КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-июлундагы № 262
токтому менен бекитилген Бишкек шаары 2007-жылдын 26-апрели Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Аухатты - Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү - Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндө алкактык МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Тараптардын мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана аймактыкбүтүмдүгүн урматташып, атаандашууга жөндөмдүүлүктү жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү ишкер-дик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү зарылдыгына ишенишип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында өз ара пайдакөрүү принцибин жетекчиликке алышып, чегара жанындагы, сооданы жана Тараптардын мамлекеттеринин чегаражанындагы чектеш аймактарынын экономикасын өнүктүрүүгө, базарлардыкалктын ар кандай катмарларынын талаптарын канааттандыруучу товарларменен камсыз кылууга умтулушуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. 1. Тараптар тиркемеге ылайык мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүүпункттарынын жанында Тараптардын мамлекеттери тарабынан бөлүнгөн чектешаймактарда "Аухатты - Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү - Чоњ-Капка" чегаражанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун (мындан ары - Борборлор)түзүшөт. 2. Борборлордогу ишмердүүлүктүн кайсы гана түрлөрү болбосун аларкайсы мамлекеттин аймагында ишке ашырылса, ошол мамлекеттин улуттукмыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 3. Чегара жанындагы райондордун экономикасын жана соодасынөнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн багытталган ыњгайлуу иш-чаралар, адам-дардын өтүшү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча тартиптер, ошондойэле Борборлордун кыргыз жана казак бөлүктөрүнүн аянттары, аймактардынчегаралары, жайгашуу схемалары Тараптардын ортосунда өзүнчө Макулдашуу-ларды түзүү жолу менен кошумча макулдашылат жана аныкталат. 2-статья. Борборлордун кыргыз жана казак бөлүктөрүн куруу жана өздөштүрүүТараптардын ар биринин мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыканыкталган кызыкдар инвесторлор аркылуу жүргүзүлөт. 3-статья. Борборлордун аймактарынын чектеринде Тараптардын мамлекеттерининмамлекеттик чегарасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана унаа каражат-тарынын өтүүсүнө көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн Тараптардын мам-лекеттеринин чегаралык, бажылык, унаа, санитардык-эпидемиологиялык, ве-теринардык-фитосанитардык көзөмөл жаатындагы кызыкдар органдары жанабашка органдары өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыкБорборлордун өздөрүнө тийиштүү бөлүктөрүндө көзөмөл жүргүзүшөт, укуктуктартипти жана коомдук коопсуздукту коргоону камсыз кылышат. 4-статья. Борборлордун аймактарында үчүнчү мамлекеттердин ишканалары тарабы-нан инвестициялык жана чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүлүшү мүмкүн. Борборлордун аймактарында болгон укук бузуулар (бажылык, салыктык,ветеринардык-фитосанитардык, административдик, санитардык-эпидемиялоги-ялык, миграциялык, кылмыштык жана башка) кайсы өлкөнүн аймагында болупөтсө, ошол мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык каралат. Тараптар экономикалык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралардыкөрүшөт, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча өз ара аракетте-нишет, кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча териш-тирүүнү жүргүзүүдө бири-бирине көмөк көрсөтүшөт. 5-статья. Ушул Алкактык макулдашууга ылайык Тараптар Борборлорду түзүү,жөнгө салуу жана иштетүү боюнча башка режимдерди жана айкын эрежелердимакулдашышат, аларды эки Тарап үчүн алгылыктуу юридикалык формада беки-тишет. 6-статья. Бул Алкактык макулдашуу Тараптардын алар катышуучулары болгон баш-ка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттеринезыян келтирбейт. 7-статья. Бул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонуудакайчы пикирлер келип чыкса Тараптар аларды сүйлөшүү жолу менен чечишет. 8-статья. Зарыл учурда Тараптардын өз-ара макулдугу боюнча бул Алкактык ма-кулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушулАлкактык макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болгон өзүнчө протоколдор ме-нен таризделет. 9-статья. Бул Алкактык макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу жазуутүрүндө акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Алкактык макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тарап-тардын биринин экинчи Тараптан ушул Алкактык макулдашуунун колдонулушунтоктотуу тууралуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөнтартып алты ай бүткөнгө чейин колдонулат. Бишкек шаарында 2007-жылдын 26-апрелинде эки түп нускада ар бирикыргыз, казак, орус тилдеринде түзүлдү, мында баардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикир-лер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Аухатты - Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү - Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндөгү алкактык макулдашууга тиркеме Чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорунун жайгашкан орду 1. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районунун"Аухатты" жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун"Кен-Булуњ" мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарынын айма-гында. 2. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жамбыл районунун"Айша бүбү" жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районун-дагы "Чоњ-Капка" мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарынынаймагында.