Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры № 175 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2003-жылдын 25-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин укуктук статусу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2003-жылдын 25-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Көз каранды-сыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын кызмат адамдарынын жанакызматкерлеринин укуктук статусу жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болупэсептелген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу коми-тетине ратификациялык грамотаны депонирлесин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев