Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы №196
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары1998-жылдын 6-майы Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймагында укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерлеринин болуу жана биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ Бул документ орусча редакцияда "Договор" деп берилген. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы мындан ары Тарап-тар деп аталып, Тараптардын аймагында кылмышка каршы натыйжалуу күрөштү камсыз кы-луу, ошондой эле жасалган кылмыш үчүн сөзсүз жазалануу принцибин ишкеашыруу максатында, түзүлгөн кырдаалда Тараптардын кылмышка каршы күрөшүүдөгү макулда-шылган аракеттери чукул зарылчылыгы болуп эсептелээрине ынанып, эки мамлекеттин тењ укук коргоо жана атайын органдарынын биргелеш-кен аракетинин укук негизин өрчүтүүгө умтулуп, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Ушул Келишимдин мааниси боюнча төмөндө аталуучу ар бир термин тө-мөнкүдөй мааниге ээ: Кыргыз Республикасы тараптан - "укук коргоо жана атайын органда-ры": - Башкы прокуратура; - Ички иштер министрлиги; - Улуттук коопсуздук министрлиги; - Мамлекеттик бажы комитети; - Мамлекеттик министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекци-ясы. Тажикстан Республикасы тараптан: - Башкы прокуратура; - Мамлекеттик тергөө комитети; - Коопсуздук министрлиги; - Ички иштер министрлиги; - Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык комитети; - Мамлекеттик бажы комитети. "укук коргоочу жана атайын органдар" - Тараптар өз ара тааныган,улуттук мыйзамдарга ылайык оперативдүү-издөө, сурап-билүү жана ал-дын-ала тергөө ишин ишке ашыруучу мамлекеттик органдар; "байкоо" - кылмыштын даярдалышына шектүү жана аны жасаган адамдар-дын байланыштарын, кылмыш иштерин жана ошол адамдарды издөөгө багыттал-ган оперативдик-издөө иши; "изине түшүү" - укук коргоо же атайын органдарынын кызматкерлери-нин шектүү, күнөөлөнгөн, соттолуп жаткан же соттолгон адамды кармоогобагытталган, чек ара областынын чегинде жер үстүндө жылып жүрүү каража-ты аркылуу ишке ашырылуучу аракети; "кайтарууга алынган адамдарды жеткирүү жана күзөтүү" - кайтаруугаалынган адамдарды кызыккан (сураган) Тарапка өткөрүп берүүгө чейин мам-лекеттердин аймактары аркылуу куралдуу жеткирүү жана күзөтүү; "жүктөрдү коштоп баруу жана кайтаруу" - укук коргоо жана" атайыноргандар тарабынан Тараптардын аймагы аркылуу баалуу жана атайын жүк-төрдү куралдуу коштоп баруу жана кайтаруу. 2-статья. 1. Тараптардын укук коргоочу жана атайын органдары улуттук мыйзам-дарга, Тараптар катышкан эл аралык макулдашууларга, ушул Келишимгеылайык өз укуктарынын чегинде оперативдик издөө-ишиндеги; күчтөрдү жанакаражаттарды өз ара алмашууну кошкондо бири-бирине кылмыштарды аныктоо-до, болтурбоодо, ачууда жана тергөөдө, ошондой эле кайтарууга алынганадамдарды жеткирүүдө жана күзөтүүдө жүктөрдү коштоп барууда жана кайта-рууда көмөк көрсөтүшөт. 2. Тараптардын укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерлеритийиштүү суроо-талаптардын негизинде жана уруксат алгандан кийин кыз-маттык тапшырмаларды аткаруу, оперативдик-издөө чараларын жана процес-суалдык аракеттерди жүргүзүүдө көмөктөшүү, ошондой эле кайтарууга алын-ган адамдарды жеткирүү жана күзөтүү, жүктөрдү коштоп баруу жана кайта-руу үчүн Тараптардын аймагына командировкага жиберилиши мүмкүн. Процессуалдык аракеттер Тараптардын мыйзамдарына жана граждандык,үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укук жардамы жана укук мамилелерижөнүндө 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган Конвенция-нын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. 3. Тийиштүү укук коргоо жана атайын органдардын жетекчилери Тарап-тардын укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерлеринин өзүлөрүнүноргандарында болушуна уруксат берүү тартибин аныкташат. 4. Тараптардын укук коргоо жана атайын органдарынын башка Тараптынаймагына белгиленген тартипте келген кызматкерлери ушул Келишимдин жо-болоруна ылайык өзүлөрүнүн милдетин ошол келген Тараптын мыйзамдарынажана нормативдик актыларына ылайык аткарышат. 3-статья. 1. Ушул Келишимдин 2-статьясынын 1-пунктунда аталган чараларды иш-ке ашыруу үчүн кирүү жөнүндө суроо так отчет берүүчү документ болуп са-налган, белгиленген үлгүдөгү бланкта жазылат. Ушул Келишимдин 2-статьясынын 2-пунктунда аталган чараларды ишкеашыруу үчүн кирүүгө уруксат так отчет берүүчү документ болуп саналган,белгиленген үлгүдөгү бланкта жазылат. 2. Ушул Келишимде аталган чараларды ишке ашыруу үчүн кирүү жөнүндөсуроо, ошондой эле кошумча маалымат орус тилинде түзүлөт же орус тилинекоторулган ырастама менен коштолот. 3. Суралып жаткан Тараптын аймагына кирүүгө уруксат, мунун ичиндетабелдик курал жана атайын каражаттар менен кирүү уруксатын, ошол Та-раптын укук коргоо же атайын каражаттар менен кирүү уруксатын ошол Та-раптын укук коргоо же атайын органы суроо келип түшкөн учурдан кийинбеш күндүк мөөнөттөн кечиктирбей берет жана бул жөнүндө сурап жатканТараптын укук коргоо жана атайын органына билдирилет. Мындай уруксатанык бир шарттар менен эскертилиши мүмкүн. Суралып жаткан Тараптын аймагына кирүүдө табелдик куралды жанаатайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого себебин билдирүү мененуруксат берилбеши мүмкүн. 4. Эгерде уруксат алуу боюнча суроо жогоруда аталган талаптардыэске албастан түзүлсө же маалымат толук берилбесе, анда суралып жатканТараптын укук коргоо жана атайын органы кошумча маалымат сурап алуугаукуктуу. 5. 3-статьянын 1-пунктуна ылайык жасалган уруксат укук коргоо жанаатайын органдарынын кызматкерлеринин чектен өтүшүнө, табелдик куралдыжана атайын каражаттарды алып өтүшүнө, келип жаткан Тараптын аймагындаушул Келишимде каралган чараларды өткөрүүгө негиз болот. 6. Ушул Келишимде каралган чараларды өткөрүү үчүн келген укук кор-гоо жана атайын органдардын кызматкерлери бир сутканын ичинде катталуу-га жана уруксатты жергиликтүү укук коргоо жана атайын органында белги-лөөгө милдеттүү. Антпесе уруксат жараксыз болуп таанылат. 7. Табелдик курал, анын ок-дарысы жана атайын каражаттар милдеттүүтүрдө кайра чыгарылып кетүүгө тийиш. 4-статья. Укук коргоо жана атайын органдарынын өкүлдөрү жасаган укук бузуу-лар жөнүндө ишти тергөөдө ошол өкүлдөр гражданы болуп саналган Тарапэкинчи Тарапка зарыл жардамды жана көмөктү көрсөтөт. Мындай учурлардаукук бузгандарга карата кылмыш тергөөсү өтүнүч боюнча ошол өкүлдөргражданы болуп саналган Тарапка, Тараптардын мыйзамдарына жана Граждан-дык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укук жардамы жана укук мами-лелери жөнүндө 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган Кон-венциянын жоболоруна ылайык өткөрүлүп берилет. 5-статья. 1. Бир Тараптын укук коргоо жана атайын органдарынын экинчи Тарап-тын аймагында кылмыштарды даярдоодо же жасоодо шектүү деп саналганадамдарга байкоо жүргүзгөн кызматкерлери (мындан ары - байкоочулар)эгерде экинчи Тараптын укук коргоо жана атайын органы шарттын өзгөчөлү-гүнө жана шашылыштыгына жараша чектен өтөөрү жөнүндө эскертилбесе,экинчи Тараптын аймагында байкоосун уланта алышат. 2. Байкоо төмөнкү шарттар сакталганда гана ишке ашырылышы мүмкүн: а) байкоочулар ушул Келишимдин талаптарын аткарууга, өзүлөрү тур-ган Тараптын аймагында айын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле жергилик-түү укук коргоо жана атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына башийүүгө милдеттүү; б) байкоочулар кандай гана учурда болбосун өзүлөрү расмий адамдарэкендигин далилдөөгө даяр болууга тийиш; в) байкоочулар байкоо жүргүзүп жаткан адамды анык кылмыш кылганданбашка учурларда кармоого укуксуз; байкоочулар кармалган адамды жерги-ликтүү укук коргоо жана атайын органдарына дароо өткөрүп берүүгө: г) байкоочулар өзүлөрү байкоо жүргүзүп жаткан Тараптын укук коргоожана атайын органдарынын талабы боюна аларга тийиштүү маалымат бериптурушат. 3. Аймагында байкоо жүргүзүлүп жаткан Тараптын тийиштүү коргоо жа-на атайын органы талап кылаары менен байкоо токтотулат. 6-статья. 1. Тараптардын биринин өз Тарабында кылмыш жасаган адамдын изинетүшүү (мындан ары - изине түшкөндөр) издөөнү ишке ашырган укук коргоожана атайын органдары шашылыш учурдан улам чектен өтөөрү жөнүндө эскер-тилбеген учурда экинчи Тараптын аймаганда мурдатан уруксатсыз изине тү-шүүнү уланта алышат. Ушул жобо изине түшкөн адам кайтарууда болуп жеэркинен ажыратылган түрүндө жазасын өтөп жатканда качкан болсо да жай-ылтылат. Чектен өткөндөн кийин изине түшкөндөр аймагында ошол изине түшүүжүрүп жатканда Тараптын жергиликтүү укук коргоо жана атайын органдарынадароо кайрылышат, Изине түшкөндөрдүн өтүнүчү боюнча жергиликтүү укуккоргоо жана атайын органдары изине түшкөн адамды аны аныкташ үчүн жанаанын белгиленген тартипте өткөрүп берүү маселеси чечилгенге чейин кар-машат. Аймаганда изине түшүү жүрүп жаткан Тараптын укук коргоо жанаатайын органы талап кылары менен изине түшүү токтотулат. 2. Изине түшкөн адам аймагында ал турган Тараптын укук коргоо жанаатайын органы тарабынан кармалат. Эгерде жергиликтүү укук коргоо жана атайын органдары изине түшкөнадамды кармоодо жетишээрлик тез жардам бере алышпаса, изине түшкөндөрбул адамды аймагында изине түшүү жүрүп жаткан Тараптын жергиликтүү укуккоргоо жана атайын органына анын өзү жана андагы буюмдар менен докумен-ттерди дароо өткөрүп берүү менен кармоого укуктуу. Ошол орган жеткирил-ген адамдын өзүн аныктайт жана зарыл учурда камакка алат. Шектүү адамдыкармоодо изине түшкөндөр куралды жана атайын каражаттарды колдонууга,кармалган адамды текшерип чыгууга, жеке буюмдарын жана документтериналып коюуга укуктуу. Куралдын колдонгондугу жөнүндө эки Тараптын тењукук коргоо жана атайын органдарына билдирилет. 3. Изине түшүү төмөнкү шарттар сакталганда гана ишке ашырылышымүмкүн: а) изине түшкөндөр ушул Келишимдин жоболорун жана аймагында өзүлө-рү турган Тараптын мыйзамдарын сактоого жана жергиликтүү укук коргоожана атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө тийиш; б) изине түшкөндөр өзүлөрүнүн атайын укуктарын ырастоого даяр бо-лууга тийиш; в) изине түшүү аяктагандан кийин изине түшкөндөр аймагында өзүлөрүиздөө жүргүзүп жаткан Тараптын жергиликтүү укук коргоо жана атайын ор-гандарына тийиштүү маалымат беришет; бул органдардын талабы боюнча из-дөө жүрүп жаткан аймакта алардын аракеттеринин шарттары аныкталгангачейин калышат; бул шарт эгерде издөө изделген адамдын кармалышы мененаяктабаган учурда да колдонулат. 4. Аймагында изине түшүү жүргүзүлгөн Тараптын укук коргоо жанаатайын органынын өтүнүчү боюнча өзүлөрүнүн изине түшкөндөр жиберип жат-кан Тараптын укук коргоо жана атайын органдары зыяндуу кесепеттер келипчыккан учурда аларга тергөөдө жардам беришет. 7-статья. 1. Тараптардын биринин укук коргоо жана атайын органдарынын кайта-рууга алынган адамдарды өткөрүп барууну ишке ашырган кызматкерлери,конвой (караул) тийиштүү укук коргоо жана атайын органынын мурдатануруксаты алынган учурда экинчи тараптын аймагында жеткирүүнү жана кай-тарууну уланта алышат. 2. Кайтаруу төмөнкү талаптар сакталганда гана ишке ашырылат: а) конвой (караул) ушул Келишимдин талаптарын аткарууга, аймагындатурган Тараптын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле жергиликтүү укук кор-гоо жана атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө милдет-түү; б) конвой (караул) аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тарап-тын укук коргоо жана атайын органдарынын биринчи эле мыйзамдуу талабыбоюнча өзүлөрүнүн атайын укуктарын ырастоого тийиш; в) конвой (караул) аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тарап-тын укук коргоо жана атайын органдарынын талабы боюнча анын укук коргоожана атайын органдарына тийиштүү маалымат берет. 8-статья. 1. Тараптардын биринин укук коргоо жана атайын органдарынын экинчиТараптын аймагында жүктөрдү коштоону жана кайтарууну ишке ашырган кыз-маткерлери (мындан ары - караул) тийиштүү укук коргоо жана атайын орга-нынын мурдатан уруксаты алынган учурда экинчи Тараптын аймагында жүк-төрдү коштоону жана кайтарууну уланта алышат. 2. Жүктөрдү коштоо жана кайтаруу төмөнкү талаптар сакталганда ганаишке ашырылат: а) караул ушул Келишимдин талаптарын аткарууга, аймагында турганТараптын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле жергиликтүү укук коргоо жанаатайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө милдеттүү; б) караул аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тараптын укуккоргоо жана атайын органдарынын биринчи эле мыйзамдуу талабы боюнчаөзүлөрүнүн агайын укуктарын ырастоого тийиш; в) караул аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тараптын укуккоргоо жана атайын органдарынын талабы боюнча анын укук коргоо жанаатайын органдарына тийиштүү маалымат берет. 9-статья. Эгерде Тараптардын биринин укук коргоо жана атайын органдарынынэкинчи Тараптын аймагында турган кызматкерлеринин аракеттеринин натый-жасында ошол Тараптын жеке адамдарынын же юридикалык жактарынын денсоолугуна, менчигине, мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыгына зыян кел-тирилсе, аларды командировкага жиберген Тарап аймагында зыян келтирил-ген Тараптын мыйзамдарына ылайык ошол зыян үчүн жооп берет жана зыяндынордун толтурат. 10-статья. 1. Бир Тараптын укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерле-ринин экинчи Тараптын аймагында ушул келишимдин чегинде болушуна байла-нышкан чыгымдарды эгерде башкача тартип белгиленбесе, ошол жиберген Та-рап тартат. 2. Кабыл алуучу Тарап командировкада жүргөн кызматкерлерге алардынкызматтык тапшырманы аткарган убагында тийиштүү жашоо жана иштөө шарт-тарын камсыз кылууда көмөктөшөт. 11-статья. 1. Ушул Келишимдин жоболору Тараптардын ортосунда ошол Тараптардынукук коргоо жана атайын органдарынын биргелешкен аракеттенүү тартибидагы тагыраак регламенттелген башка келишимдердин түзүлүшүнө тоскоолболбойт. 2. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуукелип чыгууну кайчы пикирлер кењешүү жана сүйлөшүү аркылуу чечилет. 12-статья. Ушул Келишим Тараптардын ортосунда ратификациялоо грамоталары ал-машылган күндөн отуз сутка өткөндөн кийин күчүнө кирет. 13-статья. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка чыгаарын 6 ай мурда жазуу тү-рүндө билдирүү менен ушул Келишимден чыга алат. 1998-жылдын 6-майда, Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз,тажик жана орус тилдеринде аткарылды, мында тексттердин баардыгынын кү-чү бирдей. Ушул Келишимдин жоболорунун түшүнүгүн берүүдө келишпестиктер чык-кан учурда негиз болуп орус тилиндеги текст кабыл алынат. Кыргыз Республикасы үчүн Тажикстан Республикасы үчүн