Кыргыз Республикасынын 2006 жылдын 31 июлундагы №137
Мыйзамы менен ратификацияланган Шанхай шаары2001-жылдын 15-июнунда Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекити жјніндј Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Јзбекстан Республикасынын ортосунда макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Казакстан Республикасы, Кыргыз Рес-публикасы жана Өзбекстан Республикасы, Өз ара урматташуу, эгемендүү тендик жана аймактык бүтүндүк прин-циптерин жетекчиликке алып, үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекитинин ордун аныктоо максатында, тӨмӨнкүлӨр жӨнүндӨ макулдашышты: 1-статья Мындан ары үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекити деп аталуучу Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекити Талас Ала-Тоосунун суу бӨлгүч кыркасында, анын Майдантал кырка тоосу менен жалгашкан жеринде, Чатангат триангуляциялык пункту орун алган 4131.1 белгиси бар бийиктикте жайгашкан. Бул үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекити Казакстан Республикасынын аймагындагы 3789.7 белгиси бар бийиктиктен түндүк-чыгышты карай болжол менен 3.99 километр, Кыргыз Республикасынын аймагындагы 4054.0 белгиси бар бийиктиктен түштүктү карай болжол менен 2.61 километр жана Өзбекстан Республикасынын аймагындагы 2850.5 белгиси бар бийиктиктен түндүк-түндүк-батышты карай болжол менен 4.63 километр аралыкта жайгашкан. үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекити тӨмӨн-күдӨй координаттарга ээ: Геодезиялык - В = 42°15"48".6 түндүк кењдиги, L = 70°56"42".0 чыгыш узактыгы; Тик бурчтуу - X = 4 682 820.0, ү - 12 660 484.5. үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекитинин жайгашкан орду ушул Макулдашууга тиркелүүчү жана анын ажырагыс бӨлүгүн түзүүчү масштабы 1:50000 болгон биргелешип түзүлгӨн картада кызыл тегерекче менен кӨрсӨтүлгӨн. Ушул статьяда кӨрсүтүлгӨн аралыктар жана бийиктик белгилери, ошондой эле үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекитинин геоде-зиялык жана тик бурчтуу координаттары тиркелген картадан аныкталган. Координаттар жана бийиктик белгилери 1942-жылдагы координат система-сында жана Балтика бийиктиктер системасында келтирилген. 2-статья үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын тогошуу чекитинен тартып мамлекеттик чек ара сызыгы чектешкен мамлекеттердин ортосундагымамлекеттик чек ара жӨнүндӨ тиешелүү келишимдерде аныкталгандай ӨтӨт. 3-статья Бул Макулдашуу күчүнӨ кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички про-цедуралар аткарьщып бүткӨндүгү жӨнүндӨ Тараптар жазуу жүзүндӨ акыркы билдирүү жиберген күндӨн баштап күчүнӨ кирет. 2001-жылдын «15» июнь Шанхай шаарында ар бири казак, кыргыз, Өзбек жана орус тилдеринде болгон үч нускада аткарылды. Топографиялык карта орус тилинде ар бир мамлекет үчүн үч аль-тернатта даярдалды. Бул Макулдашууну түшүнүдӨӨ пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Казакстан Кыргыз Өзбекстан Республикасы Республикасы Республикасы ічін ічін ічін