КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 74
Мыйзамы менен ратификацияланган Женева шаары2003-жылдын 21-майы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө АЛКАКТЫК КОНВЕНЦИЯСЫ Преамбула Бул Конвенциянын Тараптары, Адамдардын саламаттыгын сактоо боюнча өздөрүнүн укуктарына артык-чылыктуу көњүл бурууга чечкиндүүлүк менен, тамеки эпидемиясынын таралышы адамдын саламаттыгына олуттуу зыянкелтирүүчү жана мүмкүн болушунча кененирээк эл аралык кызматташууну жа-на бардык өлкөлөрдүн тийиштүү жана ар тараптуу эл аралык жооп чаракөрүүсүн талап кылган глобалдык проблема экенин моюнга алышып, тамеки колдонууга жана тамекинин түтүнүнө байланыштуу адамдардынсаламаттыгына келип жаткан кесепеттерге, ошондой эле анын социалдык,экономикалык жана экологиялык кесепеттерине байланыштуу эл аралык ше-риктештиктин тынчсыздануусун чагылдырышып, бүткүл дүйнөдө, айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөрдө сигареттерди жанабашка тамеки буюмдарды колдонуу жана чыгаруу көбөйүп жатканына байла-ныштуу, ошондой эле мунун натыйжасында үй бүлөлөргө, жакыр адамдаргажана улуттук саламаттык сактоо системаларына келип жаткан оорчулуктаргабайланыштуу олуттуу тынчсыздангандарын билдиришип, тамеки колдонуу жана тамекинин түтүнү өлүмдүн, оорунун жана майып-тыктын себеби экенин илимий маалыматтар даана далилдеп жатканын жанатамеки чегүүнүн жана тамеки буюмдарды колдонуунун башка түрлөрүнүн таа-сири менен тамекиге байланыштуу ооруларга чалдыгуунун ортосунда бел-гилүү бир аралыктагы убакыт өтөөрүн моюнга алышып, ошондой эле, сигареттер жана тамекилүү айрым башка буюмдар ага бе-рилүүнү жана көз карандылыкты жаратуучу жогорку технологиялар менен жа-салган буюмдар экенин, алардын ичиндеги көптөгөн компоненттер жана чык-кан түтүн фармакологиялык активдүү, уулуу, мутагендүү жана канцеро-гендүү экенин, ошондой эле тамекиге көз карандылык оорулардын эл аралыкнегизги классификацияларында өзүнчө бир бузулуу катары классификация-ланганын да моюнга алышып, азыркы учурда тамеки түтүнүнүн пренаталдык таасири балдардын сала-маттыгынын жана өсүшүнүн абалына жаман таасир этери жөнүндө так илимиймаалыматгар бар экенин моюнга алышып, бүткүл дүйнөдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн, айрыкча улам баргансайын балдардын эртелеп тамеки тартуусу жана тамекини башкача түрлөрдөколдонуусу көбөйүп баратканына байланыштуу катуу тынчсызданышып, бүткүл дүйнөдө аялдар жана кыздар арасында тамеки тартуунун жанатамекини башкача түрлөрдө колдонунун масштабы өсүп баратканына байла-ныштуу тынчсызданганын билдиришип, жана тамекиге каршы күрөштүн саяса-тын түзүүнүн жана ишке ашыруунун бардык дењгээлдеринде аялдардын толуккатышуу зарылдыгын, ошондой эле тамекиге каршы күрөштө гендерлик жаг-дайларды эске алган стратегиянын зарылдыгын эске алышып, түпкү элдерде тамеки тартуунун жана башкача түрлөрдө колдонуунунжогорку дењгээлине байланыштуу терењ тынчсызданганын билдиришип, тамеки буюмдарына рекламанын, сатууга шарт түзүүнүн жана колдонуу-га кызыктыруу максатында демөөрчүлүктүн бардык формаларынын таасиринебайланыштуу олуттуу тынчсызданганын билиришип, сигареттерди жана башка тамеки буюмдарды мыйзамсыз сатуунун бардыктүрлөрүн, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз өндүрүүнү жана жасалмачыгарууну жоюу үчүн биргелешкен иш-аракеттер керектигин моюнга алышып, тамекиге каршы күрөштүн бардык дењгээлдери, айрыкча өнүгүп жатканөлкөлөрдө жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө тамекиге каршы күрөшжүргүзүү үчүн азыркы учурдагы жана болжолдонгон керектөөлөргө жетиштүүөлчөмдөгү финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылаарынтүшүнүшүп, тамекиге керектөөнү азайтуунун ийгиликтүү стратегияларынын узакмөнөөттүү социалдык жана экономикалык натыйжаларын кароо үчүн тийиштүүмеханизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын моюнга алышып, айрым өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдөтамекиге каршы күрөштүн программалары орто мөөнөттүү жана узакмөөнөттүү келечекте пайда кылышы мүмкүн болгон социалдык жана экономи-калык кыйынчылыктарды көњүлгө алышып, жана алардын улуттук дењгээлдердетүзүлгөн туруктуу өнүктүрүү стратегияларынын контекстинде техникалыкжана финансылык жардамдарга муктаждыктарын моюнга алышып, көп мамлекеттер тамекиге каршы күрөш тармагында жүргүзүп жатышканбаалуу ишти түшүнүшүп, жана тамекиге каршы күрөш тармагындагы иш-чара-ларды иштеп чыгууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигин,ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун башка мекемелеринин жана органда-рынын, башка эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдардынкүч-аракеттерин кубатташып, өкмөттүк эмес уюмдардын жана граждандык коомдун тамеки өнөр жайынабайланышы жок башка мүчөлөрүнүн, анын ичинде професионал саламаттыксактоо органдарынын, аялдар топторунун, жаштар топторунун, жаратылыштыкоргоочу топтордун жана керектөөчүлөрдүн топторунун, академиялык мекме-лердин жана саламаттык сактоо мекемелеринин тамекиге каршы күрөшкөулуттук жана зл аралык дењгээлдерде кошуп жаткан өзгөчө салымдарын,ошондой эле алардын тамекиге каршы күрөштөгү улуттук жана эл аралыккүч-аракеттерге катышуусунун турмуштук керектүү маанисин басакөрсөтүшүп, тамеки өнөр жайынын тамекиге каршы күрөштүн күч-аракетин майтаруу-га же жокко чыгарууга болгон ар кандай аракеттерине кыраакылык кылуузарылдыгын жана тамеки өнөр жайынын тамекиге каршы күрөшкө терс таасиртийгизип жаткан ишмердиги жөнүндө маалымдар болуп туруу зарылдыгын мо-юнга алышып, Бирикен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1966-жылдын 16-декабрын-да кабыл алган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эларалык пактынын 12-статьясын, анда ар бир адам дене бой жана психикалыксаламаттыктын мүмкүн болуучу эњ жогорку дењгээлине жетишүүгө укуктууэкени жөнүндө айтылганын эскертишип, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставынын киришсөзүн, анда саламаттыктын мүмкүн болуучу эњ жогорку дењгээлине жетишүүрасасына, динине, саясий ынанымына, экономикалык же социалдык абалынакарабастан бардык адамдардын негизги укуктарынын бири болоору жөнүндөайтылганын да эскертишип, тамекиге каршы күрөштүн азыркы учурдагы колдоо болгон жана ти-йиштүү илимий-техникалык жана экономикалык шарртарга негизделген чара-ларына шарт түзүүгө чечкиндүүлүк менен, БУУнун Башкы Ассамблеясы 1979-жылдын 18-декабрында кабыл алганАялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциядаал Конвенцияга катышкан мамлекеттер аялдарга карата медициналык-сани-тардык тармактагы басмырлоону жоюу үчүн тийиштүү чара көрүшөөрү айтыл-ганын эскертишип, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы 1989-жылдын 20-ноябрында ка-был алган Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда ал Конвенцияга катышканмамлекеттер баланын саламаттыктын мүмкүн болуучу эњ жогорку дењгээлинежетишүүгө укуктуу экени жөнүндө айтылганын эскертишип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: I бөлүк Киришүү 1-статья. Терминдердин пайдаланылышы Бул Конвенцияынын максаты үчүн: а) "Мыйзамсыз соодалоо" өндүрүүгө, жөнөтүүгө, алууга, ээлик кылуу-га, бөлүштүрүүгө, сатууга же алууга тиешелүү, мыйзамда тыюу салынганишти же жүрүм-турумду, анын ичинде мындай иштерге шарт түзүү максатынкөздөгөн иштин же жүрүм-турумдун бардык түрүн билдирет; b) "Экономикалык интеграциянын региондук уюму" бир нече эгемендүүмамлекеттен турган жана ал мүчө мамлекеттер өзүнүн бир топ маселелербоюнча ыйгарым укуктарын, анын ичинде ал маселелер боюнча ошол мүчөмамлекеттерге милдеттенмелерди салуучу маселелер боюнча чечим кабылалуу укугун кошо өткөрүп беришкен ар кандай уюмду билдирет ((1) эс-кертүүнү карањыз); c) "Тамекинин сатылышын рекламалоо жана түрткү берүү" коммерциялыкмаалыматты, рекомендацияны тамеки буюмдарды сатууга же колдонуугатүздөн түз же кыйыр түрткү берүү максатында берүүнүн же ошондой натый-жаларга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон аракеттин ар кандайтүрүн билдирет. d) "Тамекиге каршы күрөш" тамеки буюмдарды колдонууну жоюу жеазайтуу жолу менен калктын саламаттыгын жакшыртууга, ошондой эле тамекитүтүнүнүн таасирин азайтууга багытталган берүү-жабдуу, суроо-талап жаназыянды азайтуу тармагындагы стратегиялардын кењири чөйрөсүн билдирет. е) "Тамеки өнөр жайы" тамеки буюмдарды өндүрүү, дүњ бөлүштүрүү жа-на импорттоо менен иштегендердин баарын билдирет. f) "Тамеки буюмдар" толугу менен же айрым бөлүгү сырьеё материалкатары тамеки жалбырагынан жасалган, тартып, соруп, чайнап же жыттаппайдалануу үчүн ылайыкталган продуктуларды билдирет. g) "Тамекиге демөөрчүлүк" тамеки буюмдарды сатууга же тамекинитүздөн түз же кыйыр пайдаланууга түрткү берүү максатындагы кайсы болбо-сун окуяга, иш-чарага же жакка кошкон, ошондой натыйжаларга алып келгенже алып келиши мүмкүн болгон ар кандай салымды билдирет. 2-статья. Ушул Конвенция менен башка келишимдердин жана юридикалык документтердин ортосундагы байланыш 1. Тараптар адамдардын саламаттыгын жакшылап коргоону камсыздоомаксатында ушул Конвенция жана анын протоколдору талап кылгандан тыш-каркы чараларды ишке ашырууга умтулушат, мында ал документтердеги эчнерсе Тараптардын абалдары менен макулдашылган жана эл аралык укуктунжоболоруна ылайык келген катуураак талаптарды кабыл алуусуна тоскоолболбойт. 2. Бул Конвенциянын жана анын протоколдорунун жоболору ТараптардынКонвенцияга жана анын протоколдоруна тиешелүү, же аларга карата кошумчаболуп эсептелген маселелер боюнча эки же көп тараптуу макулдашууларды,анын ичинде региондук же субрегиондук макулдашууларды түзүүсүнө эч кан-дай таасир этпейт, мында андай макулдашуулар алардын ушул Конвенция жа-на анын протоколдору боюнча милдеттенмелерине шайкеш болушу керектүүшарт. Тийиштүү Тараптар андай макулдашуулар жөнүндө Тараптардын Конфе-ренциясына Секретариат аркылуу билдиришет. II бөлүк Максат, жетектөөчү принциптер жана жалпы милдеттер 3-статья. Максат Бул Конвенциянын жана анын протоколдорунун максаты - тамекиге кар-шы күрөштүн Тараптар улуттук, региондук жана эл аралык дењгээлдерде иш-ке ашыруучу тийиштүү чектерин камсыздоо, тамекини колдонуунун таралышынжана тамекинин түтүнүн такай жана орчундуу азайтуу жолу менен азыркыжана келечектеги муундарды тамекини колдонуунун жана тамеки түтүнүнүнадамдардын саламаттыгына бузуучу кесепеттеринен, ошондой эле социалдык,экологиялык жана экономикалык кесепеттерден коргоодо турат. 4-статья. Жетектөөчү принциптер Бул Конвенциянын жана анын протоколдорунун максаттарына жетүү жанаанын жоболорун ишке ашыруу үчүн Тараптар атап айтканда, төмөндө келти-рилген принциптерге таянышат: 1. Ар бир адам тамекини колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн ден соо-лукка кесепеттери, наркотиктик мүнөзү жана өмүргө өтө корунучтуулугужөнүндө маалымдуу болууга тийиш, жана ушуга байланыштуу бардык адамдар-ды тамеки түтүнүнүн зыяндуу таасиринен коргоо үчүн натыйжалуу мыйзам-дык, аткаруучулук, администрациялык же башка чараларды тийиштүүөкмөттүк дењгээлде кароо керек. 2. Улуттук, региондук жана эл аралык дењгээлдерде төмөнкүлөрдү эс-ке алуу менен ар тараптуу сектор аралык чараларды жана координациялан-ган тийиштүү жооп чараларды иштеп чыгуу жана колдоо жагында чечкиндүүсаясий жактоочулук зарыл, алар: а) адамдарды тамеки түтүнүнүн зыяндуу таасиринен коргоо үчүн чаракөрүү зарылдыгы; Ь) тамеки буюмдарды ар кандай формаларда колдоно баштоону болтур-боо, токтотууга жана азайтууга шарт түзүү жана көмөктөшүү үчүн чаралар-ды көрүү зарылдыгы; с) түпкүлүктүү адамдардын жана жамааттардын тамекиге каршыкүрөштүн социалдык жана маданий жактан алардын керектөөлөрүнө жана ке-лечектерине ылайык келүүчү программаларын түзүүгө, ишке ашырууга жанабаалоого катышуусуна көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгы; d) тамекиге каршы күрөштүн стратегияларын түзүүдө ар түрдүү жыныс-тар үчүн мүнөздүү опурталдуулуктарды эске алуу боюнча чараларды көрүүзарылдыгы. 3. Тамекиге каршы күрөштүн жергиликтүү маданий шарттар, ошондойэле социалдык, экономикалык, саясий жана юридикалык факторлор эскеалынган натыйжалуу программаларын түзүү жана ишке ашыруу үчүн эл аралыккызматташуу, айрыкча технологияларды, билимдерди берүү жана финансылыкжардам көрсөтүү, ошондой эле тийиштүү эксперттик кызматтарды көрсөтүүушул Конвенциянын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. 4. Бардык тамеки буюмдарды колдонууну азайтуу боюнча улуттук, ре-гиондук жана эл аралык дењгээлдерде көрүлүп жаткан ар тараптуу көп сек-тордук жана жооп чаралар тамекини колдонуудан жана тамеки түтүнүнүн та-асиринен болуучу эрте майыптыкты жана өлүмгө учуроону коомдук саламат-тык сактоонун принциптерине ылайык болтурбоо үчүн зарыл. 5. Ар бир Тарап өзүнүн юрисдикциясынын чегинде аныктоочу жоопкер-чиликке байланыштуу маселелер тамекиге каршы ар тараптуу күрөштүн маа-нилүү бөлүгү болуп эсептелет. 6. Өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тараптарда жана өткөөл экономика-луу Тараптарда тамеки өстүрүүчү адамдардын жана тамеки өнөр жайынынкызматкерлеринин жашоого каражат табуусуна олуттуу таасир этүүчү таме-киге каршы күрөш программаларын ишке ашырууда экономикалык өткөөлгөкөмөктөшүү үчүн техникалык жана финансылык жардамдын маанисин улуттукдењгээлде түзүлүүчү туруктуу өнуктүрүү стратегияларынын контекстиндетаануу жана эске алуу керек. 7. Конвенциянын жана анын протоколдорунун максаттарына жетүү үчүнграждандык коомдун катышуусу зарыл. 5-статья. Жалпы милдеттенмелер 1. Ар бир Тарап өзү Тарабы болгон ушул Конвенцияга жана анын про-токолдоруна ылайык тамекиге каршы күрөштүн көп сектордуу улуттук стра-тегияларын, пландарын жана программаларын түзөт, ишке ашырат жана мез-гил-мезгили менен кайра карайт. 2. Бул максатка жетүү үчүн ар бир Тарап өз мүмкүнчүлүктөрүнө ыла-йык: а) тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук координациялык механизмдиже координациялык органдарды түзөт же чыњдайт жана каржылайт; жана Ь) натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучулук, администрациялык жана/жебашка чараларды көрөт жана тийиштүү учурларда башка Тараптар менен та-мекини колдонуунун, никотинге көз карандылыктын жана тамеки түтүнүнүналдын алуу жана азайтуу үчүн тийиштүү саясатты иштеп чыгууда кызматта-шат. 3. Тараптар тамекиге каршы күрөш боюнча өзүнүн коомдук саламаттыксактоо саясатын түзүүдө жана ишке ашырууда өзүнүн саясатын тамеки өнөржайынын коммерциялык жана корпорациялык кызыкчылыктарынын таасириненкоргоо үчүн улуттук мыйзамдарына ылайык аракеттенишет. 4. Тараптар өздөрү Тараптары болгон ушул Конвенциянын жана анынпротоколдорунун сунушталуучу чараларын, процедураларын жана жетектөөчүпринциптерин иштеп чыгууда кызматташышат. 5. Тараптар тийиштүү учурларда өздөрү Тараптары болгон ушул Кон-венциянын жана анын протоколдорунун максаттарына жетүү үчүн компе-тенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдар жана башка ор-гандар менен кызматташышат. 6. Тараптар өз карамактарындагы каражаттар менен ресурстардын чек-теринде, ушул Конвенцияны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн финансылык ре-сурстарды мобилизациялоо максатында эки тараптуу жана көп тараптуу кар-жылоо механизмдеринин жардамы менен кызматташышат. III бөлүк Тамекиге суроо-талапты азайтууга тийиштүү чаралар 6-статья. Тамекиге суроо-талапты азайтуу боюнча баалык жана салыктык чаралар 1. Тараптар баалык жана салыктык чаралар калктын ар кыл топтору-нун, айрыкча жаштардын тамекини колдонуусун азайтуудагы натыйжалуу жанамаанилүү каражат экенин таанышат. 2. Ар бир Тарап өзүнүн саламаттык сактоо тармагындагы тамекигекаршы күрөшкө тиешелүү улуттук максаттарын Тараптардын салык салуудагаөз саясатын аныктоого жана белгилөөгө эгемендүү укугуна зыян келтирбес-тен эске алууга жана тийиштүү учурларда төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүнболгон чараларды киргизүүгө жана сактоого тийиш: а) тамеки буюмдарга карата салык саясатын, ал эми керектүү учурдабаа саясатын саламаттык сактоонун тамекини колдонууну азайтууга багыт-талган максаттарына жетүүгө шарт түзгүдөй жүргүзүү; Ь) эл аралык сапарга чыгуучу адамдарга тамеки буюмдарды салыксызжана пошлинасыз алып келүүгө жана/же тийиштүү учурларда сатууга тыюусалуу же чектөө. 3. Тараптар 21-статьяга ылайык Тараптардын Конференциясына берүүчүмезгилдүү баяндамаларында тамеки буюмдарга салык салуунун ставкаларыжана тамекини колдонуудагы тенденциялар жөнүндө маалыматтарды беришет. 7-статья. Тамекиге суроо-талапты азайтуу боюнча баалык эмес чаралар Тараптар баалык эмес чаралар тамекини колдонууну азайтуунун натый-жалуу жана маанилүү каражаты экенин моюнга алышат. Ар бир Тарап өзүнүн8-13-статьялар боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн керектүү майнаптуумыйзамдык, аткаруучулук, администрациялык же башка чараларын иштеп чы-гат жана тийиштүү учурларда аларды ишке ашыруу максатында башка Тарап-тар менен түздөн түз же компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөраралык уюмдар аркылуу кызматташат. Тараптардын Конференциясы ушулСтатьялардын жоболорун ишке ашыруу үчүн тийиштүү жетектөөчү принциптер-ди сунуш кылат. 8-статья. Тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо 1. Тараптар тамекинин түтүнү өлүмдүн, оорунун жана майыптыктын се-беби экенин илимий маалыматтар даана далилдегенин моюнга алышат. 2. Ар бир Тарап улуттук мыйзамдар менен аныкталган улуттук юрис-дикциянын тармактарында бөлмөнүн ичинде, коомдук транспортто жана жабыккоомдук жайларда жана тийиштүү учурларда башка коомдук жерлерде тамеки-нин түтүнүнүн таасиринен коргоону камсыздоочу натыйжалуу мыйзамдык, ат-каруучулук, администрациялык жана/же башка чараларды кабыл алат жанаишке ашырат, жана юрисдикциянын башка дењгээлдеринде кабыл алынышынажана ишке ашырылышына көмөк көрсөтөт. 9-статья. Тамеки буюмдарынын ичиндеги курамын жөнгө салуу Тараптардын Конференциясы компетенттүү эл аралык уюмдар мененкењешип тамеки буюмдардын ичиндегилердин курамын сыноонун жанаөлчөөнүн, ошондой эле ал курамды жана бөлүнүп чыгуучу продуктулардыжөнгө салуунун жетектөөчү принциптерин сунуш кылат. Компетенттүү улут-тук органдарда жактырылган учурларда ар бир Тарап андай сыноо жанаөлчөө, ошондой эле андай жөнгө салуу боюнча натыйжалуу мыйзамдык, атка-руучулук, администрациялык жана/же башка чараларды кабыл алат жана ишкеашырат. 10-статья. Тамеки буюмдардын ичиндегилердин курамын ачыкка чыгаруу Ар бир Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык тамеки буюмдардычыгаруучулардан жана импорттоочулардан тамеки буюмдардын ичиндегилердинкурамы жана алардын чыгуучу продуктулар жөнүндө маалыматтарды өкмөттүкуюмдарга ачууну талап кылган натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучулук, адми-нистрациялык же башка чараларды кабыл алат жана ишке ашырат. Андан тыш-кары ар бир Тарап тамеки буюмдардын жана алар чыгарышы мүмкүн болгонпродуктулардын курамдык бөлүктөрү жөнүндө коомчулукка маалымдоо боюнчанатыйжалуу чараларды көрөт. 11-статья. Тамеки буюмдардын упаковкасы жана маркировкасы 1. Ар бир Тарап бул Конвенция ал Тарап үчүн күчүнө киргенден учур-дан баштап үч жылдын ичинде өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык натыйжа-луу чараларды кабыл алат жана ишке ашырат, ал төмөнкүдөй максаттардыкөздөйт: а) тамеки буюмдардын упаковкасы жана маркировкасы тамеки буюмдужалган, адаштыруучу же алдоочу, же анын сапаты, адамга таасири, корку-нучу же бөлүп чыгаруучу продуктулары жөнүндө туура эмес маалыматберүүчү, ал тамеки буюм башкаларга караганда зыяны азыраак экенижөнүндө туура эмес пикир түзүүчү ар кандай терминдерди, сыпаттаманы,соодалык марканы, символдуу же башка ар кандай белгилерди камтыган артүрдүү жолдор менен сатууга түрткү бербегидей болушун көздөйт. Ал жол-дор "чайыры аз", "жењил", "абдан жењил" же "жумшак" деген терминдердикамтышы мүмкүн; Ь) тамеки буюмдардын ар бир кутусунда жана упаковкасында жана ан-дай буюмдардын тышкы упаковкасында жана маркировкасында да тамекиниколдонуунун ден соолукка келтирүүчү кесепеттерин баяндоо менен анын зы-яны жөнүндө эскертүүлөр болушун, жана башка тийиштүү маалыматтар келти-рилишин көздөйт. Андай эскертүүлөр жана маалыматтар: i) компетенттүү улуттук органдар тарабынан бекитилет; ii) мезгилдүү алмаштырылып турат; iii) чоњ, даана, көрүнөө болот жана оњой окулат; iv) маркировкаланган негизги бетинин 50%-ин же андан ашыгын ээ-лейт, бирок эч качан маркировкаланган негизги бетинин 30%нен кем болбо-ого тийиш; v) сүрөт же пиктограмма түрүндө болушу, же аларды камтышы мүмкүн. 2. Тамеки буюмдардын ар бир кутусунда же упаковкасында жана аркандай тышкы упаковкасында жана маркировкасында ушул статьянын 1(Ь)пунктунда каралган эскертүүлөрдөн тышкары, улуттук органдар белгилен-гендей, тамеки буюмдардын тийиштүү компоненттери жана алар бөлүп чыга-руучу продуктулар жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. 3. Ар бир Тарап ушул Статьянын 1(Ь) пунктунда жана 2-пунктундакөрсөтүлгөн тексттик маалымат тамеки буюмдардын ар бир кутусунда жанаупаковкасында жана андай буюмдардын ар кандай тышкы упаковкасында жанамаркировкасында анын негизги тилдерде болушун талап кылат. 4. Бул Статьянын максаттары үчүн "тышкы упаковка жана маркировка"деген термин чекене сатылуучу тамеки буюмдарда колдонулуучу бардык упа-ковкаларга жана маркировкаларга карата колдонулат. 12-статья. Агартуу, маалымат берүү, даярдоо жана калкты маалымдоо Ар бир Тарап тийиштүү учурларда маалымат берүүнүн колдо болгонбардык каражаттарын колдонуу менен тамекиге каршы күрөш маселеси боюнчакалкты маалымдоо системасын колдойт жана чыњдайт. Бул максатта ар бирТарап төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүгө багытталган натыйжалуу мыйзамдык,аткаруучулук, администрациялык же башка чараларды көрөт жана ишке ашы-рат, ал чаралардын максаты: а) тамеки колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн ден соолукка коркунуч-туулугу, анын ичинде көнүп алуу коркунучу жөнүндө калкты агартуучу жанамаалымат берүүчү натыйжалуу жана ар тараптуу программаларга кењири жет-киликтүүлүккө көмөк көрсөтүү; Ь) тамеки колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн ден соолукка коркунуч-туулугу жөнүндө, ошондой эле 14.2-статьяда көрсөтүлгөндөй тамеки колдо-нууну токтотуунун жана тамекисиз жашоонун артыкчылыктары жөнүндө калккамаалымдоо; с) улуттук мыйзамдарга ылайык, калктын тамеки өнөр жайы жөнүндөушул Конвенциянын максаттарына тиешелүү ар кыл маалыматтарга жетки-ликтүүлүгүнө көмөктөшүү; d) саламаттык сактоо кызматкерлерине, жамааттардын кызматкерлери-не, социалдык кызматкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарынын профес-сионал кызматкерлерине, мугалимдерге, чечим кабыл алуучу адамдарга, же-текчилерге жана башка тийиштүү адамдарга багытталган тамекиге каршыкүрөшкө даярдоо боюнча натыйжалуу жана тийиштүү программаларды же маа-лымдуулукту арттыруу программаларына көмөктөшүү; е) тамеки өнөр жайына байланышы жок мамлекеттик жана жеке менчикмекемелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын маалымдалышына жана тамекигекаршы күрөш тармагындагы секторлор аралык программаларды жана стратеги-яларды түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусуна көмөктөшүү; f) калкка тамекини өндүрүүнүн жана колдонуунун адамдын ден соолу-гуна зыяны, ошондой эле анын экономикалык жана экологиялык терс таасир-лери жөнүндө маалыматдоого жана андай маалыматтарга жеткиликтүүлүгүнөкөмөктөшүү. 13-статья. Тамеки буюмдарды рекламалоо, сатылышына түрткү берүү жана демөөрчүлүк 1. Тараптар тамеки буюмдардын рекламасына, сатылышына түрткүберүүгө жана демөөрчүлүккө толук тыюу салуу тамеки буюмдарды колдонуу-нун азайышына алып келет деп билишет. 2. Ар бир Тарап өзүнүн Конституциясына же конституциялык принцип-терине ылайык, тамеки буюмдардын рекламасына, сатылышына түрткү берүүгөжана демөөрчүлүккө толук тыюу салат. Бул ошол Тарапта болгон укуктукшарттардын сакталышын жана техникалык каражаттардын болушун эске алууменен анын аймагында болуучу трансчегаралык рекламаны, сатууга түрткүберүүнү жана демөөрчүлүктү толук тыюуну камтыйт. Ушуга байланыштуу арбир Тарап Конвенция ал Тарап үчүн күчүнө киргенден кийин беш жылдыничинде тийиштүү мыйзамдык, аткаруучулук администрациялык жана/же башкачараларды көрөт жана 21-статьяга ылайык тийиштүү баяндамаларды берет. 3. Өзүнүн конституциясына же конституциялык принциптерине байла-ныштуу толук тыюу салууга мүмкүндүгү жок Тарап тамеки буюмдардын бардыкрекламасына, сатууга түрткү берилишине жана демөөрчүлүккө чек коет. Булошол Тарапта болгон укуктук шарттардын сакталышын жана техникалык кара-жаттардын болушун эске алуу менен анын аймагында болуучу жана трансче-гаралык натыйжа берүүчү рекламаны, сатууга түрткү берүүнү жанадемөөрчүлүктү чектөөнү же толук тыюуну камтыйт. Ушуга байланыштуу арбир Тарап тийиштүү мыйзамдык, аткаруучулук администрациялык жана/жебашка чараларды көрөт жана 21-статьяга ылайык тийиштүү баяндамалардыберет. 4. Ар бир Тарап өзүнүн конституциясына же конституциялык принцип-терине ылайык: а) тамеки буюмдарды рынокко анын сапаты, ден соолукка таасири,коркунучу же бөлүп чыгаруучу продуктулары жөнүндө туура эмес маалыматберүүчү, жалган, адаштыруучу же башкача жолдор менен алдоочу ыкмаларменен рекламалоонун, сатууга түрткү берүүнүн жана демөөрчүлүк кылуунунбардык формаларына тыюу салат; Ь) тамеки буюмдардын бардык рекламасында же сатууга түрткү берүүчүжана демөөрчүлүк кылган башка тийиштүү учурларда анын ден соолукка зы-яндуулугу жөнүндө эскертүү менен коштолушун талап кылат; с) калктын тамеки буюмдарды сатып алуусуна түрктү болуучу тике жекыйыр өбөлгөлөрдүн колдонулушун чектейт; d) эгер толук тыюу салбаса, тамеки өнөр жайынын тыюу салынбаганрекламага, сатууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүк кылууга жумшаган чы-гымдары жөнүндө маалыматтын тийиштүү мамлекеттик органдарга ачылышынталап кылат. Ал органдар улуттук мыйзамдарга ылайык, ал маалыматтардыкоомчулукка жана Тараптардын Конференциясына 21-статьяны аткаруу ире-тинде берүү жөнүндө чечим чыгара алышат; е) толук тыюу салат же, өзүнүн конституциясына же конституциялыкпринциптерине байланыштуу толук тыюу сала албаган Тарап болсо, радио,теле көрсөтүү, жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттары, жана ти-йиштүү учурларда Интернет сыяктуу башка маалымат каражаттарында рекла-малоого, сатууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүккө беш жыл бою чектөөкоет; жана f) эл аралык окуялардын, иш-чаралардын убагында же аларга катышуу-чулардын арасында тамеки буюмдарын рекламалоого тыюу салат, же өзүнүнконституциясына же конституциялык принциптерине байланыштуу толук тыюусала албаган Тарап болсо чектөө коет. 5. Тараптар 4-пунктта баяндалган милдеттенмелердин чегинен тышкар-кы иш-чараларды аткарууга шыктандырылышат. 6. Тараптар трансчегаралык рекламаны жоюуга көмөктөшүү үчүн ке-ректүү технологияларды жана башка каражаттарды иштеп чыгууда кызматта-шышат. 7. Тамекини рекламалоого, сатууга түрткү берүүгө жанадемөөрчүлүккө тыюу салган Тараптар анын аймагына келүүчү трансчегаралыкрекламага, сатууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүккө тыюу салууга эге-мендүү укукка ээ жана өзүнүн аймагында тамекини ички рекламалоого, са-тууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүккө карата улуттук мыйзамдарынаылайык колдонулгандай эле санкцияларды колдоно алат. Бул пункт кайсыбир конкреттүү санкцияны колдогондукту же бекиткендикти билдирбейт. 8. Тараптар трансчегаралык рекламалоого, сатууга түрткү берүүгөжана демөөрчүлүккө толук тыюу салуу максатында эл аралык кызматташуунуталап кылган тийиштүү чараларды баяндоо менен протокол иштеп чыгуужөнүндө маселени карашат. 14-статья. Тамекиге суроо-талапты азайтуу боюнча, тамекиге көз карандылыкка жана тамеки колдонууну токтотууга тийиштүү чаралар 1. Ар бир Тарап улуттук шарттарды жана приоритеттерди эске алууменен, илимий маалыматтардын жана жакшы тажрыйбанын негизинде тамекиколдонууну токтотууга жана тамекиге көз карандылыктын тийиштүү дарыла-нышын камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү, ар тараптуу жана комп-лекстүү жетектөөчү принциптерди иштеп чыгат, таратат жана натыйжалуучараларды көрөт. 2. Бул максаттарга жетүү үчүн ар бир Тарап төмөнкүлөргө умтулат: а) тамеки колдонууну, анын ичинде окуу жайлар, медициналыксанитар-дык мекемелер, иш орундар жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерсыяктуу жайларда тамеки колдонууну токтотууга жардамдашууга багытталганнатыйжалуу программаларды түзүүгө жана ишке ашырууга; Ь) тамекиге көз карандылыкты диагностикалоону, дарылоону жана та-меки колдонууну токтотуу жагында консультация берүү боюнча кызматтардытийиштүү учурларда саламаттык сактоо кызматкерлеринин, жамааттардынкызматкерлеринин жана социалдык кызматкерлердин катышуусу менен сала-маттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы улуттук программаларга,пландарга жана стратегияларга киргизүүгө; с) медициналык-санитардык жардам мекемелеринде жана реабилитацияборборлорунда тамекиге көз карандылыкты диагностикалоо, дарылоо, кон-сультация берүү, алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды түзүүгө; d) Башка Тараптар менен тамекиге көз карандылыкты дарылоонун жет-киликтүүлүгүн жана 22-статьяга ылайык фармацевттик препараттарды кошокамтуу менен дарылоо боюнча баанын жеткиликтүүлүгүн жењилдетүүдө кыз-матташууга. Андай препараттар жана алардын компоненттери дары каражат-тарды, дары каражаттарды киргизүү үчүн, ошондой эле тийиштүү учурлардадиагностика үчүн колдонулуучу препараттарды камтышы мүмкүн. IV бөлүк Тамекинин берилишин азайтууга тиешелүү чаралар 15-статья. Тамеки буюмдардын мыйзамсыз соодаланышы 1. Тараптар тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоонун бардык формала-рын, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз өндүрүүнү жана жасалма чыга-рууну жоюу, ошондой эле субрегиондук, региондук жана глобалдык макулда-шуулардан тышкары тийиштүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгуу жана аткаруутамекиге каршы күрөштүн зарыл компоненттери экенин моюнга алышат. 2. Ар бир Тарап тамеки буюмдардын бардык кутулары, упаковкаларыжана бардык тышкы упаковкалары Тараптарга тамеки буюмдун чыгарылган же-рин аныктоого жардамдашуу үчүн маркировкаланышын камсыздоо максатында,жана улуттук мыйзамдарга, тийиштүү эки тараптуу жана көп тараптуу ма-кулдашууларга ылайык аныктоого, ошондой зле мониторингдөөгө документ-тештирүүгө жана жүгүртүлүшүн, юридикалык стаиусун контролдоого жардам-дашуу үчүн натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучулук, администрациялык же баш-ка чараларды көрөт жана ишке ашырат. Андан тышкары, ар бир Тарап: а) тамеки буюмдардын анын ички рыногунда чекене жана дүњ сатууүчүн бардык өзүнчө кутуларында жана упаковкаларында: "Сатууга (өлкөнүн,субулуттук, региондук же федералдык аймактык бирдиктин аты жазылат) га-на уруксат берилет" деген жазуу болушун, же арналган акыркы пункттукөрсөткөн же органдарга ал буюм ички рынокто сатууга мыйзамдуу келгенинаныктоого жардамдашуучу маркировка болушун талап кылат; Ь) тийиштүү учурларда бөлүштүрүү системасын коргоочу жана мыйзам-сыз соодалоо учурларын тергөөгө жардам берүүчү практикалык байкоогоалуу системасын жана байкоого алуу режимин түзүү жөнүндө маселени ка-райт. 3. Ар бир Тарап ушул Статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн упаковкада-гы же маркировкадагы маалымат даана жана/же негизги тилде же негизгитилдерде жазылышын талап кылат. 4. Тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоону жоюу максатында ар бирТарап: а) тамеки буюмдарды трансчегаралык соодалоого, анын ичинде мыйзам-сыз соодалоого мониторинг жүргүзүү жана ал жөнүндө малыматтарды чогул-тат, ошондой эле тийиштүү учурларда улуттук мыйзамдарга ылайык бажы,салык жана башка органдардын ортосунда эки жана көп тараптуу макулдашу-уларга колдонулуучу маалыматтарды алмашат; Ь) тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоого, анын ичинде жасалма жанаконтрабандалык сигареттерди мыйзамсыз соодалоого каршы багытталган ти-йиштүү санкциялар жана теске салуучу чаралар менен мыйзамдарды кабылалат же чыњдайт; с) конфискацияланган өндүрүштүк жабдуулардын, жасалма жана контра-бандалык сигареттердин жана башка тамеки буюмдардын бардыгы практикадаишке ашыруу мүмкүн болгон учурда экологиялык таза ыкмаларды колдонупжок кылынышын, же ички мыйзамдарга ылайык жоготулушун камсыздоо боюнчазарыл чараларды көрөт; (d) салыксыз же пошлинасыз режимде сакталуучу же ташылуучу тамекибуюмдардын сакталышын жана бөлүштүрүлүшүн мониторингдөө, документтеш-тирүү жана контролдоо максатында өзүнүн юрисдикциясынын чектеринде чаракөрөт жана ишке ашырат; жана е) тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоодон түшкөн кирешелерди кон-фискациялоо максатында зарыл чараларды көрөт. 5. Ушул Статьянын 4(а) жана 4(b) пунктчаларынын негизинде чогул-тулган маалыматтарды Тараптар тийиштүү учурларда жалпыланган түрдөөздөрүнүн Тараптардын Конференциясына 21-статьяга ылайык берүүчү мез-гилдүү баяндамаларында беришет. 6. Тараптар тийиштүү учурларда жана улуттук мыйзамдарына ылайык,тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоону жоюу максатындагы тергөөлөргө,соттук куугунтуктоолорго жана процедураларга тийиштүү чекте улуттук ме-кемелердин ортосундагы, ошондой эле тийиштүү региондук жана эл аралыкөкмөттөр аралык уюмдар менен ортосундагы кызматташууга, көмөккөрсөтүшөт. Тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоого каршы күрөш максатын-да региондук жана субрегиондук дењгээлдерде кызматташууга өзгөчө көњүлбурулат. 7. Ар бир Тарап мыйзамсыз соодалоону болтурбоо максатында тамекибуюмдарды өндүрүүнү жана бөлүштүрүүнү контролдоо үчүн тийиштүү учурлар-да лицензиялоону кошо камтыган андан аркы чараларды көрөт жана ишкеашырат. 16-статья. Жашы жете электерге сатуу жана жашы жете электердин сатуусу 1. Ар бир Тарап тамеки буюмдардын ички мыйзамдарда, улуттук мый-замдарда белгиленген куракка, же он сегиз жашка жете элек адамдарга са-тууга тыюу салуу үчүн тийиштүү өкмөттүк дењгээлде натыйжалуу мыйзамдык,аткаруучулук, администрациялык же башка чараларды көрөт. Ал чаралартөмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн, ал: а) тамеки буюмдарды сатуучулар сатуу үчүн пункттун ичинде көрүнөөжерге жашы жете электерге тамеки буюмдарды сатууга тыюу салынганыженүндө кулактандырууну илишин, ал эми күмөнсүү жаралган учурда тамекибуюмдарды сатып алуучулардын ар биринен ал мыйзамда белгиленген жетилүүкурагына жеткенин далилдөөчү документти көрсөтүүнү сурашын талап кылуу; Ь) тамеки буюмдарды эркин сатып алууну, мисалы, дүкөндүн текчеси-нен алууну камсыздоочу ар кандай ыкмалар менен сатууга тыюу салуу; с) конфеттерди, закускаларды, оюнчуктарды жана башка буюмдарды та-меки буюмдардын формасында, жашы жете электердин көњүлүн бургудай кылыпжасоого тыюу салуу; d) өзүнүн юрисдикциясында турган тамеки буюмдарды сатуучу автомат-тар жашы жете электер бара албагыдай болушун жана тамеки буюмдарды жашыжете электерге сатууга түрткү болбошун камсыздоо. 2. Ар бир Тарап тамеки буюмдарды калк арасында, айрыкча жашы жетеэлектер арасында бекер таратууга тыюу салат же тыюу салынышына шарттүзөт. 3. Ар бир Тарап сигареттердин жашы жете электер үчүн жетки-ликтүүлүгүн көбөйтүүчү дааналап же чакан упаковкаларда сатылышына тыюусалууга умтулат. 4. Тараптар тамеки буюмдарды жашы жете электерге сатууну болтурбообоюнча чаралар натыйжалуулугун арттыруу үчүн зарыл учурда ушул Конвен-циядагы башка жоболор менен айкалыштырып ишке ашырылууга тийиштигин мо-юнга алышат. 5. Конвенцияга кол коюуда, ратификациялоодо, кабыл алууда, бе-китүүдө же ага кошулууда, же андан кийинки кайсы убакта болбосун Тарапмилдеттүү күчкө ээ жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу ал тамеки буюмдарды са-туучу автоматтардын колдонууга киргизилишине өз юрисдикциясынын чекте-ринде тыюу салууга, же тийиштүү учурларда тамеки буюмдарды сатуучу ав-томаттардын колдонууга толук тыюу салууга милдеттенээрин билдире алат. 6. Ар бир Тарап ушул Статьянын 1-5-статьяларында айтылган милдет-тенмелердин аткарылышын камсыздоо максатында натыйжалуу мыйзамдык, ат-каруучулук, администрациялык же башка чараларды, анын ичинде чекене жа-на дүњ сатуучуларга каршы санкцияларды колдонот жана ишке ашырат. 7. Ар бир Тарап тийиштүү учурларда тамеки буюмдарды ички мыйзамда,улуттук мыйзамда белгиленген куракка, же он сегиз жашка жете элек адам-дардын сатышына тыюу салуу максатында натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучу-лук, администрациялык же башка чараларды, анын ичинде чекене жана дүњсатуучуларга каршы санкцияларды колдонууга жана ишке ашырууга тийиш. 17-статья. Экономикалык жактан алгылыктуу иштин альтернативдүү түрлөрүн колдоо Тараптар башка Тараптар жана компетенттүү эл аралык жана региондукөкмөттөр аралык уюмдар менен кызматташып, тамеки өндүрүү жана өстүрүүменен иштеген адамдардын, жана тийиштүү учурларда жеке сатуучулардынкызыкчылыгы үчүн иштин экономикалык жактан алгылыктуу альтернативалары-на шарт түзүшөт. V бөлүк Айлана-чөйрөнү коргоо 18-статья. Айлана-чөйрөнү жана адамдардын саламаттыгын коргоо Тараптар ушул Конвенция боюнча өз аймактарында тамеки өстүрүүгөжана тамеки буюмдарды өндүрүүгө тийиштүү милдеттенмелерин аткарууда ай-лана-чөйрөнү жана адамдардын айланачөйрө менен байланыштуу саламаттыгынсактоо маселелерин тийиштүү түрдө эске алууга макул. VI бөлүк Жоопкерчиликке байланыштуу маселелр 19-статья. Жоопкерчилик 1. Тараптар тамекиге каршы күрөшүү максатында зарыл учурда кылмыш-тык жана граждандык жоопкерчилик маселелерин, анын ичинде тийиштүүучурларда компенсация маселесин чечүү үчүн мыйзамдык чараларды көрүү жеболгон мыйзамдарды өркүндөтүү мүмкүндүгүн карашат. 2. Тараптар 21-статьяга ылайык Тараптардын Конференциясы аркылуубири бири менен маалымат алмашуу боюнча кызматташышат, анын ичинде: а) 20.3-статьяга ылайык, тамекини колдонуунун жана тамекитүтүнүнүн саламаттыкка зыяны жөнүндө маалыматтарды; жана Ь) колдонуудагы мыйзамдар жана эрежелер жөнүндө, ошондой эле ти-йиштүү соттук практика жөнүндө маалыматтарды. 3. Тараптар тийиштүү учурларда жана өз ара макулдашуу боюнча бирибирине улуттук мыйзамдардын, саясаттын, укуктук практиканын жана колдо-нууга болуучу келишимдик механизмдердин чектеринде ушул Конвенциягаылайык граждандык жана кылмыштык жоопкерчиликке тийиштүү процесстикиш-аракеттерди жүргүзүүгө жардам беришет. 4. Конвенция Тараптардын бири биринин ушундай укуктар бар болгонсот органдарына жеткиликтүүлүк укуктарына эч кандай тиешеси болбойт жа-на чектебейт. 5. Тараптардын Конференциясы алардын мыйзамдык жана ушул Статьягаылайык башка иштериндеги жоопкерчиликке байланыштуу маселелерди ал ма-селелерге карата тийиштүү эл аралык мамиле жана Тараптарга колдоокөрсөтүү боюнча тийиштүү каражаттар менен кошо, аларды өтүнүчтөрү боюн-ча мүмкүн болушунча алгачкы стадиясында, тийиштүү эл аралык форумдардажүргүзүлүүчү ишти эске алуу менен карай алат. VII бөлүк Илимий-техникалык кызматташуу жана маалымат берүү 20-статья. Илимий изилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл жана маалымат алмашуу 1. Тараптар тамекиге каршы күрөшүү тармагындагы улуттукизилдөөлөрдү өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүү, илимий-изилдөөчү программа-ларды координациялоо боюнча региондук жана глобалдык дењгээлдерде чаракөрүшөт. Бул максатка жетүү үчүн ар бир Тарап: а) өзү түздөн түз же компетенттүү эл аралык жана региондукөкмөттөр аралык уюмдар жана башка органдар аркылуу изилдөөлөрдү жанаилимий баа берүүлөрдү жүргүзүүгө демилге көтөрөт жана кызматташтыкжүргүзөт, мында детерминантты жана тамеки колдонуунун кесепеттеринизилдөөгө багытталган изилдөөлөргө, ошондой эле альтернативдүүөсүмдүктөрдү аныктоону көздөгөн изилдөөлөргө жардамдашат жана колдоокөрсөтөт; жана Ь) компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдардынжана башка органдардын колдоосу менен тамекиге каршы күрөш боюнча ишжүргүзгөндөрдүн баарына, анын ичинде илимий изилдөөлөргө жардамкөрсөтүүнү жана колдоону даярдайт, өнүктүрөт жана чыњдайт. 2. Тараптар тийиштүү учурларда, тамеки колдонуунун кесепеттерининжана тамеки түтүнүнүн масштабдарына, структураларына, детерминанттарынаулуттук, региондук жана глобалдык эпидемиологиялык көзөмөл программала-рын түзүшөт. Тараптар бул максатта тийиштүү учурларда маалыматтарды ре-гиондук жана эл аралык дењгээлдерде салыштыруу жана талдоо мүмкүндүгүнкамсыздоо үчүн тамекинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө программаларын денсоолуктун абалын эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн улуттук, региондук жанаглобалдык программаларына киргизишет. 3. Тараптар компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралыкуюмдар жана башка органдар тарабынан финансылык жана техникалык жардамболуусунун маанисин моюнга алышат. Ар бир Тарап төмөнкүлөргө умтулат: а) тамекини колдонууга эпидемиологиялык көзөмөлдүн улуттук систе-масын жана тийиштүү социалдык, экономикалык көрсөткүчтөрдү жана сала-маттыктын көрсөткүчтөрүн бара-бара түзүүгө; Ь) компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдаржана башка органдар, анын ичинде өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар ме-нен тамекини региондук жана глобалдык эпидемиологиялык көзөмөлдөөдө жа-на ушул Статьянын 3(а) пунктунда айтылган көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматалмашууда кызматташууга; жана с) жалпы жетекчиликке алуучу принциптерди же тамекиге байланыштууэпидемиологиялык көзөмөлдөө маалыматтарын чогултуу, талдоо жана таратууүчүн процедураларды аныктоодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мененкызматташууга. 4. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Конвенциягатиешеси бар ачык илимий-техникалык, социалдык-экономикалык, коммерция-лык жана юридикалык маалыматтарды, ошондой эле тамеки өнөр жайындагыжана тамеки өстүрүүдөгү практикага тиешелүү маалыматтарды алмашууга кө-мөк көрсөтүшөт жана жењилдетишет, мында өнүгүп жаткан өлкөлөр болгонТараптардын жана өткөөл зкономикалык Тараптардын өзгөчө керектөөлөрүнэске алышат. Ар бир Тарап төмөнкүлөргө умтулат: а) тамекиге каршы күрөштү жөнгө салуучу мыйзамдарды жана тийиштүүучурларда алардын сакталышы жөнүндө, ошондой эле тийиштүү соттук прак-тика жөнүндө маалыматтарды камтыган жањыртылган маалыматтык базаны ба-ра-бара түзүүгө жана кармоого, жана региондук жана эл аралык дењгээл-дерде тамекиге каршы күрөш тармагындагы программаларды түзүүдө кызмат-ташууга; Ь) ушул Статьянын 3(а) пунктуна ылайык улуттук зпидемиологиялыккөзөмөл программаларынан алынуучу жањыртылган маалымат базаларын ба-ра-бара түзүүгө жана кармоого; жана с) компетенттүү эл аралык уюмдар менен тамекинин өндүрүлүшү жанажасалышы, ошондой эле тамеки өнөр жайынын иши жөнүндө, ушул Конвенциягаже тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук ишке таасир этүүчү маалымат-тарды такай алуу жана таратуу үчүн глобалдык системаны бара бара түзүүжана кармоо максатында кызматташууга. 5. Тараптар өздөрү мүчө болгон региондук жана эл аралык өкмөттөраралык уюмдар жана финансылык мекемелердин, ошондой эле өнүктүрүү масе-лелери боюнча иштеген мекемелердин алкагында, өнүгүп жаткан өлкөлөрболгон Тараптарга, жана өткөөл экономикалуу Тараптарга алар өздөрүнүнизилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл жана маалымат алмашуу боюнча мил-деттенмелерин аткарышына жардам көрсөтүү үчүн Секретариатка техникалыкжана финансылык ресурстарды берүүгө колдоо көрсөтүү жана кызыктыруумаксатында кызматташуусу керек. 21-статья. Отчет жана маалымат алмашуу 1. Ар бир Тарап Секретариат аркылуу Тараптардын КонференцияларынаКонвенцияны аткаргандыгы жөнүндө мезгилдүү баяндамаларды берип турат,алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: а) Конвенцияны ишке ашыруу максатында көрүлгөн мыйзамдык, аткаруу-чулук, администрациялык же башка чаралар жөнүндө маалыматтарды; Ь) тийиштүү учурларда Конвенцияны ишке ашырууда болгон ар кандайтоскоолдуктар же бөгөттөр жөнүндө жана ал тоскоолдуктарды жоюу үчүнкөрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды; с) тийиштүү учурларда, тамекиге каршы күрөш боюнча иш үчүн берил-ген же алынган финансылык жана техникалык жардам жөнүндө маалыматтарды; d) 20-статьяда көрсөтүлгөндөй. эпидемиологиялык көзөмөл жанаизилдөөлөр жөнүндө маалыматтарды; е) 6.3, 13.2, 13.3, 13.4(d), 15.5, жана 19.2-статьялардакөрсөтүлгөн маалыматтарды. 2. Бардык Тараптардын мындай баяндамаларды берүүсүнүн мез-гилдүүлүгүн жана формасын Тараптардын Конференциясы аныктайт. Ар бирТарап Конвенция ал Тарап үчүн күчүнө киргенден кийин эки жылдын ичиндеөзүнүн алгачкы баяндамасын даярдайт. 3. Тараптардын Конференциясы 22 жана 26-статьяларга ылайык өнүгүпжаткан өлкөлөр болгон Тараптарга, жана өткөөл экономикалуу Тараптаргаалардын өтүнүчтөрү боюнча, алардын ушул Статья боюнча өз милдеттенмеле-рин аткарышына жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды карайт. 4. Ушул Конвенция боюнча баяндамаларды берүү жана маалымат алмашууулуттук мыйзамдардын жеке турмуштун жашырындыгын жана кол тийгистигинкамсыздоо жагындагы бөлүгүнө ылайык ишке ашырылат. Тараптар өз ара ма-кулдашуу боюнча өздөрү алмашуучу ар кандай маалыматтын жашырындыгынкамсыздашат. 22-статья. Илимий-техникалык жана юридикалык тармактарда кызматташуу жана тийиштүү тажрыйбаны үйрөтүү 1. Тараптар ушул Конвенциядан келип чыгуучу милдеттенмелерин атка-руу боюнча потенциалдарын чыњдоо максатында өздөрү түэдөн түз же компе-тенттүү эл аралык органдар аркылуу, өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тарап-тардын жана өткөөл экономикалуу Тараптардын муктаждыктарын эске алууменен кызматташат. Мындай кызматташуу тамекиге каршы күрөш тармагындагыулуттук стратегияларды, пландарды жана программаларды түзүү жана чыњдоомаксатында илимий-техникалык жана юридикалык тажрыйбаны жана технологи-яларды өз ара макулдашуу боюнча берүү максатын, атап айткандатөмөнкүдөй багыттарды көздөйт: а) тамекиге каршы күрөшкө байланыштуу технологияларды, билимдерди,маштыктарды, потенциалды жана тажрыйбаны иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнүжана алууну; Ь) Конвенцияны ишке ашырууга багытталган, тамекиге каршы күрөштармагындагы улуттук стратегияларды, пландарды жана программалардытүзүү жана чыњдоо үчүн илимий-техникалык, юридикалык жана башка тажрый-баны берүү, атап айтканда алар: i) тийиштүү өтүнүч боюнча бекем мыйзамдык негиз, ошондой эле тех-никалык программаларды, анын ичинде тамеки колдоно баштоонун алдыналуу, аны колдонууну токтотуу жана тамеки түтүнүнүн таасиринен коргообоюнча программаларды түзүүгө жардам көрсетүү; ii) тийиштүү учурларда тамеки секторунда иштеген адамдарга эконо-микалык жактан жетиштүү жашоого каражат табуунун экономикалык жана юри-дикалык жактан алгылыктуу альтернативдүү жолдорун иштеп чыгууга жардамкөрсөтүү; жана iii) тийиштүү учурларда тамеки өстүргөн адамдарга айыл чарбалыкөндүрүштү экономикалык жактан алгылыктуу жол менен альтернативдүүөсүмдүктөргө алмаштырууга жардам көрсөтүү; с) 12-статьяга ылайык тийиштүү персоналды даярдоонун же маалымдуу-лугун жогорулатуунун тийиштүү программаларын колдоо; d) тийиштүү учурларда керектүү материалдарды, жабдууларды берүүжана тамекиге каршы күрөш тармагындагы стратегияларды, пландарды жанапрограммаларды материалдык-техникалык колдоо; е) тамекиге каршы күрөштүн методдорун аныктоо, анын ичинде нико-тинге көз карандыкты ар тараптуу дарылоо; жана f) тийиштүү учурларда никотинге көз карандылыкты ар тараптуу дары-лоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн илимий изилдөөлөргө колдоокөрсөтүү. 2. Тараптардын Конференциясы 26-статьяга ылайык финансылык колдоокөрсөтүүдө илимий-техникалык жана юридикалык тажрыйбаны жана технологи-яны өткөрүп берүүгө жардам беришет. VIII бөлүк Уюштуруу чаралары жана финансылык ресурстар 23-статья. Тараптардын Конференциясы 1. Муну менен Тараптардын Конференциясы түзүлдү. Конференциянынбиринчи сессиясын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ушул Конвенция күчүнөкиргенден кийин бир жылдан кечиктирбестен чакырат. Конференция өзүнүнбиринчи сессиясында кезектеги кийинки сессияларды өткөрүүнүн ордун жанаубактысын белгилейт. 2. Тараптардын Конференциясынын кезексиз сессиялары Конференциякерек деп эсептеген башка убактарда, же ар кандай Тараптын жазуужузүндөгү талабы боюнча, ал талап жөнүндө билдирүү Конвенциянын Секре-тариатына берилгенден кийин алты айдын ичннде жок дегенде Тараптардынүчтөн бири колдогон шартта өткөрүлөт. 3. Тараптардын Конференциясы биринчи сессиясында өзүнүн Процедура-лар эрежесин консенсус менен кабыл алат. 4. Тараптардын Конференциясы ушул Конвенциянын ишке ашырылышын та-кай карайт жана аны ийгиликтүү ишке ашырууга жардамдашуу үчүн керектүүчечимдерди кабыл алат, жана 28, 29 жана 33-статьяларга ылайык протокол-дорду, Конвенцияга тиркемелерди жана оњдоолорду кабыл ала алат. Булмаксатта ал: а) 20 жана 21-статьяларга ылайык маалымат алмашууга көмөктөшөт жа-на жењилдетет; Ь) 20-статьяда каралгандарга кошумча ушул Конвенцияны ишке ашыруу-га тиешелүү илимий изилдөөлөрдүн жана маалыматтарды чогултуунун салыш-тырылуучу методологияларын түзүүгө көмөктөшөт жана алардын түзүлүшүнөжана мезгил-мезгили менен өркүндөтүлүшүнө багыт берет; с) тийиштүү учурларда, стратегияларды, пландарды жана программа-ларды, ошондой эле саясатты, мыйзамдарды жана башка чараларды иштеп чы-гууга жана жүзөгө ашырууга жана баалоого көмөк көрсөтөт; d) Тараптар ушул Конвенциянын 21-статьясына ылайык беришкен баян-дамаларды карайт, Конвенциянын ишке ашырылышы жөнүндө такай берилчү ба-яндамаларды бекитет; е) 26-статьяга ылайык ушул Конвенцияны ишке ашыруу үчүн керектүүфинансылык ресурстарды мобилизациялоого жардамдашат жана шарт түзөт; f) ушул Конвенциянын максаттарына жетүү үчүн керектүү көмөкчү ор-гандарды уюштурат; g) тийиштүү учурларда Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы уюм-дар жана органдар жана башка эл аралык жана региондук өкмөттөр аралыкуюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар жана органдар Конвенцияны ишке ашыруубоюнча ишти чыњдоого каражат катары кызматтарды көрсөтүшү жана кызмат-ташуусу, ошондой эле маалыматтарды бериши жөнүндө өтүнүч менен кайры-лат; жана h) тийиштүү учурларда ушул Конвенциянын максаттарына жетүү үчүнаны ишке ашыруу процессинде топтолгон тажрыйбанын негизинде башка иш-терди карайт. 6. Тараптардын Конференциясы байкоочулардын анын ишине катышуусу-нун критерийлерин белгилейт. 24-статья. Секретариат 1. Тараптардын Конференциясы туруктуу секретариатты дайындайт жанаанын иштешине шарттарды камсыздайт. Тараптардын Конференциясы мунуөзүнүн биринчи сессиясында аткарууга умтулат. 2. Турукту секретариат дайындалганга жана уюшулганга чейин секре-тариаттын функцияларын ушул Конвенцияга ылайык Дүйнөлүк саламаттык сак-тоо уюму камсыздайт. 3. Секретариаттын функциялары төмөнкүдөй: а) Тараптардын Конференциясынын жана башка ар кандай көмөкчү ор-гандардын сессияларын уюштуруу жана аларды керектүү кызмат көрсөтүүлөрменен камсыздоо; Ь) өзү ушул Конвенцияга ылайык алган баяндамаларды өткөрүп берүү; с) Тараптарга, айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жа-на өткөөл экономикалуу Тараптарга алардын өтүнүчтөрү боюнча ушул Кон-венциянын жоболоруна ылайык талап кылынган маалыматты чогултууга жанаберүүгө жардам көрсөтүү; d) Тараптардын Конференциясынын жеткчилиги менен Конвенцияга ыла-йык өзүнүн иши жөнүндө баяндамаларды даярдоо жана аны Тараптардын Кон-ференциясына берүү; е) Тараптардын Конференциясынын жетекчилиги астында компетенттүүэл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдар жана башка органдар ме-нен керектүү координацияны камсыздоо; f) өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектелиши мүмкүн болгон ад-министрациялык же контракттык макулдашууларды Тараптардын Конференция-сынын жетекчилиги менен түзүү; g) Конвенцияда жана анын протоколдорунун кайсынысында болбосункөрсөтүлгөн башка секретариаттык функцияларды, ошондой эле ТараптардынКонференциясы белгилеши мүмкүн болгон башка функцияларды аткаруу. 25-статья. Тараптардын Конференциясы менен өкмөттөр аралык уюмдардын ортосундагы мамиле Тараптардын Конференциясы ушул Конвенциянын максаттарына жетүүдөтехникалык жана финансылык кызматташууну камсыздоо үчүн компетенттүү эларалык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдарга, анын ичинде өнүктүрүүмаселелери боюнча иштеген финансылык уюмдарга жана мекемелерге өтүнүчменен кайрыла алат. 26-статья. Финансылык ресурстар 1. Тараптар ушул Конвенциянын максаттарына жетүүдө финансылык ре-сурстар ойноочу маанилүү ролду таанышат. 2. Ар бир Тарап ушул Конвенциянын максаттарына жетүүгө багытталганөзүнүн улуттук ишмердигине карата финансылык колдоону өзүнүн улуттукпландарына, приоритеттерине жана программаларына ылайык камсыздайт. 3. Тараптар тийиштүү учурларда эки тараптуу, региондук, субрегион-дук жана башка көп тараптуу каналдарды өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Та-раптардын жана өткөөл экономикалуу Тараптардын тамекиге каршы күрөштөгүкөп сектордуу ар тараптуу программаларын түзүүнү жана чыњдоону каржыло-ону камсыздоо үчүн пайдаланууга көмөк көрсөтүшөт. Ошого жараша, улуттукдењгээлде иштелип чыгуучу туруктуу өнүктүрүү стратегияларынын контекс-тинде тамеки өндүрүүнүн экономикалык жактан алгылыктуу альтернативала-рын, анын ичинде өсүмдүктөрдү диверсификациялоону да кароо жана колдоокерек. 4. Тийиштүү региондук жана эл аралык өкмөттөр аралык уюмдарга,ошондой эле финансылык мекемелерге жана өнүктүрүү маселелери боюнча иш-теген мекемелерге кирген Тараптар ал уюмдардын жана мекемелердин өнүгүпжаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жана өткөөл экономикалуу Тараптарга алуюмдарга катышуу укуктарын чектебестен ушул Конвенция боюнча милдеттен-мелерин аткаруусуна жардамдашуу максатында финансылык колдоокөрсөтүүсүн колдошот. 5. Тараптар төмөнкүлөргө макул болушту: а) Тараптарга ушул Конвенция боюнча милдеттенмелерин аткаруугажардам көрсөтүү үчүн бардык Тараптар үчүн, айрыкча өнүгүп жатканөлкөлөр жана өткөөл экономикалуу өлкөлөр үчүн бардык болгон потенциал-дуу жана учурдагы ресурстарын - финансылык, техникалык жана тамекигекаршы күрөштөгү иш-чаралар үчүн болуучу башка мамлекеттик дагы, жекедагы ресурстарын мобилизациялоо жана пайдалануу керек; Ь) Секретариат өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жана өткөөлэкономикалуу Тараптарга алардын өтүнүчтөрү боюнча алардын ушул Конвен-ция боюнча милдеттенмелерди аткаруусун жењилдетүү үчүн каржылоонун бу-лактары жөнүндө консультация берет; с) Тараптардын Конференциясы өзүнүн биринчи сессиясында Секретари-ат тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жана башка тийиштүү маалыматтардыннегизинде жардам көрсөтүүнүн потенциалдуу булактарына жана механизмде-рине сереп салат жана алардын ылайыктуулугун караштырат; d) бул сереп салуунун жыйынтыгы Тараптардын Конференциясында колдоболгон механизмдерди чыњдоо жана ыктыярдуу глобалдык фонд же өнүгүпжаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жана өткөөл экономикалуу Тараптаргаушул Конвенциянын максаттарына жетүүгө жардамдашуу үчүн зарыл учурдакошумча финансылык ресурстарды берүү максатында тийиштүү финансылык ме-ханизмдерди түзүү зарылдыгын аныктоодо эске алынат. IX бөлүк Талаштарды жайгаруу 27-статья. Талаштарды жайгаруу 1. Ушул Конвенцияны чечмелөө же колдонуу боюнча эки же андан көпТараптын ортосунда талаш чыккан учурда тийиштүү Тараптар талаштысүйлөшүүлөр же өз тандоолору боюнча башка тынч жолдор, анын ичинде акниет кызмат көрсөтүүлөр, ортомчулук же элдештирүү аркылуу дипломатиялыкканалдар боюнча жайгарууга умтулушат. 2. Ушул Конвенцияны ратификациялоодо, бекитүүдө же расмий жактыру-уда же кошулууда же андан кийин кайсыл убакта болбосун мамлекет же эко-номикалык интеграциянын региондук уюму ушул Статьянын 1-пунктуна ылайыкчечилиши мүмкүн болбогон талаш боюнча алар мажбурлоо чарасы иретинде,Тараптардын Конференциясы консенсустун негизинде кабыл алуучу атайынарбитраж жүргүзүүгө макул экендиги жөнүндө Депозитарийге жазуу жүзүндөбилдире алат. 3. Бул Статьянын жоболору, Тараптардын ортосундагы талашка каратакайсы протоколго болбосун, ал протоколдо башкача каралбаган шартта кол-донулат. X бөлүк Конвенциянын мындан аркы жазылышы 28-статья. Конвенцияга оњдоолорду киргизүү 1. Кайсы Тарап болбосун бул конвенцияга оњдоолорду киргизүүнү су-нуштай алат. Андай оњдоолор Тараптардын Конференциясында каралат. 2. Конвенцияга оњдоолорду Тараптардын Конференциясы кабыл алат.Конвенцияга киргизүү сунуш кылынган ар кандай оњдоонун текстин Секрета-риат Тараптарга аны кабыл алуу сунушталган сессиядан кеминде алты аймурда жиберет, Секретариат ошондой эле сунушталган оњдоолордун текстинКонвенцияга кол койгон Тараптарга, ал эми маалымат үчүн - Депозитарийгежиберет. 3. Тараптар ушул Конвенцияга киргизүү сунушталган кайсы оњдоо бол-босун консенсустун негизинде макулдукка жетишүү үчүн бардык аракетинжумшашат. Эгер консенсуска жетишүү боюнча бардык аракеттер жумшалганданкийин да макулдукка жетишилбесе, анда акыркы чара катары, оњдоо заседа-ниеге катышкан Тараптардын добушунун басымдуулук кылган төрттөн үчбөлүгү менен кабыл алынат. Бул Статьянын максаттары үчүн заседаниегекатышкан жана добуш берүүгө катышкан Тараптар деп заседаниеге катышыпотурган жана "макул" же "каршы" деп добуш берген Тараптар эсептелет.Кабыл алынган кайсыл оњдоо болбосун Секретариат тарабынан Депозитарийгежиберилет, ал аны бардык Тараптарга кабыл алуу үчүн таратат. 4. Оњдоонун кабыл алынганы жөнүндө документтер Депозитарийге сак-тоого жиберилет. Ушул Статьянын 3-пунктуна ылайык кабыл алынган оњдооаны кабыл алган Тараптар үчүн - Депозитарий аны ушул Конвенциянын Та-раптарынын жок дегенде үчтөн экиси кабыл алганы жөнүндө документти ал-гандан кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет. 5. Башка бардык Тараптар үчүн оњдоо ал Тарап жогоруда аталганоњдоону кабыл алганы жөнүндө өзүнүн документин Депозитарийге сактоогожибергенден кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет. 29-статья. Конвенцияга тиркемелерди кабыл алуу жана аларга оњдоолорду киргизүү 1. Бул Конвенцияга тиркемелер жана аларга оњдоолор 28-статьядабелгиленген процедура боюнча сунушталат, кабыл алынат жана күчүнө ки-рет. 2. Бул Конвенциянын тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болушат жанаэгер башкача каралбаса, Конвенцияга жасалган шилтеме ошол эле учурдаанын бардык тиремелерине да шилтеме болуп эсептелет. 3. Тиркемелер процедуралык, илимий, техникалык же администрациялыкмаселелерге тиешелүү тизмелер, формалар жана башка ар кандай баяндоочуматериалдар менен чектелишет. XI бөлүк Корутунду жоболор 30-статья. Кошумча эскертүүчү маалыматтар Бул Конвенцияга карата эч кандай кошумча эскертүүчү маалыматтардыжазууга жол берилбейт. 31-статья. Чыгуу 1. Бул Конвенция кайсы бир Тарап үчүн күчүнө кирген күндөн тартыпэки жыл өткөндөн кийин ал Тарап Депозитарийге жазуу жүзүндө билдирүүжиберүү менен Конвенциядан чыга алат. 2. Мындай ар кандай чыгуулар Депозитарий чыгуу жөнүндө билдирүүнүалган күндөн баштап бир жыл өткөндөн кийин же билдирүүдө чыгаарыжөнүндө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон кийинчерээк датада күчүнө кирет. 3. Бул Конвенциядан чыгуучу ар кандай Тарап ошондой эле өзү каты-шуучу болгон бардык протоколдордон да чыкты деп эсептелет. 32-статья. Добуш берүү укугу 1. Бул Конвенциянын бардык Тараптары ушул Статьянын 2-пунктундакөрсөтүлгөндөн башка учурларда бир добушка ээ. 2. Экономикалык интеграциянын региондук уюмдары алардын компетен-циясына кирген маселелерде ушул Конвенциянын Тараптары болгон мүчө мам-лекеттердин санына барабар добуштардын санына ээ болуу менен, өздөрүнүндобуш берүү укуктарын пайдаланышат. 33-статья. Протоколдор 1. Ар бир Тарап протоколдорду сунуш кыла алат. Андай сунуштардыТараптардын Конференциясы карайт. 2. Тараптардын Конференциясы Конвенцияга карата протоколдорду ка-был ала алат. Андай протоколдорду кабыл алууда консенсуска жетишүү үчүнбардык аракеттер көрүлөт, эгер бардык аракеттер көрүлгөндөн кийин ма-кулдукка жетишилбесе, анда акыркы чара катары, протокол заседаниеге ка-тышкан Тараптардын добушунун басымдуулук кылган төрттөн үч бөлүгү мененкабыл алынат. Бул Статьянын максаттары үчүн заседаниеге катышкан жанадобуш берүүгө катышкан Тараптар деп заседаниеге катышып отурган жана"макул" же "каршы" деп добуш берген Тараптар эсептелет. 3. Сунушталган ар кандай протоколдун текстин Секретариат Тараптар-га аны кабыл алуу сунушталган сессияга чейин алты ай мурда жиберет. 4. Ушул Конвенциянын Тараптары гана протоколдун Тараптары болоалышат. 5. Бул Конвенцияга карата ар кандай протокол тийиштүү протоколдунтараптары үчүн гана милдеттүү болот. Кайсы бир протоколго гана тиешелүүмаселелер боюнча чечимди ошол протоколдун катышуучулары гана кабыл алы-шат. 6. Ар кандай протоколдун күчүнө кирүү шарттары ошол протоколдобелгиленет. 34-статья. Кол коюу Бул Конвенция Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө бардык мамле-кеттер жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө эмес, бирок БириккенУлуттар Уюмуна мүчө болгон мамлекеттер үчүн, жана экономикалык интегра-циянын региондук уюмдары үчүн Женевада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму-нун штаб-квартирасында 2003-жылдын 16-июнунан 22-июнуна чейин, ал эмиандан ары Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында2004-жылдын 30-июнунан 29-июлуна чейин кол коюуга ачык. 35-статья. Ратификация, кабыл алуу, бекитүү, расмий жактыруу же кошулуу 1. Бул Конвенцияны мамлекеттер ратификациялоого, кабыл алууга, бе-китүүгө же кошулууга, ошондой эле региондук экономикалык интеграцияуюмдары расмий жактырууга же кошулууга тийиш. Ал Конвенция кол коюуүчүн жабылган күндөн кийинки күндөн баштап кошулуу үчүн ачылат. Ратифи-кация, кабыл алуу, бекитүү, расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө доку-менттер Депозитарийге сактоого жиберилет. 2. Ушул Конвенцияга Тарап болгон ар кандай региондук экономикалыкинтеграция уюмдары алардын мүчө мамлекеттеринин бири да Тарап болбогонучурларда Конвенция боюнча бардык милдеттенмелерди алышат. Андай уюм-дардагы бир же андан көп мүчө мамлекет Конвенцияга Тарап болсо, ал уюмжана ага мүчө мамлекеттер алардын Конвенция боюнча тийиштүү милдеттен-мелери жөнүндө чечим кабыл алышат. Мындай учурларда уюм жана ага мүчөмамлекеттер Конвенциядан келип чыгуучу укуктарды параллель ишке ашыраалышпайт. 3. Региондук экономикалык интеграция уюмдары өздөрүнүн расмий жак-тыруу же кошулуу жөнүндө документтеринде ушул Конвенция менен жөнгө са-лынуучу маселелердеги өздөрүнүн компетенцияларынын чектери жөнүндө бил-диришет. Ал уюмдар ошондой эле Депозитарийге билдиришет, ал болсо өзкезегинде Тараптарга алардын компетенцияларындагы орчундуу өзгөрүүлөржөнүндө маалымдайт. 36-статья. Күчүнө кириши 1. Бул Конвенция ратификация, кабыл алуу, бекитүү, расмий жактырууже кошулуу жөнүндө кыркынчы документ Депозитарийге сактоого тапшырыл-гандан кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет. 2. Бул Конвенцияны ратификациялаган, кабыл алган, бекиткен, расмийжактырган же кошулган ар бир мамлекет үчүн Конвенция ушул Статьянын1-пунктунда айтылган шарттарды аткарган соњ ал ратификация, кабыл алуу,бекитүү, расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө документтерди сактоого бер-генден кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет. 3. Ушул Статьянын 1-пунктундагы күчүнө кирүү жөнүндө айтылганшарттарды аткарган соњ расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө документтисактоого берип жаткан ар бир региондук экономикалык интеграция уюмуүчүн Конвенция ал расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө документти сактоо-го бергенден кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет. 4. Бул Конвенциянын максаттары үчүн, региондук экономикалык интег-рация уюму сактоого тапшырган ар кандай документ ал уюмга мүчө мамле-кеттер тапшырган документтерге кошумча болуп эсептелбейт. 37-статья. Депозитарий Бул Конвенциянын, ошондой эле 28, 29 жана 33-статьяларга ылайыккабыл алынган анын протоколдорунун жана тиркемелеринин Депозитарийи Би-риккен Улуттар Уюмунун Башкы секретары болот. 38-статья. Бирдей күчтөгү тексттер Бул Конвенциянын англис, араб, испан, кытай, орус жана французтилдериндеги тексттеринин бирдей маанидеги түп нускалары Бириккен Улут-тар Уюмунун Башкы секретарына сактоого берилет. Ушуну күбөлөндүрүү үчүн кол коюуга тийиштүү түрдө ыйгарым укук бе-рилгендер төмөндө ушул Конвенцияга кол коюшту. Эки мињ үчүнчү жылдын жыйырма биринчи майында Женевада түзүлдү. Эскертүү: (1) Тийиштүү учурларда "улуттук" деген аныктама экономикалык ин-теграциянын региондук уюмдарына да тиешелүү болот.