КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 68 Мыйзамы менен ратификацияланган Прага шаары2004-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чехия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү жана Чехия Республикасынын Өкмөтү, Чикагодо 1944-жылдын 7-декабрында кол коюу үчүн ачык болгон эларалык граждандык авиация жөнүндө Конвенциянын катышуучулары болуп са-налышып, жана өздөрүнүн тийиштүү аймактарынын ортосунда жана алардын чегиненсырткары аба катнаштарын орнотуу максатында макулдашуу түзүүнү каала-шып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты: 1-статья. (Аныктамалар) Контекстте кандайдыр бир башкача каралбаса, бул Макулдашуу үчүнтөмөнкүдөй терминдер колдонулат: (а) "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюуүчүн ачык болгон эл аралык граждандык авиация жөнүндө Конвенцияны бил-дирет, ал Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган бардык Тирке-мени, 90- жана 94-статьяларына ылайык Тиркемеге же Конвенцияга бардыктүзөтүүлөрдү Макулдашуучу эки Тарапка карата мындай тиркемелер жетүзөтүүлөр алгылыктуу экендигине жараша камтыйт; (Ь) "авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасына каратаТранспорт жана коммуникациялар министрлигин жана Чехия Республикасынакарата Транспорт министрлигин же эки Тарапка карата учурда аталган ави-ациялык бийликтер тарабынан аткарылып жаткан функцияларды аткаруугаюридикалык жактан ыйгарым укук берилген башка бардык органдарды билди-рет; (с) "дайындалган авиакомпания" термини Макулдашуучу Тараптын бирибул тууралуу экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө билдирип дайын-далган жана ушул Макулдашуунун 2-статьясынын (1) пунктуна ылайык орно-тулган маршрут боюнча келишимдик катнаштарды ишке ашырууга ушул Макул-дашуунун 3-статьясына ылайык ыйгарым укук борилген бардык авиакомпания-ларды билдирет: (d) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпа-ния" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" терминдери Конвен-циянын 2- жана 96-статьяларында тиешелүү түрдө аныкталган маанилергеээ; (е) орнотулган аба катнашына карата "сыйымдуулук" термини мындайкатнашты аткаруу үчүн самолеттогу орундардын санын билдирет, ал маршрутже маршруттун участогу боюнча белгилүү бир мезгилге мындай самолеттор-дун учууларды аткаруу тездигине көбөйтүлөт; (f) "Тиркеме" термини ушул Макулдашуунун 20-статьясынын жоболорунаылайык ушул Макулдашуунун Тиркемесин же түзөтүүлөрүн билдирет. Тиркемебул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашууга тие-шелүү бардык таянууларга кандайдыр бир башкача эскертилген учурлардантышкары, Тиркемелер кирет. 2-статья. (Ташууларга укук берүү) (1) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка Тиркеме-нин тийиштүү бөлүгүндө аныкталган маршрут боюнча дайындалган авиакомпа-нияларга же авиакомпанияга эл аралык аба катнаштарын орнотуу жана алар-ды аткаруу максатында ушул Макулдашууда каралган укуктарды берет. Мын-дай аба катнаштары жана маршруттар мындан ары "келишимдик катнаштар"жана "орнотулган маршруттар" деп аталат. (2) Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык ар бир Макулдашуучу Та-раптын дайындалган авиакомпаниясына же авиакомпанияларына орнотулганмаршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууда төмөнкүдөй укуктарберилүүгө тийиш: (а) Макллдашуучу экинчи Тараптын аймагына конбостон учуп өтүү; (Ь) Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагына коммерциялык эмес мак-саттар менен конуу; (с) Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагындагы Тиркемеде көрсөтүлгөнпункттарда Макулдашуучу биринчи Тараптын аммагында жайгашкан пункттан(пункттардан) кетип жаткан же ага келип жаткан жүргүнчүлөрдү салуу жанатүшүрүү, багажды жана жүктү, анын ичинде почтаны чогуу же өзүнчө жүктөөжана түшүрүү; (d) үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында Тиркемеде көрсөтүлгөн пункттардаМакулдашуучу экинчи Тараптын аймагында жайгашкан пункттан (пункттардан)кетип жаткан же ага келип жаткан жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү, ба-гажды жана жүктү, анын ичинде почтаны чогуу же өзүнчө жүктөө жанатүшүрүү; (3) Ар бир Макулдашуучу Тараптын ушул Макулдашуунун 3-статьясынаылайык дайындалбаган авиакомпаниясына ушул статьянын (2) (а) жана (Ь)пункттарында айгылган укуктар да берилет. (4) Ушул статьянын (2) пунктунун бир дагы жобосу Макулдашуучу бирТараптын дайындалган авиакомпаниясына Макулдашуучу экинчи Тараптын ай-магына почтаны кошо алганда, жүргүнчүлөрдү отургузууга, багаж мененжүктөрдү жүктөөгө карата артыкчылык берүүчү катары каралбашы керек,эгерде алар Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагындагы башка пунктка акытөлөп же жалдап жеткириле турган болсо. 3-статья. (Дайындоо жана пайдалануу укуктары) (1) Ар бир макулдашуучу тарап бул Макулдашуучу тараптын келишимдиккатнаштарын ишке ашыруу максатында авиакомпанияны же авиакомпаниялардыдайындоого жана дайындалышын жокко чыгарууга, же мурда дайындалгандынордуна башка авиакомпанияны дайындоого укуктуу. Мындай дайындоо Макул-дашуучу эки Тараптын авиация бийликтеринин ортосунда жазуу жүзүндөгүбилдирүүлөр менен өз ара алмашылгандан кийин күчүнө кирет. Эгерде Ма-кулдашуучу эки Тараптын авиациялык бийликтеринин ортосунда кандайдырбир башка нерсе так көрсөтүлбөсө, ар бир маршрутка Макулдашуучу ар бирТараптан бирден ашпаган авиакомпания дайындалууга тийиш. (2) Дайындоо тууралуу билдирүүнү алган авиациялык бийликтер ушулстатьянын (3) жана (4) пункттарында көрсөтүлгөн жоболорго ылайык Макул-дашуучу экинчи Тарапка дайындалган авиакомпаниясына керектүү пайдаланууукуктарын токтоосуз берүүгө тийиш. (3) Макулдашуучу бир Тараптын авиациялык бийликтери Макулдашуучуэкинчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясынан Конвенциянын жоболорунаылайык эл аралык аба катнаштарын ишке ашырууга карата аталган бийликтертарабынан колдонулуучу мыйзамдар менен эрежелерде коюлган шарттардыанын аткарууга жөндөмдүү экендиги тууралуу далилдерди талап кыла алат. (4) Ар бир Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери ушулстатьянын (2) пунктунда аталган пайдалануу укуктарын берүүдөн жана ави-акомпаниянын дайындалышын кабыл алуудан баш тартууга же ушул Макулдашу-унун 2-статьясында айтылган укуктарды колдонуу үчүн ал зарыл деп эсеп-теген шарттарды киргизүүгө укуктуу, мында бул Макулдашуучу Тарап мындайавиакомпанияларга ээлик кылуунун артыкчылыктуу үлүшү жана аны контрол-доо экинчи Макулдашуучу Тарапка же анын граждандарына тиешелүү экенди-гине далили болбосо жогоркудай болууга тийиш. (5) Ушул статьяга ылайык дайындалган жана укук алышкан авиакомпа-ния ал дайындалган келишимдик катнашты толук же жарым-жартылай ишкеашыра алат, анда ушул Макулдашуунун 12- жана 15-статьясынын жоболорунаылайык белгиленген тарифтер жана расписаниелер ошол катнашка карата жа-рактуу экендигинин шарты сакталууга тийиш. 4-статья. (Пайдалануу уруксатынын колдонулушун жоюу же убактылуу токтото туруу) Тараптын дайындалган авиакомпаниясына берилген пайдалануу укукта-рын жоюуга же укуктардын колдонулушун убактылуу токтотуп коюуга же булукуктарды колдонуу үчүн ал зарыл деп эсептеген шарттарды убактылуу жебиротоло киргизүүгө укуктуу, эгерде көрсөтүлгөн авиакомпания: (а) мындай укуктарды берген Макулдашуучу Тараптын авиациялык бий-ликтерине Конвенциянын жоболоруна ылайык ошол бийликтер колдонуучу мый-замдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды аткара ала тургандыгындалилдей албаса; (Ь) ээлик кылуунун артыкчылыктуу үлүшү жана аны контролдоо авиа-компанияны дайындаган Макулдашуучу Тарапка же анын граждандарына тие-шелүү экендигин далилдей албаса; же (с) кандайдыр бир башка себептерден улам ушул Макулдашуунун чекте-ринде амтылган шарттарга ылайык келишимдик катнашты ишке ашыра албаса. (2) Бул статьянын (1) пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды колдонуу жо-горуда көрсөтүлгөн мыйзамдар менен эрежелерди андан ары бузууну жолбербөөгө багытталган кечиктирилгис чараларды ишке ашыруу зарыл болгонучурларды кошпогондо. Макулдашуучу экинчи Тараптын авиациялык бийликте-ри менен консультациялар өткөрүлгөндөн кийин гана ишке ашырылат. Эгердеавиациялык бийликтердин ортосунда кандайдыр бир башкача макулдашылбаса,анда Макулдашуучу эки Тараптын ортосундагы консультациялар ар бир авиа-циялык бийлик тарабынан жиберилген суроо-талапты алган күндөн тартыпалтымыш (60) күндүн ичинде башталууга тийиш. 5-статья. (Мыйзамдарды, эрежелерди жана процедураларды колдонуу) (1) Макулдашуучу бир Тараптын аймагына аба кемелеринин келишинде,анда болушунда же андан кетишинде анын аба кемелерин пайдалануу жананавигациялоо мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары Макулдашуучуэкинчи Тараптын авиакомпаниялары тарабынан сакталууга тийиш. (2) Келүү, жөнөтүү, иммиграция, паспорт, бажы, валюта жана сани-тардык контролдоо мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары сыяктуу Ма-кулдашуучу бир Тараптын аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, багаждынжана жүктүн, анын ичинде почтанын келишин, болушун, транзитин же анданжөнөтүлүшүн жөнгө салуучу мыйзамдары, эрежелери жана процедураларыаталган Макулдашуучу Тараптардын аймагына келгенде, андан жөнөтүлгөндөжана анда болгонда Макулдашуучу экинчи Тараптын дайындалган авиакомпа-ниясынын аба кемелери ташуучу жүргүнчүлөргө, экипажга, багажка, жүккөжана почтага карата колдонулушу керек. (3) Бир дагы Макулдашуучу Тарап Өзүнүн бажы, карантин жана ушулсыяктуу эрежелерин колдонууда ушундай эле эл аралык аба катнашын ишкеашыруучу экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына караганда өзүнүнже бардык башка авиакомпанияларды артык көрбөөгө тийиш. 6-статья. (Авиациялык коопсуздук) (1) Эл аралык укук боюнча өз укуктары менен милдеттерине ылайыкМакулдашуучу Тараптар бири-бирине карата алардын мыйзамсыз кийлигишүүактыларынан граждандык авиациянын коопсуздугун сактоо ммлдеттенмелериушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болоорун ырасташат. (2) Макулдашуучу Тараптар тагыраак айтканда 1963-жылдын 14-сентяб-рында Токио шаарында кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалган кыл-мыштар жана кээ-бир башка актылар тууралуу Конвенциянын, 1970-жылдын16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуунубасуу туралуу Конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда колкоюлган Граждандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз актылардыбасуу тууралуу Конвенциянын, ошондой эле 1986-жылдын 24-февралында Мон-реалда кол коюлган Эл аралык граждандык авиацияны тейлеген аэропорттор-до мыйзамсыз зомбулук актыларын басуу тууралуу Протоколдун жоболоруна,ошондой эле авиациялык коопсуздукту жөнгө салуучу жана Макулдашып жат-кан эки Тарапка карата колдонулуп жаткан башка көп тараптуу макулдашуу-ларга ылайык иштөөгө тийиш. (3) Макулдашуучу Тараптар аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу актысы-нын жана аба кемелеринин, алардын бортундагы жүргүнчүлөрүнүн жана эки-пажынын, аэропорттордун жана аэронавигация каражаттарынын коопсуздугунакаршы багытталган бардык ммйзамсыз актылардын же граждандык авиациянынкоопсуздугуна карата бардык башка коркунучтардын алдын алуу максатындабири бирине бардык керектүү жардамды өтүнүч боюнча көрсөтүүгө тийиш. (4) Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн кош тараптуу карым-катнашта-рында Эл аралык граждандык авиация уюму тарабынан аныкталган жана булжоболор Тараптарга колдонулган дењгээлде Конвенциянын Тиркемеси депаталган авиациялык коопсуздук боюнча жоболорго ылайык аракеттенишет;алар өздөрүнүн аймагында катталган аба кемелеринин пайдалануучуларынынже негизги иштеген жана болгон орду алардын аймагында жайгашкан аба ке-мелеринин пайдалануучуларынын жана алардын аймагындагы аэропорттордупайдалануучулардын иш-аракеттери авиациялык коопсуздук боюнча мындайжоболорго ылайык жүргүзүлүшүн талап кылууга тийиш. (5) Ар бир Макулдашуучу Тарап аба кемелеринин мындай пайдалануучу-лары экинчи Макулдашып жаткан Тараптын аймагына келүүгө, кетүүгө же ан-да болууга тийиштүү (4) пунктта берилген, авиациялык коопсуздук жоболо-рун сакташын талап кылышына макул болот. (6) Ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында аба кемесин коргоожана аба кемесинин жүргүнчүлөрүн, экипажын, колундагы жүгүн, багажын,жүктөрүн жана борттогу азыктарын жүктөөнүн же түшүрүүнүн алдында жанаанын учурунда текшерүү боюнча тийиштүү чаралардын колдонулушун камсызкылууга тийиш. (7) Ар бир Макулдашууму Тарап белгилүү-бир коркунучка байланыштуукоопсуздук чараларын колдонуу тууралуу экинчи Макулдашуучу Тараптынбардык өтүнүчүн кичи пейил карап чыгууга тийиш. (8) Граждандык аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу инциденти же кор-кунучу же мындай аба кемесинин, анын бортундагы жүргүнчүлөрүнүн, экипа-жынын, аэропорттордун же аэронавигация каражаттарынын коопсуздугунакаршы башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда, Макулдашуучу Тараптармындай инцидентти же анын коркунучун тезинен жана коопсуз тыюу макса-тында байланыштарды камсыз кылуу жаиа башка тийиштүү чараларды колдонууаркылуу бири-бирине жардам берүүгө тйииш. (9) Эгерде Макулдашуучу Тараптардын бири бул статьяда көрсөтүлгөнавиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду экинчи Макулдашуучу Тарап ат-карган жок деп эсептесе, анда бул Макулдашуучу Таратын авиациялык бий-ликтери эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери менен тезиненконсультация өткөрүүнү сурай алышат. Мындай суроо-талап келип түшкөнкүндөн тартып бир (1) айдын ичинде макулдашууга жетишилбесе, ушул Ма-кулдашуунун 4-статьясынын жоболору күчүнө кирет. Олуттуу абал келипчыккан учурда бардык Макулдашуучу Тарап бир айлык мөөнөт бүткөнгө чейинубактылуу иш-аракеттерди жүргүзө алат. 7-статья. (Учуулардын коопсуздугу) (1) Биринчи Макулдашуучу Тарап жарактуу деп тааныган жана күчүндөкала берген учууга жарамдуулук сертификаттарынын, квалификациясынынкүбөлүктөрүнүн жана ырастамаларынын, качан мындай сертификаттар жекүбөлүктөр Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга далкелсе же андан ашып кетсе, келишимдик катнаштарды аткаруу максатындакүчүндө болушун экинчи Макулдашуучу Тарап таанууга тийиш. (2) Бирок ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагынын үстүндө учуу-ларды аткарууда анын граждандарына экинчи Макулдашуучу Тарап же үчүнчүмамлекет берген квалификациясынын күбөлүктөрүн жана ырастамаларын таа-нуудан баш тартууга укуктуу болот. (3) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарап кабыл ал-ган экипаждарга, аба кемелерине же аларды пайдаланууга тийиштүү бардыктармакта учуулардын коопсуздук стандарттары боюнча консультациялардыөткөрүүнү каалаган убакта талап кыла алат. Мындай консультациялар булсуроо-талап алынган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде өткөрүлүүгөтийиш. (4) Эгерде мындай консультациялардын акырында Макулдашуучу Тарап-тардын бири экинчи Макулдашуучу Тарап жок дегенде ошол учурда Конвенци-яга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга дал келген мындай тар-мактардын биринде учуулардын коопсуздугу боюнча стандарттарды тиешелүүтүрдө сактаган жок же колдонгон жок деп эсептесе, анда биринчи Макулда-шуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка мындай жыйынтыктар жана ошолминималдык стандарттарга дал келтирүү максатында аткарышы керек болгониш-аракеттер жөнүндө жана экинчи Макулдашуучу Тарап тиешелүү чаралардыколдонууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде экинчи Ма-кулдашуучу Тарап он беш (15) күндүн ичинде же белгилене турган узагыра-ак мөөнөттө тийиштүү чараларды колдонбосо, бул Макулдашуунун 4-стать-ясын колдонуу зарылчылыгы келип чыгат. (5) Конвенциянын 33-статьясында көрсөтүлгөн абалдарга карабастан.Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагына же аймагынан учууларды аткаруүчүн биринчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияла-рынын атынан пайдаланылган же ижарага алынган бардык аба кемеси экинчиМакулдашуучу Тараптын аймагында болгондо, рейсти себепсиз кармабастан,бул Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан борт доку-менттеринин жарамдуулугун жана экипажды, самолеттун жана анын шайманда-рынын абалын (бул статьяда "перрондук инспектирлөө" деп аталат) тек-шерүү максатында аба кемесннин бортунда же анын жанында текшерилет. (6) Эгерде мындай инспектирлөө же бир топ башка инспектирлөөлөр: (а) аба кемеси же аба кемесин пайдалануу Конвенцияга ылайык ошолучурда аныкталган минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө олут-туу кабатырланууга, же (Ь) техникалык жактан жетиштүү тейленбегендиги жана Конвенциягаылайык ошол учурда белгиленген стандарттарды аткарбагандыгы жөнүндөолуттуу кабатырланууга алып келсе, анда инспектирлөөнү жүргүзүп жатканМакулдашуучу Тарап Конвенциянын 33-статьясына ылайык аба кемесине жебул кеменин экипажына берилген же жарактуу деп таанылган сертификаттарже ырастамалар же бул аба кемесин пайдалануу талаптары Конвенцияга ыла-йык белгиленген минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө бүтүмчыгарууга укуктуу болот. (7) (5) пунктка ылайык Макулдашып жаткан Тараптардын биринин авиа-компаниясы тарабынан же авиакомпаниясынын атынан пайдаланылган аба ке-месин перрондо инспектирлөө максатында кирүүгө бул авиакомпаниянын жеавиакомпанияларынын өкүлдөрү тыюу салса, экинчи Макулдашуучу Тарап жо-горуда (6) пунктта көрсөтүлгөн олуттуу кемчиликтер бар деп болжолдоогожана бул пунктка ылайык бүтүм чыгарууга укуктуу болот. (8) Эгерде биринчи Макулдашуучу Тарап инспектирлөөнүн, бир топинспектирлөөлөрдүн, инспектирлөөнү жүргүзүүдө кирүү уруксатын берүүдөнбаш тартуунун, консультациялардын натыйжасында жана башка себеп боюнчаавиакомпаниялардын учууларды коопсуздукта аткарышы үчүн маанилүү болгоншашылыш чараларды колдонуу зарылчылыгы жөнүндө бүтүм чыгарса, ар бирМакулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына жеавиакомпанияларына берилген пайдалануу уруксатын тезинен токтото тууру-уга же Өзгөртүүгө укуктуу болот. (9) Жогорудагы (4) жана (8) пункттарга ылайык Макулдашуучу Тарап-тардын бири тарабынан жасалган бардык иш-аракеттер мындай иш-аракеттер-ди аткаруунун себеби жоголоор замат токтотулууга тийиш болот. 8-статья. (Бажылык эрежелер) (I) Ар бир Макулдашуучу Тарап экмнчи Макулдашуучу Тараптын дайын-далган авиакомпаниясына аба кемесине, отунга, майлоочу материалдаргажана техникалык бөлүкчөлөргө запастык бөлүкчөлөргө, анын ичинде кыймыл-даткычтарга, борттук жабдууларга, борттук тамак-ашка (анын ичиндеспирттик ичимдиктерге, тамеки заттарына, суусундуктарга жама учуу учу-рунда чектелген санда жүргүнчүлөргө сатылуучу продуктыларга) жана кели-шимдик катнаштарды аткарып жаткан мындай Макулдашуучу Тараптын дайын-далган авиакомпаниясынын аба кемесин пайдаланууга же тейлөөгө байланыш-туу колдонулуучу башка предметтерге, ошондой эле басылып чыккан билет-тердин запасына, жүктүн коштомо кагаздарына, компаниянын фирмалык бел-гиси коюлган бардык басма материалына, ошондой эле бул дайындалган ави-акомпания акысыз таркатуучу кадимки жарнама материалдарына бажылык пош-линаларды, кыйыр салыктарды, инспектирлөө жыйымдарын жана башка мамле-кеттик жана жергиликтүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды салбоого жана им-порттук чектөөлөрдү койбоого тийиш. (2) Бул статьяда көрсөтүлгөн бошотуулар ушул статьянын (1) пунк-тунда көрсөтүлгөн төмөнкү предметтерге карата колдонулууга тийиш: (а) бкринчи Макулдашуучу Тараптын аймагына экинчи Макулдашуучу Та-раптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан же анын атынан алынып ке-линүүчү; (Ь) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенден кийин жана ан-дан учуп кеткенге чейин биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиа-компаниясы аба кемесинин бортунда калтыруучу; (с) жинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында биринчи Макулдашуучу Та-раптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортуна алынуччу жа-на бошотучларды берип жаткан Макулдашуучу Тараптын аймагында бул пред-меттер кемсинтилбеген шартта, аталган Макулдашуучу Тараптын аймагындаушул предметтер толугу менен же жарым-жартылай колдонулуп же сарпталыпжатабы же жокпу, ага карабастан келишимдик катнаштарды аткарууда колдо-нулуучу. (3) Макулдашуучу бардык Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын абакемесинин бортунда демейде сактала турган борт шаймандары, ошондой элематериалдар, жабдуу шаймандары жана борт азыктары Макулдашуучу экинчиТараптын аймагына ушул аймактын бажылык бийликтеринин макулдугу мененгана түшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайрадан экспорттолуп кетмейин-че же бажылык эрежелерге ылайык башкача түрдө алынып кетмейинче жогору-да аталган бийликтердин көзөмөлүнө берилиши мүмкүн. (4) Качан бардык Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясыбашка авиакомпаниялар менен экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындаубактылуу колдонуу же берүү тууралуу макулдашкан учурларда, мындай ави-акомпаниялар бул Макулдашуучу Тараптан ушуга окшош бошотууларды алганшартта, ушул статьяга ылайык берилүүчү бошотуулар техникалык запастар-га, запастык бөлүкчөлөргө, анын ичинде кыймылдаткычтарга, кадимки бортшаймандарына карата дагы колдонулууга тийиш. 9-статья. (Аэропортторду же авиациялык жаблууларды колдонуу) (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында аэропортторду аэрона-вигациялык жана башка жабдууларды колдонгондугу үчүн экинчи Макулдашуу-чу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эларалык катнаштарды аткарып жаткан ошол эле класстагы мамлекеттик абакемелеринен алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш. (2) Өзүнүн контролунун астында болгон аэропортторду, аба трассала-рын, аба кыймылын тейлөө жана аларга байланышкан каражаттарды колдонуу-да бир дагы Макулдашуучу Тарап ушундай эле эл аралык аба катнаштарынаткарып жаткан экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына карагандаөзүнүн же бардык башка авиакомпанияга артыкча укук берүүгө тийиш змес. (3) Ар бир Макулдашуучу Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүнкомпетенттүү органдары менен бул жыйымдар боюнча органдардын кызматта-рын жана каражаттарын колдонуучу авиакомпаниялардын ортосунда бул авиа-компаниялардын өкүлчүлүктөрү аркылуу мүмкүн болгон жерде консультация-ларды өткөрүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мындай жыйымдарды өзгөртүү боюнчабардык сунуштар жөнүндө билдирүү колдонуучу тарабынан берилүүгө тийиш;бул өзгөртүүлөр жасалганга чейин алардын өз оюн билдирүүгө мүмкүндүкберет. Ар бир Макулдашчучу Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүнкомпетенттүү органдарынын жана колдонуучулардын ортосунда мындай жыйым-дар жөнүндө тийиштүү маалыматтар менен алмашууга колдоо көрсөтүүгө ти-йиш. 10-статья. (Транзиттик ташуулар) Макулдашуучу Тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен баратканжана ушул максатта колдонулуучу аэропорттун аймагынан чыгып кетпегенжүргүнчүлөр ушул Макулдашуунун 6-статьясында көрсөтүлгөн коопсуздукэрежелери колдонулган учурлардан тышкары, ошондой эле бањгилик жанаањ-сезимге таасир берүүчү заттарды алып келүүгө тыюу салуу максатындажөнөкөйлөтүлгөн контролдон өтүүгө тийиш. Түз транзит менен бара жатканбагаж менен жүк бажылык алымдардан жана башка жыйымдардан бошотулуугатийиш. 11-статья. (Тейлөөлөрдү сатуу жана акча каражаттарын которуу) (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине табышта-ма берилгенден кийин жана биринчи Макулдашуучу Тараптын тийиштүү мамле-кеттик мыйзамдары менен эрежелерине ылайык керектүү коммерциялык катто-ого карай экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы жеавиакомпаниялары биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында өзүнүн аба ар-кылуу ташууларын өзү же өзүнүн каалоосу боюнча агенттер аркылуу эркинсатууга укуктуу болууга жана бардык жак бул аймакта иштеп жаткан банк-тарда ошол учурда иштетилип жаткан эркин жүгүртүлүүчү валютада же жер-гиликтүү акча бирдигинде мындай транспорттук тейлөөлөрдү сатып алуугаукуктуу болууга тийиш. (2) Ар бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчиМакулдашуучу Тараптын аймагында авиакомпания эркин жүгүртүлүүчү валюта-да чыгашадан калган киреше акча каражаттарын конвертирлөөгө жана өз ай-магына которууга укуктуу болууга тийиш. Конвертирлөө же которуу акчакоторулган күндө колдонулуп жаткан алмашуу курсу боюнча чектелбестенжүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде мындай иштеп жаткан рыноктук курс системасыболбосо, конвертирлөө жана которуу которуу жасалган күндө колдонулупжаткан расмий алмашуу курсу боюнча чектөөсүз аткарылууга тийиш. Котору-унун өзү кармалуусуз аткарылууга тийиш жана мындай операциялар үчүнбанктар алган кадимки жыйымдардан тышкары, жыйымдар алынбайт. (3) Эгерде Макулдашуучу Тараптардын ортосунда мындай акча каражат-тарына карата атайын келишим болсо, ал келишим колдонулат. 12-статья. (Тарифтер) (1) Мындан ары колдонулуучу "тариф" деген термин-жүргүнчүлөрдү,багажды жана жүктү ташуу акысын же жыйымдарын (почтаны ташуу акысы жанашарттары эске алынбайт), ошондой эле бул акылар жана жыйымдар колдону-луучу шарттарды анын ичинде агенттик кызмат көрсөтүү акыларын, авиаком-паниялар сунуш кылган кошумча тейлөөлөргө тийиштүү жыйымдарды жанашарттарды билдирет, ошондой эле ташууга байланыштуу камсыз кылынганбардык бир кыйла жењилдиктерди камтыйт. (2) Экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагынан же аймагына ташууларүчүн бардык Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынаналынуучу тарифтер бардык маанилүү факторлорду, анын ичинде пайдалануучыгымдарын, негизделген пайданы жана аткаруу ылдамдыгы жана орундукта-ры, комиссиялык акылар, башка авиакомпаниялардын тарифтери жана башкакоммерциялык шарттар сыяктуу тейлөө мүнөздөмөсүн эске алып, акылга сы-ярдык өлчөмдө болууга тийиш. (3) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери негизсиздискриминациялоочу, өктөмдүк абалдын астында өтө эле жогору же чектел-ген ылайыксыз тарифтерди же түз же кыйыр дотациялоо же колдоо аркылуужасалма түрдөгү же бааларды азайтуучу төмөн тарифтерди карап чыгуугажана чечимдерди кабыл алууга тийиш. (4) Бул статьянын (2) пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер эки Макулда-шуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларынын ортосунда мүмкүн бо-лушунча макулдашылууга тийиш. (5) Эгерде мүмкүн болсо, жогорудагы (4) пунктка ылайык макулдашуу-га Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) тарифтерин аныктоомеханизми аркылуу жетишүүгө болот. (6) Мындайча макулдашылган тарифтер аларды киргизүүнүн болжолдуукүнүнө чейин кеминде отуз (30) күн мурда Макулдашуучу Тараптардын авиа-циялык бийликтеринин бекитүүсүнө берилүүгө тийиш; өзгөчө учурларда мын-дай мөөнөт аталган бийликтердин макулдугу менен азайтылышы мүмкүн. (7) Эгерде дайындалган авиакомпаниялар бул тарифтерге макул болбо-со, же эгерде башка себептер боюнча тарифтер бул статьянын (4) пунктунаылайык аныкталбаса, же биринчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийлик-тери бул статьянын (4) пунктунун жоболоруна ылайык макулдашылган бардыктарифке өзүнүн макул эместиги жөнүндө экинчи Макулдашуучу Тараптын ави-ациядык бийликтерине билдирүү жөнөтсө Макулдашуучу Тараптардын авиация-лык бийликтери тарифтерди макулдашууга аракет жасоого тийиш. (8) Эгерде авиациялык бийликтер жогоруда (6) пунктка ылайык анык-талган кандайдыр-бир тарифти бекитүүгө же (7) пунктка ылайык кандай-дыр-бир тарифти аныктоого макул болбосо, анда Макулдашуучу Тараптар та-рифтерди макулдашуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого тийиш. (9) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери бекитме-йинче, бир дагы тариф күчүнө кирбейт. (10) Бул статьянын жоболоруна ылайык аныкталган тарифтер булстатьянын жоболоруна ылайык жањы тарифтер аныкталмайынча күчүндө калаберүүгө тийиш. (11) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери Макулда-шуучу Тараптардын аймактарында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдүташуу үчүн өздөрүнүн тарифтерин бекитишине табыштама берүүнү талап кы-лооого тийиш; бирок дайындалган авиакомпаниялар ушул статьянын (3)пунктуна ылайык баа берүү үчүн эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялыкбийликтерине аларды киргизүүнүн божомолдонгон күнүнө чейин жок дегендеон төрт (14) күн мурда бул жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде кызыкдардайындалган авиакомпания. Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери-нен жогоруда аталган жүктөрдүн тарифтерин жактырбоо тууралуу билдирүүнүкатталган күндөн тартып сегиз (8) күндүн ичинде албаса, анда мындайкатталган жүктөрдүн тарифи ишке киргизилген күнү күчүнө кирет. 13-статья. (Сыйымдуулук) (1) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларыушул Макулдашуунун Тиркемесинде аныкталган бардык маршрут боюнча абакатнашын аткарууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш. (2) Келишимдик катнаштарды аткарууда ар бир Макулдашуучу Тараптындайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалганавиакомпаниялары ошол эле маршруттар же алардын участоктору боюнча ишкеашырып жаткан аба катнашына тескери таасир тийгизбеш үчүн алардын кы-зыкчылыгын эске алууга тийиш. (3) Макулдашуучу Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары аткарыпжаткан келишимдик катнаштарда белгилүү-бир маршруттарда ташуулар боюнчакоомчулуктун талаптары эске алынууга жана авиакомпанияны дайындаган Ма-кулдашуучу Тараптын аймагынан чыккан же аймагына жөнөгөн жүргүнчүлөрдүжана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуу боюнча бар болгон жанакүтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн тийиштүү коэффициенттеги жетиштүүжүктөөнү, сыйымдуулукту камсыз кылууга тийиш. Үчүнчү мамлекеттердин ай-магында эскерилген маршруттардагы пункттарда бортко алынган жанатүшүрүлгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуужалпы принциптерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш; мында сыйымдуулуктөмөнкүлөргө жараша болот: (а) авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу Тараптын аймагына жеаймагынан чыккан аба кыймылынын талаптарынан; (Ь) бул регионго кирген мамлекеттердин авиакомпаниялары түзгөнбашка транспорттук катнаштарды эске алып, келишимдик катнаш өтүп жатканрегиондогу аба кыймылынын талаптарынан; (с) авиакомпаниянын түз аба катнашынын талаптарынан. 14-статья. (Коддорду чогуу колдонуу) (1) Эскертилген маршруттар боюнча аба катнаштарын аткарууда бирин-чи Макулдашуучу Тараптын бардык дайындалган авиакомпаниясы төмөнкүлөрменен жерлерди блокадалоо жана коддорду чогуу колдону тууралуу келишим-ди түзө алат: (а) бардык Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясы же авиакомпанияла-ры; (Ь) үчүнчү Тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары Эгерде мын-дай үчүнчү Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниялары мененбашка авиакомпаниялардын ортосунда мындай үчүнчү өлкөнүн аймагына, ай-магынан жана аймагы аркылуу катнаштарды аткарууда салыштырууга мүмкүнболгон келишимдерди тааныбаса Макулдашуучу Тарап мындай келишимди кабылалбай коюуга укуктуу. (2) Бирок жогоруда аталган жоболор бардык авиакомпаниялар мындаймакулдашуулардын алкагында: (а) алардын негизинде ушул Макулдашууда эскерилген ташуу укуктарынжана принциптерин сактаарын; жана (Ь) эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтеринин мындаймакулдашууларга карата колдонуучу, талаптарын аткараарын эске алуугатийиш. (3) Коддорду чогуу колдонуучу авиакомпаниялар коддорду чогуу кол-донуу жана жерлерди блокадалоо тууралуу сунуш кылынган макулдашуулардыишке божомолдуу киргизгенге чейин жок дегенде кырк беш (45) күн мурдаэки Макулдашып жаткан Тараптын авиациялык бийликтерине берүүгө тийиш.Коддорду чогуу колдонуу жана жерлерди блокадалоо тууралуу мындай макул-дашуулар эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери тарабынан жак-тырылууга тийиш. 15-статья. (Учуулардын расписаниеси) (1) Биринчи Макулдашуучу Тарап дайындаган авиакомпания аба кемеси-нин ылдамдыгын, тибин, убактысын, түзүлүшүн жана орундуктарынын санын,ошондой эле расписаниенин колдонуу мөөнөтүн көрсөтүп, жок дегенде кыркбеш (45) күн мурда өзүнүн божомолдонгон катнаштарынын расписаниесинэкинчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине жактырууга берүүгөтийиш. Ушундай эле процедура мындай расписаниени бардык өзгөртүүдө кол-донулат. (2) Эгерде дайындалган авиакомпания расписаниеде көрсөтүлгөндөрдөнтышкары кошумча рейстерди жасоону кааласа, ал экинчи Макулдашуучу Та-раптын авиациялык бийликтеринен уруксат суроого тийиш. Мындай суроо-та-лап ушундай рейстерди жасоого чейин жок дегенде эки (2) жумуш күнү му-рун берилүүүгө тийиш. 16-статья. (Авиакомпаниялардын өкүлчүлүгү) (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы кели-шимдик катнаштарды аткаруу үчүн өз ара негизде экинчи Макулдашуучу Та-раптын аймагында өзүнүн өкүлдөрүн коммерциялык, техникалык жана башкакызматкерлерин алып келүүгө жана анда кармоого укуктуу болот. (2) Өкүл жана кызматкерлер экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындаколдонулуп жаткан мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого тийиш. (3) Тийиштүү аймакта колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана эрежелергеылайык эки Макулдашуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары абакатнаштарын аткарууга көмөктөшүү жана аба аркылуу ташууларды сатуу үчүнэкинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында офисти же офистерди ачууга укук-туу. 17-статья. (Жердеги тейлөө) (1) Тењ укуктуу негизде ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулда-шуучу Тараптын ар бир дайындалган авиакомпаниясына жарым-жартылай жетолугу менен жерде тейлөө каражаттарын камсыз кылуу үчүн экинчи Макул-дашуучу Тараптын аймагында мындай тейлөөлөрдү көрсөтүүгө экинчи Макул-дашуучу Тараптын компетенттүү бийликтери тарабынан ыйгарым укуктуу бол-гон атаандаштыктагы бардык тейлөө агенттерин тандоо укугун берет. (2) Ушул статьянын (1) пунктуна толуктоо катары ар бир дайындалганавиакомпания жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча өзүнүн жерде тейлөө иштеринжүргүзө алат. Бул укук учуулар коопсуздугунун жана авиациялык коопсуз-дук талаптарынан келип чыккан чектөөлөрдү камтууга тийиш жана учуу аян-тында жердеги тейлөө кызматын камтыйт. Эгерде учуулардын коопсуздугунунжана авиациялык коопсуздуктун кызыкчылыктары үчүн ушул пункттакөрсөтүлгөн өзүнүн жерде тейлөө кызматы керек болбосо, анда мындай жер-де тейлөө ушундай эл аралык аба катнаштарын жасап жаткан бардык авиа-компанияга артыкчылыксыз же дискриминациялоосуз көрсөтүлүүгө тийиш. (3) Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экин-чи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы ошол эле аэропортту колдонуп жат-кан башка авиакомпанияларга толугу менен же жарым-жартылай ушул стать-янын (2) пунктуна ылайык жерде тейлөө кызматын көрсөтө алат. 18-статья. (Маалымат берүү) Ар бир Макулдашууну Тараптын авиациялык бийликтери экинчи макулда-шууну тараптын авиациялык бийликтерине, алардын суроо-талабы боюнча,мезгил-мезгили менен чыгуучу статистикалык маалыматтарды же келишимдиккатнаштарды аткаруу үчүн себептүү керек болгон ушул Макулдашууда анык-талган маршруттар боюнча дайындалган авиакомпания жасаган ташууларжөнүндө бардык башка ушул сыяктуу маалыматты берүүгө же өзүнүн дайын-далган авиакомпаниялары тарабынан беришин талап кылууга тийиш. 19-статья. (Консультациялар) (1) Тыгыз кызматташуу маанайында Макулдашуучу Тараптардын авиация-лык бийликтери ушул Макулдашууну ишке ашырууга таасирин тийгизүүчү бар-дык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну камсыз кылуу максатында мез-гил-мезгили менен бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү же кат алышууаркылуу кызматташууга тийиш. (2) Бардык Макулдашуучу Тарап каалаган убакта ушул Макулдашуугабайланышкан бардык маселе боюнча консультацияларды өткөрүүнү талап кылаалат. Эгерде Макулдашып жаткан Тараптар башкача макулдашбаса, мындайконсультациялар экинчи Макулдашып жаткан Тарап суроо-талап бергенкүндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башталууга тийиш. 20-статья. (Түзөтүүлөр) (1) Эгерде бардык Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуунун кандай-дыр-бир жоболоруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү кааласа, мындай түзөтүүлөр,эгерде алар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашылса, дипломати-ялык ноталар менен алмашуу жолу менен ырасталгандан кийин күчүнө кирет.Ноталар менен алмашкан күн болуп ушул эки нотанын акыркысы алынган күнсаналат. (2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине түзөтүүлөр Макулдашуучу тарап-тардын авиациялык бийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылат. Алараталган бийликтер тарабынан бекитилген күндөн тартып убактылуу колдону-лууга жана дипломатиялык ноталар менен алмашуу жолу менен ырасталганданкийин күчүнө кирүүгө тийиш. (3) Эгерде эл аралык аба транспортуна тиешеси бар жана эки Макул-дашуучу Тараптын ортосундагы карым-катнаштарга таасирин тийгизген жалпыкөп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда ушул Макулдашууга бул жобо-лор эки Макулдашуучу тараптар аркылуу кабыл алынган дењгээлде мындайкөп тараптуу конвенциянын жободоруна дал келиши үчүн түзөтүүлөр кирги-зилет. 21-статья. (Чатактарды чечүү) (1) Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашуунутүшүндүрүүгө же колдонууга байланыштуу чатак маселелер келип чыкканучурда, Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери аларды биринчикезекте сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенишет. (2) Эгерде авиациялык бийликтер макулдашууга жетишпесе, чатак Ма-кулдашуучу Тараптардын ортосчнда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүгө тийиш. (3) Эгерде Макулдашуучу Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чатактычече алышпаса, чатак Макулдашуучу Тараптардын чыгарган чечимине жарашаконсультанттын пикирин же милдеттүү чечимин алуу үчүн алар макулдашаала турган бардык жеке адамдын же юридикалык жактын кароосуна берилет;же бардык Макулдашуучу Тараптын биринин өтүнүчү боюнча чатак үч арбитр-лар сотуна берилиши мүмкүн. (4) Мындай арбитрлар соту төмөндөгүдөй түзүлөт: ар бир Макулдашуу-чу Тарап бирден арбитрды дайындайт жана бул эки арбитр Үчүнчү мамлекет-тин гражданын төрага кылып дайындоону макулдашышат жана данындашат.Мындай арбитрлар Макулдашуучу Тараптардын бири чатакты арбитраждык сот-ко кароого берүүчү каалагандыгы тууралуу экинчи Макулдашуучу Тарапкакабарлаган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде, ал эми төрага үч (3) ай-дын ичинде дайындалууга тийиш. (5) Эгерде (4) пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса, бардык Ма-кулдашуучу Тарап, бардык башка тиешелүү макулдашуу болбогон учурда, ке-ректүү дайындоолорду жүргүзүү үчүн Эл аралык граждандык авиация уюмунункењешинин (ИКАО) Президентин чакыра алат. Эгерде Президент МакулдашуучуТараптардын биринин гражданы болсо же эгерде ал кандайдыр-бир башка се-бептер боюнча бул милдетти аткара албаса, анда анын ордуна Вице-Прези-дент керектүү дайындоону жүргүзүүгө тийиш. (6) Арбитрлар соту добуштун көпчүлүгү менен чечим чыгарууга тийиш.Мындай чечимдер Макулдашуучу Тараптар үчүн милдеттүү болууга тийиш. Арбир Макулдашуучу Тарап Өзүнүн арбитрынын, ошондой эле арбитраждык про-цедурага анын катышкандыгы үчүн чыгымдарын төлөйт, ал эми төраганын чы-гымдарын жана бардык башка чыгымдарды Макулдашуучу Тараптар тењме-тењтөлөшөт. Калган бардык маселелер боюнча арбитраждык сот өз процедурала-рын өзү аныктоого тийиш. 22-статья. (Каттоо) Ушул Макулдашуу жана анын бардык кийинки түзөтүүлөрү Эл аралыкграждандык авиация уюмунда катталууга тийиш. 23-статья. (Аракетинин токтотулушу) Бардык Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ту-уралуу өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Макулдашуучу Тарапка бардык убактадипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтө алат. Мын-дай билдирүү ошол эле учурда Эл аралык граждандык авнация уюмуна бе-рилүүгө тийиш. Мындай учурда ушул Макулдашуу экинчи Макулдашуучу Тарапбилдирүүнү алган күндөн тартып он эки (12) айдын ичинде өз аракетинтоктотот, эгерде бул мөөнөт бүткөнгө чейин эки Макулдашуучу Тараптынортосунда макулдашуу боюнча аракетин токтотуу тууралуу мындай билдирүүкайрадан артка суратылбаса. Экинчи Макулдашуучу Тараптын билдирүүнү ал-гандыгы тууралуу ырастоосу бодбосо, аны Эл аралык граждандык авиацияуюму алгандан кийин он төрт (14) күн өткөндө билдирүү алынды деп эсеп-телет. 24-статья. (Күчүнө кириши) Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ичкипроцедуралардын аткарылгандыгы жөнүндө Макулдашуучу Тараптардын жазуужүзүндөгү акыркы билдирүүсү адынган күндөн тартып күчүнө кирет. Прага шаарында 2004-жылдын 29-апрелинде эки түп нускада, кыргыз,чех, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англистилиндеги текст негиз катары колдонулат. Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Тиркеме А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-паниялар) эки багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүктүз абакатнаштарын аткарууга укуктуу: -----------------------------------------------------------------------|Чыгуу |Ортодогу |Келүү |Чехия ||пункттары |пункттар |пункттары |Республикасынын || | | |чегинен тышкаркы || | | |пункттар ||--------------|----------------|------------------|------------------||Кыргыз |үчүнчү |Чехия |үчүнчү өлкөлөрдөгү||Республика- |өлкөлөрдөгү |Республикасындагы |пункттар ||сындагы |пункттар |пункттар | ||пункттар | | | |----------------------------------------------------------------------- В. Чехия Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-паниялар) эки багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз абакатнаштарын аткарууга укуктуу: -----------------------------------------------------------------------|Чыгуу |Ортодогу |Келүү |Кыргыз ||пункттары |пункттар |пункттары |Республикасынын || | | |чегинен тышкаркы || | | |пункттар ||--------------|--------------|----------------|----------------------||Чехия |үчүнчү |Кыргыз |үчүнчү өлкөлөрдөгү ||Республика- |өлкөлөрдөгү |Республика- |пункттар ||сындагы |пункттар |сындагы | ||пункттар | |пункттар | |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: 1. Бул Тиркемеде эскерилбеген ортодогу пункттар жана МакулдашуучуТараптардын мамлекеттик аймактарындагы келүү пункттары Макулдашуучу Та-раптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу мененаныкталууга тийиш. 2. Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынынэкинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы пункттарынын жана үчүнчүөлкөлөрдөгү пункттарынын ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаныташуу укугу Макулдашуучу Тарамтардын авиациялык бийликтеринин ортосундаөзүнчө макулдашылат. 3. Чегинен тышкаркы пункттар Макулдашуучу Тараптардын авиациялыкбийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен аныкталууга тийиш. 4. Учуулар аткарылып баштаганда ар бир Макулдашуучу Тараптын да-йындалган авиакомпанияларына бардык түрдөгү аба кемелери менен жумасынаүчтөн ашпаган рейстерди жасоого жол берилет. Учуулардын тездигин анданаркы бардык күчөтүү эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери та-рабынан жактырылууга тийиш.