Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры № 177 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2003 — жылдын 28 — апрелинде Дүйшөмбу шаарында кол коюлган жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө — мамлекеттердин темиржолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005 — жылдын 10 —ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2003 —жылдын 28 —апрелинде Дүйшөмбу шаарында кол коюлганжамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө — мамлекеттердинтемиржолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүүжөнүндөгү Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталганМакулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол—жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралужамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун катчылыгына кат жүзүндөбилдирүү жөнөтсүн. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев