КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 51 Мыйзамы менен ратификацияланган Афины шаары2004-жылдын 1-ноябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Греция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Греция Республикасынын Өкмөтү, кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында ачылган Эларалык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга катышуучулар болушуп, жана өздөрүнүн тийиштүү аймактарынын ортосунда жана алардын чектеринентышта аба катнашын ачуу максатында макулдашуу түзүү ниеттерин билдири-шип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктамалар Эгер контекстте башкача каралбаса, бул Макулдашуу үчүн: (а) "Конвенция" деген термин кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрын-да Чикаго шаарында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенци-яны, анын ичинде ушул Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынганбардык Тиркемелерди жана 90 жана 94-статьяларга ылайык Тиркемелерге жеКонвенцияга киргизилген бардык оњдоолорду ал Тиркемелердин же оњдоолор-дун эки Тарап үчүн колдонулуучу даражасында билдирет; (Ь) "авиациялык бийликтер" деген термин Кыргыз Республикасына ка-рата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-гине караштуу Жарандык авиация департаментин жана Греция Республикасынакарата - Жарандык авиация уюмунун башкармасын же эки тарапка карата -азыркы учурда аталган авиациялык бийликтер тарабынан аткарылуучу функ-цияларды аткарууга юридикалык жактан ыйгарым укук берилген башка аркандай органды билдирет; (с) "дайындалган авиакомпания" деген термин бир Тарап экинчи Та-рапка жазуу жүзүндө билдирүү менен дайындаган жана ушул Макулдашуунун3-статьясына ылайык ушул Макулдашуунун 2-статьясынын (1) пункту мененбелгиленген маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууга ыйгарымукук берилген ар кандай авиакомпанияны билдирет; (d) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнаш", "авиакомпания"жана "коммерциялык эмес максатта токтоо" деген терминдер Конвенциянын 2жана 96-статьяларына ылайык аныкталган маанилерди билдиришет; (е) белгиленген аба катнашына карата "сыйымдуулук" деген терминандай катнашты аткаруу үчүн пайдаланылуучу самолеттогу орундардын марш-рут же маршруттун участогу боюнча белгилүү бир мезгилде ошол самолетменен учууларды аткаруунун жыштыгына көбөйтүлгөн санын билдирет; (f) "тариф" деген термин жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү та-шыгандык үчүн алынуучу бааларды же жыйымдарды (почтаны ташыгандык үчүнакыдан жана шарттардан башкасын), ошондой эле ал баалар менен жыйымдар-ды колдонуунун шарттарын, анын ичинде авиакомпаниялар сунуштоочу аркандай кошумча кызмат көрсөтүүгө тиешелүү комиссиялык жана агенттиккызмат көрсөтүүлөрдү, жыйымдарды жана шарттарды билдирет, ошондой элеташууга байланыштуу камсыздалуучу ар кандай орчундуу жењилдиктердиөзүнө камтыйт; (g) "Тиркеме" деген термин ушул Макулдашууга Тиркемени же ушул Ма-кулдашуунун 20-статьясынын жоболоруна ылайык ага киргизилген оњдоолордубилдирет. Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жанабашкасы өзгөчө белгиленген учурларды эске албаганда, Макулдашууга кара-та болгон бардык шилтемелер өздөрүнө Тиркемени камтышы керек. (h) "пайдалануучулардан алынуучу жыйымдар" деген термин авиакомпа-ниялардан аэропорттук, аэронавигациялык каражаттарды жана коопсуздуктукамсыздоо боюнча каражаттарды бергендик үчүн алынуучу жыйымдарды билди-рет. Бул Макулдашуунун статьяларынын аталыштары ушул Макулдашуунун аркандай жоболорунун маанилерин эч кандай чектебестиги жана кењейтпестигибелгиленмекчи. 2-статья. Ташууларга укук берүү (1) Дайындалган авиакомпания же авиакомпаниялар менен Тиркеменинтийиштүү бөлүмүндө аныкталган маршруттар боюнча эл аралык аба катнашыначуу жана жүргүзүү максатында ар бир Тарап экинчи тарапка ушул Макллда-шууда каралган укуктарды беришет. Андай аба катнаштары жана маршруттармындан ары тиешесине жараша "келишимдик катнаштар" жана "белгиленгенмаршруттар" деп аталышат. (2) белгиленген маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткаруудадайындалган авиакомпанияга же авиакомпанияларга ушул Макулдашуунун жо-болоруна ылайык төмөнкүдөй укуктар берилүүгө тийиш, алар: (а) башка Тараптын аймагынын үстүнөн конбостон учуп өтүү; (Ь) башка Тараптын аймагына коммерциялык эмес максатта конуу; (с) биринчи Тараптын аймагында жайгашкан пункттан (пункттардан)жөнөөчү же аларга келүүчү жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү, багаж, жүк,анын ичинде почтаны башка Тараптын аймагынан Тиркемеде көрсөтүлгөнпункттарда бөлөк-бөлөк же чогуу жүктөө жана түшүрүү; (3) Тараптардын ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык дайындалба-ган авиакомпанияларына да ушул статьянын (2) (а) жана (Ь) пункттарындакөрсөтүлгөн укуктар берилет. (4) Эгер башка Тараптын аймагындагы пунктка ташуу акы төлөө мененже жалдоо боюнча жүргүзүлүп жатса, ушул статьянын (2) параграфында эчнерсе бир Тараптын авиакомпаниясына (авиакомпанияларына) башка Тараптынаймагында жүргүнчүлөрдү салуу, жүктөрдү, анын ичинде почтаны жүктөө жа-гында артыкчылыктарды берүү катары каралууга тийиш эмес. 3-статья. Дайындоо жана эксплутациялык ыйгарым укуктар (1) Ар бир Тарап келишимдик катнаштарды жүргүзүү максатында авиа-компанияны же авиакомпанияларды дайындоого жана дипломатиялык каналдарбоюнча башка Тарапка маалымдоого, жана ар кандай авиакомпаниянын дайын-далышын жокко чыгарууга, же мурда дайындалгандын ордуна башка авиаком-панияны дайындоого укуктуу. (2) Мындай дайындоо алынгандан жана дайындалган авиакомпанияданэксплуатациялык ыйгарым укуктарды алуу үчүн көрсөтүлгөн формада өтүнмөберилгенден кийин башка Тараптын компетенттүү органдары мындай жол ме-нен дайындалган авиакомпанияга керектүү эксплуатациялык ыйгарым укук-тарды төмөнкүдөй шарттарда берүүгө тийиш, эгерде: а) Греция Республикасы тараптан дайындалган авиакомпанияга карата: (i) ал Греция Рсспубликасынын аймагында Европа Шериктештиги бел-гилөөчү келишимге ылайык уюшулса жана Европа Шериктештигинин мыйзамынаылайык Эксплуатациялоо Лицензиясын алса; (ii) авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулук контролдоо Европа Ше-риктештигине мүчө-Эксплуатанттын Күбөлүгүн берүү үчүн жооптуу мамлекеттарабынан жүргүзүлсө же уюштурулса жана тийиштүү авиациялык бийлик да-йындоодо так аныкталса; Ь) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга кара-та: i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулса жана Кыргыз Респуб-ликасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык лицензияланса; ii) Кыргыз Республикасы авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулукконтролдосо жана ал контролду уюштурса; жана с) дайындалган авиакомпания адатта конвенциянын жоболоруна ылайыкколдонулуучу мыйзамдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарга - эларалык аба катнаштарын дайындоо алуучу башка Тараптын эксплуатациялашы-на ылайык келсе. (3) Авиакомпания дайындалгандан жана ушул Статьяга ылайык ыйгарымукуктар берилгенден кийин, ушул Макулдашуунун 13 жана 15-статьяларынынжоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жана расписаниелер ушул катнаш-тарга карата жарактуу болгон шартта ал өзү аткарууга дайындалган кели-шимдик катнаштарды толук же айрымдарын аткара алат. 4-статья. Эксплуатациялык ыйгарым укуктарды жокко чыгаруу же убактылуу токтотуу (1) Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери ушул Макулдашуунун2-статьясында айтылган, башка Тараптын дайындалган авиакомпаниясына бе-рилген эксплуатациялык ыйгарым укуктарды жокко чыгарууга же колдонулу-шун убактылуу токтотууга, же андай укуктарды пайдалануу үчүн зарыл депэсептеген шарттарды киргизүүгө укуктуу, эгерде: а) Греция Республикасынын дайындалган авиакомпаниясына карата: i) ал Греция Республикасынын аймагында Европа Шериктештиги бел-гилөөчү келишимге ылайык уюшулбаса жана Европа Шериктештигинин мыйзамы-на ылайык Эксплуатациялоо Лицензиясын албаса; же ii) авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулук контролдоо Европа Ше-риктештигине мүчө-Эксплуатанттын Күбөлүгүн берүү үчүн жооптуу мамлекеттарабынан жүргүзүлбөсө же уюштурулбаса жана тийиштүү авиациялык бийликдайындоодо так аныкталбаса; Ь) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга кара-та: i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулбаса жана Кыргыз Рес-публикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык лицензияланбаса; ii) Кыргыз Республикасы авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулукконтролдобосо жана ал контролду уюштурбаса; же с) андай авиакомпания адатта - Конвенциянын жоболоруна ылайык кол-донулуучу мыйзамдар менен эрежелерде айтылган шарттарга шайкештигин -дайындоо алган Тараптын эл аралык аба катнаштарын эксплуатациялоогоылайыктыгын далилдей албаса; d) авиакомпания ал укуктарды берген Тараптын мыйзамдарын жана/жеэрежелерин сактабаса; же е) авиакомпания кайсы бир себептер боюнча эксплуатацияны ушул Ма-кулдашууда айтылган шарттарга ылайык ишке ашырууга жараксыз болсо. (2) Укуктарды ишке ашыруу, ушул Статьянын 1-пунктунда айтылган ко-шумча шарттарды дароо кайра жокко чыгаруу, токтото туруу же киргизүүзарыл болгондон башка учурларда, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарды жа-на/же эрежелерди бузуу улантылбашы үчүн башка Тараптын авиациялык бий-ликтери менен ушул Макулдашуунун 19-статьясына ылайык консультацияжүргүзүлгөндөн кийин гана башталат. 5-статья. Мыйзамдарды, эрежелерди жана процедураларды колдонуу (1) Бир Тараптын авиакомпаниялары башка Тараптын аймагына келген-де, турганда же кетип жатканда анын аба кемелерди эксплуатациялоо жананавигациялоо боюнча мыйзамдарын, эрежелерин жана процедураларын сактоо-го тийиш. (2) Бир Тараптын өз аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын багаждынжана жүктүн, анын ичинде почтанын келишин, болушун, транзитин жежөнөтүлүшүн жөнгө салуучу, келүүгө, иммиграцияга, паспорттук, бажылык,валюталык жана санитардык контролго тиешелүү мыйзамдар, эрежелер жанапроцедуралар сыяктуу мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары башка Та-раптын дайындалган авиакомпаниясы ташыган жүргүнчүлөргө, экипаждарга,багажга, жүккө жана почтага карата аталган Тараптын аймагына келген,кетип жаткан же болуп турган учурда колдонулууга тийиш. (3) Өзүнүн бажылык, карантиндик жана ушул сыяктуу эрежелерин кол-донууда Тараптардын эч бири башка Тараптын авиакомпаниясына карагандаөзүнүн ушундай эл аралык аба катнашын ишке ашырган авиакомпаниясына жебашка ар кандай авиакомпанияга артыкчылык берүүгө тийиш эмес. (4) Тараптар Макулдашууну колдонууда өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарынынталаптарын ошондой эле Греция Республикасынын Европа Шериктештигининколдонуудагы мыйзамдарына карата милдеттенмелерин көњүлгө алышат. 6-статья. Авиациялык коопсуздук (1) Тараптар эл аралык укуктун чегинде, өздөрүнүн укуктары мененмилдеттенмелерине ылайык, алардын бири бирине карата жарандык авиация-нын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоого тиешелүү милдеттенме-лери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болот деп билдиришет. (2) Тараптар атап айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо колкоюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана башка иштержөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Абакемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөш жөнүндө конвенциянын,1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянынкоопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз иштерге каршы күрөш жөнүндөконвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эларалык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордо мыйзамсыз зомбулук ак-тыларына каршы күрөшүү жөнүндө протоколдун жоболоруна ылайык, ошондойэле авиациялык коопсуздукту жөнгө салуучу жана эки Тарапка тењ каратажарактуу көп тараптуу макулдашууларга ылайык иш жүргүзүүгө тийиш. (3) Тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алууну жанаандай аба кемелеринин учуусунун коопсуздугуна, алардын бортундагыжүргүнчүлөргө жана экипаждарына, аэропортторго жана аэронавигациялыккаражаттарга, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы ба-гытталган иштерди болтурбоо максатында бири биринин талабы боюнча бар-дык керектүү жардамдарды беришет. (4) Тараптар өз ара мамилелеринде Эл аралык жарандык авиация уюмубелгилеген жана Конвенцияга Тиркеме деп аталуучу, авиациялык коопсуздукжөнүндө жоболорго ылайык, ал жоболор Тараптарга карата колдонулуучу да-ражада аракеттенүүгө тийиш; алар өз аймактарында катталган аба кемеле-ринин эксплуатанттарынан, же алар дайындаган авиакомпаниялардын аба ке-мелеринин эксплуатанттарынан, ошондой эле алардын аймактарындагы аэро-порттордун эксплуатанттарынан ишти авиациялык коопсуздук жөнүндө ушун-дай жоболорго ылайык жүргүзүшүн талап кылууга тийиш. (5) Ар бир Тарап жогоруда (4) пунктта башка Тараптын аймагынакирүүгө, чыгууга же болууга карата айтылган авиациялык коопсуздукжөнүндө жоболорду аба кемелеринин мындай эксплуатанттары сактоосун баш-ка Тараптын талап кыла алаарына макулдугун билдиришет. (6) Ар бир Тарап анын аймагында аба кемелерин коргоо жанажүргүнчүлөрдү, экипаждарды, кол жүктөрдү, багажды, жүктөрдү жана абакемелеринин борт жарактарын отургузуу же жүктөө алдында текшерүү боюнчатийиштүү чаралар колдонулушун камсыздоого тийиш. (7) Ар бир Тарап ошондой эле башка Тараптын конкреттүү коркунучкабайланыштуу коопсуздук чараларды камсыздоо жөнүндө ар кандай өтүнүчүнөтүшүнүү менен мамиле кылууга тийиш. (8) Жарандык аба кемеси мыйзамсыз басып алынган же басып алуу кор-кунучу же андай аба кемесинин, анын бортундагы жүргүнчүлөрдүн жана эки-паждын, аэропорттордун же аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугунакоркунуч болгон учурда Тараптар байланышты камсыздоо жана андай окуяныже андай болуу коркунучун тез жана коркунучсуз токтотууга багытталганбашка чараларды көрүү жолу менен бири бирине жардам көрсөтүүгө тийиш. (9) Эгер Тараптардын биринде башка Тарап ушул Статьяда айтылганавиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду аткарбай жатат деп эсептөөгөжетиштүү негиздер болсо, анда ал Тараптын авиациялык бийликтери башкаТараптын авиациялык бийликтери менен токтоосуз консультация өткөрүүнүталап кыла алышат. Мындай өтүнмө түшкөн күндөн кийин бир (1) айдыничинде керектүү макулдашууга жетишүүгө мүмкүн болбосо, ушул Макулдашуу-нун 4-статьясы күчүнө кирет. Олуттуу кырдаал пайда болгон учурда Тарап-тардын кайсынысы болбосун бир айлык мезгил өткөнгө чейин убактылуу ча-раларды көрө алат. 7-статья. Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү таануу (1) Бир Тараптын эрежелерине жана процедураларына ылайык берилгенжана күчүндөгү учууга жарактуулуктун сертификаттары, квалификациялыккүбөлүктөр жана күбөлүктөр, Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуустандарттарга шайкеш келген же ашкан шартта келишимдик катнаштарды ат-каруу максатында башка Тарапта күчүндөгү катары таанылууга тийиш. (2) Ошондой болсо да, ар бир Тарап анын жарандарына башка Тараптаже башка мамлекетте анын аймагынын үстүнөн учууларды аткаруу үчүн бе-рилген квалификациялык күбөлүктөрдү жана күбөлүктөрдү таануудан баштартуу укугун сактап калышат. (3) Эгер жогоруда (1) пунктта айтылып жаткан, бир Тараптын авиаци-ялык бийликтери белгиленген маршруттар боюнча келишимдик катнаштардыаткарууга дайындалган ар кандай жакка же авиакомпанияга берген укуктаржана күбөлүктөр же күбөлүктөрдүн шарттары Конвенцияга ылайык аныкталганстандарттардан айырмалуу болсо жана андай айырма Жарандык авиациянын эларалык уюмунда катталса, анда башка Тараптын авиациялык бийликтери ай-тылып жаткан практика алар үчүн алгылыктуу экенине күмөндүгүн жайгаруумаксатында ушул Макулдашуунун 19-статьясына ылайык ал Тараптын авиация-лык бийликтери менен консультация өткөрүүнү сурай алышат. Эгер канаат-тандырарлык макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, ал ушул Макулдашуунун4-статьясын колдонууга негиз болот. 8-статья. Учуулардын коопсуздугу (1) Ар бир Тарап башка Тарап дайындаган авиакомпания аткаруучуучуулардын коопсуздугунун стандарттары боюнча аба кемесинин экипажына,аба кемесине же анын эксплуатацияланышы чөйрөсүндө консультацияөткөрүүнү кайсы убакта болбосун сурай алат. (2) Эгер андай консультациянын жыйынтыгында Тараптардын бири башкаТараптын дайындалган авиакомпаниялары (1) пунктта айтылган тармактардынкайсынысында болбосун, Чикаго конвенциясына ылайык ошол мезгилге каратабелгиленген учуулардын коопсуздугу боюнча жок дегенде минималдуу стан-дарттарга шайкеш келген стандарттарды тийиштүү түрдө сактабай же кол-донбой жатышат деп эсептесе, анда биринчи Тарап башка Тарапка андай жы-йынтыктар жана ИКАОнун стандарттарына шайкештик максатында көрүү зарылболгон чаралар тууралуу, жана берки Тарап тийиштүү чараларды көрүшү ке-ректиги жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгер башка Тарап он беш (15) күндүничинде же белгилениши мүмкүн болгон андан узагыраак мөөнөттө керектүүчара көрбөсө, бул ушул Макулдашуунун 4-статьясын колдонууга негиз болу-уга тийиш. (3) Конвенциянын 33-статьясында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге кара-бастан, Тараптардын биринин авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынынатынан башка Тараптын аймагында же аймагынан учууларды аткаруу үчүнэксплуатациялануучу ар кандай аба кемеси башка Тараптын аймагында бол-гондо ал Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бортто же аба ке-месинин жанында борттук документтердин жана экипаждын жарактуулугун,самолеттун жана анын жабдууларынын абалын текшерүү (бул Статьяда "пер-рондо инспекциялоо" деп аталат) максатында, бул рейстин негизсиз карма-лышына алып келбегендей шартта текшерүүгө алынышы мүмкүн. (4) Эгер мындай инспекциялоо же бир нечелеген инспекциялоолор: (а) аба кемеси же аба кемесинин эксплуатацияланышы Конвенциягаылайык ошол учурга карата белгиленген минималдуу стандарттарга ылайыкэмес экендиги жөнүндө олуттуу тынчсызданууга алып келсе; же (Ь) тийиштүү техникалык тейлөөнүн жоктугу жана Конвенцияга ылайыкошол учурга карата белгиленген учуулардын коопсуздугу боюнча стандарт-тардын аткарылбай жатканы жөнүндө олуттуу тынчсызданууга алып келсе, анда инспекциялоо жүргүзгөн Тарап Конвенциянын 33-статьясына ыла-йык, ал аба кемесине же ал кеменин экипажына сертификат же күбөлүктөрдүберүүгө негиз болгон талаптар жарактуу деп табылганы жөнүндө, же ал абакемесинин эксплуатацияланышына негиз болгон талаптар Конвенцияга ылайыкбелгиленген минималдуу стандарттарга шайкеш эмес деген корутундуберүүгө укуктуу. (5) жогорудагы (3) пунктка ылайык Тараптардын биринин авиакомпани-ясы тарабынан же авиакомпаниясынын атынан пайдаланылган аба кемесинперрондо инспекциялоо максатында кирүүгө бул авиакомпаниянын же авиа-компаниялардын өкүлдөрү тыюу салса, башка Тарап жогоруда (4) пункттакөрсөтүлгөн олуттуу кемчиликтер бар деп болжолдоого жана бул пункткаылайык бүтүм чыгарууга укуктуу болот. (6) Эгерде биринчи Тарап инспекциялоонун, бир топ инспекциялоолор-дун, инспекция жүргүзүү үчүн кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуунун,консультациялардын натыйжасында же башка себеп боюнча авиакомпаниялар-дын учууларды коопсуз аткарышы үчүн маанилүү болгон шашылыш чаралардыколдонуу зарылчылыгы жөнүндө бүтүм чыгарса, ар бир Тарап башка Тараптынавиакомпаниясына же авиакомпанияларына берилген эксплуатациялоо урукса-тын тезинен токтото турууга же өзгөртүүгө укукту сактайт. (7) Жогорудагы (2) жана (6) пункттарга ылайык Тараптардын бири та-рабынан жасалган бардык иш-аракеттер мындай иш-аракеттерди колдонуунунсебеби жоголоор замат токтотулууга тийиш болот. 9-статья. Бажылык эрежелер (1) Ар бир Тарап экинчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясына абакемесине, отунга, майлоочу материалдарга жана техникалык бөлүкчөлөргө,тетиктерге, анын ичинде кыймылдаткычтарга, борттук жабдууларга, борттукзапастарга жана келишимдик катнаштарды аткарып жаткан мындай Тараптындайындалган авиакомпаниясынын аба кемесин пайдаланууга же тейлөөгө бай-ланыштуу колдонулуучу башка предметтерге, ошондой эле басылып чыкканбилеттердин запасына, жүктүн коштомо кагаздарына, компаниянын фирмалыкбелгиси коюлган бардык басма материалдарга, ошондой эле бул дайындалганавиакомпания акысыз таркатуучу кадимки жарнама материалдарына бажылыкпошлиналарды, кыйыр салыктарды, инспекциялык жыйымдарды жана башка мам-лекеттик жана жергиликтүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды салбоого жана им-порттук чектөөлөрдү койбоого тийиш. (2) Бул статьяда көрсөтүлгөн бошотуулар ушул статьянын (1) пунк-тунда көрсөтүлгөн төмөнкү предметтерге карата колдонулууга тийиш: (а) биринчи Тараптын аймагына экинчи Тараптын дайындалган авиаком-паниясы тарабынан же анын атынан алынып келүүчүлөр; (Ь) экинчи Тараптын аймагына келгенден кийин жана андан учуп кет-кенге чейин биринчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемеси-нин бортунда калтырылчулар; (с) экинчи Тараптын аймагында биринчи Макулдашуучу Тараптын дайын-далган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортуна алынган жана бошотуулар-ды берген Тараптын аймагында бул предметтер жерилбеген шартта, аталганТараптын аймагында ушул предметтер толугу менен же жарым-жартылай кол-донулуп же сарпталып жатабы же жокпу, ага карабастан, келишимдик кат-наштарды аткарууда колдонулуучулар. (3) Кайсы Тараптын болбосун дайындалган авиакомпаниясынын аба ке-месинин бортунда демейде сактала турган борт шаймандары, ошондой элематериалдар, жабдуу шаймандары жана борт запастары экинчи Тараптын ай-магына ушул аймактын бажылык бийликтеринин макулдугу менен ганатүшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайрадан экспорттолуп кетмейинче жебажылык эрежелерге ылайык башкача түрдө алынып кетмейинче жогорудааталган бийликтердин көзөмөлүнө берилиши мүмкүн. (4) Кайсы болбосун Тараптын дайындалган авиакомпаниясы башка авиа-компаниялар менен башка Тараптын аймагында убактылуу колдонуу же берүүтууралуу макулдашкан учурда, мындай авиакомпаниялар бул Тараптан ушугаокшош бошотууларды алган шартта, ушул статьяга ылайык берилүүчү бошоту-улар техникалык запастарга, запастык тетиктерге, анын ичинде кыймылдат-кычтарга, кадимки борт жабдууларына карата дагы колдонулууга тийиш. 10-статья. Аэропортторду жана авиациялык жабдууларды колдонуу (1) Биринчи Тараптын аймагында аэропортторду, аэронавигациялык жа-на башка жабдууларды колдонгондугу үчүн экинчи Тараптын дайындалганавиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эл аралык катнаштарды атка-рып жаткан ошол эле класстагы мамлекеттик аба кемелеринен алынуучу жы-йымдардан ашпоого тийиш. (2) Өзүнүн контролунун астында болгон аэропортторду, аба трассала-рын, аба кыймылын тейлөө жана аларга байланышкан каражаттарды колдонуу-да Тараптардын эч бири экинчи Тараптын ушундай эле эл аралык аба кат-наштарын аткарып жаткан авиакомпаниясына караганда өзүнүн же бардыкбашка авиакомпанияга артыкчылыктарды берүүгө тийиш эмес. (3) Ар бир Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүн компетенттүүоргандары менен бул жыйымдар боюнча органдардын кызматтарын жана кара-жаттарын пайдалануучу авиакомпаниялардын ортосунда бул авиакомпаниялар-дын өкүлчүлүкторү аркылуу мүмкүн болгон жерде консультациялардыөткөрүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мындай жыйымдарды өзгөртүү боюнча бардыксунуштар жөнүндө тийиштүү билдирүү пайдалануучуларга бул өзгөртүүлөркиргизилгенге чейин, алардын өз оюн билдире алышы үчүн берилет. Ар бирТарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүн компетенттүү органдары жанапайдалануучулар мындай жыйымдар жөнүндө тийиштүү маалыматтарды алмашуу-суна шарт түзүүгө тийиш. 11-статья. Транзиттик ташуулар Тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен бараткан жана дал ушун-дай максаттарда пайдаланылган аэропорттун аймагынан чыгып кетпегенжүргүнчүлөр ушул Макулдашуунун 6-статьясында көрсөтүлгөн коопсуздукэрежелери колдонулгандан башка учурларда, ошондой эле бањгилик жанаањ-сезимге таасир берүүчү заттарды алып келүүгө тыюу салуу максатындажөнөкөйлөтүлгөн гана контролдон өтүүгө тийиш. Түз транзит менен баражаткан багаж жана жүк бажылык алымдардан жана башка жыйымдардан бошоту-лууга тийиш. 12-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана акча каражаттарын которуу (1) Ар бир дайындалган авиакомпания башка Тараптын аймагында авиаташууларды түздөн түз же өзүнүн агенттери аркылуу сатууга укуктуу жанакандай гана жак болсо да андай транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү колдо-нуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык сатып алууга укуктуу. (2) Ар бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Тараптын ай-магында алган, сарптоолордон кийин калган киреше акча каражаттарын кон-вертирлөөгө жана валюта алмаштыруунун колдонуудагы эрежелерине ылайыкэркин жүгүртүлүүчү валютада өз аймагына которууга укуктуу болууга ти-йиш. Конвертирлөө жана которуу акча которулган күндө андай которууларгакарата колдонулуп жаткан алмаштыруу курсу боюнча чектелбестенжүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде мындай иштеп жаткан рыноктук курс системасыболбосо, конвертирлөө жана которуу жасалган күндө колдонулуп жатканрасмий алмаштыруу курсунун негизинде чектөөсүз аткарылууга тийиш. Кото-руунун өзү кечиктирбестен аткарылууга тийиш жана мындай операцияларүчүн банктар алган адаттагы жыйымдардан башка жыйымдар алынбайт. (3) Эгер Тараптардын бири башка Тараптын дайындалган авиакомпания-сы биринчи Тараптын аймагында алган сарптоодон кийин ашкан киреше сум-маларын которуусуна чектөө койсо, анда башка Тарап да биринчи Тараптынавиакомпаниясына ошондой чектөө коюуга укуктуу болот. (4) Эгерде Тараптардын ортосунда мындай акча каражаттарына каратаатайын келишим болсо, ал келишим колдонулат. 13-статья. Тарифтер (1) Экинчи Тараптын аймагынан же аймагына ташуулар үчүн Тараптар-дын кайсынысынын болбосун дайындалган авиакомпаниясы тарабынан алынуучутарифтер бардык маанилүү факторлорду, анын ичинде эксплуатациялоо чы-гымдарын, негизделген пайданы жана аткаруу ылдамдыгы жана орундуктары,комиссиялык акылар, башка авиакомпаниялардын тарифтери жана башка ком-мерциялык шарттар сыяктуу тейлөө мүнөздөмөсүн эске алып, алгылыктууөлчөмдө болууга тийиш. (2) Эки Тараптын тењ авиациялык бийликтери негизсиз дискриминация-лоочу, үстөмдүк абалды кыянат пайдалануудан улам өтө эле жогору жечектөөчү, же түз же кыйыр дотациялоодон же колдоо көрсөтүүдөн улам жа-салма түрдө арзан, же баалардын арзандатылышына алып келүүчү алгылыксызтарифтерди карап чыгууга жана чечим кабыл алууга тийиш. (3) Эки Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары бекитмейинче бирда тариф күчүнө кирбөөгө тийиш. (4) Ушул статьянын жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жањы та-рифтер ушул Статьянын жоболоруна ылайык белгиленмейинче күчүндө калуугатийиш. (5) Эки Тараптын тењ авиациялык бийликтери Тараптардын аймактарын-да жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү ташуу үчүн алардын тарифте-рин бекитүүгө өтүнмө берүүнү талап кылбоого тийиш, бирок дайындалганавиакомпаниялар ушул статьянын (2) пунктуна ылайык баа берүү үчүн экиТараптын тењ авиациялык бийликтерине аларды киргизүүнүн болжолдонгонкүнүнөн жок дегенде он төрт (14) күн мурда бул жөнүндө билдирүүгө тийишЭгерде дайындалган кызыкдар авиакомпания аймагында жүктү ташуу башталу-учу Тараптын авиациялык бийликтеринен жогоруда аталган жүктүк тарифтер-дин жактырылбаганы тууралуу билдирүүнү катталган күндөн тартып сегиз(8) күндүн ичинде албаса, анда мындай катталган жүктүк тариф аны кир-гизүү көрсөтүлгөн күндөн баштап күчүнө кирет. 14-статья. Сыйымдуулук (1) Эки Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары ушул Макулдашуу-нун Тиркемесинде аныкталган ар кандай маршрут боюнча аба катнашын атка-рууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш. (2) Келишимдик катнаштарды аткарууда ар бир Тараптын дайындалганавиакомпаниялары башка Тараптын дайындалган авиакомпаниялары ошол элемаршруттар же алардын участоктору боюнча ишке ашырып жаткан аба катна-шына тескери таасир тийгизбеш үчүн алардын кызыкчылыгын эске алууга ти-йиш. (3) Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары аткарып жаткан кели-шимдик катнаштарда белгилүү бир маршруттарда ташууларга карата коомдукталаптар эске алынууга жана авиакомпанияны дайындаган Тараптын аймагы-нан жөнөөчү же аймагына жөнөгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, аныничинде почтаны ташуу боюнча болгон жана күтүлгөн талаптарды аткарууүчүн тийиштүү коэффициенттеги жетиштүү жүктөөнү, сыйымдуулукту камсыз-доону негизги максаты кылып коюуга тийиш Маршруттарда Үчүнчү мамлекет-тердин аймагында мурдатан белгиленген пункттарда бортко алынган жанатүшүрүлгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуужалпы принциптерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш, ал принциптер боюнча сы-йымдуулук төмөнкүлөргө жараша болот: (а) авиакомпанияны дайындаган Тараптын аймагына же аймагынан чык-кан аба кыймылынын талаптарына; (Ь) бул регионго кирген мамлекеттердин авиакомпаниялары түзгөнбашка транспорттук катнаштарды эске алып, келишимдик катнаш жүрүп жат-кан региондогу аба кыймылынын талаптарына; жана (с) авиакомпаниянын түз аба катнашынын талаптарына. 15-статья. Учуулардын расписаниеси (1) Биринчи Тарап дайындаган авиакомпания калкты тейлөөгө бе-рилүүчү аба кемесинин учуу жыштыгын, тибин, убактысын, түзүлүшүн жанаорундуктарынын санын, ошондой эле расписаниенин колдонулуу мөөнөтүнкөрсөтүп, өзүнүн божомолдонгон катнаштарынын расписаниесин экинчи Та-раптын авиациялык бийликтерине жок дегенде кырк беш (45) күн мурда бе-китүүгө берүүгө тийиш. Ушундай эле процедура мындай расписаниени бардыкөзгөртүүдө да колдонулат. (2) Эгерде дайындалган авиакомпания расписаниеде көрсөтүлгөндөнтышкары кошумча рейстерди жасоону кааласа, ал экинчи Тараптын авиация-лык бийликтеринен уруксат суроого тийиш. Мындай өтүнүч ушундай рейстер-ди жасоого чейин жок дегенде эки (2) иш күнү мурдатан берилүүгө тийиш. 16-статья. Авиакомпаниялардын өкүлчүлүгү (1) Биринчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Тараптынаймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн кармоого укуктуу. (2) Ар бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясы өзүнүн өкүлдөрүн,коммерциялык, техникалык жана келишимдик катнаштарды аткаруу үчүн зарылнегиздүү башка кызматкерлерин экинчи Тараптын мыйзамдары менен эрежеле-рине ылайык башка Тараптын аймагына алып кирүүгө жана кармоого укуктуу. (3) Тийиштүү аймакта колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана эрежелергеылайык Тараптардын экөөнүн тењ дайындалган авиакомпаниялары аба катнаш-тарын аткарууга жана аба аркылуу ташууларды сатууга көмөктөшүү үчүнэкинчи Тараптын аймагында офисти же офистерди ачууга укуктуу. 17-статья. Жердеги тейлөө Ар бир Тарап жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны авиа-компаниянын өз алдынча тейлөөсү (өзүн өзү тейлөө) үчүн өзүнүн авиаком-панияларына бергендей шарттарды экинчи Тараптын ар бир дайындалган ави-акомпанияларына башка авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрдү, багажды,жүктөрдү жана почтаны тейлөөсү (үчүнчү тарапты тейлөө) үчүн тењ укуктуунегизде беришет. Буга мындай максат үчүн керектүү аэропорттук каражат-тарга кирүү жана пайдалануу да кирет. 18-статья. Маалымат берүү Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери экинчи Тараптын авиациялыкбийликтерине, алардын суроо-талабы боюнча, келишимдик катнаштардын ат-карылышын текшерүү үчүн негиздүү керек болгон мезгил-мезгили менен чы-гуучу статистикалык маалыматтарды же дайындалган авиакомпания ушул Ма-кулдашууда аныкталган маршруттар боюнча жасаган ташууларга тиешелүүушул сыяктуу бардык башка маалыматтарды берүүгө же өзүнүн дайындалганавиакомпанияларынын беришин талап кылууга тийиш. 19-статья. Консультациялар (1) Тараптардын авиациялык бийликтери тыгыз кызматташуу маанайындаушул Макулдашууну ишке ашырууга таасирин тийгизүүчү бардык маселелербоюнча тыгыз кызматташууну камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили мененбири-бири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү же кат алышуу аркылуу кызматташу-уга тийиш. (2) Ар бир Тарап каалаган убакта ушул Макулдашууга тиешеси барбардык маселелер боюнча консультацияларды өткөрүүнү талап кыла алат.Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, мындай консультациялар экинчи Та-раптын өтүнмөсү алынган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башта-лууга тийиш. 20-статья. Оњдоолор (1) Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосунаоњдоолорду киргизүүнү кааласа, эгер мындай оњдоолор Тараптардын орто-сунда макулдашылса, анда алар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу ме-нен ырасталгандан кийин күчүнө кирет. Ноталарды алмашкан күн болуп ушулэки нотанын акыркысы алынган күн эсептелет. (2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине оњдоолор Тараптардын авиациялыкбийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылышы мүмкүн. Алар аталганбийликтер тарабынан бекитилген күндөн тартып убактылуу колдонулууга жа-на дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен ырасталгандан кийинкүчүнө кирүүгө тийиш. (3) Эл аралык аба транспортуна тиешелүү жана эки Тараптын ортосун-дагы карым-катнаштарга таасирин тийгизген жалпы көп тараптуу конвенциякүчүнө кирген учурда, бул Макулдашуу эки Тарап андай көп тараптуу кон-венциянын жоболорун кабыл алган даражада ошол конвенциянын жоболорунаылайык оњдолду деп эсептелет. 21-статья. Талаштарды чечүү (1) Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдону-уга байланыштуу талаш маселе чыккан учурда, Тараптардын авиациялык бий-ликтери аларды адегенде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенүүгөтийиш. (2) Эгерде авиациялык бийликтер макулдашууга жетишпесе, талаш Та-раптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш. (3) Эгерде Тараптар сүйлөшүү жолу менен талашты чече алышпаса, та-лаш консультациялык корутунду же милдеттүү чечим алуу үчүн Тараптардынмакулдашуусуна жараша жеке адамдын же юридикалык жактын кароосуна бери-лет, же Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча талаш үч арбитрдин сотунаберилиши мүмкүн. (4) Мындай арбитрдик сот төмөнкүдөй түзүлүүгө тийиш ар бир Тарапбирден арбитр дайындайт жана бул эки арбитр Үчүнчү мамлекеттин жаранынтөрага кылып дайындоону макулдашышат жана дайындашат. Мындай арбитрлерТараптардын бири талашты арбитраждык сотко кароого берүүнү каалагандыгытууралуу экинчи Тарапка кабарлаган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде,ал эми төрага - үч (3) айдын ичинде дайындалууга тийиш. (5) Эгер жогоруда (4) пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса жанабашка эч кандай тиешелүү макулдашуу болбогон учурда, Тараптардын кайсы-нысы болсо да Эл аралык жарандык авиация уюмунун кењешинин (ИКАО) Пре-зидентин керектүү дайындоолорду жүргүзүү үчүн чакыра алат. Эгерде Пре-зидент Тараптардын биринин жараны болсо же эгерде ал кандайдыр-бир баш-ка себептер боюнча бул милдетти аткара албаса, анда аны алмаштыруучувице-президент керектүү дайындоону жүргүзүүгө тийиш. (6) Арбитраждык сот добуштардын көпчүлүгү менен бүтүмгө келүүгөтийиш. Мындай чечимдер Тараптар үчүн милдеттүү болууга тийиш. Ар бирТарап өзүнүн арбитринин, ошондой эле өзүнүн арбитраждык процедурага ка-тышкандагы чыгымдарын төлөйт; ал эми төраганын чыгымдарын жана бардыкбашка чыгымдарды Тараптар тењ төлөшөт. Калган бардык маселелер боюнчаарбитраждык сот өз процедураларын өзү аныктоого тийиш. 22-статья. Каттоо Ушул Макулдашуу жана анын бардык кийинки оњдоолору Эл аралык жа-рандык авиация уюмунда катталууга тийиш. 23-статья. Күчүнө кириши бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптар анын күчүнөкириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарышкандыгыжөнүндө акыркы дипломатиялык нота алынган күндөн баштап күчүнө кирет. 24-статья. Колдонуунун токтотулушу Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун жарактуулугун токтотуу тууралууөзүнүн чечими жөнүндө экинчи Тарапка каалаган убакта дипломатиялык ка-налдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жибере алат. Мындай билдирүү ошолэле учурда Эл аралык жарандык авиация уюмуна да берилүүгө тийиш. Мындайучурда, эгер эки Тараптын ортосундагы макулдашуу боюнча жарактуулуктутоктотуу тууралуу андай билдирүү тийиштүү мөөнөт бүткөнгө чейин кайра-дан алынбаса, ушул Макулдашуу экинчи Тарап билдирүүнү алган күндөн тар-тып он эки (12) айдын ичинде өз аракетин токтотот. Экинчи Тараптан бил-дирүүнү алгандык тууралуу ырастоо болбосо, билдирүү аны Эл аралык жа-рандык авиация уюму алгандан он төрт (14) күн өткөндөн кийин алынды депэсептелет. Афины шаарында 2004-жылдын 1-ноябрында кыргыз, орус, грек жанаанглис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда, англис тилиндеги текстнегиз катары колдонулат. Кыргыз Республикасынын Греция Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн ТИРКЕМЕ А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпаниялар экибагытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба катнаштарын атка-рууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------| Чыгуу пункттары | Келүү пункттары |Кыргыз Республикасынын|| | |чегинен тышкаркы || | |пункттар ||---------------------------|------------------|----------------------||Бишкек жана Кыргыз | Афины |Үчүнчү өлкөлөрдөгү ||Республикасындагы башка | |пункттар ||пункттар | | |----------------------------------------------------------------------- В. Греция Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпаниялар экибагытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба катнаштарын атка-рууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------| Чыгуу пункттары | Келүү пункттары |Греция Республикасынын|| | |чегинен тышкаркы || | |пункттар ||---------------------------|------------------|----------------------||Греция Республикасынын |Бишкек жана Кыргыз|Үчүнчү өлкөлөрдөгү ||чегинен тышкаркы |Республикасындагы |пункттар ||пункттар |башка пункттар | |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: Ортодогу пункттар жана сырттагы пункттар дайындалган авиакомпания-лар тарабынан тейлениши мүмкүн. Дайындалган авиакомпаниялардын ортосун-да бул маселе боюнча жетишилген жана эки Тараптын тењ авиациялык бий-ликтери тарабынан жактырылган макулдашуудан кийин мындай пункттардынжана башка Тараптын аймагынын ортосунда абадагы бешинчи эркиндик укугуколдонулат.