Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы №190
Мыйзамы менен ратификацияланган Дели шаары1999-жылдын 13-апрели Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам берүү тууралуу КЕЛИШИМ I бөлүк. Жалпы жоболор II бөлүк. Атайын жоболор III бөлүк. Процессуалдык аракеттер IV бөлүк. Корутунду жоболор Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасы, мындан ары "Тарап-тар" деп аталуучу, кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам берүү жана кызматташуу-ну өнүктүрүү жолу менен кылмыштардын бетин ачуу, тыюу жана тергөө, аныничинде террор чөйрөсүндө эки Тараптын тењ иш-аракеттеринин натыйжалуу-лугун жакшыртууну каалап, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты: I бөлүк Жалпы жоболор 1-статья. Өз ара укуктук жардам берүү боюнча милдеттенмелер 1.1. Макулдашып жаткан Тараптар ушул Келишимге ылайык кылмыш иште-ри боюнча бири-бирине кењири көлөмдөгү укуктук жардам берүүгө милдетте-нишет. 1.2. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн максаттары үчүн өз ара укуктукжардам берүү - бул сот тарабынан мындай укуктук жардам берилип жаткан-дыгына же сот же болбосо башка, орган тарабынан каралгандыгына карабас-тан, Суроо-талап жиберип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегинде кылмышишин тергөө же башка процессуалдык аракеттер чөйрөсүндө Суроо-талап жи-берилип жаткан Тараптын көрсөткөн бардык укуктук жардамын билдирет. 1.3. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн максаттары үчүн Кыргыз Республика-сы үчүн кылмыш иштери болуп Кыргыз Республикасынын кылмыш иштери боюнчамыйзамдарында каралган бардык тартип бузууларга тийиштүү тергөөлөр жепроцессуалдык аракеттер жана Индия Республикасы үчүн Парламент кабылалган кылмыш иштери боюнча мыйзамда жана штаттардын кылмыш иштери боюн-ча мыйзамдарында каралган бардык тартип бузууга тийиштүү тергөө же про-цессуалдык аракеттер эсептелет. 1.4. Кылмыш иштери болуп салык салуу, пошлина төлөө, бажылык укукжана эл аралык төлөөлөрдү жүргүзүүгө жана капиталды которууга байланыш-кан, анын ичинде террорду колдоо үчүн колдонулуп жаткан бүтүмдөрчөйрөсүндө кылмыштык жазаланууга тийиш болгон тартип бузууларга ти-йиштүү тергөөлөр же процессуалдык аракеттер эсептелет. 1.5. Кылмыш иштери мындан ары террор түрүндөгү кылмыш иштерине,башкача айтканда саясий максаттарда же калкты коркутуу үчүн күч колдо-нууга карата тергөөнү жана процессуалдык аракеттерди өзүнө камтыйт. 1.6. Укуктук жардам төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: 1.6.1. жактардын жана буюмдардын жайгашуу ордун жана ким экендигинаныктоо; 1.6.2. документтерди, анын ичинде жактардын келишин талап кылгандокументтерди берүү; 1.6.3. маалыматтарды, документтерди жана башка жазууларды, аныничинде соттук жана өкмөттүк материалдардын жазууларын берүү; 1.6.4. мүлктү берүү; 1.6.5. буюм ирээтиндеги далилдерди берүү; 1.6.6. жактардын күбө катары көрсөтмөлөрүн жана арыздарын алуу; 1.6.7. тинтүү жүргүзүү жана алып коюу; 1.6.8. күбөлөрдүн көрсөтмө берүүлөрүн камсыз кылуу жана камоодогужактардын жана башка жактардын, анын ичинде эксперттердин тергөө башкажардам берүү; 1.6.9. кайсы жерде экендигин аныктоо, камакка алуу, кылмыш иштиннатыйжасында алынган кирешелерди издеп табуу жана алып коюу; 1.6.10. террор максатында колдонулуп жаткан мүлктү чектөө, окшош-туруу, кармоо, алып коюу боюнча чараларды колдонуу; 1.6.11. ушул Келишимдин жоболоруна ылайык башка жардам берүү. 2-статья. Суроо-талаптардын аткарылышы 2.1. Укуктук жардам берүү тууралуу суроо-талаптарды Суроо-талапжиберилип жаткан Тарап өз мыйзамдарына ылайык эњ кыска мөөнөттөрдө ат-карат. Суроо-талап жиберип жаткан Тараптын өтүнүчү боюнча Суроо-талапжиберилип жаткан Тарап, эгерде алар Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап-тын мыйзамдарына каршы келбесе, Суроо-талап жиберип жаткан Тараптынпроцессуалдык нормаларын дагы колдоно алат. 2.2. Эгерде Суроо-талап жиберип жаткан Тарап бул тууралуу су-роо-талапта эскербесе, Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талап-тын аткарылган убактысы менен орду тууралуу өз убактысында Суроо-талапжиберип жаткан Тарапка кабарлайт. 2.3. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап банктын сырын сактоо за-рылчылыгын негиздөө боюнча суроо-талапты аткаруудан баш тартпоого ти-йиш. 3-статья. Укуктук жардам берүүдөн баш тартуу же мөөнөтүн узартуу 3.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын Борбордук органытөмөнкү учурларда укуктук жардам берүүдөн баш тарта алат, эгерде: 3.1.1. суроо-талаптын аткарылышы Суроо-талап жиберилип жаткан Та-раптын мамлекетинин коопсуздугуна же башка маанилүү кызыкчылыктарыназыян келтириши мүмкүн болсо; 3.1.2. суроо-талап ушул Келишимдин жоболоруна дал келбесе. 3.2. Эгерде суроо-талаптын аткарылышы Суроо-талап жиберилип жатканТараптын юрисдикциясынын чегинде жүргүзүлүп жаткан тергөөгө же башкапроцессуалдык аракетке тоскоол болсо, Суроо-талап жиберилип жаткан Та-рап укуктук жардам берүүнүн мөөнөтүн узарта алат. 3.3. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап укуктук жардам берүү туу-ралуу суроо-талапты толугу менен же бир бөлүгүн аткаруудан эмне себеп-тен баш тарткандыгы же болбосо суроо-талапты аткаруунун мөөнөтүн узарт-кандыгы жөнүндө өзүнүн чечимин тезинен Суроо-талап жиберип жаткан Та-рапка билдирүүгө тийиш. 3.4. Укуктук жардам берүү тууралуу суроо-талапты аткаруудан баштартуу же укуктук жардам берүү тууралуу суроо-талапты аткаруунунмөөнөтүн узартуу тууралуу чечимди кабыл алуудан мурда Суроо-талап жибе-рилип жаткан Тарап укуктук жардам Суроо-талап жиберилип жаткан Тарапкеректүү деп эсептеген шарттарда көрсөтүлүшү же көрсөтүлбөшү тууралуумаселени карап чыгууга тийиш. Эгерде Суроо-талап жиберип жаткан Тарапмындай шарттарда укуктук жардам бере алса, укуктук жардам берүү туура-луу суроо-талап мындай шарттарды сактоо менен аткарылууга тийиш. II бөлүк Атайын жоболор 4-статья. Жактардын жана буюмдардын жайгашуу ордун аныктоо жана окшоштуруу Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын компетенттүү органдары су-роо-талапта көрсөтүлгөн жактардын жана буюмдардын жайгашуу ордун анык-тоо жана окшоштуруу үчүн бардык чараларды колдонууга милдеттенет. 5-статья. Документтерди ыйгаруу 5.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап бул максатта ага берилгенбардык документти ыйгарууга милдеттенет. 5.2. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап жооп бериле турган жеё Су-роо-талап жиберип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегинде катышуу за-рылчылыгын койгон документти ыйгарат тууралуу суроо-талапты мындай жоопже керектүү катышуу үчүн берилген мөөнөткө чейин акылга сыярлык убактаберет. "Акылга сыярлык" деп эсептелген убакыттын чегин аныктоодо Су-роо-талап жиберип жаткан Тарап Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптынюрисдикциясынын чегинде шарттарды эсепке алат. 5.3. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап Суроо-талап жиберип жатканТарап көрсөткөн ыкма менен документтерди ыйгарууну ырастоого тийиш.Эгерде документтерди ыйгаруу кийинки убакытка калтырылса же жасалбаса,Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап анын себеби тууралуу Суроо-талап жи-берип жаткан Тарапка кабарлайт. 6-статья. Документтерди жана предметтерди берүү 6.1. Укуктук жардам берүү тууралуу суроо-талапта жазуулар менендокументтерди берүү божомолдонгон учурда, Суроо-талап жиберилип жатканТарап алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тийиштүү түрдө бере алат,эгерде Суроо-талап жиберип жаткан Тарап себептерин көрсөтүү менен түпнускаларынын берилишин түздөн-түз талап кылбаса, мындай учурда Су-роо-талап жиберилип жаткан Тарап мындай суроо-талапты аткаруу үчүн бар-дык чараларды колдонууга милдеттенет. 6.2. Жазуулардын же документтердин түп нускалары, ошондой эле Су-роо-талап жиберип жаткан Тарапка берилип жаткан буюмдар Суроо-талап жи-берилип жаткан Тараптын суроо-талабы боюнча мүмкүн болоору менен агакайтарылып берилүүгө тийиш. 6.3. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын мыйзамдарына бул каршыкелбегендиктен, жазуулар, документтер, ошондой эле буюмдар Суроо-талапжиберип жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык аларды таануу максатындаСуроо-талап жиберип жаткан Тарап талап кылган ыкма менен берилүүгө жеырастоо менен коштолууга тийиш. 7-статья. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегиндеги процессте катышкан жактардын катышуусу 7.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегиндекөрсөтүү бериши же документтерди, жазууларды же буюмдарды бериши талапкылынган жак Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын мыйзамынын талапта-рына ылайык катышуу же көрсөтмө берүү, ошондой эле мындай документтер-ди, жазууларды же буюмдарды берүү максаты үчүн зарыл болгон учурда ча-кыруу кагазы менен же болбосо башкача түрдө чакыртылат. 7.2. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап өзүнүн ички мыйзамдарынынталаптарына ылайык суроо-талапты аткарууда анда көрсөтүлгөн жактардынкатышуусуна жол берет жана суралып жаткан жакка берилип жаткан суроо-лорду билдиришине же болбосо ага түздөн-түз суроолор менен кайрылуугауруксат бере алат. 7.3. Суроо-талапты аткарууда катышып жаткан жактарга процесстинжүрүшүн сөзмө-сөз жазып алышына уруксат берилет. Суроо-талап жиберилипжаткан Тараптын мыйзамы менен буга тыюу салынбагандыктан, сөзмө-сөз жа-зып алуу учурунда техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилишимүмкүн. 8-статья. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегинде жактардын көрсөтмө беришин камсыз кылуу же тергөө жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү 8.1. Суроо-талап жиберип жаткан Тарап жактын көрсөтмө беришин кам-сыз кылууга же тергөө жүргүзүлүшүнө жардам берүү тууралуу экинчи тарап-ка суроо-талап жибере алат. 8.2. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап тергөө жүргүзүүдө же про-цессте күбө катары көрсөтмөлөрдү берүүдө жактын өз ыктыярдуу макулдугуменен жардам берүүгө тартат. Бул жак бардык төлөнө турган чыгымдар ме-нен каражаттар тууралуу маалымат алууга тийиш. 9-статья. Тинтүү жана алуу 9.1. Тинтүүнү жана алууну жүргүзүү тууралуу суроо-талапты аткарганкомпетенттүү орган Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап талап кылынганмаалыматты, анын ичинде, бирок жалањ гана эмес, алынган документтердин,жазуулардын же буюмдардын бирдейлиги, абалы, бүтүндүгү жана ээ болууузактыгы жана алардын алынган шарттары тууралуу маалыматты берет. 9.2. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап Суроо-талап жиберип жатканТарапка берилиши мүмкүн болгон бардык алынган документтерге, жазууларгажана предметтерге карата Суроо-талап жиберип жаткан Тарап эскерген бар-дык шарттарды сактайт. 10-статья. Камакка алынган жактардын күбө катары көрсөтмө беришин камсыз кылуу же тергөө жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү 10.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегин-де камакка алынган жак Суроо-талап жиберип жаткан Тараптын талабы боюн-ча жактын өз ыктыярдуу макулдугу менен жана эгерде мындай жакты берүүгөтоскоол болгон негиздер болбосо, тергөөнү жүргүзүүдө жардам берүү үчүнже болбосо процессте күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Суроо-талап жибе-рип жаткан Тарапка убактылуу берилүүгө тийиш. Суроо-талап жиберилипжаткан Тарап мындай жакты камакка алат жана суроо-талап аткарылыпбүткөндөн кийин Суроо-талап жиберилип жаткан Тарапка аны кайтарууга ти-йиш. 10.2. Берилген өкүмдүн мөөнөтү аяктагандан кийин же Суроо-талапжиберилип жаткан Тарап бул жакты мындан ары камакта кармоонун зарылчы-лыгы жок экендиги тууралуу Суроо-талап жиберип жаткан Тарапка кабарла-ган учурда, бул жак бошотулууга тийиш жана ага карата 8-статьянын эре-жеси колдонулат. 11-статья. Коопсуздук кепилдиги 11.1. 10-статьяда көрсөтүлгөн жактардан тышкары, анын катышуу за-рылчылыгы тууралуу суроо-талапка ылайык. Суроо-талап жиберип жаткан Та-раптын юрисдикциясындагы жак Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптынюрисдикциясынан бул жактын чыгып кетишин талап кылган бардык аракети жеаракетсиздиги үчүн камакка алынууга же өз эркиндигинин бардык башкачектелишине дуушар болууга тийиш эмес, ошондой эле мындай жак аталгансуроо-талапта көрсөтүлгөндөн тышкары бардык башка иш боюнча көрсөтмөберүүгө тийиш эмес. 11.2. Эгерде жак Суроо-талап жиберип жаткан мамлекеттин юрисдикци-ясынан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болуп туруп, анын катышуусу мындан арыталап кылынбагандыгы тууралуу расмий билинген учурдан тартып отузкүндүн ичинде андан чыгып кетпесе же мындай юрисдикциядан чыккандан ки-йин бул жак оз эрки менен кайрадан кайтып келсе, ушул статьянын1-бөлүгү колдонулбайт. 11.3. Суроо-талап жиберип жаткан Тараптын юрисдикциясында болууданбаш тарткан бардык жак Суроо-талап жиберилип жаткан Тарапта бул үчүн эчкандай санкцияларга же эрксиз чараларга дуушар болушу мүмкүн эмес. 12-статья. Кылмыштык жол менен алынган мүлк 12.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талапка ылайык ме-нен алынган бардык мүлктүн, анын ичинде террор максатында колдонулганмүлктүн өз юрисдикциясында экендигин аныктоого бардык чараларды колдо-нууга жана Суроо-талап жиберип жаткан Тарапка тергөөнүн жыйынтыктарытууралуу билдирүүгө тийиш. 12.2. Кылмыштык жол менен алынган мүлктү, анын ичинде террор мак-сатында колдонулган мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу максатындаукуктук жардам берүү тууралуу суроо-талап жасалышы мүмкүн. Мындай жар-дам Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык андакөрсөтүлгөн бардык түрдө көрсөтүлөт. Бул Суроо-талап жиберип жаткан Та-раптын соту же башка компетенттүү органы чыгарган буйруктун күчүнө ки-ришин же Суроо-талап жиберилип жаткан Тарапта мүлктү конфискациялоогобуйрук алуу максатында компетенттүү органга суроо-талап жиберүүнү кам-тышы мүмкүн. 12.3. Кылмыштык жол менен алынган мүлктү кайтарып берүү тууралуусоттун чечиминин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жардам берүү тууралуусуроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. 12.4. Ушул келишимге ылайык конфискацияланган мүлк, эгерде иш учу-рунда башкача эскертилбесе, Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын айма-гында калат. 12.5. Эгерде ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык Суроо-та-лап жиберип жаткан Тарапта тийиштүү чаралар колдонулса жана Кыргыз Рес-публикасында жана Индия Республикасында суроо-талаптын аткарылышыныннатыйжасында кызыкчылыктары козголгон жактын өтүнүч каты болсо, ти-йиштүү Макулдашып жаткан Тарап бул тууралуу, ошондой эле өтүнүч каттыкароонун натыйжасы тууралуу экинчи Макулдашып жаткан Тарапка мүмкүн бо-лушунча кыска мөөнөттүн ичинде кабарлайт. III бөлүк Процессуалдык аракеттер 13-статья. Суроо-талаптын мазмууну 13.1. Бардык учурларда укуктук жардам берүү тууралуу суроо-талаптөмөндөгүдөй маалыматты камтууга тийиш: 13.1.1. суроо-талап ага карата жөнөтүлгөн тергөөнү, кылмыштык куу-гунтуктоону же иш өндүрүшүн жүргүзгөн компетенттүү органдын аталышы; 13.1.2. тергөөнүн, кылмыштык куугунтуктоонун же иш өндүрүшүнүнмањызын баяндоо, ага кылмыш ишинин жана тийиштүү мыйзамдын текстининкөчүрмөсү же кыскача мазмууну тиркелет; 13.1.3. суроо-талапты жиберүүнүн максаты жана көрсөтүлө турганжардамдын маанилүүлүгүн көрсөтүү; жана 13.1.4. суроо-талап анын ичинде аткарылууга тийиш болгон мөөнөт. 13.2. Укуктук жардам берүү тууралуу суроо-талап төмөндөгүдөй маа-лыматтарды дагы камтууга тийиш: 13.2.1. мүмкүн болушунча, аларга карата тергөө же иш өндүрүшүжүргүзүлүп жаткан жактын же жактардын ким экендиги, граждандыгы жанажайгашкан орду тууралуу маалыматтар; 13.2.2. керек болгон учурда, Суроо-талап жиберип жаткан Тарап эмнесебептен экендигин көрсөтүп, сакталышын суранган бардык процессуалдыкаракеттердин же талаптардын майда-чүйдөлөрү; 13.2.3. күбө катары көрсөтмөлөрүн алуу тууралуу, ошондой элетинтүүнү жана алууну жүргүзүү тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн учурда,мындай далилдер Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын юрисдикциясындаболушу мүмкүн экендиги тууралуу божомолду негиздеген арыз; 13.2.4. жактын күбө катары көрсөтмөлөрүн алуу тууралуу суроо-талапжөнөтүлгөн учурда, мындай күбөнүн көрсөтмөлөрү ант берүү аркылуу алыны-шы, алар ырасталууга тийиштиги же болбосо Суроо-талап жиберилип жатканТараптын мыйзамдарында каралган башкача түрдө алынышы мүмкүнбү же жок-пу, мына ушул тууралуу маалымат, ошондой эле ага карата көрсөтмө бери-лип жаткан ишти баяндоо; 13.2.5. буюм иретиндеги далилдерди көрсөткөн учурда, бул буюм ире-тиндеги далилдер тийиш болгон жакты же жактардын тобун, буюм иретиндегидалилдерди берүү ордун көрсөтүү, жүргүзүлө турган бардык текшерүүнү жа-на бул далилдер кайтарылып берилүүгө тийиш болгон күндү көрсөтүү; 13.2.6. тамакка алынган жактардын келиши камсыз кылынган учурда,аларды берүү учурунда коштоп жүрүүчү жакты же жактардын тобун, камаккаалынган жакты жеткирүүгө тийиш болгон жерин жана анын кайтып келгенкүнүн көрсөтүү; 13.2.7. зарыл болгон учурда, себептерин билдирүү менен жашыруунду-улукту камсыз кылуу зарылчылыгын көрсөтүү; 13.2.8. суроо-талапты аткаруу үчүн керек болгон бардык башка маа-лымат. 13.3. Эгерде Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талапта кам-тылган маалымат анын аткарылышы үчүн жетишсиз деп эсептесе, ал кошумчамаалыматтын берилишин талап кыла алат. 13.4. Суроо-талап жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Шашылыш учурлардаже болбосо Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап жол берген башка учурлар-да суроо-талап факс аркылуу же электрондук байланыштын башка макулда-шылган каражаттары аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн, бирок андан кийин эле жа-зуу жүзүндөгү түп нускасы менен тийиштүү түрдө ырасталууга тийиш. 14-статья. Борбордук органдар Ушул Келишимге ылайык Тараптардын борбордук органдары бардык су-роо-талаптарды жана өтүнүчтөрдү, ошондой эле алар боюнча жооптордуэсептелет; Индия Республикасы тарабынан борбордук орган болуп Ички иш-тер министрлиги саналат. 15-статья. Жашыруундуулук 15.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап берилген маалыматтын жедалилдин же болбосо мындай маалыматтын же далилдин булагы жашыруун бо-лушун же белгилүү-бир убакыттын ичинде жана ал белгилеген шарттарда га-на ачылышын же колдонулушун талап кыла алат. Эгерде Суроо-талап мөө-нөткө жана мындай шарттарда кабыл алса, анда суроо-талап аларга ылайыкаткарылат. 15.2. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талапка ылайык,эгерде анда башкача көрсөтүлбөсө, суроо-талаптын, анын маалыматтарынын,тиркелген документтердин жана суроо-талапка ылайык жасалып жаткан бар-дык аракеттин жашыруундуулугун сактоого милдеттенет. Эгерде суроо-талапжашыруундуулукту бузбастан аткарылышы мүмкүн болбосо, Суроо-талап жибе-рилип жаткан Тарап Суроо-талап жиберип. жаткан Тарапка бул тууралуубилдирүүгө тийиш, Суроо-талап жиберип жаткан Тарап суроо-талап буга ка-рабастан аткарылууга тийишпи же жокпу, мына ушуну аныктайт. 16-статья. Колдонууну чектөө Суроо-талап жиберип жаткан Тарап, Суроо-талап жиберилип жаткан Та-раптын борбордук органынын буга алдын-ала макулдугусуз, суроо-талаптакөрсөтүлгөнгө караганда башка максаттар үчүн берилген маалыматты же да-лилдерди ачууга же колдонууга тийиш эмес. 17-статья. Ырастоо Ушул Келишимге ылайык берилген документтер менен далилдер 6-стать-яда көрсөтүлгөндөн тышкары ырастоонун башка түрлөрүн талап кылбайт. 18-статья. Тили Ушул Келишимди аткарууда Макулдашып жаткан Тараптар өздөрүнүн мам-лекеттик тилдерин колдонушат, экинчи Макулдашып жаткан Тараптын мамле-кеттик тилиндеги же болбосо англис же орус тилиндеги котормосу тирке-лет. 19-статья. Консулдук кызматчы жактар 19.1. Консулдук кызматчы жактар болуу мамлекетинин аймагында рас-мий суроо-талапсыз эле өз ыктыярдуу негизде жактардан күбө катарыкөрсөтмөлөрдү ала алышат. Божомолдонгон продессуалдык аракеттер туура-луу алдын-ала билдирүү болуу мамлекетине берилүүгө тийиш. Ал 3-статьядакөрсөтүлгөн себептер боюнча өзүнүн макулдугунан баш тарта алат. 19.2. Консулдук кызматчы жактар консулдукка өз эрки менен келгенжактарга документтерди бере алышат. 20-статья. Чыгымдар 20.1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап укуктук жардам берүү туу-ралуу суроо-талапты аткаруу боюнча кармоолорду төлөөнү өзүнө алат, та-лап жиберип жаткан Тарап өзүнө алган төмөнкү чыгымдар эске алынбайт: 20.1.1. Суроо-талап жиберип жаткан Тараптын өтүнүчү боюнча Су-роо-талап жиберилип жаткан Тараптын юрисдикциясындагы же юрисдикциясынабардык жакты берүүгө жана ушул Келишимдин 7- жана 8-статьясынын неги-зинде суроо-талапка ылайык Суроо-талап жиберип жаткан Тараптын юрисдик-циясында болгон убакта мындай жакка акчалай акы төлөөгө байланышкан чы-гымдар; 20.1.2. Суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын, ошондой эле Су-роо-талап жиберип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегинде эксперттергекеткен чыгымдар жана төлөөлөр. 20.2. Суроо-талаптын аткарылышы күтүлбөгөн чыгымдарды талап кыл-гандыгы белгилүү болсо, Тараптар мөөнөттөрдү жана шарттарды консульта-циялар жолу менен аныкташат, бул мөөнөттөр менен шарттарга ылайык сура-лып жаткан жардам көрсөтүлөт. IV бөлүк Корутунду жоболор 21-статья. Кызматташуу үчүн башка негиздер Ушул Келишим башка келишимдерден, макулдашуулардан жана башка ке-лишимдерден келип чыгуучу Тараптардын милдеттерин козгобойт жана башкакелишимдерге, макулдашууларга жана башка келишимдерге ылайык бири-бири-не жардам берүүгө же жардам берүүнү улантууга тоскоол болбойт. 22-статья. Колдонуу чөйрөсү Ушул Келишим ушул күнгө чейин аталган аракеттер жүргүзүлсө жежүргүзүлбөсө дагы, ал күчүнө киргенден кийин келип түшкөн бардык су-роо-талаптарга колдонулат. 23-статья. Консультациялар Макулдашып жаткан Тараптар тийиштүү түрдө бүтүндөй, ошондой элебелгилүү-бир суроо-талапка карата ушул Келишимди түшүндүрүүгө жана кол-донууга тийиштүү башка Тараптын суроо-талабы боюнча консультациялардыжүргүзүүгө тийиш. 24-статья. Күчүнө кириши жана токтотулушу 24.1. Ушул Келишим Бишкек шаарында ратификациялоо грамоталары ме-нен алмашуу менен ратификацияланат. Келишим ратификациялоо грамоталарыменен алмашкан учурдан тартып күчүнө кирет. 24.2. Ушул келишимдин аракетин Макулдашып жаткан Тараптардын бирибардык убакта дипломатиялык жолдор аркылуу экинчи Макулдашып жаткан Та-рапка алдын-ала билдирүү менен токтото алат; ушул Келишим мындай бил-дирүү алынган учурдан тартып алты ай өткөндө күчүн жоготту деп эсепте-лет. 24.3. Келишимдин аракетин токтотуу тууралуу ушул статьянын2-бөлүгүнө ылайык алынган билдирүүгө карабастан, Тараптар мындай бил-дирүү алынганга чейин жасалган укуктук жардам көрсөтүү тууралуу су-роо-талапты аткарууну уланта беришет. Дели шаарында 1999-жылдын 13-апрелинде эки түп нускада, ар бирикыргыз, хинди, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текс-ттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасы үчүн Индия Республикасы үчүн