Редакцияот 12.12.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                     2006-жылдын 12-декабрындагы №846                                         токтому менен бекитилген Крыница шаары2006-жылдын 7 сентябры                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү          менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы                   экономикалык кызматташуу жөнүндө                              Макулдашуу                                      Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү   жана    Польша    РеспубликасынынӨкмөтү, мындан ары «Макулдашуучу Тараптар» деп аталуучу,   1998-жылдын  19-ноябрында  Варшава  шаарында  кол  коюлган   ПольшаРеспубликасынын   жана   Кыргыз   Республикасынын   ортосунда   достукмамилелерди  жана  өз  ара пайдалуу кызматташтыкты  өнүктүрүү  жөнүндөДекларациянын жоболорун жетекчиликке алып,   келишим   түзүүчү  тараптардын  мамлекеттери  катышкан  эл   аралыккелишимдердин экономикалык кызматташтык жагындагы жоболорун эске алып,   Польша Республикасынын Европалык Союзга мүчөлүгүн эске алып,   Кыргыз   Республикасы  менен  Польша  Республикасынын   ортосундагыэкономикалык   мамилелерди  мындан  аркы   бекемдөө   жана   өнүктүрүүмаксатында   төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:                                  1-статья   1.   Макулдашуучу  Тараптар  тараптардын  мамлекеттеринин   улуттукмыйзамдарына   ылайык  өз  ара  пайдалуу  экономикалык  кызматташтыктыөнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.   2.   Ушул   Макулдашуунун   чегинде  ишке   ашырылчу   кызматташтыктөмөнкүлөргө багытталат:   1)  экономикалык  потенциалды эки тараптуу экономикалык мамилелердибекемдөө үчүн пайдаланууга,   2)   эки   тараптуу   экономикалык  мамилелерди,  тактап   айткандаэкономикалык  иш чараларды инвестициялоо, инновациялоо  жана  каржылоочөйрөсүндө ургалдаштырууга.                                  2-статья   1-статьяда  айтылган  кызматташтык  төмөнкүдөй  жолдор  менен  ишкеашат:   1)  Макулдашуучу  Тараптардын мамлекеттеринин чарба субьектилерининортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү,   2)  Макулдашуучу Тараптардын бир мамлекетинин чарба  субьекттерининмакулдашуучу  тараптардын  башка мамлекетинин  аймагында  объектилердидолбоорлошу,  куруушу,  реконструкциялашы, ошондой  эле  технологиялыкмодернизациялашы же Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймагындаже үчүнчү мамлекеттердин аймагында биргелешип катышышы,   3)   экономикалык   иш  чараларды  каржылоо,  камсыздандыруу   жанакепилдиктерди берүү менен байланышкан механизмдерди киргизүү,   4)   сертификациялоо  жана  стандартизациялоо  жагында  бири-биринежардам берүү,   5)  келишим  түзүүчү  тараптардын  чарба  субьектерди  бириктирүүчүуюмдарынын ортосундагы байланыштарга көмөк көрсөтүү,   6)  Макулдашуучу  Тараптардын мамлекеттеринин, ошондой  эле  үчүнчүмамлекеттердин  аймагында консалтинг, укук, банктык  жана  техникалык,анын  ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчүкызматтарды өнүктүрүү,   7)   жармањкелерди,  көргөзмөлөрдү,  семинарларды   уюштуруу   жанаөткөрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү,   8)  Макулдашуучу Тараптардын- мамлекеттеринин экономикасын туруктууөнүктүрчү    тажрыбайларды,   анын   ичинде    экономика    тармагындаделегацияларды жана эксперттерди алмашуу,   9) туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү.                                                                  3-статья   1.  Макулдашуучу  Тараптардын  компетентүү  органдары  экономикалыкишмердүүлүктү  ишке  ашыруучу өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды  жана  башкамекемелерди түзүүгө жана алардын иштешине көмөк көрсөтүшөт.   2.  Экономикалык  иш  жүргүзүүчү өкүлчүлүктөрдү,  филиалдарды  жанабашка  мекемелерди түзүүнүн жана иш жүргүзүүнүн принциптери  аймагындаиш  жүргүзүлүп  жаткан  Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин  мыйзамдарыменен аныкталат.                                  4-статья   Макулдашуучу   Тараптар  мамлекеттердин  колдонуудагы  мыйзамдарынаылайык төмөнкү тармактарда маалыматтарды алмашышат:   1)    экономикалык    ишкердүүлүктүн    шарттарын,    инвестицияны,стандартизациялоону, сертификаттоону, лицензия, концессия жана уруксатберүү  шарттарын, интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчикти,  автордукжана  аны  менен байланыштуу укуктарды коргоо жана өз ара кызыкчылыктыпайда кылган башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдар тармагында,   2)  Макулдашуучу  Тараптардын мамлекеттеринин чарба субьектилерининортосунда   жана   ошондой  эле  көргөзмөлөрдү,  жармањкелерди,   жанаэкономикалык миссияларды өткөрүү тармагында контакттарды түзүүгө көмөккөрсөтүүчү иш чаралар жагында.                                  5-статья   1.  Макулдашуучу  Тараптар мындан ары «Комиссия» деп  атала  тургансоодалык  -  экономикалык  кызматташуу боюнча, Кыргызстандык-ПольшалыкӨкмөттөр аралык комиссия түзүшөт.   2. Комиссиянын милдеттери төмөнкүдөй, атап айтканда:   1)  экономикалык кызматташуунун абалына мезгилдүү кароо жана баалоожүргүзүү,   2)  экономикалык  кызматташууну өнүктүрүүнү чектөөчү  проблемалардыидентификациялоо   жана   аларды  жок  кылуу  максатындагы   чаралардысунуштоо,   3)  экономикалык  кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган  сунуштардыдаярдоо,   4)  ушул  макулдашууну  колдонууга  же  чечмелөөгө  тийиштүү  талашмаселелерди талкуулоо.   3.    Комиссия   төрагалар   жетектеген   кыргыз   жана   польшалыкбөлүктөрүнөн   турат.  Макулдашуучу  Тараптардын  ар   бири   бөлүктүнтөрагасын  дайындайт.  Төраганын ар бири орун  басарын  жана  бөлүктүнкатчысын  дайындайт.  Кээ бир маселелерди кароо үчүн  Комиссия  өзүнүнкомпетенциясына  ылайык  жумушчу топторду түзүп,  милдеттерин  аныктайалат.   4.  Комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша бир жылда бир жолудан кемэмес,  Польша Республикасында жана Кыргыз Республикасында кезек  мененөткөрүлөт.  Ар  бир  төраганын демилгеси боюнча  Комиссиянын  кезексизжыйыны өткөрүлүшү же төрагалардын жолугушуусу демилгелениши мүмкүн.   Бөлүктөрдүн  төрагалары  Комиссиянын  кезектеги  жыйынын,   чакыруумаселесин жана анын күн тартибин каралып жаткан жыйынды өткөрүүдөн бирай  мурун  өз  ара  макулдашышат.  Төрагалардын  макулдугу  менен  күнтартибине   мурдатан   каралбаган   маселелер   киргизилиши    мүмкүн.Комиссиянын жыйынында ар бир бөлүк өзүнүн каалоосу боюнча кењешчилердижана эксперттерди чакыра алат.   5.  Комиссиянын жыйыны поляк, орус жана кыргыз тилдеринде  протоколменен таризделет.   6.   Комиссиянын   жыйындарынын  аралыгындагы  мезгилдеги   иштергебайланыштуу  маселелерди  жумуш тартибинде Комиссиянын  төрагалары  жеалардын  тапшырмалары  боюнча алардын орун  басарлары  жана  катчыларыталкуулашат.   7.   Комиссиянын   ишин  жүрүшү  ал  бекитилген   регламент   мененаныкталат.                                  6-статья   1.  Бул  Макулдашуунун  Жоболору  Макулдашуучу  Тараптардын  ПольшаРеспубликасы  жана  Кыргыз  Республикасы  мүчөлөрү  болгон  эл  аралыккелишимдерден, жана ошондой эле эл аралык уюмдарда мүчөлүктөрүнөн уламтиешеси болбойт.   2.  1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган, биринчитараптан  Европалык коомчулук жана ага мүчө мамлекеттер  менен  КыргызРеспубликасынын  экинчи  тараптан ортосундагы  өнөктүктү  түзүүчү  колкоюлган  Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуу андан кийинкибардык  өзгөртүүлөрү  жана толуктоолору менен  ушул  Макулдашуу  жөнгөсалуучу маселелерге карата артыкчылык күчкө ээ.   3.  Бул  Макулдашуунун  Жоболору Польша  Республикасынын  ЕвропалыкСоюздагы мүчөлүгүнөн пайда болгон укуктарына жана милдеттерине тиешесиболбойт.                                  7-статья   Бул   Макулдашуу  Макулдашуучу  Тараптардын  керектүү   жол-жоболораткарылганы тууралуу жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алынган  күндөнтартып күчүнө кирет.   Бул   Макулдашуу   белгисиз  мөөнөткө  түзүлөт  жана   МакулдашуучуТараптардын    бири   макулдашуучу   башка   тараптан    Макулдашуунунжарактуулугун токтотуу тууралуу жазуу түрүндө билдирүүнү алган  күндөнтартып алты ай бүткөнгө чейин жарактуу болот.   Макулдашуучу  Тараптар  бул макулдашууга өз ара  макулдашуу  боюнчаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн, алар анын  ажырагызбөлүгү болуп эсептелет, өзүнчө протоколдор менен таризделет жана  ушулстатьянын биринчи пункту менен каралган тартипте күчүнө кирет.      2006-жылдын  7  сентябрында Крыница шаарында, эки нускада  ар  бириполяк,  кыргыз, орус тилдеринде түзүлдү, мында баардык тексттер бирдейкүчкө ээ.   Ушул   Макулдашууну   чечмелөөдө  кайчы   пикирлер   пайда   болсо,Макулдашуучу  Тараптар  артыкчылыктуу  болуп  орус  тилиндеги  тексткетаянышат.      Кыргыз Республикасынын                     Польша Республикасынын   Өкмөтү үчүн                                Өкмөтү үчүн   Сабырбек Молдокулов                         Петр Возняк