КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 44
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2000-жылдын 27-сентябры Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда аскер жана аскер-техникалык тармактарда кызматташуу тууралуу КЕЛИШИМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Өзбекс-тан Республикасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттары менен принциптеринеөз ыкласын ырастап, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундатүбөлүк достук тууралуу
Келишимине жана Кыргыз Республикасы мененӨзбекстан Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 24-декабрындагы аскертармагында кызматташуу тууралуу
Келишимди, ошондой эле Кыргыз Республи-касы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы башка келишимдердинжоболорун жетекчиликке алып, тењдик, өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу принциптердин негизиндерегионалдык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкенаракеттерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн таанып, Тараптардын биринин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө, кооп-суздугуна жана стабилдүүлүгүнө коркунуч келтирилген жагдай пайда бол-гондо биргелешкек аракетти координациялоо максатында консультациялардыөткөрүү зарылчылыгынан улам, алардын куралдуу күчтөрүнүн согуштук жана мобилизациялык даярдагы-нын жогорку дењгээлин, сактап туруу зарылчылыгын эске алып, аскер жана аскер-техникалык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуушарттарды камсыз кылууга умтулуп, төмөндөгүлөр тууралуу келишимге келишишти: 1-статья Тараптар тынчтыкты, регионалдык коопсуздукту жана стабилдүлүктүчыњдоо, эл аралык терроризмди, диверсиялык-террористтик бандиттик уюш-малар менен күрөштө кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу макса-тында өз ара активдүү кызматташышат. Тараптардын бирине үчүнчү мамлекет же мыйзамсыз куралдуу уюшулма-лар тарабынан куралдуу кол салуу коркунучу пайда болгон учурда Тараптарөз аракеттерин координациялоо максатында дароо консультациялардыөткөрүшөт. Тиешелүү Тарапка аскердик-техникалык көмөк кошо камтылганзарыл болго жардам көрсөтүлүшү мүмкүн. 2-статья Тараптар экинчи Тарапка каршы куралдуу агрессия же болок душмандыкишмердүүлүк даярдоо максатында үчүнчү мамлекеттердин же болбосо мыйзам-сыз куралдуу уюшулмалардын өз аймактарын, байланыш системаларын жанабашка инфраструктурасын пайдаланышына жол бербөөгө милдеттенишет. 3-статья Тараптар региондогу аскердик-саясий абалды эске алуу менен Тарап-тардын өз ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында куралдуукүчтөрдү биргелешип пайдаланууну, ошондой эле аскерлерди жана алардыбашкаруу органдарынын согуштук даярдыгы боюнча биргелешкен иш-чаралардыөткөрүүнү ишке ашырат. 4-статья Тараптардын ар бири өз ара макулдашуу боюнча экинчи Тараптын ку-ралдуу күчтөрүнө Тараптардын стабилдүүлүгүнө жана коопсуздугуна корку-нуч келтирген террористтик топторду жана диверсиялык-террористтик бан-диттик уюшмаларды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен атайын операция-ларды өз аймагында өткөрүүгө, анын ичинде куралдуу күчтөрдүн континген-тин пайдалануу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. 5-статья Тараптар согуш шарттарына максималдуу жакындаштырылган жана атайынаскер бөлүкчөлөрүнө терроризм жана диверсиялык ишмердүүлүккө каршыкүрөшүүнүн азыркы ыкмаларын үйрөтүүгө, ошондой эле Тараптардын аймакта-рында жайгашкан жашоону камсыз кылган өзгөчө маанилүү объекттердин ко-опсуздугуна каршы чыныгы жана потенциалдуу коркунучтарды жок кылуугабагытталган Тараптардын куралдуу күчтөрүнүн атайын биргелешкен опера-тивдүү-тактикалык көнүгүүлөрү менен командалык-штабдык машыгууларынөткөрүшөт. 6-статья Тараптар диверсиялык-жардыруучу, жашыруун экстремисттик борборлор-ду аныктоого багытталган атайын иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдөөз ара тыгыз кызматташышат. Тараптар террористтик топтордун жайгашкан жери, алардын структура-сы жана курамы, согуш аракеттерин жүргүзүү тактикасы, аскердикмүмкүнчүлүктөрү жана пайдаланган курал жабдуулары тууралуу маалымат ал-машууну ишке ашырышат. 7-статья Тараптар курал жабдуулар, аскер техникасы жана башка аскер-техни-калык мүлк менен камсыз кылуу, ошондой эле аскер техникасын жана куралжабдууларды оњдоо, жакшыртуу тармагында кызматташууну өнүктүрүшөт. Эки тараптуу кызматташуу пландарынын алкагында аскер багытындагыпродукция жөнөтүү жана кызмат көрсөтүү Тараптардын өз ара макулдашуула-рынын негизинде ишке ашырылат. 8-статья Аскер багытындагы продукцияларды жөнөтүүнүн номенклатурасы жанакөлөмү, бул жөнөтүүлөрдүн шарттары менен эсептешүү тартиби ар бир Та-раптын мыйзамдарына ылайык Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары тарабы-нан түзүлгөн контракттарда жана бөлөк келишим документтерде аныкталат. 9-статья Ар бир Тарап Тараптардын регионалдык коопсуздугун жана ста-билдүүлүгүн камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара макулдашуу боюнча тоско-олдуксуз алым, салык жана башка жыйымдарды албай туруп аскер командала-рын, аскер техникасын, курал жабдууларды жана аскер мүлкүн бир Тараптынаймагынан экинчи Тараптын аймагына алып өтүүнү, ошондой эле транзиттикташууларды камсыз кылат. 10-статья Тараптар мурда жетишилген келишимдердии негизинде Тараптардын ас-кердик-окуу жайларында офицердик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоотармагында эки тараптуу кызматташууну ишке ашырышат. 11-статья Ар бир Тарап өз аймагында жайгашкан аскер кызматкерлерине жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эки тараптуу келишимдерге ылайык билимберүү, медициналык жактан камсыздоо, коммуналдык-турмуш-тиричилик жанатранспорт кызматы тармагындагы социалдык укуктарды өзүнүн улуттук мый-замдарына ылайык камсыз кылууга кепилдик берет. 12-статья Тараптар мына ушул Келишимди ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган жесатылып алынган аскер багытындагы продукцияны үчүнчү тарапка анын ичин-де чет элдик жеке адамдарга же юридикалык жактарга же болбосо эл аралыкуюмдарга сатышпайт же өткөрүп беришпейт. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык бул Келишимди ишкеашыруунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө аларга берилген мамлекет-тик сырды камтыган Маалыматты коргоону камсыз кылууга милдеттенишет. Маалыматка жашыруундуулук белгисин ыйгаруу, даражасын төмөндөтүүже жашыруундуулукту алып таштоо алып салуу маалыматты берип жаткан Та-раптын гана өзгөчө укугу болуп саналат. 13-статья Тараптар бул Келишимдин белгилүү-бир жоболорун ишке ашыруу макса-тында өзүнчө эки тараптуу өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык ке-лишимдерди түзө алышат. 14-статья Бул Келишим үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталбайт жана Тараптар-дын башка мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдери-нен келип чыккан кандайдыр бир укуктарына жана милдеттерине эч тиешесижок. 15-статья Мына ушул Келишимге өзгөртүүлөр жана кошумчалар өз ара макулдашуу-нун негизинде Тараптардын биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.Киргизилген өзгөртүүлөр өзүнчө протоколдор менен толтурулуп, мына ушулКелишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 16-статья Бул Келишимди аткаруунун же түшүндүрүүнүн жүрүшүндө келип чыкчуталаш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 17-статья Мына ушул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо ту-ралуу грамоталар менен алмашкан күндөн тартып күчүнө кирет. Мына ушул Келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде тиешелүүмөөнөт өткөнгө алты ай калганга чейин Тараптардын бири экинчи Тарапкаанын аракетин токтотуу тууралуу ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, Кели-шимдин аракети ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн-өзү узар-тылат. Бул Келишим кол коюлган күндөн тартып убактылуу пайдаланылат. Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында эки нускада, ар бирикыргыз, өзбек, орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Келишимдин жоболорун түшүндүрүү максатында орус тилиндегитекст пайдаланылат. Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы үчүн үчүн