Астана шаары2006-жылдын 4-июлу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жанасоциалдык жактан коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Эм-гек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагытүбөлүк достук жөнүндө 1997-жылдын 8-апрелиндеги Келишимди жетекчиликкеалышып, социалдык-эмгек тармагында Тараптардын ортосундагы достук мамиле-лерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүдө өз ара кызыкчылык бар экендигинэске алышып, эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо тармагындагы эки тарап-туу байланыштарды чыњдоого багытталган биргелешкен умтулууну өз араколдоону каалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар эмгек, калкты пенсиялык, социалдык жактан камсыз кылуу,социалдык камсыздандырууну жүргүзүү жана социалдык жактан коргоо тарма-гындагы кызматташууну Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынаылайык өнүктүрүшөт жана кењейтишет. 2-статья. Тараптардын ортосундагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттерининулуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат: - эмгек, калкты пенсиялык, социалдык жактан камсыз кылуу, социал-дык камсыздандырууну жүргүзүү жана социалдык жактан коргоону мыйзам та-рабынан жөнгө салуу; - социалдык-эмгек мамилелери, эмгекти тескөө, эмгектин коопсузду-гун жана тазалыгын камсыз кылуу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү жолдорунтабуу; - биргелешкен кызматташуунун жумушчу программаларынын алкагындагыиш-чараларга катышуу. 3-статья. Тараптар кызматташууну Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарына ылайык төмөнкү формаларда ишке ашырышат: - социалдык-эмгек мамилелерине байланышкан маселелер боюнча маалы-мат-аналитикалык материалдарды алмашуу; - алдыњкы тажрыйбалар менен алмашуу; - Тараптардын эксперттеринин ортосундагы кењешүүлөрдү өткөрүү; - Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлгөн конференция-ларга, семинарларга жана башка эл аралык иш-чараларга Тараптардын экс-перттеринин катышуусун камсыз кылуу; - квалификацияны жогорулатуу жана социалдык-эмгек тармагындагы иштажрыйбасын алмашуу максатында Тараптардын адистеринин стажировкаларынжана окуучулук барып-келүүлөрүн уюштуруу. 4-статья. Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар иш жүзүндөгүиш-чараларды жана программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү ниеттеринбилдирүүдө. 5-статья. Бул Макулдашууну ишке ашырууну финансылык жактан камсыз кылуу Та-раптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 6-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган атайын протоколдор менен таризделет. 7-статья. Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, белги-сиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушул Макулдашуунун колдонулушунтоктотуу жөнүндөгү ниетин билдирген жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчиТарап алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин колдонулат. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча та-лаш-тартыштар пайда болгон учурда Тараптар аларды кењешүү жана сүйлөшүүжолу менен чечишет. Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болуп саналганбашка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктары менен мил-деттенмелерине таасирин тийгизбейт. Астана шаарында 2006-жылдын 7-июлунда эки түп нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкканучурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги жактан коргоо министрлиги үчүн үчүн