КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 185
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2003-жылдын 28-январы Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосунда Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын граждандарынын граждандыгын өзгөртүүнүн жењилдетилген тартиби, граждандыкка ээ болбогон жана кош граждандыкка ээ болгон учурларды болтурбоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Макулдашуучу Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасыменен Украина, өз граждандарын адам укуктары жана эркиндиктери менен камсыз кылууүчүн тарыхый калыптанган достук байланыштарды сактоого жана бекемдөөгөэки өлкөнүн умтулгандыгына таянышып, өз граждандарынын граждандыгын өзгөртүү укугун ишке ашыруу үчүнжагымдуу шарттарды түзүүнү каалашып, граждандыгы жок жана кош граждандыкка ээ болгон учурларды болтур-боого умтулушуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты 1-статья. 1. Ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында мыйзамдуу негиздетуруктуу жашаган экинчи Макулдашуучу Тараптын граждандарынатөмөндөгүдөй шарттардын бири болгон учурда, граждандык алуунунжөнөкөйлөтүлгөн тартибин колдонуу укугун берет: а) эгерде арыз ээси же анын ата-энесинин (асырап алгандардын) би-ри, чоњ атасы же чоњ энеси граждандык ала турган Макулдашуучу Тараптынаймагында төрөлсө же мыйзамдуу негазде туруктуу жашаса; б) арыз ээсинин граждандык ала турган Макулдашуучу Тараптын айма-гында мыйзамдуу негизде туруктуу жашаган жана анын гражданы болгон жа-кын туугандарынын жок дегенде бири күйөөсү (аялы), ата-энесинин (багыпалгандардын) бири, баласы (анын ичинде багып алган), эже-сињдиси,ага-иниси, чоњ атасы же чоњ энеси, небереси болсо. 2. Бул статьянын биринчи бөлүгүнүн жоболору төмөнкү адамдарга кол-донулбайт: а) адамзатка каршы кылмыштарды жасаса же геноцид жүргүзсө, же бол-босо мамлекетке каршы кылмыштарды же жеке адамдарга каршы оор кылмыш-тарды жасаса; б) эркинен ажыратууга айыпталса - сот жазасы алынганга чейин; в) иши тергөөдө болсо же жазалоодон качып жүрсө, же болбосо Макул-дашуучу Тараптардын биринин же үчүнчү мамлекеттин аймагында кылмыш жа-саса; г) башка мамлекеттердин граждандыгында болсо. 2-статья. 1. Тараптардын биринин гражданы өз граждандыгынын өзгөртүү үчүнтуруктуу жашаган жери боюнча экинчи Макулдашуучу Тараптын компетенттүүоргандарына төмөнкүлөрдү көрсөтөт: - арыз-анкета; - үч фотосүрөт; - бул Макулдашуунун 1-статьясында каралган шарттардын бири бол-гоњдугун ырастоочу документ; - граждандыгын ала турган Макулдашуучу Тараптын аймагында мыйзамгаылайык негизде туруктуу жашап жатканын ырастоочу документ; - граждандыгынан чыга турган Макулдашуучу Тараптын улуттук мыйзам-дарына ылайык анын граждандыгында тургандыгын ырастоочу документтерининбиринин көчүрмөсү. 2. Бул документтердин негизинде арыз ээси кайрылган МакулдашшуучуТараптын компетентүү органдары анын граждандыгын алгандыгын аталган до-кументтер берилген күндөн тартып үч айдын ичинде тариздешет. 3. Адамдын жањы граждандыкты алгандыгы таризделгенден кийин онкүндүн ичинде Макулдашуучу Тараптын компетентүү огандары ага алынганграждандыкты ырастоочу документ беришет, граждандыгынан чыккандыгынырастоочу документти алып коюшат жана аны жањыдан алынган граждандыгы-нан чыккан Макулдашуучу Тарапка күнүн көрсөтүп, граждандык алгандыгынтариздөө фактысы жөнүндө кабарлап, дипломаттык жолдор менен жөнөтүшөт. 4. Граждандыгынан чыга турган Макулдашуучу Тарап адамдын жањыграждандыкты алгандыгы таризделгени жөнүндө билдирүүнү алгандан кийинэки айдын ичинде граждандыктан чыгышын тариздейт жана граждандыгын ал-ган Макулдашуучу Тарапка бул жөнүндө билдирет. 5. Макулдашуучу Тараптардын биринин граждандыгын алууну тариздөөкүнү экинчи Макулдашуучу Тараптын граждандыгынан чыгуу күнү болуп сана-лат. 6. Макулдашуучу Тараптар бул Макулдашуунун 1-статьясынын биринчибөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды бул Макулдашууга ылайык МакулдашуучуТараптардын граждандыгынан чыгуу жана граждандыгын алууга байланышканбардык милдеттүү жыйымдарды жана үстөк төлөмдөрдү төлөөдөн бошотот. 3-статья. 1. Ата-энеси граждандыгын өзгөрткөн учурда экөө тењ бир Макулдашу-учу Тараптын граждандары болуп калса, анда алардын жашы жете элек бал-дарынын дага граждандыгы тиешелүү түрдө өзгөртүлөт. 2. Ата-энесинин бири Макулдашуучу Тараптардын биринин гражданыболгон, ал эми экинчиси Макулдашуучу экинчи Тараптын граждандыгын алыпжаткан алардын жашы жете элек балдарынын граждандыгы ата-энесинин ма-кулдашуусу менен аныкталат, бул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык бе-рилген арызда көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде ата-энеси жашы жете элек балдарынын граждандыгын өзгөртүүжөнүндө бир пикирге келишпесе, баласы ата-энеси анын аймагында туруктуужашап жатышкан Макулдашуучу Тараптын гражданы болуп саналат. 3. Өз-өзүнчө жашап жатышкан ата-энелердин жашы жете элек балдары,эгерде ата-энелер бул жөнүндө башкача макулдапшаса, аларды багып жатканатасынын же энесинин граждандыгын сакташат. 4. Ата-энелик укутарынан ажыратылган ата-энелер граждањдыгынөзгөрткөн учурда алардын жашы жете элек балдарынын граждандыгыөзгөртүлбөйт. Жашы жете элек балдардын граждандыгын өзгөртүүгө ата-эне-лик укуктарынан ажыратылган ата - энелердин макулдугу талап кылынбайт. 5. Ата-энесинин экөө тењ же алардын бири граждандыгын өзгөрткөнучурда алардын 14 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек балдарынынграждандыгы жашы жете элек балдарынын жазуу жүзүндөгү жана нотариалдыккүбөлөндүрүлгөн макулдугу менен гана өзгөртүлөт. 4-статья. 1. Бул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер МакулдашуучуТараптардын улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат. 2. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарында адамдар-дын кээ бир категорияларына граждандыкты алуунун жењилдетилген шарттарыберилсе, анда бул учурда Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарыколдонулат. 5-статья. 1. Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланышкан маселе-лер Макулдашуучу Тараптардын ортосунда консультацияларды, сүйлөшүүлөрдүжүргүзүү же нота алмашуу жолу менен чечилет. 2. Макулдашуучу Тараптар өз ара макулдашуу боюнча бул Макулдашуугаөзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизе алышат, алар бул Макулдашуунун 6-статьясында каралган тартиптекүчүнө киргенден кийин анын ажырагыс бөлүгүн түзөт. 6-статья. Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана Макулдашуучу Тараптарратификациялоо грамоталарын алмашкан күндөн тартып онунчу күнү күчүнөкирет. 7-статья. Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл бою колдонулатжана аталган мөөнөт аяктаганга алты ай калганга чейин Макулдашуучу Та-раптардын бири дагы башкача билдирүү жасабаса, өзүнөн-өзү кийинки бешжылдык мөөнөткө узартылат. Бишкек шаарында 2003-жылдын 28-январында эки нускада, ар бири кыр-гыз, украина жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүү максатында орус тилиндегитекст колдонулат. Кыргыз Республикасы үчүн Украина үчүн