА ВИЗИТТЕР 1. Тараптар бүткүл жашыруун маалыматтарды же башка жашыруунматериалдарды сакташат, алар өз мамлекетинин улуттук коопсуздукмыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ушул Меморандумдун жоболорубоюнча алмашылат же чогултулат. 2. Тараптар бул Меморандумга ылайык берилүүчү же чогултулуучужашыруун маалымат же жашыруун материалдар өкмөткө, улуттук(мамлекеттик) органга же үчүнчү тараптын башка органдарына булмаалыматты же материалды берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусузберилбешин камсыз кылышат. 3. Бүтүндөй командировкаланган персонал кабыл алуучу өлкөнүнкоопсуздук эрежелерине макул болот. Тараптар келүүчүлөр тарабынаначылган же берилген каалаган маалымат менен бул Меморандумдунжоболоруна ылайык мамиле кылуусун камсыз кылышы керек. Визиттер боюнчасуроо-талап өкмөттүк каналдар аркылуу координацияланат жана кабылалуучу өлкөнүн визиттерди уюштуруу боюнча белгиленген жол-жоболорунаылайык жүргүзүлөт. 10-статья ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУ Интерпретацияга же бул Меморандумду колдонууга тиешелүү болгон аркандай талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу мененчечилет жана жөнгө салуу үчүн кайсы бир улуттук же эл аралыктрибуналга же үчүнчү тараптын кароосуна жөнөтүлбөйт. 11 -статья ТОЛУКТООЛОР Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча анынажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Меморандумдун 12-статьясында каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менентаризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 12-статья КүЧүНӨ КИРИШИ ЖАНА БУЗУЛУШУ Бул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ичкимамлекеттик жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө Тараптардын акыркыбилдирүүсүн алган күндөн баштап күчүнө кирет жана анын күчүн токтотуужөнүндө өзүнүн ниети тууралуу башка Тарапка жазуу жүзүндө 90 күндөн азэмес убакытта Тараптардын бири билдиргенге чейин колдонула берет. 2005-жылдын «___» ______________ ___________ шаарында үч нускадакыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдейкүчкө ээ.Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын Өкмөтү үчүн жана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Өкмөтү үчүн