Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы №196
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2006-жылдын 27-январы Коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүсү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Бул жерде жана мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириктирил-ген Королдугунун Өкмөтү; эки мамлекеттин ортосунда болгон өнөктөштүктүн жана кызматташтык-тын духун аркалап; ишенимди, туруктуулукту жана коопсуздукту күчөтүүнүн каражаты ка-тары коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзгөчө көњүлбөлүп; коргоо чөйрөсүндөгү "мамилелерди терењдетүү жана түзүлгөн өз араурматтоону жана ишенимди арттыруу максатында; төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кызматташтыктын максаттары Тараптардын ортосунда кызматташтык региондун жана бүткүл дүйнөнүнтынчтыгы менен туруктуулугуна салым кошуу мүмкүнчүлүгү менен Эл аралыкукуктун жана адам укуктарынын принциптерин аркалоо менен көз карандысыздемократиялык мамлекет катары Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнү колдо-ого багытталат. 2-статья. Меморандумдун мазмуну Меморандум кызматташтыктын негизги чөйрөсүн, ошондой эле бул доку-менттин 6-статьясына ылайык Тараптардын ортосунда коргоо чөйрөсүндөгүэки тараптуу кызматташтыктын программаларын жүзөгө ашырууга тиешелүүболгон өбөлгөлөрдү жана жоболорду сүрөттөйт. 3-статья. Аныктамалар Төмөнкү аныктамалар бул Меморандумга колдонулат: - "командировкага жиберүүчү уюм" командировкалануучу персонал тие-шелүү болгон министрликти, департаментти же аскерлер түрүн билдирет; - "кабыл алуучу уюм" коргоо жана контакттар, ошондой эле булчөйрөдө кайсы бир башка иш-чаралар боюнча эки тараптуу кызматташтыктынпрограммаларына ылайык башка өлкөнүн командировкалануучу персоналы жи-берилүүчү министрликти, департаментти же өлкөнүн аскерлер түрүн билди-рет; - "командировкалоочу өлкө" командировкалоочу уюм тиешелүү болгонөлкөнү билдирет; - "кабыл алуучу өлкө" кабыл алуучу уюм тиешелүү болгон өлкөнү бил-дирет. 4-статья. Кызматташтык чөйрөлөрү Тараптар төмөнкү чөйрөдө эки тараптуу аскердик кызматташтыктыөнүктүрүшөт: - куралсыздануу, ишенимди жана эл аралык коопсуздукту күчөтүү ме-нен байланышкан маселелер боюнча пикирлер жана маалыматтар менен алма-шуу; - улуттук аскер доктриналарын киргизүү боюнча маалыматтарды коштараптуу берүү; - өздүк курамды жана командачылыкты даярдоого, ошондой эле аскер-лерди көзөмөлдөөгө тиешелүү маселелерде тажрыйбалар менен алмашуу; - аскердик даярдоо курстарында аскер персоналын даярдоо жана даяр-доо борборлорунун ортосундагы кызматташтык; - Кыргызстандын аскер кызматчылары үчүн англис тилин үйрөнүү боюн-ча курстарды уюштуруу; - аскердик медицина чөйрөсүндө кызматташуу; - аскер кызматынын абалына тиешелүү юридикалык маселелерде тажрый-ба менен алмашуу, аскер кызматчыларынын жана жергиликтүү жарандардынортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу куралдуу чыр-чатактарчөйрөсүндөгү нормативдик-укукгук актыларды изилдөө; - куралды жана аскердик жабдууну кайра колдонуу чөйрөсүндө, ошон-дой эле курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйбалар менен алма-шуу; - аскер тарыхы жана аскердик каадалар чөйрөсүндө байланыштардыөнүктүрүү; - Тараптар ортосунда өз ара макулдашууга мүмкүн болгон башкачөйрөлөр. 5-статья. Кызматташтык формалары Кызматташтык төмөнкү формаларда ишке ашырылышы мүмкүн: - Тараптардын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы консультациялар, жо-лугушуулар же тажрыйба алмашуулар; - сүйлөшүүлөр, конференциялар, семинарлар жана симпозиумдар; - Тараптар ортосунда өз ара макулдашууга мүмкүн болгон башка фор-малар. 6-статья. Кызматташтык программасы 1. Бул Меморандумдун негизинде Тараптар кызматташтыктын өзгөчө иш-чараларын, алардын кантип, качан жана кайда аткарыла турганын, ошондойэле башка маселелерди аныктоочу кызматташтыктын жылдык программаларынжыл сайын түзүшөт. 2. Кызматташтыктын ар бир жылдык программалары өтүп бара жатканжылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө даярдалат. 3. Бир мамлекеттин министринин, штаб башчыларынын жана жогорку да-ражадагы расмий адамдардын башка мамлекетке расмий сапарларын даярдооөзүнчө сүйлөшүлөт. 7-статья. Кызматташтыкты жүзөгө ашыруу Кызматташтыктын программаларында каралган ишчараларды аткаруудаТараптар төмөнкү принциптерге таянат: - бул Меморандумга ылайык өткөрүлүүчү ишчаралардын жыйынтыгындакелип чыккан бардык чыгымдар командировкалоочу уюмдун милдеттери болупэсептелет; - командировкалоочу уюм төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: а) командировкаланган персоналдын жарадар жана жаракат алганмүчөлөрүн командировкалоочу өлкөгө кайра жеткирүүгө даярдоо; б) жумушчу күчкө чыгашалар, командировкаланган персонал, жолжүрүүлөргө байланышкан камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле иш-чара-лардын - аныкталган түрлөрүнө персоналды даярдоого байланышкан бардыкчыгашалар; в) кабыл алуучу өлкөдөн чыгуу жана кирүү үчүн кабыл алуучу өлкөнүнбийликтери, талап кылуучу документтерди командировкаланган персоналгаберүү; - кабыл алуучу уюм өзүнүн кароосуна бардык чыгымдарды же чыгымдар-дын бир бөлүгүн төлөөнү сунуштай алат; - бир мамлекеттин министрлеринин, штабдардын начальниктеринин баш-ка мамлекетке расмий сапарларын ишке ашыруу боюнча чыгымдар өзүнчөсүйлөшүлөт. Подразделение же окутулуучу топтордогудай көп сандагы сапарлардыкаржылоо Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ар бир өзүнчө учурдачечилет. 8-статья. Шашылыш медициналык жардам Шашылыш медициналык жардам жана тиш доктурдун кызматы, зарыл бол-гон учурда, командировкаланган персоналга кабыл алуучу өлкө тарабынанкөрсөтүлөт. Мындай жардам кабыл алуучу уюмдун мүчөлөрүнө көрсөтүлүүчүстандарттары менен өлчөмдөш болот жана командировкалоочу уюм үчүн бекерболот. Ар кандай шашылыш эмес медициналык жардамдын жана тиш доктурдункызматынын чыгымдары командировкалоочу уюм тарабынан төлөнөт. Ар биркомандировкалоочу уюм ар кандай визит, алмашуу же командировка башталаралдында анын персоналдарынын мүчөлөрүнүн ден соолугунун чыњ болушункамсыз кылышы керек. 9-статья. Коопсуздук жана визиттер 1. Тараптар бүткүл жашыруун маалыматтарды же башка жашыруун мате-риалдарды сакташат, алар өз мамлекетинин улуттук коопсуздук мыйзамдары-на жана эрежелерине ылайык ушул Меморандумдун жоболору боюнча алмашылатже чогултулат. 2. Тараптар бул Меморандумга ылайык берилүүчү же чогултулуучу жа-шыруун. маалымат же жашыруун материалдар өкмөткө, улуттук (мамлекеттик)органга же үчүнчү тараптын башка органдарына бул маалыматты же матери-алды берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз берилбешин камсыз кы-лынат. 3. Бүтүндөй командировкаланган персонал кабыл алуучу өлкөнүн кооп-суздук эрежелерине макул болот. Тараптар келүүчүлөр тарабынан ачылганже берилген каалаган маалымат менен бул Меморандумдун жоболоруна ылайыкмамиле кылуусун камсыз кылышы керек. Визиттер боюнча - суроо-талап өк-мөттүк каналдар аркылуу координацияланат жана кабыл алуучу өлкөнүн ви-зиттерди уюштуруу боюнча белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. 10-статья. Талаш маселелерди жөнгө салуу Интерпретацияга же бул Меморандумду колдонууга тиешелүү болгон аркандай талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен че-чилет жана жөнгө салуу үчүн кайсы бир улуттук же эл аралык трибуналгаже үчүнчү тараптын кароосуна жөнөтүлбөйт. 11-статья. Толуктоолор Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча анын ажы-рагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Меморандумдун 12-статьясындакаралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделүүчүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 12-статья. Күчүнө кириши жана бузулушу Бул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекет-тик жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө Тараптардын акыркы билдирүүсүналган күндөн баштап күчүнө кирет жана анын күчүн токтотуу жөнүндөөзүнүн ниети тууралуу башка Тарапка жазуу жүзүндө 90 күндөн аз эмесубакытта Тараптардын бири билдиргенге чейин колдонула берет. 2006-жылдын 27-январында Бишкек шаарында эки нускада, кыргыз, анг-лис жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын жана Өкмөтү үчүн Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Өкмөтү үчүн Исмаил Исаков Пол Браммел генерал-лейтенант Кыргыз Республикасындагы Кыргыз Улуу Британиянын жана Республикасынын Түндүк Ирландиянын Коргоо Министри Бириктирилген Королдугунун Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси