КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 73
Мыйзамы менен ратификацияланган 2005-жылдын 22-июлуДүйшөмбү шаары Товарларды автомобиль транспорту менен транзиттик ташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, 1998-жылдын 22-январындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердинаймагы аркылуу транзиттин бирдиктүү шарттары жөнүндө
Макулдашууга не-гизденип, 2002-жылдын 17-февралындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердинбажы органдарынын ортосунда ташылуучу товарларга жана транспорттук ка-ражаттарга бажылык контролдук жөнүндө
Протоколдун жоболорун аткарууүчүн, транзиттик товарларды өз аймактары боюнча автомобиль транспортуменен ташууну тездетүүгө умтулуп, эл аралык ташуулардын шарттарын жөнөкөйлөтүүгө ниеттенип, эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер Көз карандысыз Мамлекет-тердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 1995-жылдын 10-февралын-дагы Бажы мыйзамдарынын негиздеринде аныкталган терминдерге ылайык ке-лет. 2-статья. Ушул Макулдашуунун күчү товарларды автомобиль транспорту менен Та-раптардын мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик ташууга каратажайылтылат. Ушул Макулдашуу 1975-жылдагы Эл аралык жолдо ташуу китепчеси кол-донулган жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө Бажы конвенциясына ылайыкжүзөгө ашырылып жаткан товарларды ташууга жайылтылбайт. 3-статья. Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашы-руу боюнча ыйгарым укуктуу органдары: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциясы; Тажикистан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Тажикистан Республи-касынын Мамлекеттик кирешелер жана жыйымдар министрлиги болуп саналат. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын расмийаталыштары же функциялары өзгөргөндө, Тараптарга дипломатиялык каналдарбоюнча өз убагында кабарланат. 4-статья. Тараптардын мамлекеттеринин аймагы аркылуу товарларды автомобильтранспорту менен транзиттик ташуу товарлардын коштомо документтерининжана бажы органынын гарантиялык милдеттенмесинин (мындан ары - гаранти-ялык милдеттенме) негизинде жүзөгө ашырылат. Гарантиялык милдеттенме ташуучуга товар жеткириле турган же товаржөнөтүлө турган өлкөнүн бажы органы тарабынан берилет. 5-статья. Гарантиялык милдеттенме бажы төлөмдөрүн жана салыктарды Тараптар-дын мамлекеттик улуттук мыйзамдарында каралган ыкмалар менентөлөнгөндүгүн камсыз кылууну ырастаган документ болуп эсептелет. Ушул Макулдашууга ылайык транзиттик товарлар жеткирилбей калгандаТараптар транзиттин Тарабына гарантиялык милдеттенме боюнча төлөнүүгөтийиш болгон сумма эркин жүгүртүлгөн валютада акчалай түрдө гарантиялыкмилдеттенме берген бажы органы тарабынан төлөнүп берилеринин милдетиналышат. 6-статья. Товарлар гарантиялык милдеттенмесиз ташылган учурда товарларды жа-на транспорт каражаттарын жеткирүүнү камсыз кылуунун Тараптардын мамле-кеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган чаралары колдонулат. 7-статья. Товарларды автомобиль транспорту аркылуу Тараптардын мамлекеттикаймагы аркылуу ташуу Тараптардын ортосундагы эл аралык келишимдердинжоболорунда аныкталган өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат. 8-статья. Ушул Макулдашуунун күчү товарлардын коопсуздугу жана экспорттукконтролдоо жагындагы чаралар боюнча ошондой эле бажы төлөмдөрүн жанасалыктарды төлөөнү камсыз кылуу боюнча Тараптардын мамлекеттик улуттукмыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен гана ишке ашырылуучуТараптардын мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттелүүчү товарларгажайылтылбайт. 9-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ай сайын ушу Макулдашуугаылайык бажы контролдугу алдында ташылган товарлар жана транспорт кара-жаттары жөнүндө маалымат алмашып турат. 10-статья. Товар жеткириле турган бажы органына жеткирилбеген учурда, гаран-тиялык милдеттенме берген бажы органы транзиттик Тарапка товардын жет-кирилбегендиги аныкталгандыгы жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүндөбилдирүү алгандан кийин 60 күндүн ичинде зыяндын ордун толтурууну кам-сыз кылат. Транзиттик Тарап товардын жеткирилбей калышына байланыштуу ордунтолтурууну алуу үчүн гарантиялык милдеттенме берген Тарапка алардынтүрлөрүн, ставкаларын жана суммаларын баяндоо менен төлөнүүгө тийишболгон бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө боюнча жазуу жүзүндө талапжиберилиши керек. Товар автомобиль транспорту менен жеткириле турган бажы органынажеткирилбеген учурда, тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын сум-масын эсептөө транзиттик мамлекеттик улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгөашырылат. 11-статья. Товар автомобиль транспорту менен жеткириле турган бажы органынажеткирилбеген учурда, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары мындай фак-тылар боюнча териштирүү жүргүзүүгө милдеттенет жана териштирүүнүн на-тыйжалары жөнүндө товардын жетпей калышынын фактысы табылган аймактагыТарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жиберет. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча автомобиль транспорту менентоварлардын жеткирилбей калышынын талаш фактылары боюнча териштирүүжүргүзүү үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн ичи-нен биргелешкен жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда тран-зиттик Тарапка зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу Тараптар макулдаш-кан мөөнөттөрдө белгиленет. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын бажы чек араларыаркылуу бажы эрежелеринин бузулушунун жана товарлардын контрабандасыныналдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүшүмүмкүн. 12-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол менен таризделет. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгүакыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын би-ри бул Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө өз ниетин тийиштүүмөөнөт аяктаганга алты ай калганга чейин экинчи Тарапка билдирбесе, ан-да анын аракети кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат. Бул Макулдашуу Тараптар катышуучулары болуп саналган башка эл ара-лык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттенмелеринкозгобойт. Бул Макулдашуу 2005-жылдын 22-июлунда Дүйшөмбү шаарында эки түпнускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бар-дык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пи-кирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликкеалышат. Кыргыз Республикасынын Тажикистан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн