Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги №47
Мыйзамы менен ратификацияланган Астана шаары2006-жылдын 4-июлу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү тармагындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү, эл аралык нормаларга таянып, эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарын эскеалып, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты терењдетүүгө умтулуп, Тараптардын ортосунда түзүлгөн позитивдүү билим берүү байланышта-рын жана билим берүү тармагындагы тењдеш кызматташууга болгон өз аракызыкчылыкты эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар төмөнкү тармактардагы кызматташууну жүргүзүшөт: - билим берүү системасы жана билим берүү тармагында жүргүзүлүпжаткан реформалар жөнүндө маалымат алмашуу; - окутуучу, окутуу-методикалык, аудио жана видео материалдар мененалмашуу; - билим алуучулар, педагогикалык жана илимий-педагогикалык кызмат-керлер менен алмашуу; - билим берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды алма-шуу; - билим берүүчү уюмдардын аттестациясын жана аккредитациясынөткөрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуугакөмөк көрсөтүү; - Тараптардын мамлекеттеринин билим берүүчү уюмдарынын ортосундагыбардык дењгээлдеги кызматташууну кењейтүүгө жана терењдетүүгөкөмөктөшүү. 2-статья. Тараптар адистерди, илимий-педагогикалык кадрларды өз ара алмашуу,аларды даярдоо, кайрадан даярдоо жана тажрыйбасын жогорулатуу, Тарап-тардын мамлекеттеринин кызыкдар уюмдарынын ортосундагы түздөн-түз кели-шимдерди түзүп, алардын ичинде мындай уюмдардын укуктарын, милдеттеринжана жоопкерчиликтерин аныктоону жүргүзүүнүн негизинде ишке ашырылатурган биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүү тарма-гындагы кызматташууну өркүндөтөт. 3-статья. Тараптар жыл сайын эквиваленттүү негизде бакалавриат жана магист-ратура программалары боюнча билим алуучуларды өз ара алмашууну ишкеашырышат. Тараптардын мамлекеттеринин ар биринде эквиваленттүү негизде билималгандардын жыл сайынкы жалпы саны 5 кишиден ашпайт. Билим алгандардын бул категориясы боюнча окутуу мөөнөтүн кабылалуучу Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аныктайт. 4-статья. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин жарандарына орто билим алуугабирдей укуктарды жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана эне тилинүйрөнүүгө шарттарды түзөт. 5-статья. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун финансылык шарттарын Тараптартөмөнкүдөй жол менен аныктайт: - бул Макулдашууда каралган алмашуу программасы боюнча жөнөтүлгөнадамдардын жол кире чыгымдары окууга бара жаткан адамдын жеке каражат-тарынын же аны жөнөтүп жаткан уюмдун эсебинен жүргүзүлөт; - кабыл алуучу Тарап билим алгандарды окугандыгы, китепканаларды(окутуу пособиелерин, илимий-техникалык документацияны, изилдөө шайман-дарын) пайдалангандыгы үчүн акча төлөөдөн бошотот, ошондой эле улуттукмыйзамдарга ылайык стипендия жана жатакана бөлүп берет; - кабыл алуучу Тарап алмашуунун катышуучуларын саламаттыкты сактоотармагында колдонулуп жаткан улуттук мыйзамдардын алкагында медициналыктейлөө менен камсыз кылат, ал эми жөнөтүүчү Тарап аларда бөөдө кырсык-тардан камсыздандыруу полисинин бар болушун камсыздайт; - Тараптар алардын мамлекеттеринин аймактарында билим алгандардынүй-бүлө мүчөлөрүнүн болушуна байланышкан чыгымдарды тартышпайт, ошондойэле үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жана иштөөсүн камсыз кылышпайт. Бакалаврлар жана магистранттар менен алмашуунун шарттары өзүнчөпротоколдордо такталат. 6-статья. Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралыккелишимдерден келип чыккан алардын укуктары менен милдеттенмелерине та-асирин тийгизбейт. 7-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет. 8-статья. Бул Макулдашууда каралган иш-чараларды ишке ашыруу Тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 9-статья. Бул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча келип чыккан Тарап-тардын ортосундагы талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы кењешүүлөрдүжана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет. 10-статья. Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн зарылболгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуужүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушулМакулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген тиешелүүжазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты айөткөнгө чейин колдонулат. Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки нускада, ар бири кыргыз,казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкөээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкканучурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн