Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры № 163 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Климаттын өзгөрүшү жөнундө Бириккен Улуттар Уюмунунун Алкактык конвенциясына карата Бишкек шаарында 2005 — жылдын 9 —мартында кол коюлган Киото Протоколун ишке ашыруу жагындагы кызматташтык жөнундө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралу Меморандумду ратификациялоо жөнүндө 2005 — жылдын 10 —ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Климаттын өзгөрүшү жөнундө Бириккен Улуттар УюмунунунАлкактык конвенциясына карата Бишкек шаарында 2005 — жылдын 9—мартында кол коюлган Киото Протоколун ишке ашыруу жагындагыкызматташтык жөнундө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ДанияКоролдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралу Меморандумтөмөнкүдөй эскертүү менен ратификациялансын: «Аталган Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү бардыккийинки протоколдор милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши тарабынан ратификациялансын.». 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КыргызРеспубликасы аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгонмамлекеттик ички жол — жоболорду аткаргандыгы жөнүндө дания тарапкакабарласын. 3-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев