Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №209 [*токтому:58324} менен бекитилген Минск шаары2006-жылдын 27-ноябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин1992-жылдын 15-майындагы билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө ма-кулдашуусунун жоболорун жетекчиликке алышып, билим берүү жана илим тармагындагы тењ укуктуулукту жана кызматта-шууну өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө умтулушуп, эки мамлекет билим берүү жана илим тармагындагы ар тараптуу кыз-матташууга даяр экендигин эске алышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар билим берүү тармагында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер-ди өнүктүрүүнү колдоо менен төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт: а) билим берүү чөйрөсү менен байланышкан уюмдардын ортосундагытүздөн-түз кызматташууга, байланышка жана өз ара алмашууга, ошондой элеэки өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин ортосундагытүздөн-түз кызматташууга, байланышка жана өз ара алмашууга; б) экинчи Тараптын өлкөсүнүн тилин жана адабиятын үйрөнүүгө жанаүйрөтүүгө; в) окутуу методикаларын, окуу материалдарын жана программаларынбиргелешип иштеп чыгууга, ошондой эле иштелип чыккан окутуу методикала-рын, окуу материалдарын жана программаларын алмашууга; г) студенттерге, аспиранттарга, жана стажерлорго өз ара негиздестипендия бөлүп берүүгө; д) илимий даражалардын жана наамдардын, ошондой эле билим берүүжөнүндө документтердин эквиваленттүүлүк маселелери боюнча өзүнчө макул-дашуу түзүүгө. 2-статья Тараптар илим жана технология тармагында эки өлкөнүн ортосундагымамилелерди өнүктүрүү максатында төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт: а) фундаменталдуу жана колдонмо илим тармагындагы илимий уюмдар-дын, жамааттардын жана айрым окумуштуулардын ортосундагы түздөн-түзкызматташууга; б) илимий делегацияларды, ошондой эле айрым окумуштууларды өз араалмашууга; в) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жана документтердиалмашууга; г) илимий симпозиумдарды, семинарларды, конференцияларды жанакењешмелерди биргелешип өткөрүүгө; д) илимий көргөзмөлөрдү жана демонстрацияларды биргелешипөткөрүүгө; е) илимий адабияттарды, мезгилдүү жана башка басылмаларды алмашыптурууга; ж) илимий кызматташуунун башка өз ара макулдашылган формаларына. 3-статья Тараптар жалпы билим берүү мейкиндигин бекемдөө жана кызматташуунуандан ары терењдетүү максатында 2001-жылдын 28-сентябрында Москва шаа-рында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышканмамлекеттерде жогорку окуу жайларынын филиалдарын түзүү жана иштетүүтартиби жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптардын мамлекеттеринин аймак-тарында жогорку окуу жайларынын филиалдарын түзүүгө жана иштетүүгөкөмөк көрсөтүшөт. 4-статья Тараптар Тараптардын мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан билим берүүсистемаларындагы реформаларды эске алуу менен, билим берүү тармагындагыокутуу, илимий, методикалык адабияттарды, монографиялык изилдөөлөрдүалмашууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт. 5-статья Тараптар билим берүү тармагындагы адистерди окутуу, даярдоо жанаквалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууну төмөндөгүдөй формадажүргүзөт: - билим берүү тармагындагы өнүктүрүүнүн жана пландоонун, уюштуруу-нун жана башкаруунун маанилүү багыттары боюнча тажрыйба алмашуу; - илим жана техника тармагындагы кызматташууну чыњдоо, илимийизилдөөлөрдүн натыйжалуулугун арттыруу; - студенттерди, аспиранттарды, докторанттарды, окутуучуларды, оку-муштууларды жана башка адистерди алмашуу; - түздөн-түз келишимдердин негизинде Тараптардын мамлекеттерининбилим берүү мекемелеринин ортосундагы түздөн-түз байланыштарды жанакызматташууну түзүү. 6-статья Тараптар өз ара негизде алмашуунун бюджеттик формасы боюнча кадр-ларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн бар-дык дењгээлде кабыл алуунун жыл сайынкы көлөмүн төмөнкүдөй белгилейт: - адистерди даярдоо - 3 орунга чейин; - стажировка, аспирантура, докторантура - 5 орунга чейин; - квалификацияны жогорулатуу - 2 орунга чейин. Адистиктердин, жогорку окуу жайларынын тизмелери жана Тараптардынмамлекеттеринин жогорку окуу жайларына кабыл алууну уюштуруу маселелерижыл сайын тиешелүү Министрликтер тарабынан макулдашылат. 7-статья Кабыл алуучу Тарап жөнөтүүчү Тараптын мамлекетинин ушул Макулдашу-унун 6-статьясынын алкагында окууга кабыл алынган жарандарына кабылалуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык стипендиятөлөөнү, медициналык тейлөөнү, окуу аудиторияларына, китепканаларга,лабораторияларга кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен тиешелүү окуу шартта-рын камсыз кылат, өздөрүнүн мамлекеттеринин жарандарындай эле шарттардажатаканада жашоого, ошондой эле жогорку окуу жайларынын спорттук денсоолук чыњдоочу жайларынан пайдаланууга укук берет. 8-статья Жөнөтүүчү Тарап ушул Макулдашуунун 6-статьясына ылайык жогоркуокуу жайларына кабыл алынган өз мамлекетинин жарандарынын жол киресинтөлөйт, ага окуган жерине чейин барып келүүсү, каникулга барып келүүсүжана мөөнөтүнөн мурда окуудан чыгарылган учурлар да кирет. 9-статья Тараптардын ар бири өзүнүн окуу жайларында билим алууга экинчи Та-раптын мамлекетинин жарандарынын укуктарын чектебейт. Абитуриенттердинтапшыруусу жана жогорку окуу жайларына кабыл алынгандарды окутуу шарт-тары кабыл алуучу Тараптын эрежелери, ошондой эле 1998-жылдын 24-нояб-рында Москва шаарында кол коюлган 1996-жылдын 29-мартындагы Экономика-лык жана гуманитардык тармактардагы интеграцияны терењдетүү жөнүндөгүкелишимге катышкан мамлекеттердин жарандарына окуу жайларга тапшыруудабирдей укук берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык жөнгө салынат. 10-статья Тараптар жогорку окуу жайларынын ортосундагы сырттан (аралыктан)окутуу, билим берүү процессинде компьютердик каражаттарды, мультимедиа,телекоммуникация каражаттарын пайдалануу боюнча кызматташууну, ошондойэле окуу жана методикалык адабияттар менен камсыз кылуу, билим берүүмекемелерин аттестациялоо жана аккредитациялоо маселелери боюнча тие-шелүү маалыматтарды жана документтерди алмашууну кошуп, маалыматтыккызматташууну өнүктүрүүнү колдойт. 11-статья Тараптар 1998-жылдын 24-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Би-лим берүү документтерин, илимий даражаларды жана наамдарды өз ара таа-нуу жана эквиваленттүүлүгү жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашуунун ал-кагында билим берүү документтерин, илимий даражаларды жана наамдарды өзара таанууга байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча иштерди улан-тат. 12-статья Тараптар эки өлкөнүн биринде өткөрүлүүчү, ушул Макулдашууда кам-тылган тармактар боюнча семинарларга, фестивалдарга, мелдештерге,көргөзмөлөргө, конференцияларга, симпозиумдарга жана кењешмелерге каты-шууга көмөк көрсөтөт. 13-статья Ушул Макулдашуу аркылуу жөнгө салынган ишмердүүлүк эл аралык укук-тун нормаларына жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайыкишке ашырылат. 14-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет. Байланыштарды чыњдоо, иш тажрыйбасын алмашуу, андан аркы кызматта-шуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле бул Макулдашууну аткарууга бай-ланыштуу консультацияларды өткөрүү үчүн Тараптар делегацияларды өз араалмашып турушат. 15-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жыл бою колдонууда болот, эгерде Тараптардынбири кезектеги мөөнөт бүтөөрүнө 6 ай калганга чейин дипломатиялык ка-налдар аркылуу экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу жөнүндөгүөзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, Макулдашуу кийинки беш жылдыкмезгилдерге өзүнөн өзү узартылат. Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында эки түп нускада, ар бирикыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкөээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн