КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы № 171 Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2003-жылдын 23-октябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик маанидеги продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону жүргүзүүдө өз ара аракеттешүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Россия Федерациясынын Өкмөтү, 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Фе-дерациясынын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуужөнүндө Келишимди, 1999-жылдын 25-августундагы Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-тех-никалык кызматташуу жөнүндө Макулдашууну жетекчиликке алып, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ыњгайлуу шарттардыкамсыз кылууга умтулуп, аскердик маанидеги продукцияны, жумуштарды жана кызматкөрсөтүүлөрдү үчүнчү өлкөлөргө жеткирүүдө Тараптардын мамлекеттерининсаясий, аскердик-техникалык жана экономикалык таламдарын коргоону кам-сыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашууда колдонулган түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет: "аскердик маанидеги продукция" - курал, аскердик техника, аскердикжарактар, запастык бөлүктөр, комплектөөчү буюмдар, жардам берүүчү, тыл-дык жана башка аскердик-техникалык мүлк, аскердик маанидеги продукция-нын айланышын регламенттөөчү техникалык документаиия (нормативдик-тех-никалык, конструктордук, технологиялык, эксплуатациялык жана программа-лык), куралды жана аскердик техниканы ижарага алуу жана алардын финан-сылык лизингин өткөрүү, аскердик маанидеги продукцияны иштеп чыгууну,өндүрүүнү, жањылоону, оњдоону, пайдаланууну жана жок кылууну (утилиза-циялоону) уюштурууда илимий жана техникалык көмөк көрсөтүү; "Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары" - Тараптардын мамлекетте-ринин мыйзамдарына ылайык карамагында аскердик-техникалык кызматташтык-ты мамлекеттик жөнгө салуу маселелери болгон мамлекеттик башкаруу ор-гандары; "аскердик-техникалык кызматташтыктын субъектиси" - Тараптардынмамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык аскердик маанидеги продукцияга ка-рата тышкы соода иш-аракеттерин жүргүзүү укугу берилген уюмдар, ишкана-лар жана бирикмелер; "үчүнчү өлкөлөр" - бул Макулдашуунун катышуучулары эмес мамлекет-тер; "аскердик маанидеги продукцияны экспорттоо" - Тараптардын мамле-кеттеринин аскердик-техникалык кызматташтык субъектилери өндүргөн ас-кердик маанидеги продукцияны алып чыгаруу (сатуу, өткөрүп берүү); "интеллектуалдык менчик" - 1979-жылдын 28-сентябрындагы өзгөртүү-лөрү менен 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдо кол коюлган Бүткүл дүйнө-лүк интеллектуалдык менчик уюмун негиздөөчү Конвенциянын 2-статьясындакөрсөтүлгөн мааниде каралат; 2-статья. Тараптар Тараптардын биринин мамлекети экинчи Тараптын мамлекети-нен сатып алган же өткөрүп алган аскердик маанидеги продукцияны, бирге-лешип өндүрүлгөн (иштелип чыгарылган) же жањыланган аскердик маанидегипродукцияны, ошондой эле Тараптардын өэ ара макулдугу боюнча - Тарап-тардын мамлекеттеринде болгон бир типтүү аскердик маанидеги продукцияныүчүнчү өлкөлөргө экспорттоо тармагында өэ ара аракеттешүүнү жүргүзүшөт. Аталган продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону жүргүзүүдөгү өзара аракеттешүү тартиби Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынананыкталат. Бул Макулдашуунун аракети өз ара жеткирилиши 1994-жылдын 18-янва-рындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосундагы Өнөр жайдын коргонуу тармагынын ишканаларынынөндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперациясы жөнүндө Макулдашуугаылайык жүргүзүлгөн аскердик маанидеги продукцияга таркатылбайт. 3-статья. Ушул Макулдашууну аткарууну уюштуруу боюнча Тараптардын ыйгарымукуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Кыргыз Республикасы тарабынан - Кыргыз Республикасынын Тышкы со-ода жана өнөр жай министрлиги; Россия Федерациясы тарабынан - Россия Федерациясынын Чет элдикмамлекеттер менен аскердик-техникалык кыэматташтыкты жүргүзүү боюнчакомитети. 4-статья. Аскердик маанидеги продукция экспортко Тараптардын ыйгарым укуктууоргандары жана бул продукцияны иштеп чыгарган Тараптын (Тараптардын)мамлекетинин (мамлекеттеринин) башкы иштеп чыгаруучулары болуп эсептел-ген уюмдары тарабынан аныкталган экспорттук аткарууда чыгарылат. 5-статья. Аскердик маанидеги продукцияны үчүнчү өлкөлөргө жеткирүү Тараптар-дын ыйгарым укуктуу органдары аныктаган, Тараптардын биринин мамлекети-нин аскердик-техникалык кызматташтык субъектиси тарабынан жүргүзүлөт. 6-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын мамлекеттерининаскердик-техникалык кызматташтык субъектилери аркылуу айрым макулдаш-тыктардын негизинде үчүнчү өлкөлөрдүн куралдануу рынокторунда макулда-шылган маалымат-маркетингдик иш-аракеттерин жүргүзүшөт. Аскердик маанидеги продукцияны экспорттоону жүргүзүүдөгү өз арааракеттешүүдө Тараптардын мамлекеттеринин аскердик-техникалык кызмат-таштык субъектилери өз Тараптарынын ыйгарым укуктуу органдарынын урук-саты менен экспорттоонун шарттарын жана ал үчүн эсептөөнү жүргүзүүнүнтартибин аныктоочу тийиштүү келишим документтерине кол коюшат. 8-статья. Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган, Тарап-тардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жанаРоссия Федерациясынын мамлекеттик жашыруун сырын түзгөн маалыматтардыкоргоону камсыздашат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырын жана Россия Фе-дерациясынын мамлекеттик жашыруун сырын түзүүчү маалыматтарды өз араөткөрүп берүү жана коргоо тартиби айрым макулдашуу менен аныкталат. 9-статья. Бул Макулдашуу мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык аскердик маани-деги продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо боюнча Тараптардын милдет-тенмелерине таасирин тийгизбейт. 10-статья. Тараптардын ар бири Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын жанааскердик-техникалык кызматташтыктын субъектилеринин ушул Макулдашуугаылайык жетишилген макулдаштыктарды сактоосу үчүн зарыл болгон тийиштүүуюштуруу, укуктук жана башка шарттардын түзүлүшүн камсыздайт. 11-статья. Тараптар ушул Макулдашуунун аракетине туш келген аскердик мааниде-ги продукция интеллектуалдык иш-аракеттин жыйынтыгына ээ болорун жанамындай продукцияны өткөрүп берген жана/же аны түзүүдө катышкан Тараптынмамлекетинин интеллектуалдык менчигинин объектиси болуп эсептелерин та-анышат. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында өткөрүлүп берилген жетүзүлгөн интеллектуалдык менчикти жана аны ишке ашыруу боюнча кийинкикелишимдиктерди коргоону камсыздашат жана Тараптардын мамлекеттерининмыйзамдарына ылайык, ошондой эле алар катышуучулары болуп эсептелген эларалык келишимдерге ылайык аны санкциясыз пайдаланууну болтурбоо боюнчачараларды көрүшөт. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө өткөрүлүп бсрилген жа-на/же алынган аскердик маанидеги продукциянын курамына кирген интеллек-туалдык менчиктин объектилерин пайдалануунун жана укуктук коргоонунтартиби, ошондой эле ал объектилерге Тараптардын укуктарын бөлүштүрүүайрым макулдашуунун предмети болуп эсептелет. 12-статья. Тараптар импорттолуучу аскердик маанидеги продукция билдирилгенмаксаттарда гана пайдаланыла тургандыгы жөнүндө үчүнчү өлкөнүн милдет-тенмесин алган шартта аскердик маанидеги продукцияны экспорттоону ишкеашырышат. Тараптар үчүнчү өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу уюмдары менен аларгааскердик маанидеги продукцияны жеткирүү жөнүндө контракттарда үчүнчүөлкөнүн ыйгарым укуктуу уюмунун аскердик маанидеги продукцияны башкамамлекеттердин юридикалык жактарына жана жеке адамдарына сатпоо,өткөрүп бербөө, ошондой эле түзүлгөн контракттарда камтылган маалымат-тардын жашыруундуулугун сактоо боюнча милдеттенмеси белгилениши керекэкендигине макул болушту. 13-статья. Бул Макулдашууну талкуулоодо же аткарууда Тараптар ортосунда келипчыгышы мүмкүн болгон пикир келишпестиктерди жана талаш маселелерди Та-раптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салышат. 14-статья. Бул Макулдашуу Тараптардын өэ ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү жстолукталышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунунажырагыс бөлүгү болгон тийиштүү протоколдор менен таризделет. 15-статья. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, кол коюлган учурдантартып убактылуу колдонулат жана Тараптардын анын күчүнө кириши үчүнзарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу акыр-кы жазуу түрүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири дагы кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин ал-ты айдан кем эмес убакта башка Тарапка ушул Макулдашуунун аракетин ток-тотууга болгон өзүнүн ниети тууралуу жазуу түрүндө билдирбесе, булмөөнөт аяктагандан кийин Макулдашуу өзүнөн-өзү кийинки беш жылдыкмөөнөткө узартыла берет. Тараптар башка макулдаштыктарга жетишкен учурларды эске албаганда,бул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу ушул Макулдашууга ылайык Та-раптардын мамлекеттеринин аскердик-техникалык кызматташтык субъектилеритүзгөн контракттардын аткарылышына таасирин тийгизбейт. Бишкек шаарында 2003-жылдын 23-октябрында эки түп нускада, ар бирикыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн