Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын19-июлундагы №119
Мыйзамы менен ратификацияланган Санкт-Петербург шаары2006-жылдын 25 январы Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жӨнүндӨ 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге Өзбекстан Республикасыньш кошулушу жӨнүндӨ Протокол Мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталуучу Евразиялык экономикалыккоомдоштуктун (мындан ары - ЕврАзЭС) мүчӨ-мамлекеттери болуп саналганБеларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, РоссияФедерациясы жана Тажикстан Республикасы бир тараптан жана ӨзбекстанРеспубликасы экинчи тараптан, Өзбекстан Республикасынын ЕврАзЭСтин мүчӨлүгүнӨ кирүү жӨнүндӨкайрылуусун эске алып, Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жӨнүндӨ 2000-жылдын 10-октябрындагы
келишимдин 9-статьясын жетекчиликке алып,тӨмӨнкүлӨр жӨнүндӨ макулдашты: 1-статья Бул Протокол аркылуу Өзбекстан Республикасы Евразиялык экономикалыккоомдоштукту түзүү жӨнүндӨ 2000-жылдын 10-октябрындагы
келишимге кошулатжана андан келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди ӨзүнӨ толугу мененалат. 2-статья Бул Протокол кол коюлган күндӨн баштап убактылуу колдонулат,Макулдашуучу Тараптар тарабынан ратификацияланууга тийиш жана депозитарийболуп саналган ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетине бул Протоколдун күчүнӨкириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгыжӨнүндӨ акыркы жазуу жүзүндӨгү билдирүү ӨткӨрүлгӨн күндӨн тартып күчүнӨкирет.3-статья Бул Протокол БУУнун Уставынын 102-статьясына ылайык Бириккен УлуттарУюмунун Секретариатында катталууга тийиш. Санкт-Петербург шаарында 2006-жылдын 25-январында беларусь, казак,кыргыз, орус, тажик жана Өзбек тилдериндеги бир нускада түзүлдү, мындабардык тексттер бирдей күчкӨ ээ. Ушул Протоколдун тексти боюнча пикиркелишпестиктер келип чыккан учурда Макулдашуучу Тараптар орус тилиндегитекстти колдонушат. Бул Протоколдун түп нускасы ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетиндесакталат, ал Макулдашуучу Тараптарга Протоколдун күбӨлӨндүрүлгӨнкӨчүрмӨсүн жиберет. Беларусь Республикасы үчүн Казакстан Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн Өзбекстан Республикасы үчүн Таджикистан Республикасы үчүн