Редакцияот 22.12.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                 КР 2005-жылдын 22-декабрындагы № 170                    Мыйзамы менен ратификацияланган               Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын                 уюштуруу жөнүндө макулдашууга Түзөтүү       Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу  жөнүндө 1990-жылдын  29-майындагы   макулдашуунун   1-статьясы  төмөнкүдөй   редакцияда баяндалсын:      "1-статья. Максаты      Банктын максаты экономикалык прогресске жана реконструкциялоого салым кошуу менен рынокко багытталган ачык экономикага  өтүүгө, ошондой  эле көп партиялуу демократия, плюрализм  жана рынок  экономикасынын  принциптерине берилген жана аларды турмушка ашырган Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жеке жана  ишкердик  демилгелерди  өнүктүрүүгө болуп  саналат. Банктын максаты  Монголия Республикасында  да  ушундай  эле  шарттарда  жетишилиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу  ушул  Макулдашуудагы жана  анын "Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү", "Борбордук жана Чыгыш Европадан өлкөлөр", "алуучу-өлкө  (же  алуучу-өлкөлөр)" же  "алуучу-өлкө,  Банктын  мүчөсү (же  алуучу өлкөлөр, Банктын  мүчөлөрү)" тиркемелериндеги  бардык  шилтемелер Монголия Республикасына карата да тиешелүү болот".